СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Таарынчаактык - жаман адат

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Таарынчаактык - жаман адат. Класстык тарбиялык саатка колдонсо болот

Просмотр содержимого документа
«Таарынчаактык - жаман адат»

ТАРТЫНЧААК БОЛБО! БААРЫНАН КУР КАЛАСын! Адистердин айтымында, тартынчаак адамдын психологиясы абдан оор жүктү көтөрөт. Ойлогон оюна жетпегенине кысылып, кыжалат болуп, нерви бузулуп депрессияга кабылат. Андыктан адам эмне себептен тартынчаак болуп каларлыгы, бул мүнөздөн кантип арылуу керектигин психолог Самат Аалканов айтып берет. ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДАСЫ Тартынчаак адам коомго пайдалуу инсан. Анткени ал жумушта, коомдук жайларда, үйдө маселе жаратпайт жана эч кандай чыр-чатакка барбайт. Тартынчаак адамдар зулумдук, үстөмдүк кылбагандыктан боорукер, ак көңүл болушат. Өзүн-өзү сындап, сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөп тургандыктан өзүнө чексиз ишенген адамдарга караганда жагымдуу көрүнүшөт. Илимпоздор тартынчаактар ишенимдүү дос болорун далилдешкен. Адамда "кой, уят" деген тартынуу сезими болгону үчүн эл арасында туруктуулук сакталып турат. Бул сезим болбосо ар ким өз билгенин кылып коом баш аламан болуп кетмек. ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ЗЫЯНЫ Тартынчаак адам уялып жатып өз оюн так түшүндүрө албай чар-жайыт сүйлөйт. Сындан корккону үчүн өз алдынча бир иш жасай албайт. Көпчүлүк менен тил табыша албагандыктан жумуш табууда кыйналат. Эл көзүнөн оолак болгонго аракет кылып, четке качып, көп нерседен куру калат. Айрымдар карап койсо толкунданып, кызарып чыгат. Бул жүрөктүн согушун, дем алуусун, нервдин иштешин бузат. Өзүн чектей бергендиктен тартынчаактар өз потенциалын ача албай калышат. Тартынчаактар бат таасирленгендиктен бир аз ката кетирип алса, көпкө чейин унутпай, өзүн жей берип бул мүнөздүн татаалдашына алып келет. Тартынчаактар өз укугун коргой албагандыктан баркы түшүп, кемсинтүүлөргө дуушар болушат. ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ Бала төрөлгөндө ак барактай таза болуп, анда коркуу, өзүн чектөө, тартынуу сезими болбойт. Качан ал чоңоюп, жашоо менен тааныша баштаганда ата-энеси тарбиялап кирет. "Элдин алдында кыйкырба, кармаба төгөсүң, чуркаба жыгыласың" деп чектей бергенде бала "кыйкырбаш керек, ырдабаш керек, такыр эле элдин алдында өзүңдү көрсөтпө" дегендей түшүнүшү мүмкүн. Анан чоңойгон сайын ошол мээсинде калыптанып калган принциптерди колдоно баштайт. Кийин бой жеткенде бирдеме кылайын дейт, бирок "жасай албай уят болуп калам же бирөөгө жакпай калсачы?.. Уят болгондон көрө сүйлөбөй эле коёюн, жетишкендиктерим менен мактанбайын, жаңы адамдар менен таанышпайм" деп элден оолактай баштайт. ТАРТЫНЧААКТЫК ТУКУМ КУУЙТ Мисалы, бала бирөөнүн баласын уруп койсо же уят сөз айтса ата-энеси экинчи кайталабасын деп катуу жазалайт. Анда балада жасагың келген нерсени жасабаш керек турбайбы деген жыйынтык жаралат. Ошентип ар бир чектөө мээсине сиңе берет. Бала "мен коомго туура келбейм, мен сулуу эмесмин, акылдуу эмесмин..." деп, өзүнө болгон ишенимдери жоголуп, коркуу сезимдери пайда болот. Айтылгандардан сырткары тартынчаактык тукум кууйт. Эгер бул мүнөз сиздин психогенетикаңызда болсо, чоң атаңыздан атаңызга, андан сизге, сизден балаңызга берилет. Сиз өзүңүз тартынчаак болуп туруп балаңызды бул мүнөздөн алыс кылып тарбиялай албайсыз. Анткени балдар чоңдорду карап, көрүп, туурап калыптанат. Ата-эне тартынып, уялып турса, бул сезим автоматтык түрдө балага өтөт. БИЗДИН ПСИХИКАБЫЗ КАЙДА? "Биздин психикабыз кайда?" десек, эмне деп жооп берет элеңиз? Көрсө, психикабыз биздин бүт денебизде экен. Жогоруда айтылгандай, кичинекей кезибизде алгандарыбыз денебизге сиңе берет. Анан өз оюңду айтканда же бирөө менен таанышканда денеңдин төш жагы кысылып, тамагыңа бир нерсе тыгылгансып, баш ооруп, бет дуулдап кызарып, үн каргылданып чыгат. Көрдүңүзбү, мээ алдыга сүрөгөн менен, дене өзүн коргогонго аракет кылат. Биз өзүбүздү кыйнап тартынчаактыктан арылууга аракет кылган сайын стресс боло беребиз. Андыктан алгач денедеги стресстен арылышыбыз керек. Учурда психотерапия абдан өнүккөн, мындай маселелерди психотерапевттин жардамы менен чечсе болот. ӨЗҮҢДҮ КОРДОБО! Мисалы, бирөө көпчүлүк элдин астына чыгып сүйлөгөндөн тартынат. "Эл күткөндөй болбой, толкунданып жатып туура эмес сүйлөп алсамчы?" деп кыжалат болот. Муну социофобия дейбиз. Аларга айрымдар "коркуп турсаң деле билгизбей күлүп сүйлөй берсең, коркунучту жеңип кетесиң" деп кеңеш беришет. Бул таптакыр туура эмес, анда адам өзүн кордогон болуп калат. ТАРТЫНЧААКТЫКТАН АРЫЛУУНУН БИР ЖОЛУ Сиз кандай учурда тартынасыз? Минтип өзүңүзгө суроо бергенде мээңизге биринчи келген ой маанилүү. Эгерде "эл астына чыгып сүйлөгөндө" десеңиз, эмнеге көпчүлүктүн астына чыккандан тартынасыз? "Туура эмес сүйлөп алам" дешиңиз мүмкүн. Туура эмес сүйлөп алсаңыз эмне болот? "Эл күлөт" дейсиз. Демек, шылдың болгондон коркот турбайсызбы. Шылдың болбош үчүн сүйлөбөй койсоңуз, сиз уят сезиминин үстүн коркуу сезими менен жаап койгонсуз. Сизди коркуу сезими коргоп келет. Балким, бул сезим бала кезде байкеңиз же эжеңиз шылдыңдаганда, мектепте аябай аракет кылып бийлесеңиз мугалимиңиз урушуп салганда жан дүйнөңүзгө сокку болуп денеңиздин бир бөлүгүнөн орун алып калган. Мындан арылса болот, кана, өзүңүздү бир жыйында же тойдо сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз. Уялганыңызды сезип жатасызбы? Ошол уялганыңызды денеңиздин кайсы жери менен сезип жатасыз? Ал кандай экен: көлөмү, формасы, өңү, жумшак же катуу бекен, баарын элестетиңиз да, колуңуз менен ошол нерсени сууруп алыңыз. Колуңузга кармап, ал заттын артында ээси бар деп элестетиңиз. Ага карап "мен сага ыраазымын, мени эмне деген стресстерден коргоп келдиң. Мен сага эч качан күлбөйм, сени эч качан шылдыңдабайм, мен сени коргойм. Баары жакшы болот, элдин астында чыгып сүйлөгөндө эч кандай коркунуч жок. Мен чоңойгом, мен сүйлөгөндү билем. Силердин максатыңар эмне?" деп караңыз, сизге эмне элес тартылды? Эми ошол элести таштандыга өзүңүздөн алыс ыргытыңыз. Дагы көпчүлүктүн арасында сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз, толкундоолор азайдыбы? Мына ушинтип тартынчаактыктан акырындап арылууга болот. БАЛАҢЫЗ ТАРТЫНЧААК БОЛУП КАЛБАШ ҮЧҮН Балага тиешелүү маселелерди шыр өзүңүз чечип салбай, баланын да оюн угуңуз. Антпесеңиз, бала сизге көз каранды болуп, өз ою менен эсептешпей калат. Колдон келишинче үй-бүлөлүк маселелерди балдар жок маалда чечишип алыңыз. Ата-эненин чыр-чатагы баланын психикасына түздөн түз таасир этет. Балаңыздын сунушун колдоп, анын артыкчылык, кемчилик жактарын көрсөтүп бериңиз. Болбосо "мени апам колдобой коёт" деген коркуу сезими пайда болот. Балаңызды эч качан кемсинтпеңиз жана башкалардын да кемсинтүүсүнө жол бербеңиз. Мектеп которгондо же мугалим алмашканда бала көнгүчө абалын сурап, сезимдери тууралуу сүйлөшүп туруңуз. Балаңызды башкалардын көзүнчө сындап көңүлүн чөктүрбөңүз. Маанайдын чөгүүсү түнт болууга алып келет. Мээрим төгүп, ар бир ийгилиги үчүн мактап туруңуз. Бул баланын өзүнө болгон ишенимин арттырат.


       

. .. Дарыгерлер өөрчүп кеткен жүрөк оорусу менен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 17 жаштагы жигиттин өмүрү менен алпурушуп жатышты. Операция учурунда жигит клиникалык өлүмгө учурап, дарыгерлер анын жүрөгүн кол менен укалоо аркылуу өлүмдөн сактап калышты. Ал жигит келечектеги орус шоу дүйнөсүндөгү "дөө-шаалардын" бири Максим Фадеев эле. Так ушул окуя Максимдин жашоосун өзгөртөт. Тагыраагы, операциядан соң ал ыр чыгарууга шымалана киришип, музыка жаатында карьера жасоону кыялдана баштайт.

Туулган жылы, күнү:
 1968-жыл, 6-май
Туулган жери: Орусия, Курган шаары
Кесиби: продюсер, композитор, режиссёр, ырчы, акын, аранжировкачы
Продюсер катары: Линда, Глюко`Za, Катя Лель, Пьер Нарцисс, Юлия Савичева, Наргиз Закирова жана "Monokini", "Total", "KIT-I", "SEREBRO" топторун уядан учурган
Автор катары: "Высоко" (Юлия Савичева), "Лондон-Париж" (Иракли), "Снег идёт" (Глюко`Za), "Долетай" (Катя Лель), "Дыши" ("SEREBRO" тобу) жана башка жүздөгөн хит ырлардын автору

АТА ЖОЛУН ЖОЛДОГОН УУЛ

Көп кырдуу талант Максим Фадеевдин атасы Александр театрда композитор, апасы Светлана орус, цыган элдик ырларын катыра ырдаган цыган кызы. Балакай Максты ата-энеси 5 жашында музыкалык мектепке жетелеп барышкан. 15 жашында ал Курган шаардык музыкалык окуу жайына тапшырып, өспүрүм курагында "Конвой" деп аталган жергиликтүү топто ырдай баштайт. 1989-жылы Максим "Юрмала-89" сынагына катышып 3-орунга жана 500 рубль акчалай сыйлыкка ээ болот. Анын "чымынын" баамдаган шоумен Сергей Крылов өнөрүн өркүндөтүүгө көмөктөшөрүн айтып Москва шаарына чакырат. Ошентип 1993-жылы каарманыбыз Орусиянын борборуна көчүп келип, үн жаздыруучу студияда аранжировкачы катары ырчылардын ырларын шөкөттөп, "ити чөп жей" баштайт. Ал эми ырчы катары иши алдыга жүрбөйт, себеби ал учурда өзгөчө манерада ырдаган Максты түшүнгөндөр аз эле.

"Москвада жашап баштаганда ырчылык өнөрүмдү өркүндөтө албашымды түшүндүм. Радио, телеканалдарга ырларымды алып барган аракетимден майнап чыкпай, "биздин форматка жооп бербейт" деген жоопту укчумун. Мен ошол кезде сыналгыларда жаңырган ырлардан башкача музыка жасагандыгым үчүн музыкалык редакторлорго керек эмес элем. Так ошолор менин ырчы болуу кыялымды талкалашты".

КЫЯЛДЫ КӨЗДӨЙ КАДАМ

1993-жылы Максимге Фёдор Бондарчук "1 кыз таланттуу аранжировкачы издеп жүрөт, угуп көрбөйсүңбү" деп сунуштайт. Жыйынтыгында Фадеев жана жумурай журтка Линда деген каймана ат менен белгилүү болгон Светлана Гейман иштешип баштайт. Бул тандем ийгиликтүү болуп, Линда 6 альбом жаздырып, ММКлар тарабынан 9 ирет "Жылдын мыкты ырчы айымы" аталат. 1997-жылдын 1-сентябрында Украинада Линда менен Максим уюштурган концертке 400 миңден ашуун көрүүчү топтолот. Бул ал кездеги Орусия шоу-бизнесиндеги рекорддук көрсөткүч болчу. 
Андан кийин Максим көптөгөн жылдыздардын "атасы" болгон. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, мындан тышкары ал көптөгөн тасмалардын композитору, клиптердин режиссёру болууга, беделдүү теледолбоорлорго катышууга да жетишкен. Ошондой эле ырчылык өнөрүн кайра жандантып, учурда Наргиз Закирова менен чогуу аткарган "Вдвоём" дуэти Орусия чарттарын багындырып, бир кездеги кыялы орундалып жаткан чагы.

"Мен Линдага ошол маалда колумдан эмне келсе бардыгын бердим, ал эми Линда болгон дареметин жумшады, ошол себептен жакшы долбоор пайда болду. Линда менен иштешип баштагандан тарта мен үчүн продюсерлик менен шугулдануу кызыктуу экенин түшүндүм".
 

КАСТИНГДЕН ТАПКАН СҮЙҮҮ

Максим 1-жубайы Галина менен аз эле убакыт жашаган соң ажырашып кеткен. Биринчи аялы тууралуу Максимдин апасы: "Ал кезде уулум 70 рубль айлык алчу. Ал акча жаш жубайларга араң жетчү. Келиним акыры Максимдин бир досу менен кетип калды. Кийин кайтып келип жалдыраса да уулум аны кечирген жок",- деп айткан. 
Ал эми 2-жубайы Наталья менен 1990-жылы таанышып, 3 айдан соң шакек алууга акчасы жетпегендиктен күмүш кашыкты эритип шакек жасап, анын колун сураган. Жаңы үйлөнгөндө экөө нанга акча таппай кыйналган учурлар көп болгон, бирок ал кыйынчылыктарды чогуу жеңишкен. Бүгүнкү күндө Наталья күйөөсү канчалаган баалуу шакектерди белекке берсе да, кашыктан жасалган шакекти чечпей тагынып келет. Ошондой эле продюсер 20 жылдан ашуун убакыттан бери жыл сайын жубайынын туулган күнүнө 1001 гүл белек кылууну адатка айланткан. Ортолорунда Савва аттуу 19 жаштагы уулу бар.

"Конвой" тобуна клип тартуу үчүн кастинг уюштурдук. Наталья эшиктен кирип келгенде эле жактырдым да, "жигиттер, бул менин болочоктогу аялым" дедим. Алар таңданышып "Кандайча? Аты ким?" дешти. Мен болсо "билбейм, азыр барып сурайм" деп тиги кыз менен таанышуу үчүн жөнөдүм. Кийин мен айткандай эле болду".
 

КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Максим бала чагынан бери жомок жазат. Ал жазган жомоктордун бири дагы басылган эмес, уктаар алдында бөбөктөргө окуп берүү үчүн гана жазып келет.

  • Уулунун урматына Максим китеп жазып, ал китептин негизинде 2014-жылы "Савва. Сердце воина" аттуу 3D форматындагы анимациялык тасмада өзү режиссёрлук жана композиторлук милдетти аркалап элге тартуулаган.

  • "Голос. Дети" долбоорунда Максим ала турган гонорарынан баш тарткан. Анын себебин жаш кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынан жаңы төрөлгөн кызы чарчап калгандыгын, ошол себептен бардык катышуучулар ага уул-кызындай сезилерин, алар менен сүйлөшүү үчүн акча албасын айткан.

  • 2006-жылы Максим угуу жөндөмдүүлүгүнүн 80 пайызын жоготот. Бул музыкант үчүн чыныгы тозок эле. Кытай элдик дарыгеринин жардамы жана жакындарынын колдоосу менен 2 жылдык дарылануудан кийин анын угуу жөндөмдүүлүгү калыбына келген. Максим угуу жөндөмдүүлүгүн жоготкон мезгилде да көптөгөн чыгармаларды жараткан.

  • Учурда Максим Бали аралында жашайт. Анын вилласы океанга 25 метр жакын жерде жайгашкан.

  • Бакча иштери менен алектенүүнү жактырат. Өз колу менен бакчасына 2 жарым миңден ашуун бак тиккенин айтып келет.

Продюсер үй-бүлөсү менен.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!