Табият таануу сабагы
Сабактын темасы: «Бизди эмне курчап турат?»
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк. Окуучулар табият таануу сабагы жөнүндө түшүнүк алышат.
2.Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулардын сөз байлыгы өсөт, эске сактоосу өнүгөт, логикалык ой чабыты өсөт.
3.Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар билимдүү болууга умтулат, таза, патриот болууга тарбияланат.
Көрсөткүчтөр:
1.Билим берүүчүлүк. Окуучулар табият таануу сабагы жөнүндө түшүнүк алышса.
2.Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулардын сөз байлыгы өссө, эске сактоосу калыптанса, логикалык ой чабыты өссө.
3.Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар билимдүү болууга умтулса, таза, патриот болууга тарбияланса.
Сабактын жабдылышы: Сүрөт, магнит, глобус, карта.
Сабактын жүрүшү:
1.Уюштуруу
2.Суроо -жооп
Мугалимдин иш аракети: Сабактын темасын , максатын айтат жана түшүндүрөт.
Окуучунун иш аракети: Сабактын темасынын максатын угат жана түшүнөт
Өтүлгөн теманы кайталоо
Окуучулар экиден өз алдынча мекен таануу сабагы боюнча суроо түзүшүп бири-бирине берип билимдерин бышыкташат.
Жаңы тема:
Бизди эмне курчап турат?
Бул суроого жооп табуу үчүн бизге тилибиз, мээбиз, кулак, мурун, кол, көзүбүз жардам берет.
Көзүбүз менен –жаратылышты көрөбүз.
Кулагыбыз менен-ар түрдүү үндөрдү угабыз.
Мурунубуз менен-ар кандай жагымдуу жана жагымсыз жыттарды билебиз.
Тилибиз менен-даамдын търлёрън билеби.
Колдорубуз же терибиз аркылуу- нерселердин ысык-суук же каттуу-жумшак экенин байкайбыз.Бизди курчап тургандардын баары нерсе деп аталат. Айланабызда миңдеген нерселер бар. М:
Алардын айрымдарын адамдар жасаган же табигый нерселер. М:
Ал эми жаратылыш:
Жандуу,
Жансыз болуп бөлүнөт. М:
Айлана чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр баардыгыбызды кызыктырат. Аларды билүү үчүн ар дайм ким? Эмне? Качан? Жана кайда? Кантип? Эмне себептен деген суроолорго дуушар болобуз. Тигил эмне? Бул эмне? Деп сурай берген балдарды эмнечилер деп коюшат. Булар мындай суроо бергенден тажашпайт. М: эмне себептен жамгыр жаайт? Эмне үчүн малдар кышкы суукка чыдашат. Эмне үчүн темир мыкты дат басат?эмне үчүн тоолордо жаңырык пайда болот?эмне себектен ай тутулат? Маряктар океанда өз багыттарын кантип аныкташат. Сууроолорго жооп табуу үчүн табият таануу сабагын алабыз. Анын аты табият же табият жаратылыш аны таанып билүү деген эки сөздөн турат.
Биргелешип иштөө
Мугалим окуучуларга дептерлерине 2 ден тест түзүүнү тапшырма берет
Окуучулар дептерлерине 2 ден тест түзүшөт.
Тема боюнча тыныгуу: Атом жана малекула оюнун ойнотуу.
Сабакты бышыктоо:
Биздин сезүү органдарыбыз?
Нерсе деген эмне?
Нерселер канчага бөлүнөт?
Жаратылыш канчага бөлүнөт?
Табият таануу деген эмне?
Жаныбарлар кышкы суукка кантип чыдашат?
Эмне себептен темир мыкты дат басат?
Эмне себептен ай тутулат?
Жандуу жаратылыштын мисалдары, Жансыз жаратылыштын мисалдарын келтир?
Таблица толтурууда төмөнкү нерселердин аттарын пайдалангыла: тыйын чычкан, топурак суу, чымын аба кайың, таш,күн,ай, бака, кум карга роза гүлү, машина боз үй, тоок,кой үй,ачкыч.
Үй тапшырма беръъ: 1-таблицаны толтуруп келүү.
Баалоо: https://forms.gle/4a7VeXM71wmyP27q7
Жыйынтыктоо: саламатта баргыла балдар.