СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табият таануу сабагы боюнча тесттер

Нажмите, чтобы узнать подробности

5-класстар учун табия таануу сабагы боюнча тесттик тапшырмалар.

Просмотр содержимого документа
«Табият таануу сабагы боюнча тесттер»


5-класстар үчүн тест


1.Бизди курчап тургандардын баардыгы эмне деп аталат?

а) жандуу б)жансыз в) нерсе г) зат

2 Жаратылыш канчага бөлүнөт?

а) 1 б)2 в)3 г)бөлүнбөйт

3.Жер Күндүн айланасында айланаарын ким аныктаган?

а)Н.Коперник б) Д.Ливингтон в) А. Веспучи г)Д.Кук

4.Молекулаларды түзүп турган бөлүкчө эмне деп аталат?

а) катуу нерсе б)молекула в)атом г)нерсе

5.Лакмус-бул …………….

а) индикатор (сезгич) б) негиздер в)туздар г) кислоталар

6.Лакмус кагазын көк түскө боегон татаал заттар эмне деп аталат?

а) щелочтор б)татаал заттар в) жөнөкөй заттар г) кислоталар

7.Белок, май, кумшекер кандай заттар болуп эсептелет?

а) жөнөкөй жана татаал заттар б)кислоталар в)туздар г)органикалык заттар

8.Суюктуктун бууга айлануу кубулушу эмне деп аталат?

а) Каныгуу б)эрүү в)буулануу г)кристалдашуу

9.ϴсүмдүк сууну жалбырактагы кичинекей тешикчелер -…….аркылуу буулантат?

а) үттөр б)жалбырагы в)сабагы г) тамыры

10.үндү күчөтүүчү нерсе эмне деп аталат?

а) термелүүчү нерселер б)жаңырык в)резонатор г) камертон






5-класстар үчүн тест


1.Аба, суу, топурак, таш ж.б-булар……………?

а) жандуу жаратылыш б)жансыз жаратылыш в) нерсе г) зат

2. Нерсе канчага бөлүнөт?

а) 1 б)2 в)3 г)бөлүнбөйт

3.Заттарды түзүп турган майда бөлүкчөлөр эмне деп аталат?

а) атом б) зат в) нерсе г)молекула

4.Жаратылышта эң көп тараган кислоталардын бири-………

а) сүт кислотасы б)алма кислотасы в)кумурска кислотасы г)жамгыр кислотасы

5.Нашатыр спирти, аки таш суусу ж.б-булар………..

а) кислоталар б) негиздер в)туздар г) щелочтор

6.Баардык органикалык заттардын эң негизги ишеничтүү белгиси?

а) щелочтугу б)татаал заттар в) жөнөкөй заттар г) күйүүчүлүгү

7.Заттын суюк абалдан каттуу абалга өтүү кубулушу ………..?

а) эрүү б)буулануу в)кристаллдашуу г)конденсация

8.Орточо капуста, кайың, дуб 1 суткада канча литр сууну буулантат?

а) 1, 60, 50 л б)1, 65, 55л в)1, 70, 60 л г)1, 75, 50 л

9. Нерсе кыймылга келген сызык кыймылдын эмнеси деп аталат?

а) механикалык кыймыл б)термелүү в)траектория г) өтүлгөн жол

10.Υн абада таралган учурда кандайдыр бир тоскоолдуктарга туш келсе, кайра андан чагылат. Бул кубулушту эмне дейбиз?

а) термелүүчү нерселер б)жаңырык в)резонатор г) камертон













































Бишкек шаардык А.Каниметов атындагы №1гимназия-интернатынын

табигый илимдер бирикмесинин жыйналышынын





___ Протоколу



«_____» __________ 2015___-ж


Баары: 6 адам

Катышты: 6 адам


Күн тартибинде каралуучу маселе:

География мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл география предмети боюнча 6-9-класстар арасында география сабагына кызыккан зээндүү окуучулар менен сунуш кылган ылайыктыштырылган «Ойкос» йириминин программасын сунуш кылды.

Угулду:

Күн тартибиндеги маселе боюнча усулдук бирикменин жетекчиси - Абасканова Айжамал –уружокту уюштуруунун алгачкы этабында окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн, билгичтигин, көндүмдөрүн аныктоодон башталып, ал үчүн анкетирлөө жүргүзүүгө максатка ылайык. Кружокто тартылган окуучулардын саны 20 дан ашпоо керек, анын аты, уставы болушу зарыл жана төмөндөгүдөй жалпы принциптерди жетекчиликке алуу керек.

-Изилдөөчүлүк методду пайдалануу

-темаларды, бөлүмдөрдү иштеп чыгуу

-кружоктун ишинин жүрүшү жөнүндө жыйынтыктарын дубал газетага чагылдыруу.

Кружоктун натыйжалуулугу анын ишин пландаштыруудан түздөн-түз көз каранды.

Ушул жогорудагы айтылган нерселер табигый илимдер кеңешмесинде талкууланып бекитилди.

Сөзгө чыкты:



Сөзгө чыкты:






Сөзгө чыкты:



Чечим кабыл алынсын:















УБ. жетекчиси: Абасканова А


Химия мугалими: Шаршекеева Г


География мугалими: Сүйүндүкова М


Биология мугалими: Кыдыралиева Ч


Биология мугалими: Мусаева Г

Физика мугалими: Абакирова З



































Табигый илимдер бирикмесинин Методист: Бекитемин:


кеңешмесинде каралды ________Мусаева Ж №1 гимназия-интернатынын


________токтом «____»____________2015-ж. директору_____________Байматов Н.Б

Жетекчиси ____________Абасканова А «________»________2015-ж.

«_______»________2015- ж.



5-класстар үчүн табият таануу предметинен 2015-2016-окуу жылында мектеп ичинде өтүлүүчү олимпиадага карата түзүлгөн

тапшырмалар







Мугалим: Сүйүндүкова М.И.





























Билет №1


  1. Биздин сезүү органдарыбыз кайсылар?


  1. Жер Күндүн айланасында айланат деп биринчи жолу ким айткан?

Билет №2


  1. Биз дем алган кычкылтек газын Лавуазье деген окумуштуу кандай тажрыйбанын негизинде ачкан?


  1. Жасалма нерсе деген эмне? Мисал келтиргиле.



Билет №3

  1. Кандай нерселер ттабигый нерселер деп аталат? Мисал келтиргиле.


  1. Нерселер эмнеден турат?

Билет №4


  1. Нерселердин массасын кантип өлчөйбүз?


  1. Зат эмнеден турат?

Билет №5


  1. Химиялык элемент деген эмне?


  1. Кандай заттар жөнөкөй заттар деп аталат?

Билет №6


  1. Татаал заттар жөнүндө айтып бер?

  1. Молекула деген эмне?

Билет №7


  1. Суу –эриткич


  1. Тунук эмес эритмелер деген эмне?

Билет№8


  1. Татаал заттар :Кислоталар, туздар, негиздер жөнүндө айтып бер?


  1. Кандай кислотаны билесиңер? Аларды кантип аныктоого болот?

Билет № 9


  1. Органикалык заттар жөнундө эмне билесиңер?


2. Жаратылыш кубулуштардын булагы

Билет №10

  1. NaCl, O2 , H2 SO4 , K, HCl , Fe , C, H2O , HNO3 , CO 2, C6H20O5- бул формулалардын ичинен төмөнкүлөрдү тапкыла?

-жөнөкөй заттарды: -кислоталарды

-органикалык заттарды: -туздарды

2. Жаратылыш деген эмне?


















































Бишкек шаардык А.Каниметов атындагы №1гимназия-интернатынын

табигый илимдер бирикмесинин жыйналышынын





___ Протоколу



«_____» __________ 2015___-ж


Баары: 6 адам

Катышты: 6 адам


Күн тартибинде каралуучу маселе:

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин № 373/1 15-апрелдин 2014-жылдын буйругу менен 2014-2015-окуу жылындагы 6-класс биология, 7-класс география, 10-класс физика, химия сабактары боюнча класстан класска көчүрүү жана 9-класстар биология предметинен мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине карата түзүлгөн тапшырмаларды кароо.


Угулду:

Күн тартибиндеги маселе боюнча усулдук бирикменин жетекчиси - Абасканова Айжамал

2014-2015-окуу жылында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүүчү уюмдарында мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясын жана көчүрүү сынактарын өткөрүү жөнүндө буйругу менен тааныштырды.

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 25 жана 40-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 16-октябрындагы №832/1 буйругуна, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин 2005-жылдын 17-февралындагы №77/1 буйругу менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2005-жылдын 17-мартында 358 буйругу менен катталгандыгы айтылып, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүүчү уюмдарында бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясын өткөрүүнүн жана окуучуларды кийинки класска которуунун тартиби жөнүндө жобого» ылайык кеңешмеде төмөндөгүчө каралды:

Сөзгө чыкты: Биология мугалими Мусаева Г- Биология сабагы боюнча 6-класстарында көчүрүү экзамендерине карата жалпы 24 билет түзүлдү. 1-2 –суроолору теориялык алган билимдерин текшерүү үчүн өтүлгөн программанын негизинде иштелип чыкты.

Сөзгө чыкты: Сүйүндүкова М - Ошондой эле география сабагы боюнча 7-класстарда материктердин жана океандардын географиясы курсу боюнча, программанын негизинде жалпы 25 билет ар бир билетте 2 суроо, теориялык билимдерин текшерүү үчүн кошумча дүйнөнүн физикалык- жана саясий картасы боюнча оозеки суроо боюнча тапшырышат.

Сөзгө чыкты: Химия мугалими Шаршекеева Г - Химия сабагы боюнча 10-класстар үчүн тапшырмалар программанын негизинде өтүлгөн темалар боюнча түзүлдү. Билет 24 анын ичинде 1- суроолору 10 –класстын материалдарынан 2- суроосу 8,9-класстардын материалдарынан, 3-суроосу эсептен турат.

Сөзгө чыкты: Физика мугалими Абакирова З -10-классатрдан физика сабагынан оозеки көчүрүү экзамени алынат. Билеттер 10-классттын өтүлгөн материалдардын негизинде түзүлдү. Баардыгы 25 билет, анын ичинен 2 суроодон, 1 эсептен турат.


Сөзгө чыкты: Биология мугалими Кыдыралиева Ч - Мамлекеттик бүтүрүү экзамендери үчүн тандоо предмети биология сабагынан 9-класстарга жалпы өтүлгөн темалар боюнча стандарттык программанын негизинде 25 билет түзүлдү. Ар бир билетте 3 суроо берилген.

Кеңешме жогорудагыларды угуп жана талкуулап, бир добуштан төмөндөгүдөй чечимге келишти



Чечим кабыл алынсын:


  1. Түзүлгөн тапшырмалар макулдашылып бекитүүгө берилсин.


  1. Экзаменди талапка ылайык көрсөтүлгөн ордунда жана убагында өткөрүүгө даярдык көрүү, өткөрүү предметтик мугалимдерге милдеттендирилсин.


3. Баалардын объективдүү коюлушуна комиссия мүчөлөрү жоопкерчиликтүү болсун.





УБ. жетекчиси: Абасканова А


Химия мугалими: Шаршекеева Г


География мугалими: Сүйүндүкова М


Биология мугалими: Кыдыралиева Ч


Биология мугалими: Мусаева Г

Физика мугалими: Абакирова З













6 «_____»-класс 1-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Ысык оргуштап чыккан булак, бул.................

а) гейзерлер б)артезиандык булак в) кайнар булак

г)минералдык булак д) термалдык булак

2.Индияга жаңы жол ачам деп, бирок Жаңы Дүйнө бөлүгүнө сүзуп барган деңиз саякатчысы ким?

а) Ф.Магеллан б) Х.Колумб в)А.Никитин г)Бехайм д)Васко да Гама

3.Жер бетинде бир уюлдан экинчи уюлга шарттуу түрдө жүргүзүлгөн сызык эмне деп аталат?

а)параллель б) меридиан в) горизонталь г)экватор д) изобата

4.Кайсы шаркыратмага өзүн биринчи ачкан адамдын ысымы берилген?

а)Беринг б)Вавилов в)Никитин г)Анхель д)Ливингстон

5.Деңиз деңгээлинен 200 метрге чейинки бийиктиктеги кеңири түздүктөрдү эмне д.а.

а) бөксө тоо б)түздүк в)ойдуң г)дөбөлүү түздүк д)тайпак тоо

6.Жер жүзүнүн кайсы жерлеринде жанар тоолор, жер титирөөлөр көп болуп турат?

а) түздүктөрдө б)тоолуу аймакта в) Индия океанынын аралдарында

д )коралл аралдарында д)Месопотамияда

7. Тоо капталдарынын жуулуп кетүүсүнөн кайсы жаратылыш обьектиси көбурөөк сактап турат?

а) майда организмдер б)шагылдар в)таштар г)өсүмдүктөр д)топурактар

8.Карталарда канча экватор сызыгын жүргүзүүгө болот?

а) 3 б) 4 в)1 г)2 д)10

9.Нивелир аспабы менен эмнени ченейбиз?

а)басымды б)бийиктиктер айырмасын в) нымды г) шамалдын ылдамдыгын д)абанын температурасын

10.Жердин бетинин асман менен чектешкендей көрүнгөн сызыгы кандай аталат?

а) План б) горизонт сызыгы в)меридиан сызыгы г)экватор сызыгы

д) параллель сызыгы


11.Жердин сырткы түзүлүш процессине таандык болгондор.

а)вулкандар б)жер титирөөлөр в)жер кыртышынын өңгүл-дөңгүлдөрү

г) үбөлөнүүлөр д)жер кыртышынын көтөрүүлөрү

12.Деңиз саякатчыларынан ким жердин шар формасында экендигин иш жүзүндө далилдеген?

а) Х.Колумб б) Васко да Гама в) Ф.Магеллан г) А.Никитин д) Птомелей

13. Карталарда рельефтин кайсы формалары жашыл түс менен белгиленет?

а)дөңсөөлөр б)суулар в)ойдуңдар г) тайпак тоолор д)тоо кыркалары

14.Масштабы боюнча карталарды канча топко бөлүүгө болот?

А)2 ге б)5 ке в) 7 ге г) 10 го д) 3кө

15.География билимдеринин булагын көрсөткүлө

А) дептер б)географиялык карта в) компас г)план д) топурак

16. Суу кирген мезгилде гана суу каптап турган өрөөндүн таманы эмне деп аталат?

а) дарыя жайылмасы б)дарыя алабы в) дарыя дельтасы

г)дарыянын суу бөлгүчү д) дарыя жээги

17.Амазонканын алабынын аянты канча?

а) 6 млн км.кв б) 7 млн км кв. в)5 млн км кв. г)4,5 млн км кв д)8млн км кв.

18.Дүйнөдөгү эң туздуу деңизди атагыла?

а)Кара деңиз б) Аравия деңизи в) Сары деңиз г)Жер Ортолук деңизи

д) Кызыл деңиз

19.Радиодон «абанын нымдуулугу 70% деп айтылды». Кеп эмне жөнүндө болуп жатат?

а)абсолюттук нымдуулук тууралуу б)салыштырмалуу нымдуулук

в)абсолюттук жана салыштырмалуу нымдуулук тууралуу

г)Абанын температурасы көтөрүлгөнү тууралуу

20.Эки океанды, деңизди бириктирип турган кууш суу бөлүктөрү эмне деп аталат?

А)булуң б)кысык в) арал г)архиппелаг









6 «_____»-класс 2-вариант


Ф.И.О._________________________________________________

1.Жер кыртышынын материк бөлүгүнүн калыңдыгы канча?

а)35-70 км б)6-15 км в) 3-12 км г)80-100 км д)90-70 км


2.Жер кыртышынын кыймылдуу туруксуз аймактары эмне деп аталат?

а) платформа б) плита в)сейсмикалык алкак г)шит(калкан) д)горст


3.Магмалык тоо тегин бөлүп көрсөткулө

а)базальт б)гипс в)мрамор г)кварцит д)акиташ


4.Флюгер куралы менен…………өлчөнөт?

а) шамал багыты б) аба нымдуулугу в ) аба басымы

г)буу менен каныгуу деңгээли д) аба температурасы


5.Жер жүзүндөгү эң терен көл кайсы?

а) Ысык-Көл б)Байкал в)Сарез г)Танганьика


6. Компас эмнени аныктоо үчүн колдонулат?

а) нымдуулукту б)басымды в)бийиктикти г)багытты д) узундукту


7.География билимдеринин булагын көрсөткүлө.

а )дептер б)географиялык карта в)компас г)план д)топурак


8 .ХV кылымда глобусту ким ойлоп тапкан?

а)А.Веспучи б)Птомелей в)Бехайм г)Х.Колумб д)Васко да Гама


9 .Түрмөк булуттар адатта канча км бийиктикте пайда болушат?

а) 1-2 км б) 10-12 км в) 11-14 км г) 10 км д) 5 км


10.Картада канча меридианды жүргүзүүгө болот?

а) 15 ти б)канчаны кааласаң в)25ти г)1ди д)10ду


11.Жердин ички түзүлүшүн кандай ыкма менен аныкташат?

а) эмприкалык б)математикалык эсептөө в)сейсмикалык

г)геоморфологиялык д) геологиялык





12 .Жердин тышкы кабыктарындагы эң көп кездешүүчү металл?

а) жез б) темир в)алтын г) аллюминий д)күмүш


13.Карталарда океандын жылуу агымдары кандай белгиленет?

а)сан менен б)кызыл стрелка менен в)штрих менен

г)көк стрелка менен д)жазуу менен


14.Түндүк багыттын сааттын жебеси боюнча эсептелген бурчу кандай аталат? а)кеңдик б)узундук в)координата г)проекция д) азимут


15. Жер бетинде абанын горизонталдык багытта которулуп турушун эмне деп аташат?

а) шамал б) шторм в) күндүзгү бриз г) түнкү бриз д) бороон


16. Түндүк уюлда эң узун күн качан болот?

а) 22-сентябрда б)23-декабрда в) 22-июнда г)23-мартта д) 30-июлда

17.Жердин кайсы сферасы өзүнө жердин кыртышынын бир бөлүгүн камтыйт?

а) гидросфера б) атмосфера в) биосфера г) литосфера д)термосфера


18.Жер бетиндеги океан менен байланышпаган, сууга толгон табигый чуңкурлар эмне деп аталат?

а)көл б) саз в) хауз г)жер алдындагы суу д) суу сактагыч


19.Тынч океанды Атлантика океаны менен бириктирип турган кысык?

а) Беринг кысыгы б)Дрейка кысыгы в)Мозамбик кысыгы г)Зонд


20.Абанын составында канча % азот бар?

А)20% б)65% в) 78% г)36% д)50%
















Түндүк Американын калкы жана саясий картасы.

Максаты:

1) Калкы, саясий картасы жөнүндо кененирээк маалымат алышат.

2) Логикалык ой жүгүртүүгө,өз алдынча иштөөгө, салыштырууга көндүмдөрү калыптанат.

3) Айлана-чөйрөнү, дүйнөнү таанып билүүгө эстетикалык жактан тарбия алышат.

Жаңы тема: Түндүк Америкада 400 млнго жакын калк жашайт. Жыштыгы 1 км кв. аянтка 13-14 адам туура келет. Анын отурукташуусу тарыхына жана жаратылыш шарттарына байланышкан. Европадан көчүп баргандар материктин чыгышындагы түз жерлерге жана деңиз жээктерине отурукташкан. ал жерлерде адамдар жыш отурукташкан чоң шаарлар жайгашкан. түндүктөгү суук, түштуктөгү чөлдү райондордо калк сейрек отурукташкан.

Түндүк Американын жергиликтүү калкы индеецтер болуп саналат. Тундра тарабында эскимостор көп. Алар монголоид рассасынын америкалык тармагына таандык. Алар Евразиядан көчүп барышкандар. Индеецтердин саны 15 млн. тундукто жашаган индеецтер менен эскимостор европалыктар көчүп барып отурукташканга чейин аңчылык, балык уулоо, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн чогултуп тиричилик кылышкан. Мексикалык индеецтер өз мамлекетин ттүзүшүп, кат таанып сабаттуу болгон. Бул жердеги индеецтер кыйла өннүккөн маданияты жана чарбасы менен айырмаланышкан. Алар өстүргөн жүгору, помидор ж.б. өсүмдүктөр кийин Европага алынып келип турган. Материктин азыркы кездеги калкы англичандар, ирландыктар, францздар тузөт. Түштүк райондорунда испандыктар көчүп барышкан. Европалыктар көчүп барышканда жергиликтүү калктын тагдыры татаалданган. Жерлер чөлгө айланып, көбү кырылган. Жугуштуу ооруулар көп болгон. Тундүк Америкада 25 млндон ашык негрлер жашайт. Африкадан кул катары келгендердин тукумдары болуп саналат. Азыркы убакка чейин айыл жана шаар жерлериндеги оор жумуштарды аткарышат.

Саясий картасы. Түндүк Американын жеринин көбүн экономикасы жогору болгон өннүккөн АКШ,Канада ээлейт. АКШга материктин ортоңку бөлүгүнөн тышкары Аляска ж.а, Тынч океанындагы Гавай ж.б. бир нече аралдар бар. Материктин түштүгүндө Мексика жана бир нече чакан мамлекеттер жайгашкан.

Бышыктоо: кластер түзүү менен


Окуучуну баалоо:


Үйгө тапшырма: окуп, реферат жащып келүү. Ири мамлекеттерин картага түшүрүү.






















6 «_____»-класс 1-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Ысык оргуштап чыккан булак, бул.................

а) гейзерлер б)артезиандык булак в) кайнар булак

г)минералдык булак д) термалдык булак

2.Индияга жаңы жол ачам деп, бирок Жаңы Дүйнө бөлүгүнө сүзуп барган деңиз саякатчысы ким?

а) Ф.Магеллан б) Х.Колумб в)А.Никитин г)Бехайм д)Васко да Гама

3.Жер бетинде бир уюлдан экинчи уюлга шарттуу түрдө жүргүзүлгөн сызык эмне деп аталат?

а)параллель б) меридиан в) горизонталь г)экватор д) изобата

4.Кайсы шаркыратмага өзүн биринчи ачкан адамдын ысымы берилген?

а)Беринг б)Вавилов в)Никитин г)Анхель д)Ливингстон

5.Деңиз деңгээлинен 200 метрге чеинки бийиктиктеги кеңири түздүктөрдү эмне д.а.

а) бөксө тоо б)түздүк в)ойдуң г)дөбөлүү түздүк д)тайпак тоо

6.Жер жүзүнүн кайсы жерлеринде жанар тоолор, жер титирөөлөр көп болуп турат?

а) түздүктөрдө б)тоолуу аймакта в) Индия океанынын аралдарында

д )коралл аралдарында д)Месопотамияда

7. Тоо капталдарынын жуулуп кетүүсүнөн кайсы жаратылыш обьектиси көбурөөк сактап турат?

а) майда организмдер б)шагылдар в)таштар г)өсүмдүктөр д)топурактар

8.Карталарда канча экватор сызыгын жүргүзүүгө болот?

а) 3 б) 4 в)1 г)2 д)10

9.Нивелир аспабы менен эмнени ченейбиз?

а)басымды б)бийиктиктер айырмасын в)нымды г)шамалдын ылдамдыгын д)абанын температурасын

10.Жердин бетинин асман менен чектешкендей көрүнгөн сызыгы кандай аталат?

а) План б) горизонт сызыгы в)меридиан сызыгы г)экватор сызыгы д) параллель сызыгы

11.Жердин сырткы түзүлүш процессине таандык болгондор.

а)вулкандар б)жер титирөөлөр в)жер кыртышынын өңгүл-дөңгүлдөрү г) үбөлөнүүлөр д)жер кыртышынын көтөрүүлөрү

12.Деңиз саякатчыларынан ким жердин шар формасында экендигин иш жүзүндө далилдеген?

а) Х.Колумб б) Васко да Гама в) Ф.Магеллан г) А.Никитин д) Птомелей

13. Карталарда рельефтин кайсы формалары жашыл түс менен белгиленет?

а)дөңсөөлөр б)суулар в)ойдуңдар г) тайпак тоолор д)тоо кыркалары

14.Масштабы боюнча карталарды канча топко бөлүүгө болот?

А)2 ге б)5 ке в) 7 ге г) 10 го д) 3кө

15.География билимдеринин булагын көрсөткүлөА) дептер б)географиялык карта в) компас г)план д) топурак









6 «_____»-класс 2-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Жер кыртышынын материк бөлүгүнүн калыңдыгы канча?

а)35-70 км б)6-15 км в) 3-12 км г)80-100 км д)90-70 км


2.Жер кыртышынын кыймылдуу туруксуз аймактары эмне деп аталат?

а) платформа б) плита в)сейсмикалык алкак г)шит(калкан) д)горст


3.Магмалык тоо тегин бөлүп көрсөткулө

а)базальт б)гипс в)мрамор г)кварцит д)акиташ


4.Флюгер куралы менен…………өлчөнөт?

а) шамал багыты б) аба нымдуулугу в ) аба басымы

г)буу менен каныгуу деңгээли д) аба температурасы


5.Эгерде картанын сандуу масштабы 1:1000000 болсо

а)1 см-100000 км б)1 смде-1000 км в)1 смде -10000 км

г)1 смде-1 км д)1 смде-100 км


6. Компас эмнени аныктоо үчүн колдонулат?

а) нымдуулукту б)басымды в)бийиктикти г)багытты д) узундукту


7.География билимдеринин булагын көрсөткүлө.

а )дептер б)географиялык карта в)компас г)план д)топурак


8 .ХV кылымда глобусту ким ойлоп тапкан?

а)А.Веспучи б)Птомелей в)Бехайм г)Х.Колумб д)Васко да Гама


9 .Көз болжол сьемкасын жүргүзүү үчүн биринчи кезекте эмнени даярдоо керек?

а) карта б) Планшет в)глобус г) саат д) контурдук карта


10.Картада канча меридианды жүргүзүүгө болот?

а) 15 ти б)канчаны кааласаң в)25ти г)1ди д)10ду


11.Жердин ички түзүлүшүн кандай ыкма менен аныкташат?

а) эмприкалык б)математикалык эсептөө в)сейсмикалык

г)геоморфологиялык д) геологиялык


12 .Жердин тышкы кабыктарындагы эң көп кездешүүчү металл?

а) жез б) темир в)алтын г) аллюминий д)күмүш


13.Карталарда океандын жылуу агымдары кандай белгиленет?

а)сан менен б)кызыл стрелка менен в)штрих менен

г)көк стрелка менен д)жазуу менен


14.Түндүк багыттын сааттын жебеси боюнча эсептелген бурчу кандай аталат? а)кеңдик б)узундук в)координата г)проекция д) азимут


15. эгерде картанын сандуу масштабы 1:100000 болсо.

а)1 смде-100000 км б)1 смде-1000 км в)1 смде 10000 км г) 1смде-1км д) 1 смде 100 км




9 «_____»-класс 1-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Түштүктө жана түштүк чыгышта, Кыргызстандын Кытай менен болгон чеарасы кайсы тоо кыркасы аркылуу өтөт?

а)Чоң Алай б)Күнгөй Алатоо в) Кыргыз Алатоо г)Фергана тоосу д)Какшаал-Тоо

2.Кыргызстандын аймагы батыштан чыгышка канча аралыкка созулат?

а) 958 км б) 925 км в)450 км г)895 км д)570 км

3.Кыргызстандын азыркы рельефи кайсы геологиялык мезгилге туура келет?

а)неоген-төрт-үчүнчүлүктө б) полеоген-неоген в) полеозойдо г)Архейде д) протерозойдо

4.Кыргызстандын кайсы өрөөнүндө нефть жана газ кендери жайгашкан?

а)Ферганада б)Таласта в)Атбашыда г)Жумгалда д)Чүйдө

5.Ленин чокусу кайсы тоо кыркасында

а) Фергана б)Пскем в)Какшаалтоо г)Чоң Алай д)Талас Алатоосу

6.Төмөнкү кен өндүрүлгөн аймактардын кайсынысында сымап чыгат?

а) Кажысай б)Кумтөр в) Макмал д)Жетим д)Чаувай

7. Кыргызстандагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн узундугу канча км?

а) 70 км б)58,9 км в)25 км г)200 км д)12 км

8.Кыргызстандын кайсы дарыясында аянттары чоң болгон муздар бар?

а) Сарыжаз б) Нарын в) Талас г)Кызылсуу д)Аксай

9.Аларча улуттук паркы кайсы тоо кыркасында?

а)Кыргыз Алатоосунда б)Күнгөй Алатоосунда в)Борколдой Тоодо г)Жетим Тоодо д)Нарын Тоодо

10.Тянь-Шань тоолорундагы бийик алкактарды биринчи ким изилдеген?

а) П.П.Семенов б)Н.М.Прежевальский в)Н.А.Северцев г)М.В.Мушкетов д) А.П.Федченко

11.Кыргызстандын борбор шаарын аралап аккан дарыя

а) Нарын б)Аламедин в)Чоң Кемин г) Жыргалаң д)Аксуу

12.Кайсы кырка тоолордо эң ири мөңгүлөр жайгашкан?

а) Кан-Теңири б)Ак Шыйрак в)Жаман-Тоо г)Нарын-Тоо

13.Кыргызстанда айыл-чарбага пайдалануучу жерлердин басымдуулук кылганы:

а) айдоо жерлер б )жайыттар в)токойлор г)чабындылар д) кайрак жерлер

14.Кыргызстандын айдоо жерлеринин канча проценти сугарылат?

а) 40% б)50% в)60% г)90% д)100%

15.Кыргызстанда өндүрүлгөн кайсы металл электротехникада, медицинада, тоо-кен ишинде кеңири колдонулат.

а)сымап б)калай в) коргошун г) алтын д)цинк




16. «Илбирс»Акционердик Коому…………………бириктирет

а) бут кийим өнөр жай ишканасын б) кой жүнүн иштетүүчү өнөр жай ишканасы в)тери өнөр жайын г) кийим тигүү өнөр жайын д) пахта жибин токуу өнөр жайын

17.Ички Тянь-Шандагы өрөөндү атагыла

а) Алай б)Чоң Кемин в)Тогузторо г) Алай-Түркстан д) Сары-Жаз

18.Талаа топурактарын атагыла

а)тоолуу-талаа б)күрөң топурак в)кул топурак г)кара күрөң топурак д)ачык жана кара каштан топурагы

19.Кыргызстандын аймагынын канча %тин түбөлүк кар жана мөңгү ээлейт?

А)5,2% б) 3% в)4% г) 1,8% д)3,5%

20.Орографиялык түзүлүшү боюнча Күнгөй Алатоонун Боом капчыгайынан батышты көздөй кеткен тоо

а)Тескей Алатоосу б) Кыргыз Алатоосу в)-Талас тоосу г)Жумгал Тоосу д)Чоң Алай тоосу



























9 «_____»-класс 2-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Кайсы саякатчы биринчилерден болуп Чу дарыясы Ысыккөл көлүнө куюлбаганын далилдеди?

а) Пржевальский б)Семенов в) Козлов г)Мушкетов д)Федченко

2.Чуй жана Талас областтарына мүнөздүү болгон топурактын типтерин атагыла?

а) күрөң-бозомтук б) кара топурак в)күроң топурак г)күл топурак д)такырлар

3.Кыргызстандын азыркы рельефи кайсы геологиялык мезгилге туура келет?

а) неоген-төрт-үчүнчүлүктө б) полеоген-неоген в) полеозойдо г)Архейде д) протерозойдо

4.Кыргызстандын кайсы токоюнда туркестан чычканын жолуктурса болот?

а)Ферганада б)Таласта в)Атбашыда г)Жумгалда д)Чүйдө

5.Эң төмөнкү -53 температураны көрсөткөн Ички Тянь-Шандагы өрөөн

а) Кетмен-Дөбө б)Суусамыр в)Аксай г)Кочкор д)Тогузторо

6.Кыргыз Алатоосунун түндүк капталдарындагы жаан-чачындын жылдык саны канча болушу мүмкүн

а) 350 мм б)400460 мм в) 450-480 мм д)700-800 мм д)220-280 мм

7. Кыргызстандагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн узундугу канча км?

а) 70 км б)58,9 км в)25 км г)200 км д)12 км

8.Чүй өрөөнүнүн түздүгүндө аны чарбачылыкка терен өздөштүргөнгө чейин кандай ландшафт мүнөздүү болгон?

а) чөл б)жарым чөл в) талаа г)шалбалуу талаа д)токойлуу талаа

9.Кайсы дарыяга кубаттуулугу 1,2 миллионго жеткен Кыргызстандын эң ири ГЭС курулган?

а)Атбашы б)Нарын в)Кызылт Суу г)Чүй д)Аламүдүн

10.Кайсы кездеме Кыргызстандын текстиль өнөр жайында чыгарылбайт?

а) пахтадан токулган б)жүндөн токулган в)жибектен токулган г)кендирден токулган

д) зыгыр буласынан токулган

11.Сарыжаз кенинде кайсы рудалар казылып алынат?

а) боксит б)темир рудалары в)жез рудалары г) калай рудалары д)марганец рудалары

12.Кыргызстандын мал чарбачылыгынын кайсы тармагына өз наркы эң төмөн эт берүү мүнөздүү?

а) топоз чарбасы б)кой чарбасы в)жылкы чарбасы г)чочко чарбасы д)канаттуулар чарбасы






13.Кыргызстандын кайсы шаары Х-Х III кылымдарда кубаттуу чеп, соода жана адмиистративтик борбор болгон?

а) Пишпек б )Каракол в)Ѳзгөн г)Ош д) Талас

14.Макмал алтын кени Кыргызстандын кайсы областтында орун алган?

а) Ош б)Ысыккөл в)Нарын г)Талас д)Жалалабад

15.Ысыккөлдүн боюндагыткайсы калктуу пункттун курорттук мааниси бар?

а)Балыкчы б)Байсоорун в)Чолпоната г)Каракол д)Түп

16. «Илбирс»Акционердик Коому…………………бириктирет

а) бут кийим өнөр жай ишканасын б) кой жүнүн иштетүүчү өнөр жай ишканасы в)тери өнөр жайын г) кийим тигүү өнөр жайын д) пахта жибин токуу өнөр жайын

17.Күрмөнтү цемент-акиташ заводу кайсы областта жайгашкан?

а) Талас б)Баткен в)Чүй г) Ысыккөл

18.Дүйнөдө сейрек кездешүүчү, неоген мезгилине туура келген, түргай флорасында реликт катары өскөн токойлор.

а)теректүү токой б)кайыңдуу токой в)арчалуу токой г)мөмөлүү жаңгактуу токой д)пихталуу токой

19. «Кыргызстандын топурактары» жөнүндөгү китептин автору

А)З.Кайназарова б) А.Мамытов в)А.Акаев г) Лущихин д)Мушкетов

20.Кыргызстандагы кайсы көл тоо урап, дарыя суусу бөгөлүп калгандыктан пайда болгон?

а)Чатыркөл б) Сарычелек в)Соңкөл г)Ысыккөл д)Токтогул суу сактагычы



















21.Алыскы сырттагы эки дарыянын кошулушунан жана мөңгүлөрдөн башталган дарыяны атагыла.

А)Чу б)Нарын в)Талас г)Чаткал д)Атбашы

22.Тизмеден Нарын дарыясынын куймаларынан ашыгын алып салгыла.

а)Көкөмерен б)Атбашы в)Алабуга г)Узунакмат д) Мүрдүрүм

23.Топурактары туз даамданган, ачык түстөгү, такырлуу өсүмдүктөр сейрек өскөн тоо этектери кандай аталат?

а)чап б) саздар в)адырлар г)сырттар д)тугайлар

24. Түндүк Кыргызстанда кайсы бийиктигинде кар сызыгы жатат?

а)5000 м б) 4500 м в)3600 м г)600 м

25.Кыргызстандагы ири көлдөр , пайда болушу боюнча кайсы типке кирет?


а)мөңгүлүк б)тектоникалык в)бөгөлмө г)калдык д)карсттык
























11 «_____»-класс 2-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Кандай кени байлыктын сырьелорун комплекстүү иштетүү өзгөчө зарыл?

а) полиметалл рудалары б)алтын в)азмаз г) кайнатма туз д)газ

2.Төмөнкү мамлекеттердин кайсынысында токой ресурстары жетишсиз?

а) Швеция б) Бразилия в)Монголия г)Польша д)Австрия

3.Кайсы өлкө балдардын төрөлүшүн, калктын табигый өсүшүн кыскартуу саясатын жүргүзөт?

а) АКШ б) Бельгия в) Италия г)Кытай д) ТАР

4.Башка раса болгондугу үчүн граждандардын тобунун укугун кысуу эмне деп аталат?

а)антисемитизм б)дискриминация в)апартеид г)улутчулдук д)ашынган улутчулдук

5.Эл аралык экономикалык мамилелердин формасы…….?

а) эл аралык соода б)пайдалуу кендерди иштетүү в)дыйканчылык г)транспорт д)балыкчылык

6.Кайсы глобалдуу проблемаланы шарттуу түрдө экинчи орунга коюууга болот??

а) АКШ б)Бельгия в) Италия г)Кытай д)ТАР

7. Төмөнкү өлкөлөрдүн кайсынысы эки улуттуу?

а) ден соолукту коргоо б)дүйнөлүк океанды пайдалануунун проблемасы в)экологиялык г)жер жүзүндөгү тынчтыкты сактоо д)урбанизация

8.АКШда канча штат бар?

а) 42 б)13 в) 50 г)57 д )49

9.Кислоталуу жамгырды «экспорттоочу» кайсы өлкө?

а)Монако б)Андорра в)Португалия г)улуу Британия д)Греция

10. КАйсы мамлекетке «архипелаг-өлкөсү» деп айтууга туура келет?

а) Ангола б)Кытай в)ЛЧили г)Япония д) Австралия

11.Дүйнөгү авиалайнерлерди чыгаруучу эң ири компания «Боинг» АКШнын кайсы шаарында жайгашкан?

а) Лос-Анжелес б)Детройт в)Чикаго г) Сиэтл д)Хьюстон

12.дүйнөдөгү эң ири дениз портун атагыла

а) Роттердам б)Барселона в)Афина г)Порту д)Лиссабон

13.Аталган автофирмалардын кайсынысы Германияга таандык?

а) Фиат б )Фольксваген в)Тайота г)Форд д)Ниссан

14.Аталган шаарлардын ичинен Индиянын эң ири шаарларын тапкыла?а)Джакарта б)Куала-Лампур в)Бангкок г)Калькутта д)Дакка

15.Африкада канча миллионер шаар бар?

а)32 б)43 в)24 г)28 д)54



16.Европанын аянты канчага барабар?

а) 3 млн.км.кв б) 5, 4 млн.км.кв в)7,3 млн.км.кв. г) 4,8 млн.км.кв. д) 3,7млн. км.кв

17.Дүйнөдөнүн саясий картасынын түзүлүшү канча негизги этаптан турат?

а)2 б)3 в)5 г) 8 д) 4

18.Жер бетиндеги жашоонун эң негизги үч булагын атагыла?

а)Суу, өсүмдүк,жер б)аба, суу, климат в)суу, аба, шамал г)күн,шамал, суу д)күн, аба,суу

19.Келип чыгышы боюнча аталган экологиялык фактор кайсы?

а)геоморфологиялык б)биотикалык в)антропогендик г) экологиялык д)жаратылыштык

20.Озон катмарынын негизги бузуучусу эмне?

а)фреондор б)аэрозолдор в)көмүр кычкыл газы г)ракетанын күйүүчүсү д)коргошун




























11 «_____»-класс 1-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Рекреациялык ресурстарга кайсылар кирет?

а) минералдык б)Жер в)Жаратылыш климаттык г) отун-сырьелук д)эмгек

2.Дүйнөдө нефть запасы боюнча кайсы өлкө биринчи орунда?

а) АКШ б) Кувейт в)Сауд Аравия г)Алжир д)Туркменистан

3.Жаратылыш байлыгынын көлөмү менен аны пайдалануу көлөмүнүн катнашы эмне деп аталат?

а) жаратылышты пайдалануу б) ресурс менен камсыз болуу в) отун-энергетикалык баланс г)инфраструктура д) демография

4.Дүйнөдөгү эң жаш дин кайсы?

а)буддизм б)индуизм в)ислам г)христиан д)конфуциан

5.Калктын санынын кескин түрдө өсүшү эмне деп аталат?

а) миграция б)өндүрүү в)демографиялык жарылуу г)демографиялык кризис д)урбанизация

6.Кайсы өлкө балдардын төрөлүшүн , калктын табигый өсүшүн кыскартуу саясатын жүргүзөт?

а) АКШ б)Бельгия в) Италия г)Кытай д)ТАР

7. Төмөнкү өлкөлөрдүн кайсынысы эки улуттуу?

а) Испания б)Бельгия в)Португалия г)Германия д)Англия

8.Күйүүчү майды пайдаланууда эң үнөмдүү автомобилдерди кайсы өлкө чыгарат?

а) АКШ б)Япония в) Германия г)Норвегия д )Улуу Британия

9.Пиреней жарым аралында жайгашкан кайсы өлкө бир гана Испания менен чектешет?

а)Франция б)Андорра в)Португалия г)Италия д)Греция

10.Батыш Европанын кайсы өлкөсү « болот герцогствосу» деп аталат?

а) Нидерланды б)ГФР в)Люксембург г)Норвегия д) Монако

11.Кислоталуу жамгырды «экспорттоочу» кайсы өлкө?

а) Монако б)Андорра в)Франция г) Улуу Британия д)Греция

12.Германиянын эң ири кара металлургия району

а) Саксония б)Бавария в)Рур г)Тюрингия д)Нормандия

13.Эл Аралык туризм боюнча «Дүйнөнүн рекордсмени» деп Батыш Европанын кайсы өлкөсүн атоого болот?

а) Испания б )Дания в)Франция г)Италия д)Бельгия

14.Дүйнөдөгү эң ири дениз портун атагыла?

а)Роттердам б)Барселона в)Афина г)Порту д)Лиссабон




15.Кайсы өлкө Борбордук Америкага таандык?

а)Колумбия б)Эквадор в)Боливия г)Мексика д)Гондурас

16. Аталган шаарлардын ичинен Индиянын эң ири шаарларынын бирин тапкыла?

а) Джакарта б) Куала-Лампур в)Бангкок г) Калькутта д) Дакка

17.Европанын кайсы өлкөсү «Вольво» автомобилин чыгарат?

а)Норвегия б)Швеция в)Англия г) Франция д) Испания

18.Дүйнөнүн эң байыркы республикасы?

а)Сан-Марино б)Греция в)Бельгия г)Чехия д)Испания

19. «Европанын башкы бут кийим фабрикасы»,-бул……….

а)Франция б)Польша в)Латвия г) Испания д)Италия

20.Корголуучу жана эс алуу үчүн интенсивдүү пайдаланган жайларды кандай айтабыз?

а)Жаратылыш парктары б) коруктар в)убактылуу корголмо жай г)көчөт багы д)пляждар
























10 «_____»-класс 1-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Кайсы областта жергиликтүү калктын саны эң жогорку %ти түзөт?

А)Нарын б)Ысыккөл в)Талас г)Ош д)Чүй

2.КРсынын саналган областтарынын кайсынысында бир шаар, бир шаарча бар жана калктын жыштыгы км 2 де 12 киши?

а)Чүй б)Талас в)Ысыккөл г)Ош д) Жалалабад

3.Төмөнкү мамлекеттердин кайсынынсында токой ресурсттары жетишсиз?

а)Швеция б) Бразилия в)Монголия г)Польша д)Австрия

4.Ысыккөл өрөөнү батыштан чыгышка карай канча кмге созулат?

а)2500 км б) 170км в)80км г)400км д)350км

5. «Ак-Суу» минералдык булагы кайсы кырка тоодо орун алган?

а)Суусамыр Тоосунда б) Талас Алатоосунда в)Кыргыз Алатоосунда г)Жумгал Алатоосунда

6..Ысыккөлгө канча агын суулар куят?

А)42 б)74 в)56 г)80 д)91

7.Төмөнкү саналагн элдердин кайсынысы индоевропалык тил түркүмүнө кирет

а)казактар б) кытайлар в)тажиктер г)финндер д)монголдор

8.Жаңы аймактарды өздөштүрүүгө түрткү болгон эң биринчи факторлор кайсы?

а)илимди талап кылуу керек б) экологиялык в)жаратылыш ресурсттук г)транспорттук д)эмгек ресурсттары

9.Эл аралык товар айлантуу көлөмү боюнча кайсы мамлекет алдыңкы орунда?

а)АКШ б) Франция в)Индонезия г)Индия д)Япония

10.Тирүү организмдер үчүн төмөнкү саналган атмосфера газдарынын кайсынысы эң маанилүү? а)азот б) метан в)кычкылтек г)суутек д)аргон

11.Тизмеден Нарын дарыясынын куймаларынан ашыгын алып салгыла.

а)Көкөмерен б)Атбашы в)Алабуга г)Узунакмат д) Мүрдүрүм

12.Топурактары туз даамданган, ачык түстөгү, такырлуу өсүмдүктөр сейрек өскөн тоо этектери кандай аталат?

а)чап б) саздар в)адырлар г)сырттар д)тугайлар

13.Уралдагы эң ири шаар.

а)Пермь б) Екатеринбург в)Челябинск г)Уфа д)Томск

14.Россиянын аймагындагы эң ири АЭС

а)Чернобыль б) Ленинград в)Армян г)Нововоронеж д)Архангельск





15.Камчатка жарым аралында аракеттеги вулкандардын канчасы бар?

а)30 б) 29 в)28 г)27 д)31

16.Ландшафт түзүүчү комплекстердин кайсынысы зоналык

а)климат б) рельеф в)геологиялык түзүлүш г)тоо тектери д)кен байлыктары

17.Кайсы көлдүн суусу-батыш бөлүгүндө тузсуз, ал эми чыгышында туздуу

а)Хантай көлү б) Таймыр көлү в) Лама көлү г)Телец көлү д)Балкаш көлү

18. Түндүк Кыргызстанда кайсы бийиктигинде кар сызыгы жатат?

а)5000 м б) 4500 м в)3600 м г)600 м

19.Кыргызстандагы ири көлдөр , пайда болушу боюнча кайсы типке кирет?

а)мөңгүлүк б)тектоникалык в)бөгөлмө г)калдык д)карсттык

20.Түндүк жарым шардын суук уюлу кайсы жерде жайгашкан?

а)Ямал ж.а б) Шпицберген а в)Норильск г)Верхоянск д)Оймякон


























10 «_____»-класс 2-вариант

Ф.И.О._________________________________________________

1.Кыргыз Ала-Тоосундагы эң бийик чокуну атагыла?

а)Сарытөр б)Эркин Корея в)Батыш Аламедин г)Чоктал

2.Жаратылыш чөйрөсүнүн жана анын компоненттеринин абалына байкоо жүргүзүү жана контролдоо системасы кандай аталат?

а)мониторинг б)смог в)дефляция г)эрозия д) аккумляция

3.Тирүү организмдер үчүн төмөнкү саналган атмосфера газдарынын кайсынысы эң маанилүү?

а)азот б) метан в)кычкылтек г)суутек д)аргон

4. Озон катмарынын негизги бузуучусу эмне?

а)фреондор б) аэрозолдор в)көмүр кычкыл газы г)ракетанын күйүүчүсү д)коргошун

5.Атмосферанын химиялык жана физикалык булгоочуларынын азыркы кездеги негизги булагы кайсылар?

а)абиотикалык фактор б)антропогендик фактор в)биотикалык фактор г)экологиялык фактор д)жаратылыш фактору

6.Эңилчек, Кайыңды, үчкөл аттуу куймалары бар Борбордук Тяншандагы дарыяны атагыла?

а)Сарыжаз б)Аксай в)Акшыйрак г)Тарим д)Кызылсуу

7.Кандай кен байлыктын сырьелорун комплекстүү иштетүү өзгөчө зарыл?

а)полиметалл рудалары б)алтын в)алмаз г)кайнатма туз д)газ

8.жаратылыш чөйронү окур үйронүү, оздөштүрүү жана коргоо боюнча жасалган коомдук иштердин жыйындысы эмне деп аталат?

а)ресурс менен камсыз болуу б) жаратылышты пайдалануу в)ресурсттарды коргоо г)демография д)урбанизация

9. калктын санны кескин түрдө өсүшү эмне деп аталат?

а)демографиялык кризис б) миграция в)өндүрүү г)демографиялык жарылуу д)урбанизация

10.Дүйнөдө нефт запасы боюнча кайсы өлкө биринчи орунда?

а)АКШ б)Кувейт в)Сауд Аравия г)Алжир д)Туркменистан

11.Акбуура суусунун боюнда жайгашкан шаарды атагыла?

а)Жалалабад б) Көкжангак в)Майлысай г)Ташкөмүр д)Ош

12.Ички Тян-Шанда жарым чөл жана талаа ландшафттарынын көптүгүнө эмне таасир этет?

а)климаттын кургакчылдыгы б) батыш шамалдарынын келиши в)көлдүн жакындыгы г)тоо кыркалары менен курчалышы

13.кайсы дарыяда кубаттуулугу 1,2 млнго жеткен Кыргызстандын эң ири ГЭС курулган?

а)Атбашы б) Нарын в)Кызылсуу г)чүй д)Аламедин

14. Кайсы кездеме Кыргызстандын текстил өнөр жайында чыгарылбайт?

а) пахтадан токулган б) жүндөн токулган в)жибектен токулган г)кендирден токулган д)зыгыр буласынан


15.Кыргызстандын кайсы шаары 10-13.кк кубаттуу чеп, соода жана административдик борбор болгон?

а)Пишпек б) Каракол в)өзгөн г)Ош д)Талас

16.Сары-Жаз кенинде кайсы рудалар казылып алынат?

а)боксит б)темир рудалары в)жез рудалары г)Калай рудалары д)марганец рудалары

17.Кайсы металл электротехникада, медицинада, тоо-кен ишинде кеңири колдонулат?

а)сымап б)калай в)коргошун г)алтын д)цинк

18.Иштетилүүчү жердин эң жогорку % ти кайсы олкогө туура келет?

а)Боливия б)Индия в)Афганистан г)Вьетнам д)Австралия

19.экономикалык активдүү калк-бул………….

а)кирешеси бар калк б)мамлекеттеги эмгек ресурсттардын жыйындысы в)өнөр жайдагы жумушчулар г)майып жана пенсиядагыларды кошкондогу баардык эмгектенгендер д)өндүрүштө иштеген, эмгекке жарамдуу калктын бир бөлүгү

20.өз ара бүткүл дүйнөлүк экономикалык мамилелер менен байланышкан, дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн улуттук чарбаларынын тарыхый калыптанган жыйындысы?

а)Илилмий техникалык революция б) дүйнөлүк чарба в)эмгекти дүйнөлүк географиялык бөлүштүрүү г)экономикалык интеграция д)тармактык интеграция