Просмотр содержимого документа
«Табиятка катаал мамиле кылбоо»
Мөөнөтү:
Классы: 7- класс
Темасы: Табиятка катаал мамиле кылса, табият катаал жазалайт
А) Окуучулар табиятка аяр мамиле жасоо керек экендиги боюнча
маалымат алышат
Б) Алган билимдерин турмушта колдоно алышат
В) Өз алдынча иш алып бара алышат
Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп-үйрөнүү
Сабактын ыкмасы: аӊгемелешүү
Сабактын жабдылышы: сүрөт, таркатуучу материалдар
Сабактын жүрүшү: а) Уштуруу (окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү)
б) Үй ишин текшерүү (эссе жазып келүү)
в) Жаңы теманы түшүндүрүү
Тема: Табиятка катаал мамиле кылса, табият катаал жазалайт
Кыргыз эли байыртадан бери балдарын табиятка жакын болуусуна, аны менен дайыма эриш-аркак жашап, аны көздүн карегиндей сактоого, табияттын сырларын тереӊ кабылдоого кичине кезинен үйрөтүшкөн. Мисалы, туулган жерге кызмат кылуу, жан-жаныбарларга , өсүмдүктөргө боорукер болуу, анын байлыктарынсактоо жана көбөйтүү жана башка ушул сыктуулар.
Элдин сан кылымдан бери сактап, өнүктүрүп келген баа жеткис тажрыйбасы, акылман бабалардын урпактарга калтырган табериги улуу «Манас» эпосунун осуяттарынын бири: «Табият менен таттуу мамиледе болуу».
Элди курчап турган табигый чөйрө менен тыгыз байланышта болуу улуттук маданияттын бир бөлүгү болуп эсептелет.Ф.Фребель ата-энелерге баланын жандуу жаратылыш менен мамиле түзүүдө ага зыян келтирбөөсүн тарбиялоону сунуш кылган.Алардын жаныбарлар дүйнөсүнө кызыгууларын күчөтүп,мээримдүү сезимдерин ойготууга жардамшуу зарыл.Кээде балдар ойлонбой эле аябаган кылык кылаарын алдын алуу үчүн табиятка деген сезимдерин ойготууга жардам берүү керек экен.Бул баланы экологиялык маданияттулукка тарбиялоо болуп саналат.
Орустун улуу окумуштуусу, педагог К.Д.Ушинский табият жөнүндөгү билимдерди өздөштүрүүнү адамдын ыймандык сапаттарын өнүктүрүүчү эӊ маанилүү фактор катары караган. « Жаратылышты окуп-үйрөнүү аркылуу адамды гумандуу кылып өстүрсө болот»-деп айткан.
Ошондуктан окуучулар төмөндөгү иш аракеттердин үстүндө иштөөсү зарыл.
1.Айланадагы жаратылышка байкоо жүргүзүү,экологиялык темада адабияттарды, элдик оозеки чыгармалар менен таанышуу
2.Ачык аянттарды жашылдандыруу
3.Өсүмдүктөргө байкоо жүргүзүү
4. Жаратылыштагы жандыктардын экологиялык бурчун уюштуруу
5. Жаратылыштагы материалдардан бир нерсе жасоо
6.Экологиялык темада иш чараларга катышуу
Жаратылыш жана адам бири-бири менен ар тараптан бекем байланышкан бир бүтүндү түзөт.Жаратылыштагы жандуу организмдердин ичинен адамга акыл-эс берип, мындай деген экен: « Жер бетиндегибүтүндөй тиричилик ээсин колуӊа беремин.Мына сага талаа, тоо таш, чалкыган деӊиз, айдыӊ көл, калыӊ токой. Кыбыраган жаныбарларга да өзүӊ ээлик кыл. Менден кийинки ээси сенсиӊ. Жер бетиндеги өмүр өнүмдүү өрүш алабы, жокпу, же бир бүлүнүп ойрону чыгабы – сага тиешелүү. Акыры сенден сурайм»- деген экен.Мына биздин алдыбызда чон жоопкерчилик бар экен. «Табиятка катаал мамиле кылса, табият катаал жазалайт»-деп бекеринен айтылбагандыр.
Жыйынтыктоо:
Окуучулардын жыйынтыктуу ойлорун айттыруу