СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Талас облусу. Кыргызстан

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Талас облусу. Кыргызстан»

Талас облусу  - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус. Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2011-жылдагы эсеп боюнча 231 800 адамдан турат
  • Талас облусу  - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус. Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2011-жылдагы эсеп боюнча 231 800 адамдан турат
  Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет.  Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган. 
  •   Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет.  Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган. 
1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген.  Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон.
  • 1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген.  Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон.
  Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.
  •   Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.
Өлкө: Абалы: Курамында: Акимий борбору: 1 шаар, 4 район Түзүлгөн убакыты: 22-июнь   1944 Губернатору: Койсун Курманалиева Ырасмый тили: Калкы ( 2019 ): 263 500 Жыштыгы: 20,33 адам/ км² Жер аянты: 11 400  км² Саат алкагы: ISO 3166-2   коду: KG-T Унаа коду: T, 07

Өлкө:

Абалы:

Курамында:

Акимий борбору:

1 шаар, 4 район

Түзүлгөн убакыты:

22-июнь   1944

Губернатору:

Койсун Курманалиева

Ырасмый тили:

Калкы ( 2019 ):

263 500

Жыштыгы:

20,33 адам/ км²

Жер аянты:

11 400  км²

Саат алкагы:

ISO 3166-2   коду:

KG-T

Унаа коду:

T, 07

Райондору   Бакай-Ата району ‎     Кара- Буура району ‎     Манас району ‎     Талас району ‎

Райондору

  • Бакай-Ата району ‎ 

  Кара- Буура району ‎ 

  Манас району ‎ 

  Талас району

«Манас Ордонун» жаралышы Кыргыз эли учун Манас жана анын күмбөзү «Манас» эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), үңкүрлөр, суулар, булактар, жер аттары ж.б. биз үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.
  • «Манас Ордонун» жаралышы
  • Кыргыз эли учун Манас жана анын күмбөзү «Манас» эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), үңкүрлөр, суулар, булактар, жер аттары ж.б. биз үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.
Ошол себептен атуулдарыбыз, ата-бабаларыбыз Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда. Ал гана эмес, бул ыйык жайга чет өлкөлөрдөн да келишип, изилдеп көрүшүп, элден сурамжылап, көргөн билгендерин кагазга түшүрүп, күмбөздүн сүрөттөрүн тартып алып, «Манас» эпосун билгендерден эпостун үзүндүлөрүн жазып алып кетишкен жана азда болсо кыска да болсо басма беттерге макалаларды, билдирүүлөрдү берип турушкан.
  • Ошол себептен атуулдарыбыз, ата-бабаларыбыз Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда. Ал гана эмес, бул ыйык жайга чет өлкөлөрдөн да келишип, изилдеп көрүшүп, элден сурамжылап, көргөн билгендерин кагазга түшүрүп, күмбөздүн сүрөттөрүн тартып алып, «Манас» эпосун билгендерден эпостун үзүндүлөрүн жазып алып кетишкен жана азда болсо кыска да болсо басма беттерге макалаларды, билдирүүлөрдү берип турушкан.
Изилдөөчүлөр А.М.Беленицкий менен М.Е. Массон күмбөздүн бетиндеги жазууну окуп аны мындай деп чечмелешкен: «Бул күмбөз улуу урматтуу, кадыр барктуу, сый сыпаттуу, мартчылык менен боорукердиктин башаты, калем жана найза менен багындыруучу, эмирдин кең пейил, пакиза, оор басырык бактылуулардын үлгүсү, кудайга жагар таянычы, аялдан чыккан сырттан Кянизек хатундуку, Абука эмиридики. Алла алардын барган жайына бейиш айтсын, бул Рамазан айынын башында болду. Бул ай: Алланын тортунчу таянычынын ыйык берекелуу айы деген. Жазуунун аягы күмбөз 14- кылымдын кайсыл мезгилине таблица туура келери аныкталган эмес.
  • Изилдөөчүлөр А.М.Беленицкий менен М.Е. Массон күмбөздүн бетиндеги жазууну окуп аны мындай деп чечмелешкен: «Бул күмбөз улуу урматтуу, кадыр барктуу, сый сыпаттуу, мартчылык менен боорукердиктин башаты, калем жана найза менен багындыруучу, эмирдин кең пейил, пакиза, оор басырык бактылуулардын үлгүсү, кудайга жагар таянычы, аялдан чыккан сырттан Кянизек хатундуку, Абука эмиридики. Алла алардын барган жайына бейиш айтсын, бул Рамазан айынын башында болду. Бул ай: Алланын тортунчу таянычынын ыйык берекелуу айы деген. Жазуунун аягы күмбөз 14- кылымдын кайсыл мезгилине таблица туура келери аныкталган эмес.
Ал эми Манастын күмбөзү турган Ташарык айылында 1864-жылы туулган, «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрүн кагаз бетине түшүргөн, Манастын күмбөзүнүн бетиндеги жазууларды изилдеген инсан, Жусупбек уулу Токтогазы ал жазууларды мындайча чечмелеген: «Саал кадн Буркенчекли бул ишти жаңылоочусу, Алласы менен экөө бир бурка болду. Ага атасы ачуу кылардан пайдасына отмоду. Ушуну бүткөргөн кадн кайгылуу болду. Бу ой аяа эмес. Кадндыкы турк каднынан. Могер билги башек жоомарт кудай жоуй кадна кенешли тарабойлуу көп кишилер сан түсөп жан кылган. Баатыр жигиттерге башчысы болгон озунун оглудан эч адам намысын бербеген баатыр Манастын жайы». Жана башка көптөгөн окумуштуулар «Манас Ордонун» тарыхын изилдеп келүүдө.
  • Ал эми Манастын күмбөзү турган Ташарык айылында 1864-жылы туулган, «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрүн кагаз бетине түшүргөн, Манастын күмбөзүнүн бетиндеги жазууларды изилдеген инсан, Жусупбек уулу Токтогазы ал жазууларды мындайча чечмелеген: «Саал кадн Буркенчекли бул ишти жаңылоочусу, Алласы менен экөө бир бурка болду. Ага атасы ачуу кылардан пайдасына отмоду. Ушуну бүткөргөн кадн кайгылуу болду. Бу ой аяа эмес. Кадндыкы турк каднынан. Могер билги башек жоомарт кудай жоуй кадна кенешли тарабойлуу көп кишилер сан түсөп жан кылган. Баатыр жигиттерге башчысы болгон озунун оглудан эч адам намысын бербеген баатыр Манастын жайы». Жана башка көптөгөн окумуштуулар «Манас Ордонун» тарыхын изилдеп келүүдө.
Манас атанын «Хан өргөөсү» Биздин ата-бабалар өзүнүн башкарган инсандарын ар дайым Хан өргөгө олтургузуп, атайын 12 канат боз үй көтөрүшкөн. Анын сынары, Манастын 1000 жылдык маарекесине карата, “Хан өргө” жасалган.”Хан өргөнүн бийиктиги 5 м. 70 см, диаметри 10 м, түндүгүнүн диаметри 150 см. “Хан өргө” демекчи атайын хандарга арналып колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын чеберчилиги менен жасалган. Бул боз үйдүн кереге жана ууктарын Талас районундагы Үчэмчек айылынын тургуну Табил Рыскулбеков жасаган. Ички-сырткы жасалгаларын уздар: Молдокулова К., Алапбаева У. ж.б уз чеберлер эмгектенишкен. Боз үй “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесинде баш байгеге татыктуу болгон. Азыркы учурда бул зор боз үй бүлүнбөй Шайылдаева Жаңылбүбүнүн колунда сакталып турат. Манасты көп адамдар изилдеген.

Манас атанын «Хан өргөөсү»

  • Биздин ата-бабалар өзүнүн башкарган инсандарын ар дайым Хан өргөгө олтургузуп, атайын 12 канат боз үй көтөрүшкөн. Анын сынары, Манастын 1000 жылдык маарекесине карата, “Хан өргө” жасалган.”Хан өргөнүн бийиктиги 5 м. 70 см, диаметри 10 м, түндүгүнүн диаметри 150 см. “Хан өргө” демекчи атайын хандарга арналып колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын чеберчилиги менен жасалган. Бул боз үйдүн кереге жана ууктарын Талас районундагы Үчэмчек айылынын тургуну Табил Рыскулбеков жасаган. Ички-сырткы жасалгаларын уздар: Молдокулова К., Алапбаева У. ж.б уз чеберлер эмгектенишкен. Боз үй “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесинде баш байгеге татыктуу болгон. Азыркы учурда бул зор боз үй бүлүнбөй Шайылдаева Жаңылбүбүнүн колунда сакталып турат. Манасты көп адамдар изилдеген.
Таластан чыккан манасчылар Манасчы- бул легендарлуу “Манас” эпосун ыр түрүндө төгүп айткан адам. Бул жанр бир гана кыргыз элине гана тиешелүү. Ал эми Талас жеринен көптөгөн манасчылар чыккан. Маалымат боюнча эң жогорку денгээлдеги манасчылардын саны 19. Азыркы учурда ушул өнөр менен алектенгендер Жумалиев Асанкан (1947-ж), Сейдрахманов Назаркул (1951-ж), Жумалиев Анарбек (1958-ж).
  • Таластан чыккан манасчылар
  • Манасчы- бул легендарлуу “Манас” эпосун ыр түрүндө төгүп айткан адам. Бул жанр бир гана кыргыз элине гана тиешелүү. Ал эми Талас жеринен көптөгөн манасчылар чыккан. Маалымат боюнча эң жогорку денгээлдеги манасчылардын саны 19. Азыркы учурда ушул өнөр менен алектенгендер Жумалиев Асанкан (1947-ж), Сейдрахманов Назаркул (1951-ж), Жумалиев Анарбек (1958-ж).
Манасчылар мектеби КУМОКде азыркы учурда Манасчылар мектеби иштеп жатат. Бул мектеп UNESCO уюмунун жардамынын негизинде түзүлгөн, азыр Мамадалиев Камил аттуу манасчы иштеп жаткан учуру. Анын кол алдында 7 жаш муун үйрөнүп жатат. Алар: Замир уулу Бактыяр,Шайлообек у Адилет, Ыдырыс уулу, Чокоев У, Нурлан уулу, Накыпов К, Мамыров М, Тилек уулу. Бул жаш манасчылар көптөгөн Мамлекеттик денгээлдеги конкурстарга катышып келүүдө.
  • Манасчылар мектеби
  • КУМОКде азыркы учурда Манасчылар мектеби иштеп жатат. Бул мектеп UNESCO уюмунун жардамынын негизинде түзүлгөн, азыр Мамадалиев Камил аттуу манасчы иштеп жаткан учуру. Анын кол алдында 7 жаш муун үйрөнүп жатат. Алар: Замир уулу Бактыяр,Шайлообек у Адилет, Ыдырыс уулу, Чокоев У, Нурлан уулу, Накыпов К, Мамыров М, Тилек уулу. Бул жаш манасчылар көптөгөн Мамлекеттик денгээлдеги конкурстарга катышып келүүдө.
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
  • Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
  • 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж.
  • Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.
Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.
  • Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.