Мекен таануу
4 – класс
мугалим:Тамашаева Гүлзия
Тамак
сиӊирүү
органдары
Сабактын максаты:
- Тамак сиӊирүү органдары менен таанышышат
- Алардын кандай кызмат аткараарын билишет
- Туура тамактанып, ден соолукту чыӊдоону билишет
Тамак сиӊирүү системасы
Тамак – азык заттардын жана энергиянын булагы. Биз жеген тамак-аштар татаал заттардан турат, аны организм тез сиӊире албайт.
Тамак – аш сиӊиши үчүн ал жөнөкөй бөлүкчөлөргө ажырашы керек.
Тамак сиӊирүү системасы
Туура тамактануу
Тишти сактоо
Тишти тазалоо
Тамак сиӊирүү органдары
тиштер
Ооз көӊдөйү
тил
кызыл өӊгөч
боор
ашказан
өт
жоон ичеги
ичке ичеги
көтөн чучук
Тамак-аш тамак сиӊирүү системасында сиӊирилет
Аларга:
Ооз көӊдөйү, тил жана тиш кирет. Тиш тамакты майдалайт, ал эми тил аралаштырат. Шилекей тамакты нымдайт жана жылмакай кылат. Шилекейдин жардамы менен айрым заттар башка жөнөкөй заттарга айланышат.
Кызыл өӊгөч – тамак-ашты ашказанга жеткирүүчү түтүкчө.
Ашказан - ашказан ширесин бөлүп чыгарат.Тамак-аштын майда бөлүкчөлөрү ширени сиӊирип, эрий баштайт. 2-3-сааттан кийин тамактын көпчүлүк бөлүгү сиӊет жана ботко түрүндө ичегиге түшөт.
Ичеги – узундугу 8 метр болгон түтүк, ичибизде оролуп жайгашат. Бул жерде тамак-аш ичеги ширеси , өт менен аралашып биротоло эрийт. Алар жөнөкөй заттардан турган суюктукка айланышат. Андан кийин аш болуучу заттар ичеги аркылуу канга барып, кан менен денеге тарайт. Сиӊирилбеген тамактар сыртка чыгат.
Боор – майларды эритүүгө катышат. Ал майларды, белокторду, углеводдорду топтоп, канга бөлүп чыгарат. Боор канды зыяндуу азыктардан тазалайт.
Туура тамактануу – адамды дени сак алып жүрөт.
Бир нече кеӊешти эсиӊе сакта!
- Тамакты түрдүүлөп ич, камыр тамак менен таттууну аз жегиле. Аларды көп жесе денеге май топтолот;
- Мөмө-жемиш, жашылчаларды жана сүт азыктарын (сүт, айран, быштак) көп колдон;
- Тамактарды абдан майдалап жеш керек, чо ӊ тиштеп жутпагыла ;
- Ашыкча жебегиле. Өлчөмдү сактагыла.
- Тамак ичип жатканда сүйлөбө, телевизор көрбө, окуба;
- Бир убакытта тамактанууга аракеттен, кечки тамакты уктаарга эки саат калганда ич;
Тишиӊерди сактай билгиле!
Тиш бул дененин эӊ катуу сөөгү. Ар бир тиштин үстү коргоочу эмаль менен капталган. Анын алдында катуу дентин жайгашкан. Тиштин ортонку өзөгүндө жумшак пульпа орун алган. Ал аркылуу нервдер жана кан тамырлар өтөт.
Ооздогу тиштер ар түрдүү болот. Маӊдай тиштери менен ал алманы оӊой эле тиштеп коëт. Азуулары менен этти чайнайт. Азуу тиштердин үстүӊкү урчуктары тамакты майдалоого ылайыктуу. Тамактанган учурда тиштер көп иштерди аткарат. Алар тиштейт, майдалайт. Тиштер көпкө сакталыш үчүн аларды коргоо зарыл.
Тишти сактоого жөнөкөй эрежелерди эсиӊе ал:
- Күн сайын тишти эки жолу, эрте менен кечинде 3 минут жууш керек .
- Ар бир тамактануудан кийин оозду жылуу суу менен чайка.
- Таттууну көп жебегиле. Таттуудан кариес күчөйт. Жашылча менен жемишти к ө п жегиле!
- Жаӊгакты тишиӊер менен чакпагыла, момпосуйду чайнабагыла. Алар эмалды талкалайт.
- Муздак ичкенден кийин ысык ичпегиле, эмаль жарылып кетет.
- Учтуу нерселер менен тиши ӊерди чукубагыла.
- Жарым жыл сайын милдеттүү түрдө тиш догдурга кайрылгыла.
Тиштерди кантип туура тазалоо керек
- Акыркы тиштерден баштап жууган туура.
- Үстүӊкү тиштерди өйдөдөн ылдый, ал эми астыӊкы тиштерди ылдыйдан өйдө көздөй тазалаш керек.
- Тиштердин үстүӊкү ички тарабын тазалаганды унутпа.Чайнай турган тиштердин үстүн узунунан да, туурасынан да жууш керек
- Өзүӊөрдүн тиш щеткаӊар менен гана пайдалангыла.
- Ар бир үч айда тиш щеткаӊарды алмаштыргыла.
- Тишиӊерди өзүӊөргө ылайык келе турган тиш пастасы менен тазалагыла. Врачтан кеӊеш алгыла.
Тиштер - организмдин катуу бөлүктөрү
Жыйынтыктоо:
- Адамдын тамак сиӊирүү системасын кайсы органдар түзөт?
- Тамак организм боюнча кандай саякат жасайт?
- Тамак сиӊирүү органдары эмне үчүн таза болуу керек? Адамдын тиштери кандай жайгашкан?
- Эмне үчүн тишти сактоо керек?
- «Тишиӊ бүтүн болсо, ашказаныӊ соо болот» деген лакаптын маанисин түшүндүргүлө
Үйгө тапшырма:
120-бет, үй тапшырмасындагы 1-2-3 тапшырмалар
Көӊүл бурганыӊар үчүн рахмат!
Саламатта калгыла!