СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тамактануу адеби

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тамакты туура тамактануу керектиги жөнүндө берилди.

Просмотр содержимого документа
«Тамактануу адеби»

ТАМАКТАНУУ АДЕБИ

Дасторкондон тамакты алуу, кашыкты кармоо, бычакты уруна билүү, баарын жагымдуу кыймылдар менен ишке ашыра билүү да бир кыйла чеберчиликти талап кылат. Бул да – өзүнчө маданият.

Тамакты маал-маалы менен, керектүү өлчөмдө жешке көнүккүн. Тыгып-ыгып опсуз эле жей берсең, сиңире албай түйшүк тартасың, аш кыла албай кыйналасың. Андан улам бейтап болууң да ыктымал.

Ден соолугуна карагандар кечки тамактан кийинки тамактанууну (түнкү тамакты) ылайык көрбөйт.

Жыттанып калган, ачып калган тамакты жебе. Устукан катары башка жактан келген бышкан этти бир кайнатып жегенди унутпа. Бир канча убакытка же узак жолдо этти желим баштыкта думбалабай, андан чыгарып, болбосо оозун ачып койгон жөндүү.

Чогуу отурган жерде тамак алып келишсе, улуу, кадырман адамдан озунуп кол салба. Тамакты өз алдыңдан гана алып жегин.

Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Колуңдун майын нанга аарчыбагын. Тамакты шашып-бушуп жебегин, тамак ичип жаткан учурда өмүр да токтоп турат деп айтылат. Оозуңдагы тамакты майда чайнап, акырындап жуткун. Ооздон кайра чыгаруу – маданиятсыздык. Оозуңду чектен тыш эле чоң ачып, шалпылдатып тамак жештен сактангын.

Акыл берметтеринен пайдалануу менен, Нарынбек Өскөналиев