Просмотр содержимого документа
«Тамекинин зыяндыгы»
Сабактын темасы: Тамекинин зыяндыгы.
Сабактын максаты:
1. Окуучулар тамеки жана анын зыяндары жонундо маалымат алышат.
2. Окуучулар тамеки тартуу оз ден соолугу учун зыян, маданиятсыздык, адепсиздик экенине ынанышат.
3. Сергек жашоо мунозуно, тамекиге каршы акцияларга умтулууга оболго тузот.
Сабактын журушу:
I. Уюштуруу.
Жакшы маанай тартуулоо. Ар бир окуучу жанындагы окуучуга жакшы каалоолорун айтат.
II. Киришуу учун суроолор:
Тамеки тартуунун кандай зыяндары бар деп ойлойсунар?
Тамеки тарткандардын арасында коп отурасынарбы?
Тамеки тартуунун кандай пайдасы бар?
Адамдар эмне учун тамеки тартышат деп ойлойсунар?
III. Жаны тема боюнча керектуу маалыматтарды беруу.
Тамеки тартууга конгон адамдарды медицинада токсикоман- деп айтышат. Тамеки тартуу , арак ичуу жана наркотик заттарды алууда булардын жалпы таасири организмге бири-бирине окшош болот, бир гана айырмасы, тамеки наркотик менен аракка окшоп мас (эйфория) абалга салбайт.
Скекск жана синил кислотасы организмге ото чон зыяндуу озгоруулорду алып келет. Никотин деген соз 1560-жылы Королева Екатерина Медичиге, анын жакыны Нико сый катары тамекинин майдасын жыттап рахат алуу учун тартуулагандан кийин келип чыккан. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Жер шары боюнча1,1 млрд. тамеки тарткандар бар экен. Коп тарткандардын катарына биздин олко да кирет. Статистиканын маалыматы жана врач-наркологдордун байкоосу боюнча, жаш муундардын тамекиге кунт коюп уйронушуп калгандары тынчсыздандырат. Тамекиге конгон адам андан онойчулук менен кутула албайт. Бул онокоттон кутулууда бирден бир жакшы «дары» ошол эле тамеки тарткан адамдын эрки (ал эми эрк ар бир адамда болот). Тамеки тарткан адам менен тамеки тартпаган адамдын айырмасын ким деле болсо байкайт. Тамеки тартпаган адамдын ону ачык, конулу которунку, создору так жана маанилуу болот. Ал эми тамеки тарткан адамдын эске тутуу процесси басандап, бир нерселер эсинен чыгып издеп, эсинде коп нерселерди туталбай, озу арык, тез чарчап коп уктай турган болуп калат. Тамекинин составындагы эн уулуу заттардын бири никотин, бул түссүз майлуу суюктук. Анын жыты жагымсыз, дамы ачуу болот. Суда жана спиртте эрийт. Никотин бөтөнчө уулуу зат, анын тамчысы килейген 3 атты өлтүрөт. Тамеки жай күйгөндө никотин түтүнгө 20%, ал эми бат күйгөндө 40% өлчөмдө кошулат. Ошондуктан тамеки тартып жаткан адамдын жанында олтурганга кобуроок зыяндуу болот. Айрыкча жабык болмонун ичинде таасири коп болот.
Насыбай- тамеки жалбырагынан, аки-таш, саксаул өсүмдүгүнүн күлүнөн жасалат. Чеккенде баш айланат, мас болот, жүрөк катуу кысылат. Шилекей менен калган калдыгы ашказанга барып былжыр челин сезгентип «Гастрит» оорусун пайда кылат. Ошондой эле ооз көӊдөйүн булгап, жарат кылып тиштеринде шишик пайда кылат. Насыбайды колдонгодо мас болуп, баш айлануу, жүрөк катуу согот.
IV. Тамеки жонундо макал-лакап, накыл создор.
ЭЛДИК МАКАЛ-ЛАКАПТАР.
Тамеки чексеӊ көпкөндөн,
Көк жөтөл чыгат өпкөдөн.
Ким чексе тамеки же нас,
Ал адам өзүнө-өзу кас.
Тамеки акмактанбай күйөт,
Ал бекерпоз адамды сүйөт
НАКЫЛ НАСААТ СӨЗДӨР:
«Тамеки бүткөн бойго зыян келтирип, акыл эсти бузуп, бүтүндөй улутту мокотот». О. Бальзак
«Никотин эске тутууну начарлатып, жөндөмдүүлүк менен эркти бошотот». Н. А. Алехим
«Тамеки тартуу аӊкоолук». В. Гётте
«Мас болуу-жиндиликке машыгуу» Пифагор
V. Жыйынтыктоо.
Тамеки тартуу менен адам оз ден соолугуна жана жакындарына канчалык коп зыян алып келээрин тушундук деп ойлойм. Бул жаман адаттын дагы бир окунучтуу жери, тамеки тартууга конуп алган адам аны таштоодо ото кыйналат. Кээ бир эрки бош адамдар таштай албай журо беришет. Озундун ден соолугунду озун кургаткын келбесе, тамекиден жаа бою качканынар он.
Тамекинин кулу болуп жашаганча, сергек жашоо мунозун тандап, куунак жана бактылуу, оорубай жашаганга аракет кылууну озубузго адат кылалы.