СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялоонун манызы жөнүндөгү түшүнүктқр Ч.Айтматовдун чыгармаларында

Нажмите, чтобы узнать подробности

УДК:894.341-31                                       

                                                   Осмонова.Ж.Р.преподователь

                                                                     Кыргызско-Узбекский университет

                                                                     Элек почта: [email protected]

                                                                     Тел:0772215480

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялоонун манызы жөнүндөгү түшүнүктқр Ч.Айтматовдун чыгармаларында»


Тарбиялоонун маңызы жөнүндөгү түшүнүктөр Ч.Айтматовдун чыгармаларында

Аннотация

Бул макалада кыргыз элинин таалим-тарбия тажрыйбалары, көз караштары илимий этнопедагогиканын өсүп-өнүгүшүнүн негизинде тандалды жана элдин педагогикалык маданиятынын тарыхын, кенч-казыналарын, каада-салттарын үй-бүлөдө, окуу-тарбия берүүдө колдонуга көнүктүрүү макаланын актуалдуу маселеси катары каралды.Ошондой эле элдик педагогикалык көз караштарды талдоонун максаты жаш муундарга таалим-тарбия берүүгө, аларды руханий жактан өнүгүшүнө, жана муундан-муунга мурасталган элдик идеяларынын, ишенимдернин, ыймандык нарк дөөлөттөрүнүн духунда тарбиялоого негизделет, болочок мугалимдерге, жаш тарбиячыларга багытталат.

Таяныч сөздөр:элдик педагогика, этнопедагогика,көркөм сөз, оозеки чыгармалар, уламыш, эпос, мурас, эр жигит, чыныгы адам, адам кылуу

Пониятия основ воспитания в произведениях Ч.Айтматова

Аннотация

В данной статье рассматриваются актуальные проблемы применения истории и культуру, богатства, быта и нравов народа.Также народный опыт мудрости и взглядов в воспитании молодого поколения служат источником для развития современной научной педагогики образование, воспитание, духовное развитие будушего наследия, передающееся из поколения в поколение.

Ключевие слова:народная педагогика, этнопедагогика,художествение слова, устное народная творчеств, быль, эпос, легенда, достояние, юноша, истинный человек.

The concept of the foundations of upbringing in the ChyngyzAitmatov’s works

Abstract

In this article there are considered actual problems of the application of history and culture, wealth, way of life and customs of people. Also the people’s experience of wisdom and views in the upbringing of the younger generation serve as a source for the development of modern scientific pedagogy, education, upbringing, spiritual development, passed down from generation to generation.

Key words:

Folk pedagogy, ethno pedagogy, folklore, epic, from ancient time, artistic expression, past times, oral works, a legend, domain, a young man, a true man, humanization.


Кыргыз элинин алмустактан келаткан рухий-педагогикалык изденүүлөрү, тажрыйбалары да “Канткенде адам улуу адам болот” (Ч.Айтматов)1 деген арыбас ой-санаасынын учугун табуу,аны жүзөгө ашырууга байланышкан улуу максат, умтулууларга негизделген.

Кыргыз эли тарбиялоонун максаты жана мазмуну жөнүндөгү кылымдардан бери түзүлгөн түптүү көз караштарын “адам кылуу” деген жөнөкөй жана улуу түшүнүк менен туюнтат. ”Адам бол” деген бийик талапты ар бир ата-эне бала сөзгө түшүнө баштагандан эле кулагына куюп,жан дүйнөсүнө сиңире баштайт.

Ата-бабалардын “чыныгы адам”, “адам маңызы” жөнүндөгү ой толгоолору, акыл тыянактары өзгөчө фольклордук чыгармаларда ар тараптуу чагылдырылган алсак, уламыш, аңыз- аңгеме, жомоктордогу Акыл карачач, Жээренче чечен, Карач баатыр, Алдар көсө, Асан кайгы, эпостордогу Манас, Бакай, Алманбет, Семетей, Кошой, Акбалта, Курманбек сыяктуу элдин сүймөнчүлүгүнө айланган каармандардын образдарына этнопедагогикалык талдоо жүргүзүү, кыргыз элинин “чыныгы адам” жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн ар тараптуу аңдап-түшүнүүгө жардам берет.

Кыргыз элинин тарбия концепциясында уул балдар менен кыздардын идеалы алардын үй-бүлөлүк жана коомдук турмуштагы ордуна,функциясына карай өз алдынча, өзгөчө мерчемдер менен аныкталган.Атап айтсак,уул балдарды тарбиялоонун идеалы-байыркы доорлордон азыркы күнгө чейин “Эр жигит” деген түшүнүк менен туюнтулуп келет. Бул түшүнүктүн мазмуну түбү бир түрк элдеринин баарында бирдей кабылданышы, алардын педагогикалык маданиятынын кыртышы бир экендигинин дагы бир далили.

Жалпылап айтканда жигиттик-жетик акыл, ак дил, тунук сезим, тең караган калыстык, сылыктык, кичи пейилдик, кайраттуулук; шайырдык, шайдооттук, аны дайыма эл мүдөөсү жетектейт. Ал өмүрүн, эмгегин, эрдигин, эл-журт тагдырына анын келечек бактысына багыштайт. Ал эми, аял затынын идеалы кандай чен-өлчөмдөр менен бааланат? Кыргыз эли байыртан эле аялдардын коомдогу ордун жогору баалап, аларга ызат-урмат менен мамиле кылышкан. Элдин түшүнүгүндө аял үйдүн куту, турмуштун туткасы. Элдик макалдарда таасын туюнтулгандай, эр жигиттин коомдогу орду, мартабасы, бедел-баркы, бак-таалайы алган жарына жараша болот: ”Жакшы катын жаман эрди эр кылат, жаман катын жакшы эрди жер кылат”,”Катыны жакшы болсо эри бактылуу болот”,”Алганың жакшы болсо жакаң агарат, жаман болсо чачың агарат”. ”Манас” эпосунда Манасты манас кылган Каныкей” деген сөздү баатырдын достору да, кастары да айтышат. Жакшы кыз ата-эненин гана эмес, жалпы урук,уруунун абийири, ырыскысы, Коомдук пикир кыз баланын ыйман-ызаатын, үй-бүлөлүк турмушка даярдыгын, баарынан мурда ата-энелердин таалим-тарбиясына байланыштуу каралаган. Ушуга байланыштуу ата-бабалар,” Келин жаман эмес, келген жери жаман”,”Кыздын сыры төркүнүнө маалым”

”Кызың жаман болсо жети атаңа жетээр, аттигиниң ай деп, өмүрүң өтөөр”, деп нускалайт.

Ырасында эле, кыргыз эли кичине кезинен эле кыз балдардын кулк-мүнөзүнө кылдат байкоо жүргүзүп, алардын адебине, жүрүм-турум маданиятына катуу талап коюшкан. Кыргыздардын “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, ”Кызга кырк үйдөн тыюу”, “Уулдуу болсоң узун сүйлөбө, кыздуу болсоң кыя сүйлөбө” деген макалдарды да белгилүү өлчөмдө кыздардын инсанына коюлган талап, аларды тарбиялоонун көп кырдуу өзгөчөлүгүн мүнөздөп турат. Кыргыз эли байыртадан бери баланы тарбиялоодо элдик оозеки чыгармачылыкка басым жасап андагы ар түрдүү уламыш, эпос, макал-лакап, табышмактар, сыяктуу көркөм сөз берметтерин айрыкча баланы уктаарда алдында айтып, улуу тарбияны бере алышкан. Ал эми кичине эс тартып калган өспүрүмдөргө болсо кыштын узун түндөрүндө отту улуу жагып алып,”Манас” баш болгон улуу эпосторубуздан, дастандарыбыздан, ыр-күүлөрүбүздөн айтышып, балдар аларды эргүү менен угуп, жан дүйнөсүн байытып, руханий азык ала алышкан.

Эпостук түшүнүк боюнча аял заты жароокер жар, коломтонун жылуулугун өчүрбөгөн үйдүн куту гана эмес, эр азаматтын тең тайлаш шериги, акылгөй кеңешчиси болууга тийиш. Ошондуктан, Манас болочок өмүр шеригине төмөнкүдөгүдөй талаптарды коет: ”Оюмда жүргөн кызды алам, Керемети кеңди алам, Акыл-эси ошонун Мени менен теңди алам. ”Манас” үчилтигинде кезиккен кыргыздын салтарынан кайын эненин келинге болгон мамилеси жана келиндин кайын энеге болгон сыйы, урматы-жаш кыздарыбыз үчүн табылгыс тарбия. Мында Каныкей энебиздин Чыйырдыга жасаган сыйы, оор күндөрүндө бири-бирин колдоп, жөлөп-таяган бекем ынтымагы мисал боло алат. Адамзаттын эң биринчи тарбиячылары энелер экендиги бардык элдерде белгиленип келет. Ар бир элдин тарыхы, келечеги энелерге байланыштуу. Кыргыз эли “Эне сүтүн актоо-унутулгус карыз”,-дешет. Ошондуктан чыныгы эл керегине жараган баланы аял заты тарбиялайт. Эне ар бир баласына улуттук баалуулуктарга сугарылган терең ыйман, табылгыс кичи пейилдүүлүк, түгөнгүс жан азыкты берип тарбиялашы керек.

Элдик түшүнүктө аял затынын идеалы анын балдарга карата мээрман сүйүүсү менен гана эмес, баарынан мурда аларды элдин, улуу муундардын эреже-салттарына ылайык тарбиялоого багытталган мээнети, билгичтиги, чеберчилиги менен өлчөнөт. Мындай тарбияга нарк сөздөрдөн өсүп келе жаткан бала ак неттүүлүк, боорукердик, ыймандуулук, баатырдык, чынчылдык сыяктуу мыкты сапаттарга ээ болгон.

Үй-бүлө, билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү болгон таалим тарбия берүүдө жогорку ролду ойнойт. Үй-бүлөдө инсандын адеп-ахлактык жактан өсүп жетилишинин негиздери үй-бүлөдө түптөлөт. Арийне, калктын рухий турмушунун бардык кубулуштарындай эле тарбия практикасы да ыраттуу эреже-жоболордун негизинде жүзөгө ашырылган. Жалпысынан кыргыз элинин салттуу тарбия маданияты табиятка шайкештик, тарбиялануучунун курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу, баланын инсанын урматтоо менен ага коюлуучу талаптардын биримдигине жетишүү сыяктуу ж.б. принциптерге негизделген. Кыргыз эли табиятты, баарыдан мурда, рухий баалуулуктун атрибуту катары карашкан. Алар жан-жакадагы чалкар табияттын эчен бир ажайып кубулуштары менен куюлушкан таасирлерине суктанып гана тим болбостон, алардын асыл касиеттерин жаш муундардын жан-дүйнөсүн калыптандырууда үлгү, өрнөк тутушкан. Бул түптүү түшүнүк, ынаным элдин санат ырларында төмөнкүчө осуятталат.”Асыл болсоң күндөй бол, ааламга жарык нур берген. Жакшы болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн, Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген.Улукман болсоң жердей бол, ушунча жанга дем берген”.

Эл илгертен эле Ай менен Күндү ажайып сулуулуктун, арулуктун, адилдиктин символу катары кабылдап келген. Адатта, жомоктордо, дастандарда, аял затынын турпаты” ай десең айда жок, күн десең күндө жок”-деп сүрөттөлөт.

Элдин салттуу ой жүгүртүүсүндө Ай менен күн жер жүзүндөгү жашоо тиричиликтин өмүр азыгы. Алар түбөлүк кыймылда, түбөлүк карыбайт. Ошондуктан, Ай менен күнгө карата этикалык жана эстетикалык ызат-урмат, сыйынуу салты калыптанган. Мисалы, Байыркы кыргыздар ай жаңы чыккан кезде,аны жакшылыкка багыштап, ага бала-чакалары менен жүгүнүшкөн. Жайында ай көргөн жеринен чөп терип, үйлөрүнө алып келип өртөшкөн.

Кыргыздарда жер, асманды ыйык саноо, идеал тутуу салтынын байыркы замандарда эле болгонун кытай жазмалары да бекемдеп, ырастап турат. Алар биздин заманга чейинки соңку кылымдарда ата-бабаларыбыз жерге, сууга сыйынышканыны кабарлайт. Чындыгында эле кыргыздар үчүн жер-ыйык, ал байыртан эле улуктун, мээрмандыктын, жоомарттыктын символу катары кызмат кылып келген. Ошондуктан, кыргыздар жерди-Жер-Эне деп ыйык зат катары урматташат. Эзелки замандарда жаралган улуу түшүнүктөр элдин педагогикалык салттарында азыр да уланып келе жатканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш айрыкча кыргыз элинин ат коюу салтынан ачык байкалат. Алсак, кыргыздар азыр да уул балдарга ат коюуда алардын эр жүрөк, кайраттуу, шер болуп жетилишин тилек кылып Арстан, Жолборс, Шумкар деген ысымдарды ыйгарышат. Дегеле жан-жаныбарлардын, адамдын кылык-жоругун, жашоо образынын ортосундагы жалпылыкты салыштырып олтуруп этикалык тыянак, бүтүм чыгаруу кыргыз эл педагогикасына таандык өзгөчө көрүнүш. Буга төмөнкү макалдар күбө:”Аргымактын жакшысы азыраак оттоп көп жуушайт, азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп көп тыңшайт” ,”Дарак жемишинен таанылат, адам акылынан таанылат”, ”Тал чыбыктын ийилгени сынганы, жаш жигиттин уялганы өлгөнү” . Мындагы табият менен адамдарга таандык жалпы сапаттар конкреттүү педагогикалык кубулушту, жобону түшүндүрүүдө бирин-бири толуктап бирдей функцияны аткарып турат, колдо болгон этнографиялык, фольклордук материалдар тастыктагандай, кыргыз эли баланы тарбиялоо иши канчалык эрте башталса, анын натыйжасы ошончолук жемиштүү болоорун ачык-айкын түшүнгөн. Элдин бул көз карашы да тарбиялоону табиятка шайкеш жүргүзүү жөнүндөгү элдин эмприкалык билимдерине негизделген. Муну” жашында жакшы көктөгөн көчөт, тез өсүп-өнөт: адам да ошондой. Жашында сергек, сезимтал болсо, чоңойгондо баамчыл, тырышчаак, мээнеткеч адам болот”-деген элдик пикирлер ырастап турат. Элдин түшүнүгүндө таалим-тарбиянын жемиштүүлүгү өнүгүү жолундагы адамдын өмүр жашынын бардык баскычтарынын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүн таамай, так билип, ага ылайык ыраттуу камкордук көрүүгө көп жагынан байланыштуу.

Элдик педагогикада мурункулардан калган адеп-нарктын, каада-салттардын сакталышын муундарга мурасталып, өсүп-өнүгүшүнүн да орду чоң экендиги дагы бир жолу таасын байкалып турат.

Жыйынтыктар:

1. Айтматовдун алтын доору Ааламга адабиятыбызды аралатты,кыргыз деген эл бар экенин, кыргыз адабияты бар экендигин таанытты.Анын чыгармалары, Жамийла, Данияр, Сейде, Толгонай сыяктуу каармандар аркылуу Айтматовдук асыл ойлор, кыргыздын дүйнө таанымы төгөрөктүн төрт бурчуна жетип, улутуна, динине, жашоо шартына, идеологиялык системага карабай, баарына бирдей жуурулушуп, жан дүйнөлөргө сиңип кетти:

2. Чынгыз Айтматов өзүнүн терең мазмундуу чыгармалары аркылуу кыргыз элинин дүйнө таанымын, нарктуу-салттуу маданиятын, философиясын, эстетикасын таанытып, адабият ааламында өзүнчө бир кайталангыс дүйнө жаратып кетти.








Колдонулган адабияттар:

1.Акматалиев, А. Айтматовдук энцклопедия [Текст] / А. Акматалиев. Бишкек, 1993. 98-б.

2.Борбугулов, М. Адабият теориясы [Текст] / М. Борбугулов. Бишкек: Шам. 1996. 551-б.

3.Акматалиев, А. Баба салты,эне адеби [Текст] /А. Акматалиев. Бишкек: 1993. 69-б.

4.Акматалиев, А. Балдарга арналган салт жана ырым жырымдар [Текст] /

А. Акматалиев. Бишкек, 2000.124-б.

5.Абдыракунов, Т. Бабалардан калган сөз: Кыргыз фольклору жөнүндө макалалар. [Текст] /Т. Абдыракунов. Фрунзе : Адабият,1990.170-б.









1