Тарбиялык саат.
Тема : ЧЕКИТ
Максаты :
-Окуучуларга кылмштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин түшүндүрүү.Окуулар менен биргеликте соцтармактардын оң жана терс таасирин талкуулоо.
Алган билимдерин күнүмдүк турмушта туура колдонушат.
Окуучуларды адептүү, тартиптүү, акылдуу жана медиа сабаттуу болууга тарбияланышат.
Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер жана окуучулар бүгүнкү биздин тарбиялык сабагыбызга кош келиниздер.
Сабакка канчалык даяр экенибизди көрсөтөбүз.
Жагымдуу маанай.
Менин башым жакшы ойло, билимдерди топтоо, мен билимдүү, жакшы адам болоюн, ата энемди багайын, ак тилегин актайын, муктаждарга жардам берейин. Алдыдагы экзамендерден, ЖРТдан жогорку балл алайын, бюджетке окууга тапшырайын жакшы кесиптин ээси болуп, үй бүлө куруп, өлкөбүзгө жакшы салым кошоюн (колдорун башына коюушуп мугалимден кийин кайталашат.)
Жаңы темага өбөлгө түзүү:
Бүгүнкү биздин темабыз сырдуу.Теманы ачуу учун бир көрүнүш көрсөтөм. (ак кагаз чоң чекит коюулат)
Чекит деген эмне,чекит кайсыл жерде коюлат?
1-тапшырма. Доскада илинген сурөткө карап, тартылган сүрөттүн маанисин ким кандай түшүндү? Кандай ойлойсуңар? Ойлоруңарды айтуу менен талкуу жүргүзөлү. Доскадагы сүрөткө карап эмнени көрүп турасыңар ватманга түшүрүп, презентация жасайбыз.
( 3-топко ватман берилет 7 минута убакыт берилет)
Эки жолду тандоо алдында турган адам. Өткөөл курактагы абал ж.б
Биздин жүрүм-түрүмдар түйүмгө окшош, ар ким кандай кылып түйүүнү өзү билет.
Кылмыш деген эмне? Кылмыштуулуктун келип чыгуу себептери?
Адепсиздикке кандай сапаттар кирет?
2 . Тапшырма
Менин маалымат таалам баракчасы.
Окуучулар сурамжылоо баракчасын алышат 3-минутанын ортосунда толтурушат.
Эксперттер жыйынтыгын чыгарышат.
Бышыктоо:
Көнүгүү аткарабыз.
Колду жогору көтөрүп көзүбүздү колдорубуз менен жабабыз .Менин көздөрүм телефонду көп караба, тик токту, керек эмес нерселерди көп көрбө.
Телефондон эмне пайда таптыңар?
Досторду ,тааныштарды табышты.
Видеоролик көрсөтүлөт.( Телефонго берилген бала).
Видео жактыбы?
Видеодон кандай таасир алдынар?
Араңарда ушундай балдар барбы?
Видеонун акырында бала кайсыл жолду тандады?
М.Атабековдун “Из калтыр” аттуу ырды угузуу.
Ырды укканда кандай сезимдер, ойлор пайда болду?
Кана балдар эмнелерге чекит коебуз айтып койгулачы?
Эң башкысы ар бир колдонуучу өзүнө чек коюп жана соцтармактан тыныгуу алганды билиш керек. Медиасабаттуулук боюнча көп маалымат алыш керек. Кеп маданиятын, өзүн-өзү жакшы алып жүрүү үчүн өзүнүн үстүнөн иштеп, максат коюп алдыга умтулуу керек. Интернеттин пайдасы чоң. Билим алуу контенттерине катталгыла .Ошондо силер соц тармактын кулу эмес жөн эле колдонуучусу болосуңар.
Сабактан кечикпөөгө ЧЕКИТ .
Акараат келтирүүгө ЧЕКИТ .
Рэкетчиликке ЧЕКИТ .
Сөгүнгө ЧЕКИТ .
Мазактоого ЧЕКИТ .
Шылдыңдооого ЧЕКИТ.
Коркутуп- үркүтүүгө ЧЕКИТ.
Уурулукка ЧЕКИТ.
Орой суйлөөгө ЧЕКИТ.
Телефонду көпкө колдонууга ЧЕКИТ.
Кылмыштуулукка ЧЕКИТ коебуз.
ДАРАКТЫН ТАМЫРЫНДАГЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРДИ ЖОК КЫЛУУ КЕРЕК, БОЛБОСО МӨМӨДӨГҮ ЗЫЯНКЕЧТЕР МЕНЕН КҮРӨШКӨНҮБҮЗ ЖЫЙЫНТЫК БЕРБЕЙТ, ДАРАК КУРГАП КАЛАТ, ТАМЫРЫН ДАРЫЛАБАСАК.
Анда эмесе, бул ЧЕКИТТИ жолдун терс жагына коелу да бүгүндөн баштап жакшы кадам таштайлы.( Чекит коюлат.)