Балдар биз бугун баардыгыбыз бирге 21- кылымдын окучуусунун эң негизги органдарына саякатка чыгабыз.Анда эмесе жөнөдүк.Ден соолук-бул адамдын жашоосундагы баалуулук. Адамдын тулкусунда ички органдар жайгашкан.Алар ар түрдүү түзүлүштө болушат.Жалпы кызматты аткарган органдар системасы деп аталышат.Адамдын баардык органдар системасы бирдиктүү организмди тузушөт. Анда балдар бизде табышмак .Жообун тапкыла Бул кайсы орган? Туура балдар- бул Мээ. Мээ эң татаал дене мүчөсү мээнин кереметине бирге көз жүгүртөлү. Мээнин сөзү. Саламатсынарбы балдар! Менин атым мээ.Мен адам баласынын баш сөөгүндө жайгашкам,менин иш алып баруум айлана чөйрөдөн жана ички органдардан кабыл алынган кабарларды тынымсыз кайрадан иштеп чыгып,аларды анализдейм жана синтездейм,салыштырам башка дене мүчөгө караганда көбүрөөк дем алам. Таза абада сейилдеп,мени күн сайын илимге, билимге Толтуруп тургула. Көрдүңөрбү балдар? Демек мээге көп күч келтирбеш керек.Жакшы нерселерди ойлоп,күн сайын аны илимге, билимге толуруп тургула. Кийинки органга өтүү үчүн макалды толукташ керек экен балдар. Ойлонуп балдар таап көргүлөчү Туура- бул көз. Салам балдар Мен көзмүн көрүү органы,сезүү органдарынын эң негизгилеринин бири болом.Мага аяр мамиле жасап турсаңар мен кулпурам. Кээ бир учурда мени аябастан түнү-күнү менен телефон көрүп мени кыйнап коюшат. Азыркы учурда көпчүлүк өспүрүмдөр телефондо,компьютерде көп отуруп саатында уктабай ар кандай орууларга чалдыгып жатат. Ошондуктан саатында уктаганга аракет жасагыла. Кийинки орган менен таанышуу үчүн макалды улагыла. Азаматсыңар балдар! Бул кулак. Саламатсыңарбы балдар. Мен кулак болом.Адамдын угуу органымын адамга айланада болуп жаткан нерселер жөнүндө маалымат берип,көз жетпеген кооптуу нерселерден кабардар кылып турам. Балдар тыңшасаңар? Бул эмне болгон добуш? Азаматсынар –бул жүрөк. Жүрөк:Жүрөктөн чыккан салам! Балдар мен адамдын эң негизги органы болуп саналам б.а мен адамдын моторумун. Менин өтө маанилүү ишим бардык органдарды кан жана кычкылтек менен камсыз кылып туруу. Балдар бул жерде эки сүрөттөн бир сөз чыгат экен. Ал кайсы сөз деп ойлойсуңар?Туура бул ашказан. Ашказан:Кутмандуу күнүңөр менен балдар! Мен ашказанмын тамак сиңирүүчү орган болом. Жүгүрүп баратып жеген кургак тамактар, ачуулар, кесек тамактар ашказанга зыян алып келет.Мунун айынан гастрит оорусу пайда болушу мүмкүн. Андан соң кыскача аңгемеге көңүлүбүздү бурсак. Баардык адамдын органдары бири-бири менен сүйлөшөт экен. -Сен кандай учурда эс аласың? Баш,кол,бут көпчүлүк органдар уктаганда деп жооп берсе. Ашказан:“Мен тамак сиңиргенде” деп жооп берет экен. Эн акыры жүрөк калат экен. Жүрөккө келгенде баары таң калып. _Сен жаралгандан бери иштейсиң, качан эс аласың? анда жүрөк -Мен жакшы,жылуу сөз укканда эс алам.Бири-бириңерден жакшы сөз аябагыла. Демек, балдар ден-соолукту чыңдаш үчүн жакшы сөз угуу,айтуу бул дагы ден соолукту чыңдаганга кирет экен. | Жаңы тема боюнча маалымат алышат. Окуучунун организминдеги эң негизги органдар менен таанышышат 1.табышмак табуу 2.макалды толуктоо 3.макалды улоо 4.сүрөттөн сөз табуу 5.добуштан бир органды табуу Катылган табышмакты таап,макалдарды улап,толукташат. Мээнин кереметине көз жүгүртүшөт. Суроолорго жооп беришет. Жаны тема боюнча маалымат алышат. көз менен таанышышат. Макалды улашат. Кулак менен таанышышат. Добуштан кайсы орган менен таанышарыбызды табышат. Жүрөк деген орган менен таанышат Эки сурөттөн сөз таап. Кайсы орган менен таанышарыбызды айтышат. Ашказан деген орган менен таанышат. Слайдка көңүлдөрүн бурушат. |