СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат, Мырзагүл

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалим мөмөлүү дарак

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат, Мырзагүл»

Аманкан Мамыров атындагы №27 жалпы билим берүүчү орто мектеби Тарбиялык саат 6-класс Класс жетекчи: Бакыт к Мырзагүл 2023-2024-окуу жылы

Аманкан Мамыров атындагы №27 жалпы билим берүүчү орто мектеби

Тарбиялык саат

6-класс

Класс жетекчи: Бакыт к Мырзагүл

2023-2024-окуу жылы

Сабактын планы

Өтүлгөн күнү:

Колу:

Сабактын темасы: Мугалим мөмөлүү дарак

Сабактын максаты:

Сабактын көрсөткүчтөрү:

1. Билим берүүчүлүк максаты:

Мугалимдик татаал, ар тараптуу ошол учурда ардактуу сыймыктуу, коомго керекүү кесип экендиги жөнүндө түшүнүшөт

Мугалимдик татаал, ар тараптуу ошол учурда ардактуу сыймыктуу, коомго керекүү кесип экендиги жөнүндө түшүнө алышса

2. Өнүктүрүүчүк максаты:

Мугалим коомдун жаратман түзүүүсү,

окуучунун инсан болуп калыптанышында, дүйнөнү таанып билүүсүндө эң негизги пайдубал экенине ынанышат жана аны өнүктүрүшөт

Мугалим коомдун жаратман түзүүүсү,

3. Тарбия берүүчүлүк максаты:

окуучунун инсан болуп калыптанышында, дүйнөнү таанып билүүсүндө эң негизги пайдубал экенине ынанышса жана аны өнүктүрө алышса

Улуттук каада салтты эске алуу менен мугалимди сыйлоо, ардактоо, даңазалоо аркылуу мекенге кызмат кылууга, мекеди сүйүгө тарбияланышат.

Улуттук каада салтты эске алуу менен мугалимди сыйлоо, ардактоо, даңазалоо аркылуу мекенге кызмат кылууга, мекеди сүйүгө тарбияланышса.

Сабактин тиби : Билимди бекемдөө сабагы

Сабактын усулу : интерактивдүү

Сабактын формасы: топ аралык, өз алдынча, жуп менен иштөө

Сабактын жабдылышы : маркер, бор.

Сабактын түзүмү:

1) Уюштуруу: (саламдашуу, тизмени тактоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү психологиялык жагдай түзүү)

Саламатсыңарбы балдар?

Кана балдар колуңардагы барактарга экранда көрсөтүлгөн үч бурчтук, канча бала төрт бурчтук, канча бала тик бурчтук тартып эсептеп жазып кластагы келген окуучунун санын тактайбыз

Квадрат - бул мээнеткеч адам болот. Эмгекти сүйгөн, ишин аягына чыккан.

Квадраттын чыдамдуулугу, талыкпагандыгы, тыкандыгы. Буларды

«Эрудиттер» деп аташат

Үч бурчтук - бул кубаттуу алдуу, күчтүү токтото алгыс залкар инсан адам. Ал алдына ачык айкын максатты коёт да, ага сөзсүз жетишет. Булар мансапкор киши, даңкты сүйөт.

Тик бурчтук - проблеманы чечүүдө башы маң болуп, баарын чаташтырып алат да чечкиндүүлүгүн жоготуп коёт. Мүнөздүү

белгиси ачууланган убакта ырааттуулугун жоготуп ишти алдын ала билүүсү солгун тартып калгандыгында

  • Жаңы темага киришүү:

Мугалимдин сөзү:

(Сабакты баштаардын мурун конокторго кайрылуу: колуңардагы алмага 2ден 5ке чейинки бааны коюп, тиги турган даракка чаптап кетсеңиздер, ал эми экинчисин болсо бизден белек кылып ала кетесиздер)

Саламатчыздарбы урматтуу коноктор жана сүйүктүү окучулар! Бүгүнкү бизди сабагыбыз “Мугалим-мөмөлүу дарак” деп аталып, кесиптердин падышасы болгон мугалимдик кесип жөнүндө болмокчу. Силер азыркыга чейин кайсы кесиптин ээси

болооруңарды тандай элексиңер. Ошондуктан мүмкүн бүгүнкү сабактан кийин мугалимдик кесипти таңдайсыңар. Эмне үчүн ушул теманы алганыбыздын жана сабагыбыздын максаты биринчиден, мугалимдик кесиптин татаал жана ар тараптуу ошол эле учурда ардактуу,

сыймыктуу, коомго керектүү кесип экендигин билебиз. Экинчиден, мугалим – коомдун

жаратман түзүүчүсү, окуучунун инсан болуп калыптанышында, дүйнөнү таанып билүүсүндө эң негизги пайдубал экенине ынанасыңар, үчүнчүдөн улуттук каада салтты эске алуу менен мугалимди сыйлоо, ардактоо, даңазалоо аркылуу мекенге кызмат кылууга, мекенди сүйүүгө тарбияланасыңар.

  • Тапшырманы текшерүү:

“ Кесип деген эмне?” деген суроого кыскача жооп беришет

Кудай буюрса ар бир кесипти тандап чыгабыз, эмне үчүн мугалимдик кесиптен баштадык, себеби баардык кесиптерге мугалим даярдап, багыт берет, жол көрсөтөт эмеспи. Кесип – өмүрүбүздүн үчтөн бир бөлүгү, өткөргөн ишибиз алакты болгон нерсебиз. Кесиптердин беш тиби болот.

  • Адам-жаратылыш
  • Адам-жаратылыш

(ветеринар, агроном, тракторист)

  • Адам-техника
  • Адам-техника

(айдоочу, матрос, токарь, слесарь)

  • Адам-адам
  • Адам-адам

(мугалим, врач, журналист, сатуучу)

  • Адам-белгилер
  • Адам-белгилер

(нота, формула, сандар менен иштегендер)

  • Адам-көркөм образ
  • Адам-көркөм образ

(музыкант, сүрөтчү, актер, дизайнер)

Биздин мугалимдик кесип бул адамдар менен иштейбиз. Мектепте “А” тамгасын таанып, он жыл билим, тарбия алып, эрезеге жетебиз, ошол учурда мугалим ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, шыгына, жөндөмүнө карап билим тария берип, турмуш

жолуна салат. Адам баласы эки нерсени туура тандашы керек:

  • Кесипти
  • Өмүрлүк жарды

Биз буга чейин “Менин келечектеги кесибим” деген суроого ар кимиңер тандаган

кесибиңер жөнүндө айттыңар эле, мен кубандырганы 20 окуучудан 4окуучунун мугалим болом дегени

4)Эми сабагыбыздын экинчи бөлүгүн баштасак!

«Окуу – билим азыгы, билим-ырыс азыгы» дегендей, «А» тамгасын таанытып, окуучуларга билим, таалим-тарбияберип, эрезеге жеткирген – бул мектеп. Ал эми ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуш жолуна салган албетте, булл мугалим.

Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги,

изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин

келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилин илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз асыресе азыркы мезгил үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени бүгүн мектеп да түп тамырынан кайра түзүлүү тагдырына туш келип, заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз өнүгүүсүнүн кыйла кыйын кезегин баштан кечирип жаткан кези десек ашык болбос.

Ошондуктан педагогтун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Республикада жүрүп

жаткан ар кандай реформаларга аралашып, анны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара

жылуу мамилеге жана жалпы журт ичиндеги бейпилчиликке бекем данакер.

Мугалимдер

Мугалимдер – зирек жашап, ат багат, Мээ коротуп, мектеп ишин аркалайт. Мажурум тал шактарындай ийилип, Мээрим төгүп, окуучусун калкалайт.

Эч кири жок жүрөгүндө, сезимде, Эл-жерменен жаңы бирге, дилбирге. Эс-акылга ыйман менен жаңы ой, Эгип келет көтөрөр деп кезинде.

Өз тагдыры бир жыйынга,

Өзгө тагдыр тынчтык бербейт ыйымга.

Өмүр сүрөт мугалимдер изденип, Өчпөс жарык чачамбы деп, кылымга.

Мугалимдер жөнүндө учкай сөздөр:

Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул - мугалим. (А. Дистервег)

Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап-билсе, андай адам, мугалим боло алат. (Конфуций)

Биз кимден билим алсак, алар биздин окутуучубуз атына ээ, бирок үйрөткөндүн бардыгы окутуучу атынын баркына жете бербейт. (И. Гете)

Жакшы мугалим болу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В. Ключевский)

Мектеп мугалимдери, ушундай бийликке ээ болуп, премьер-министрлердин андай бийлик кыялында гана болот. (У. Черчилль)

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим.

Эгер мугалимде окуучуларга, анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык

китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал – мыкты мугалим. (Л. Толстой)

Үй тапшырма берүү:

“ Мугалим мен үчүн...” деген темада дил баян жазып келүү

Балдар силерге чон рахмат! Мугалимден билим-тарбия албаган бир да адам жок. Биздин күндөрдө өзунүн асылдыгы менен муундун- муунга сакталып келүдө. Мугалимсиз, мектепсиз адам канай билим кандай билим алып, кесипке ээ болуп, жашоосун өткөрөт? Ата- эне балага үйдөн тарбия берсе, мугалим баланын ээр жетип, билими менен эртеңки чоң турмушка ой жүгүртүүсүн калыптандырат. Мугалим – элдик киши, элди агартып, керек

болсо депутат, министир, президент да мугалимдин мөмөсү. Ар бир мугалимдин жүрөгү окуучулардын ийгилиги менен толукталып турат. Мугалим – таалайдын тазасы, тарбиянын башаты!

Адамзат үч нерсеге :

  • Жарык берген күнго
  • Жашоо берген энеге
  • Билим берген мугалимге

Демекчи ар дайым ата-энеге жана мугалимине сый корсөт урматтуу окуучу. Анда эмесе сабагыбызды силердин жан дилиңерге илим-билим үрөөнүн сепкен ардактуу эжей-агайларыбызга арнасак


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!