СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат.Жалкоолук

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат.Жалкоолук»





Сабактын темасы: Жалкоолук жаман жорук

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

Балдар жомокту угуп, ырды угуп, жалкоолук деген феномен эмне экенин түшүнүшөт жана өз ойлорун айта алышат.

Өнүктүрүүчүлүк:

Жаман адаттан кантип кутулуунун жолун издешет жана эске сактоосу, сөз байлыгы, сүйлөө маданияттуулугу, кабыл алуусу өнүгөт жана калыптанат.

Тарбия берүүчүлүк:

Жалкоолук жаман адат экенине ынанышат. Акылдуулукка, эмгекчилдикке, алдыга максат койууга тарбияланышат.

Сабатын формасы: Топтордо иштөө

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын ыкмасы: түшүндүрүү, айтып берүү, суроо-жооп

Сабактын жабдылышы:

Мультимедиялык каражаттар, сүрөттөр, логикалык тапшырмалар, слайд, онлайн сайт.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам:

Келгиле балдар, Лузердин 6 шылтоосунун карама-каршы сөздөрүн таап, алтын эрежени кабыл алып алалы..Кабыл алынган алтын эрежени класстын урааны кылып, жаңы теманы ачып алалы.

2-кадам:

Окуучулар менен суроо-жооп.

Жалкоолук деген феноменге кандай түшүнөсүңөр?.

Жалкоолук адам баласына укумдан тукумга өтөбү же адам жалкоо болуп калыптанабы?

3-кадам:

Анда эмесе Кыргыз маданиятында опол тоодой орду бар, кыргыз элинин сүймөнчү акыны Аалы Туткучевдин “Жалкоолук” деген ырына көңүл буруп отурабыз.

4-кадам: Ыр уктурулуп бүткөндөн кийин окуучулардан пикирлер суралат.

5-кадам:

Жалкоолук деген эмне?



Жалкоолук деп биз биздин милдетибизге же милдетибизге шалаакылык, жалкоолук же көңүл коштук. Бул сөз латын тилинен келип чыккан пигрития.

Жалкоолук - бул бизди кызыктырган иш-аракеттерди жасоону, иштөөнү же аткарууну каалабоо. Бул антивалютив, бул аракетчилдик, натыйжалуулук жана жоопкерчилик сыяктуу позитивдүү баалуулуктарга карама-каршы келет.

Коом жалкоолукка нааразы болушат, анткени жалкоо адам иштен баш тартат же ага кызыкдар эмес же өзүн милдеттенмелерине арноого эрки жетпейт.

Жалкоолукта адамдар бош убактысын жана көңүл ачуу иш-аракеттерин коротушат, бирок ден-соолугу туура дозада болсо дагы, биздин жашообуз алардын тегерегинде болот.

Ошентип, иштөөгө жана экономикалык пайда алып келүүгө борбордук орун берген биз сыяктуу коомдо жалкоолук жөн гана жалкоолук же жалкоолук катары каралат.

Жасаган ишиңден майнап чыкпай калган убакта адамда коркуу сезим пайда болуп, кайра ушул акыбалга келип калыштан коркуп ал ишти жасоодон баш тартат.

Албетте сенин жасап жаткан ишиңди жакындары колдобой, мотивация бергендин ордуна тескерисинче

-Сенин колуңдан келбейт. Пайдасы жок нерсени эмне кыласың? –деген сыяктуу сөздөрү менен шагынды сындырышат.

Кээде адам физикалык, моралдык чарчоого дуушар болот.Ошол убакта адам эч нерсе жасагысы келбей, жөн гана жатып эс алгысы келет. Башка эч нерсе кылгысы келбей калат.

Биз жашоодо дайыма позивдүү жургөнгө аракет кылышыбыз керек. Маанайдын жоктугу албетте жалкоолукка алып барат.

Эртеңки жашообузга план коюп жашашыбыз керек. Бүгүн кечинде

-Мен эртең эмнелержи жасап жетишишим керек? Деген суроо коюп, эртеңки күнгө план коюп алыш туура.

6-кадам

Эң жалкоо адам жөнүндө жомок.

Бир киши тоого чыгып, отун алмакчы болот. Кечке дейре жеткидей тамак ашты аялына мыктылап даярдатып, балта, чот, аркан алып, таң атары менен үйүнөн чыгат. Күшүлдөп- бышылдап бийик тоонун башына чыгып, бир аз эс алууну туура көрүп, көк шибер чөпкө жамбаштай кетет.

Топ-топ өскөн карагандарды көз нуру менен санай баштайт: «Ал караган бир боо, бул караган бир боо». Ошентип, жүз боого жеткире санап, көңүлү жайдарыланат. «Кой эми, оозум менен орок орбоюн, карагандарды эртелеп чаап алайын, ‒ деп ордунан козголот.

‒ Күн төбөгө тийип келатыптыр. Түш болгон тура. Түштөнүп алайын. Күн болсо узун. Кечке дейре эки жүз боо караган-отун алыш деген эмне?!»

Аялы белендеп берген тамак-ашын майда чайнап, ныктап жейт. Курсагы тойгондон кийин көңүлү жумушту каалабай, кайра жамбаштай калып, карагандарды санай баштайт: «Ал караган бир боо, бул караган бир боо». Санагы эки жүзгө жетип кетет. Айлана күүгүмдөнө баштаганда эсине келет.
«Каап, кеч кирип кеткен тура. А мейли, эртең деле күн бар го», ‒ деп балта, чот, арканын көтөрүп, алган бир боо отуну жок (санагында эки жүз), кечки даамдуу тамакты ойлоп, шилекейин жутуп, үйүн көздөй шаша жөнөйт. Бул адаты күндө кайталана берет.Ушундан улам бул лакап бүгүнкүсүн эртеңге, эртеңкисин бүрсүгүнгө калтырган жалкоолорго карата айтылып келе жатат экен.

7-кадам

Сүрөт аркылуу макалдарды тапкыла!

Бала кулкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.

Жардылык жаман эмес, жалкоолук жаман.

Жалкоолук адамды карытат, эмгек адамды байытат.

Жалкоо ашка белен, ишке керең.

Жакшы иш башында, жалкоо үй кашында.

8-кадам

Сабакты жыйынтыктоо:



Үйгө тапшырма: Балдар бүгүн үйго барып, ата-энеңер менен кечки тамакты ичип отурган убакта бүгүнкү өтүлгөн тема боюнча талкуу кылгыла! Канткенде жалкоо болбош керек? Андан кутулуунун жолун айтып бергиле!

Сабакка эң мыкты катыштыңар, азаматсыңар!

Баалоо: