СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сааттар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттар»

Тема:Жаңы COVID-19 коронавирусу деген эмне?

Сабактын максаты:

  • Окуучулар ден-соолугун коргоого, сактоого жана чыңдоого тарбияланышат.

  • Алардын ден-соолугуна кам көрүү максатында балдарга жугуштуу оорулар, , вирустар жөнүндө түшүнүк алышат.

  • Окуучулар ар дайым таза жүрүүгө үйрөнүшөт. Ден-соолукка байланыштуу көптөгөн пайдалуу кеңештер менен таанышышат.

COVID-19 же жаңы коронавирус (КоВ) — бул жакында эле ачылган коронавирустардын ичинен акыркысы тарабынан пайда болгон оору.  

Жаңы коронавирустун симптомдору кандай?

Дене табынын жогорулашы, жөтөлүү жана энтигүү. Дарттын оор учурларында инфекция өпкөнүн сезгенишин же дем алуунун кыйындашын пайда кылат. Сейрек учурда оору өлүм менен аякташы ыктымал. Бул симптомдор COVID-19 караганда, көп кездешүүчү грипп же КДВОнун симптомдоруна окшош. Ошондуктан тигил же бул адамда COVID-19 бар экендигин тастыктоо үчүн анализ жүргүзүү талап кылынат.

Жаңы коронавирус кандайча жайылат?

Вирус түз байланышта, жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда аба аркылуу, ошондой эле вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көзгө, мурунга, оозго) кол тийгизүү аркылуу жугат. Коронавирус буюм-тайымдардын беттеринде бир канча сааттарга чейин жашай алат, бирок аны жөнөкөй эле дезинфекциялоочу каражаттар жок кыла алат.

Жуктуруп алуу тобокелчилигинен кандайча качууга болот?


Колду самын менен жана таза сууга тез-тезден жууп тургула. Эгерде самын жана суу жеткиликсиз болсо, колду жууганга арналган спирт камтылган дезинфекциялоочу каражатты пайдалангыла

Дем алуу жолдорунун гигиенасы – кездемеге же чыканактын бүгүлгөн жерине жөтөлгүлө жана чүчкүргүлө

Ооруп, грипп симптормдору бар адамдардан дистанция кармагыла


Балада температура, жөтөл же ооругандын башка симптомдору болсо, медикалык кызматкерлерине кайрылгыла





Коронавирустун келип чыгышы жана сактануу жолдору








КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫ

 

Коронавирус : курч жугуштуу вирустук оору. Көбүнчө дем алуу органдары жабыркайт.

Жугуу жолдору: аба аркылуу жугат (оорулуу адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөшкөндө вирусту абага бөлүп чыгарат), чаң аркылуу, кол алышканда.

Жугуу факторлору: Аба, тамак аш азыктары (жашылча-жемиш, эт), үй-тиричилик буюмдары.

Инкубациялык мезгили ( жуккандан оорунун башталышына чейинки жашыруун мезгил): 2 суткадан 14 суткага чейин, көбүнчө 2-7 сутка

Оорунун белгилери:   - дененин табынын көтөрүлүшү (90% көп оорулууда),

                                   - кургак жөтөл,

                                   - дем алуунун кысылуусу,

                                   - көкүрөктө ооруу

Алдын алуу:

  • Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;

  • Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;

  • Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;

  • Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;

  • Жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана канаттууларга жакындабагыла;

  • Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

  • Коомдук жайларда медициналык маска тагынып жүрүү.













Сабактын темасы Өздүк гигиена деген эмне?

Сабактын максаты

1. Өздүк гигиена жөнүндө түшүнүктөргө ээ болушат жана анын эрежелерин туура сактоого багыт алышат

2.Алган билимин турмушта туура колдоно билүүгө үйрөнүшөт. 3.Дене  боюн  таза,  тыкан  алып  жүрүүгө  тарбияланышат.

Сабактын  жүрүшү

Гигиена өзүнчө илим сыяктуу адам жашоосунун көптөгөн тармактарында чогуу жүрөт, ошондуктан "өздүк гигиена" жөнүндө бир-эки ооз учкай айта кетели. Гигиена деген сөз грек сөзүнүн “hygienos” деген сөзүнөн келип “ден-соолук алып келүүчү” дегенди түшүндүрөт. Гигиена жөнүндө аныктамалар абдан көп, бирок дээрлик бардыгы бир нерсени түшүндүрөт: гигиена бул адам баласынын ден-соолугун чындоо жана сактоо илими десек туура болот.

Гигиена өзүнө көптөгөн бөлүмдөрдү камтыйт: тамактануу гигиенасы, балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы, эмгек гигиенасы, спорт гигиенасы, жеке гигиена, коммуналдык гигиена, айлана-чөйрө гигиенасы, аскер гигиенасы, медицина гигиенасы жана башкалар.

"Өздүк гигиена" - адамдын күнүмдүк турмушундагы жана өндүрүштөгү өзүн алып жүрүү эрежелери. Жалпак тил менен айтканда - гигиена бул адамдын денесин, кийген кийимин жана колдонуучу ар кандай буюмдарын таза, тыкан абалда кармоо. Гигиена эрежелеринин талаптарын бузуу же кармабоо бул адамдын жана анын жанындагы адамдардын, ал гана эмес чоң топтогу (коллектив, үй-бүлө, ар кандай коом, айыл, аймак дегендей) адамдардын ден-соолугуна зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.



   Тазалык  деген  эмне?  Тазалык  - адептүүлүк.  Адептүү  бала  ар  убак өз  боюн  таза  алып  жүрөт.  Таза  жерлерди басып, кийимдерди кир кылбайт.  Ар   убак  самын  колдонуп,  өзүнүн  тиш щеткасы, сүлгүсү жүз  аарчысы  болушу  керек.  Колунун,  бутунун  тырмагын  алып чачтарын тартипке  келтирүү  зарыл.Эгер  жаныбарларды  кармаласаң,  сөзсүз  колуңду жууп  тамактан.  Окуу  куралдарыңды  таза кармап, барактарын чийбей, булгабай  сакта.  Үй  ичиндеги эмеректерди  иретке  келтирип,  тазалап  тур. 

    Тазалык  жөнүндө  ырлар

1-окуучу:   

Кийинип  жүр  жасанып,

Досуң  болсун  тазалык.

Чач  тарабай  мыш  болбо

Тазалыктан  жаза  алып.

 

2-окуучу:       

Эсте  эжей  кептерин,

Кир  болбосун  дептериң.

Бүктөп,  чийип  булгаба

Китебиңдин  беттерин.


3-окуучу:    

Оркойбосун  тырмагың,

Эске  сакта  бул  жагын.

Кол,  бетиңди жуу  десе

Тартынчыктап  турбагын.

 

4-окуучу:      

Адаттарың  таштагын,

Кийимиң  таза  сактагын.

Апаң  көрүп  кубансын

Акыл  кирген  аппагын.

 

    Эми  силер  эрежелерди  сактабасаңар,  эмне  болооруңарды  билесиңер.  



Үй тапшырма   Тазалык  ден  соолуктун  булагы” деген темада аңгеме түз





















Тема: Тишиңди таза сактай бил!

Ден соолук сыры тиштен байкалат. Анткени бузулуп, түшө баштаган тиш күлгөндө, сүйлөгөндө адамдын жүзүн бузуп гана койбостон, көп оорулардын бар экендигинен кабар берет. Тиш ооруларынын арасында кеңири тараганы кариес менен парадонтоз. Аларга каршы туруунун эң биринчи жолу албетте кичинекей кезден баштап ооз көңдөйүн жана тишти убагында жууп туруу зарыл. Күнүгө эки маал эртең менен жана кечинде тамактануудан кийин тиш пастасы менен жууш керек.



Тишти тазалоонун туура жолдору кандай? Тиштин гигиенасын бузбай сакташ үчүн тиш щётканы үч айда бир алмаштырып туруу зарыл. Катуу щётка менен жууган алда канча пайдалуу. Жаңы алган щётканы кайнак сууга беш-он мүнөт салып туруп андан соң пайдаланыңыз.Ал эми паста менен жууганда ооздогу микробдор өлүш үчүн тиш щётканы жакшылап жууп, кургатыш керек. Андан да жакшы ыкма, тишти эртең менен кечинде ар башка щётка менен жууган жакшы. Анткени, бактерия суу щёткада өзүн мыкты сезип, суусу сарыгып кургагандан кийин гана өлөт. Ал эми щётка жүз пайыз 24 сааттан кийин гана кургайт.

Тиш пастасы

Паста тишти жакшы тазалоо менен колдонууга жана суюктугуна жараша ар кандай пайдалуу кошулмаларды кошууга ыңгайлуу.Пасталар гигиеналык жана дарылоочу болуп дагы эки түргө бөлүнөт. Эгер тишиңиз оорубаган болсо анда гигиеналык пастаны колдонуу керек, ал эми дарылоочу пастаны тиш дарыгеринин көзөмөлүндө гана колдонуу шарт.



Ооздон чыккан жагымсыз жыт

Ооздон чыккан жагымсыз жыттын себебин так аныкташ үчүн адегенде тишти текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Көбүнчө, тиштин түбүндө калган тамактын калдыктары жагымсыз жыттын келип чыгышына шарт түзөт. Ооздон жагымсыз жыт чыкпаш үчүн:



Ромашканын кайнатмасы менен б ир күндө оозду бир нече жолу чайкап туруу керек. Тиштин арасындагы микробдорду алып чыгууга дал ушул тундурма жардам берет

Үй шартында тишти агартуунун кандай жолдору бар?

Эң негизгиси атайын тишти агартуучу пасталарды бир айдан ашык колдонбоңуз. Анткени тиштин эмалы кетип, тиштин бош болуусуна алып келет. Пастадан тышкары үй шартында тишти агартуунун бир нече ыкмасын колдонсоңуз болот:

Үй шартында лимондун тишке пайдасы зор. Лимондун кабыгы менен тишти сүртүп агартып алууга да болот. Ошондой эле, тиштин түптөрү бекем болуусун камсыздайт.





Тема: COVID- 19 вирусунан кантип сактанабыз?

Оорунун белгилери

Алгач дене табы көтөрүлүп, кийин буга кургак жөтөл кошулат. Бир жумадан кийин дем алуу кыйындап, ооруган адам сөзсүз ооруканага барышы керек! Кадимки сасык тумоодон айырмаланып, коронавирус жугузганда мурундан суу акпайт, адам чүчкүрбөйт. Негизги белгилери:

  • Баш ооруйт.

  • Жөтөлөт.

  • Дем алганда кыйналат, дем кыстыгат.

  • Булчуңдар ооруйт.

  • Дене табы көтөрүлөт.

  • Адам өзүн алсыз сезет.



Кантип сактанабыз



  • Колуңузду мүмкүн болушунча тез-тез жууп туруңуз. Эшиктен киргенде, дааратканадан чыкканда, тамак ичерде самындап жууганды унутпаңыз.

  • Эл көп чогулган жактарга барбаңыз. Кимдир-бирөө чүчкүрүп же жөтөлүп жатса 1 метрден жакын жолобоңуз.

  • Көзүңүздү, мурдуңузду, оозуңузду кармалай бербеңиз. Кол аркылуу көптөгөн вирустар жугат.

  • Дем алуунун гигиенасын сактаңыз. Башкача айтканда жөтөлүп, чүчкүрүп жатсаңыз оозу-мурдуңузду салфетка же жүз арчы менен жабыңыз.

  • Дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп жатсаңыз эртерээк дарыгерге кайрылыңыз. Бул оору өтө тез курчуйт.

  • Тамак жасаганда коопсуздукту сактаңыз. Өлүп калган малдын этин жебеңиз. Эт туураган тактай менен жашылча-жемиштерди туураган тактай, бычактарды аралаштырбаңыз. Базардан чийки эт алганда өтө этият болуңуз. Тамак-аштын баарын кайнатып жеңиз.

  • Көчөгө түкүрүп, какырбаңыз, бул суюктуктар аркылуу оору өтө тез күчөйт.

  • Беткап коронавирустан сактабайт. Аны тескерисинче, вирусту жайылтпаш үчүн кийиш керек. Бирок ар бир эки саат сайын жаңысына алмаштырып туруу зарыл.







Тема: Өз бөлмөңдү таза карма!

Бөлмөгө коюлуучу негизги гигиеналык талаптардын бири — бөлмөнү таза сактоо жана желдетип туруу. Үйдөгү аба дем алуудан чыккан көмүр кычкыл газы, ным, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө чачыраган шилекей тамчылары (оору пайда кылуучу микробу бар), кийим-кече менен келген чаң жана башкалар менен булганат. Ошондой эле тердин, туалеттин, кээде ным дубалдын жытынан үйдүн жыты бузулат. Турак жайдын ичинде жагымдуу аба чөйрөсүн түзүү үчүн аны желдетип, бузулган абаны таза аба менен алмаштырып туруу керек.

Үй ичиндеги бөлмөнү тазалоочу каражаттар



Окуучулар класстын мисалында үйдү тазалаганды үйрөнөт. Ал үчүн төмөнкү иш аракеттерди жасайт:

1.Бөлмөнүн керегелерине, үстүнө көз жүгүртүп, желе болсо, аны шыпыргыга кургак чүпүрөктү ороп алат.

2.Терезелер кир болсо анда аны бир аз самындалган жылуу суу менен айнектерин, жыгачтарын жууп, артынан таза суу менен жууп, кургак чүпүрөк менен арчыйт. Айнектерди эң аягында газетанын кагазы менен сүрсө алар жалтырайт. Эгерде айнектер таза болсо (анткени алар жума сайын жуулбайт) анда кургак чүпүрөк менен терезенин чаңын сүрүп, анан нымдуу чүпүрөк менен жыгачтарын аарчыйт.

3.Терезелер сүрүлгөндөн кийин үйдөгү эмеректерди (мебель) чаңдан тазалайт. Катуу буюмдардын үстүндөгү чаң жумшак кургак чүпүрөк менен чогултулуп алынат. Ал чүпүрөктү сырттан күбүп кайра колдонсо болот. Жумшак нерселерден-килемден, дивандан чаң чаң соргуч менен сордурулат.





Сабактын темасы Гигиена деген эмне?

Гигиена өзүнчө илим сыяктуу адам жашоосунун көптөгөн тармактарында чогуу жүрөт, ошондуктан "өздүк гигиена" жөнүндө бир-эки ооз учкай айта кетели. Гигиена деген сөз грек сөзүнүн “hygienos” деген сөзүнөн келип “ден-соолук алып келүүчү” дегенди түшүндүрөт. Гигиена жөнүндө аныктамалар абдан көп, бирок дээрлик бардыгы бир нерсени түшүндүрөт: гигиена бул адам баласынын ден-соолугун чындоо жана сактоо илими десек туура болот.

Гигиена өзүнө көптөгөн бөлүмдөрдү камтыйт: тамактануу гигиенасы, балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы, эмгек гигиенасы, спорт гигиенасы, жеке гигиена, коммуналдык гигиена, айлана-чөйрө гигиенасы, аскер гигиенасы, медицина гигиенасы жана башкалар.

" Гигиена" - адамдын күнүмдүк турмушундагы жана өндүрүштөгү өзүн алып жүрүү эрежелери. Жалпак тил менен айтканда - гигиена бул адамдын денесин, кийген кийимин жана колдонуучу ар кандай буюмдарын таза, тыкан абалда кармоо. Гигиена эрежелеринин талаптарын бузуу же кармабоо бул адамдын жана анын жанындагы адамдардын, ал гана эмес чоң топтогу (коллектив, үй-бүлө, ар кандай коом, айыл, аймак дегендей) адамдардын ден-соолугуна зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.

 Тазалык  деген  эмне?  Тазалык  - адептүүлүк.  Адептүү  бала  ар  убак өз  боюн  таза  алып  жүрөт.  Таза  жерлерди басып, кийимдерди кир кылбайт.  Ар   убак  самын  колдонуп,  өзүнүн  тиш щеткасы, сүлгүсү жүз  аарчысы  болушу  керек.  Колунун,  бутунун  тырмагын  алып чачтарын тартипке  келтирүү  зарыл.Эгер  жаныбарларды  кармаласаң,  сөзсүз  колуңду жууп  тамактан.  Окуу  куралдарыңды  таза кармап, барактарын чийбей, булгабай  сакта.  Үй  ичиндеги эмеректерди  иретке  келтирип,  тазалап  тур. 

    Тазалык  жөнүндө  ырлар

1-окуучу:   

Кийинип  жүр  жасанып,

Досуң  болсун  тазалык.

Чач  тарабай  мыш  болбо

Тазалыктан  жаза  алып.

 

2-окуучу:       

Эсте  эжей  кептерин,

Кир  болбосун  дептериң.

Бүктөп,  чийип  булгаба

Китебиңдин  беттерин.


3-окуучу:    

Оркойбосун  тырмагың,

Эске  сакта  бул  жагын.

Кол,  бетиңди жуу  десе

Тартынчыктап  турбагын.

 

4-окуучу:      

Адаттарың  таштагын,

Кийимиң  таза  сактагын.

Апаң  көрүп  кубансын

Акыл  кирген  аппагын.

 

    Эми  силер  эрежелерди  сактабасаңар,  эмне  болооруңарды  билесиңер.  



Үй тапшырма   Тазалык  ден  соолуктун  булагы” деген темада аңгеме түз




Тема: Колду кантип таза жуу керек?


Колго кам көрүү мүмкүн сен булганыч колдун оорулары тууралуу уккандырсың – ашказандын бузулуусу, дизентерия, гепатит А (сарык) ж.б. Инфекция организмге адатта кол аркылуу кирип кетүүсүнөн улам аларды ушундай аташат. Биздин колдорубуз күнү бою дарттын козгоочуларын алып жүрүүчү көптөгөн нерселерге тийип калуусу мүмкүн. “Колдун кири аркылуу кандай оорулар жугат?” Окуучулардын болжолдуу жооптору: сарык, ич өткөк, ич оору, кусуу, курттар.

Мугалим: жалпылайт жана колдун кири аркылуу жуккан оорулар көп экендигине окуучулардын көңүлүн бурат: дизентерия, ич келте, ичеги курт ооруулары. Мындан ден соолукту таза сактоо үчүн колду таза жуу зарыл деген жыйынтык чыгарылат.






Колду кантип таза жуу керек?

Колду туура жуу микробдордон гана арылуу үчүн эмес, ар түрдүү ооруларды чакыруучу көзгө көрүнбөгөн микробдордон арылуу үчүн да маанилүү. Кол жуунун сунуш кылынган заманбап техникасы:

• жасалгалардын баарын чечүү керек,

• жеңди түрүү,

• дааратканадан келген соң тамак жээрден мурун колду самын менен жуу.


1-этап. Орточо чубуртулган жылуу суу менен колду суулоо керек.

2-этап. Колду энергиялуу түрдө самындоо керек.

3-этап. …20 секунддай жышуу керек.

4-этап. Колдун алаканын алаканга тийгизип, манжаларын бири-бирине айкалыштырып, манжалардын арасын таза жуу керек.

5-этап. Айландыра кыймыл жасоо менен самындын көбүгүн оң колдун манжаларынын учу менен сол колдун алаканынын ортосуна жана тескерисинче сүртүү керек.

6-этап. Колду суу менен таза чайкоо керек.

Колду жууган соң таза өздүк сүлгү менен же кагаз сүлгү менен кургатуу зарыл



Коопсуз ичүүчү суу

Мектеп окуучулары жана мугалимдер ичкенге, тамак-аш даярдоого жана жеке тазалыкты сактоого жете турган өлчөмдө коопсуз сууга муктаж. Балдар буларды үйрөнүшү керек:

• Ар дайым сууну ишенимдүү булактардан гана алып колдонуу.

• Ичүүчү суу коопсуз шарттарда сакталышын көзөмөлдөп туруу.

• Ичүүчү сууну туура топтоп, сактап жана туура колдонууга үйрөнүү.

• Кир жана булганыч суу ден соолукка зыян алып келээрин дайыма эстөө зарыл.

• Коопсуз, таза суу табуу кыйын болгон учурларда, бийликтегилер жана жардам көрсөтүүчү агенттиктер суу жеткирип бериши керек. Сууну топтоо Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу чектелүү болгондуктан, адамдар сууну өзөндөрдөн, көлмөлөрдөн, кудуктардан, цистерналардан жана жасалма көлмөлөрдөн, суу сактагычтардан алууга мажбур болушат. Ал жактагы суу булганып калышы мүмкүн. Балдар бул өзүнө тааныш суу булактарынан суу алып жатып алардын ден соолугу үчүн коркунуч алып келе тургандыгын аңдай беришпейт. Ал гана турсун коркунуч төмөнкү жерлерде кездешет

: • Адамдар суу булактарына же алардын жанына заара ушатышат

• Малдар, жаныбарлар дагы ошол эле суудан ичишет

• Өлгөн жаныбарлардын сөөктөрүнүн калдыктары да ошол эле суу булактарынын жанында калышы мүмкүн

• Суу булактары бузулган дааратканын жанында жайгашкан

• Суу тазалоочу жабдуунун бузулгандыгынан үчүн суу мындан ары тазаланбайт

• Нөшөрлөгөн жамгыр жана суу каптоо болгон, ал эми жамгыр суусун агыза турган дренаждар өтө жаман абалда

• Жогору жактан аккан кир суу булактарга жана көлмөлөргө куюлат. Балдарга ичүү үчүн күнүнө 1–2 литр суу керектелет. Бул суу класста же башка жерде болобу, бирок аларга жеткиликтүү болгон жерде сакталышы керек. Ичүүчү суу таза канистраларда же башка контейнерлерде, кир колдордон, ылайланып же чымын-чиркейлерден булганбашы үчүн үстүнө капкагы жабыла турган идиштерде сакталышы керек. Мүмкүнчүлүккө жараша ар бир баланын өзүнүн кружкасы, эң жакшысы бөтөлкөсү же башка өзү үчүн суу куя турган контейнери болушу керек. Мектепте суу ошондой эле тамак даярдаганга, жыйнап тазалаганга жана кол жууганга керек. Жергиликтүү шарттарга жараша сууну тазалоонун кеңири белгилүү ыкмасы кездешет: Ысытуу (кайнатуу) менен, химикаттар (хлор) же күн нуру менен дезинфекциялоо. Сууну керамикалык же кумдуу фильтр аркылуу чыпкалоо, фильтрациялоо. Жер-жерлерде кайсы гана ыкма колдонулбасын, балдар иче турган сууну кандайча тазалоо керек экендиги жөнүндө билиши керек. Эгер хлорин таблеткалары колдонулса, балдар анын сунуш кылынган өлчөмүн жана сактоо процедурасын билиши керек. Эгер жугушсуздандыруу (дезинфекциялоо) үчүн ысытуу, кайнатуу ыкмасы колдонулса, анда суу эң кеминде 10 мүнөт кайнашы керек. Бул болсо анын тутумундагы патогендердин (зыяндуу микроорганизмдердин) бардыгы тең өлгөндүгүнө ишеним берет. Cуу, Санитария жана Гигиена мектеп окуучулары үчүн: Мугалимдер үчүн колдонмо 21 Кайнатылган суу кайрадан булганып калбасы үчүн оозу жабык идиште 24 саатка чейин сакталышы керек. Суунун бир азыраак бөлүгүн күн нуру аркылуу жугушсуздандырууга болот. Бул үчүн демейде чыпкаланган сууну бөтөлкөлөргө толтуруп күн жакшы тийген жерге (көпчүлүк учурда чатырга) 6 саат коюшат. Сууну коопсуз сактоо Суу бир гана ичүү жана тамак жасоо үчүн эле керек эмес. Ал ошондой эле киринүү жана кир жууш үчүн, оюн үчүн да колдонулат







Тема: Менин ден соолугум

Ден соолук дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

а) жекече ойлорун айтышат.

б) жупта ойлорун айтышат.

Демек, ден соолук бул- ар бир адамдын биринчи байлыгы. Ден соолук болбосо, окуй да, ойной да, иштей да албайсың. Ден соолукка оң таасир этүүчү жана терс таасир этүүчү жагдайлар бар.

1чи оң таасир этүүчү жагдайды карайлы

Туура тамактануу – жер-жемиштерди, куурубаган тамак-аштарды, күнүнө 1 литрден газдалбаган суу ичип туруу керек.

Спорт- дайыма кыймылда болуп ар кандай спорттун түрү менен машык.

Таза абада дем алуу- бош убактыңда сейилдеп, таза абада ойно.

Күнүмдүк режимди сактоо- ар бир жумушту өз убагында аткар.

Эмоциаларды башкаруу- ачууга алдырба, шайыр жүргөнгө аракеттен.

Тамеки, ичимдик, наркотикалык заттарды колдонбо!- ден соолукка өтө зыян.

2чи Ден соолукка терс таасир этүүчү жагдайлар:

Туура эмес тамактануу-бул ден соолукка өтө зыян,буга куурулган, өтө майлуу тамактар кирет. Тез татымдар шаурма, гамбургер, газдалган суусундуктарды ичүү. Көптөгөн ооруларды алып келет.

Аз кыймылдоо:

Компьютерде ойноо, сыналгыны жакындан көп көрүү.

Булганган экология:

Завод-фабрикалардан , авто унаадан таштандылардан аба булганат. Ошол аба менен биз дем алабыз.

Зыяндуу адат көндүмдөр:

Тамеки тартуу, арак ичүү, баңги зат колдонуулар кирет. Алар айыкпас ооруга алып келет.





Ден соолугуң чын болушун кааласаң кандай эрежелерди билишиң керек

1 Тишти дайыма эртең менен жана кечинде жууп туруу,

2 өздүк гигиенаны гигенаны сактоо,

3 ар кандай көнүгүүлөрдү жасап туруу,

4 суюктукту жана суусундуктарды көп ичүү

9 таза кийим менен жүрүү

10 тамактанаарда колду жуу,

11 бөлмөнү желдетип туруу,

12 витаминдүү жемиштерди кабыл алуу




























Тема: Сасык тумоодон сактаналы! (Грипп)






Азыр сасык тумоо сыяктуу сууктан улам пайда болуучу оорулардын мезгилине келдик. Учурда бардык жерде грипп менен ооругандар кездешет. Оорубаганга аракет жасоо үчүн сак болуу шарт. Жасалуучу кээ бир кичинекей иштерден улам оорубастан ден соолукта калуу туурасында кабарыңыз барбы? Анда эмесе күркүрөгөн күз жана кыштын кыраан чилдесинде чүчкүрүп бышкырып, мурдуңузду агызып жүрүүнү каалабасаңыз төмөндөгүлөргө назар салыңыз:


Алыстан учурашыңыз: Кол микробдорду ташуучу катары маанилүү роль ойнойт. Андыктан жакын адамыңыз же досуңуз жолугуп калса кол алышып учурашпастан баш ийкешип учурашуу зарыл. Аны менен сиз вирустардан качкан болосуз.


Ашканада колдонулуучу каражаттарды микро толкун мешке салып коюңуз: Анда колдонулган майлык, идиш-жуучу чүпүрөк ж.б. каражаттарды күн сайын меште ысытып, микробторду өлтүрүп туруңуз. Мындай жол аркылуу сиз андагы микробтордун 99 пайызын жок кылган болосуз. Бирок ошол каражаттарыңыз нымдуу болуусу шарт.


Таза абада чуркаңыз, басыңыз: Муну жасоо менен сиз сасык тумоо оорусуна туш болуу коркунучунан кутулган болосуз. Ал гана эмес аны менен катар ар кандай көнүгүүлөрдү жасап турсаңыз тумоодон жана ашыкча салмактан арыласыз.


Үйүңүздөгү кичинекей эмеректерди дезинфекциялоону эстен чыгарбаңыз:

Эшиктин туткасы, телевизордун пульту, муздаткычтын эшиги жана кол жуучу чорголор микробдордун мекени. Айрыкча телефон, компьютер, үй ичин тазалоочу чүпүрөктөр ж.б. микробдордун уясы. Аларды жок кылуу үчүн ар дайым жана тез-тез дезинфекциялап туруңуз.
Туура тамактануу, көнүгүүлөрдү жасоо жана уктоо: Витаминдүү жашылча-жемиштерди көбүрөөк сатып алып, каалашынча жегенге аракет кылыңыз. Күн сайын 7 сааттан кем уктабай, уйкуну кандырыңыз. Аны менен катар ар күнү туура көнүгүүлөрдү жасасаңыз тумоодон алыс болосуз.

 


Тумоого каршы сарымсак менен күрөшүңүз: Сарымсак ар кандай ооруну алдын алуучу өзгөчөлүккө ээ. Аны ар дайым жесеңиз, тумоону өзүңүздөн алыстаткан болосуз. Же азыраак гана ооруйсуз. Ашыкча кыйналуунун кереги жок.







Сабактын темасы: Биз СПИДке каршыбыз

Сабактын максаты:

1. СПИД/ВИЧ жугуштуу оору экени тууралуу маалымат алышат.

2. Окуучулар тазалыкка, жаман жолдордон качууга, жамандыктан сактанууга тарбияланышат.




Дүйнө өлкөлөрүндөгүдөй эле. Кыргызстанда да 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет.

Айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ/СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүгө чейин жок. Ушу себептен БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) тарабынан 1988-жылдан тарта 1-декабрь Бүткүл дуйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү деп белгиленип келет.

ВИЧ деген эмне?, оору жөнүндө айтсак көп адамдар ВИЧ менен СПИД оорусун бир оору деп эсептешет, бирок ал андай эмес. Ким ооруп калышы мүмкүн, жана жуктуруп албоо үчүн кандай чара көрүү зарыл? ВИЧ - орус аббревиатурасынан1 келип, "вирус имуннодефицита человека" деп чечмеленелет, кыргызчасы "адамдын имуннодефицит вирусу" (АИВ). Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.

СПИД деген эмне? чечмелениши "синдром приобретенного иммуно дефицита", кыргызча которулушу "кабылданган иммун жетишсиздик синдрому" (КИЖС).

Иммунитет бул ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада иммунитет өтө төмөндөп СПИД оорусу пайда болот.

Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекция менен күрөшүүгө болот, аны антиретровирустук терапия менен дарылайт. Анын ичинде ВИЧ болгон кош бойлуу айымдардын балдарын дагы дарылоо болот. Анти ретровирустук терапия ар бир өлкөнүн анын ичинде Кыргызстанда да өз жарандары үчүн акысыз жүргүзүлөт.

ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат
ВИЧти жуктуруп алуу жөнүндө көптөгөн маалыматтар айтылып келет, бирок аталган оору 3 жол аркылуу гана жугушу мүмкүн, жыныстык, ийне, энеден балага. Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.