Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттын иштелмеси»
Лейлек району Самат атындагы орто мектеби Тема: «Коомчулукту китеп окууга кантип шыктандыруу керек?»
Математика мугалими: Койчубаева Т
Сабактын максаты:
- Эң баалуу болгон рессурс-бул интеллектуалдык рессурс” болуп эсептелет.Ошол интеллектуалдык ресурстун негизги булагы болгон-китеп окуу булагы н жайылтуу”. Жаркын келечек үчүн келечек муундарынын билими, акылы күчтүү болгон уул-кыздарды тарбиялап, мекенибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн салым кошуу.
-
1-тапшырма
- 1-топко ? Китеп деген эмне?
- 2-топко ? Компьютер деген эмне?
- Китеп – бул текст басылган продукциянын түрү. Узак убакытты камтып, бир нече беттен турган, типографиялык же кол жазма түрүндөгү тексттик жана графикалык, ошондой эле эң азында 48 беттен көп жана эреже катары катуу сырт менен сыртталган маалыматтар топтому.
- “ Китеп” сөзүнүн Эл аралык мааниси “БИРИКТИРИЛГЕН БАРАКТАР”.
- Компьютер – бул адамдын жөнөкөйлөтүлгөн модели, маалымат иштетүүчү универсалдуу машина.
- “ Компьютер” сөзү – “эсептеймин” дегенди билдирет.
2-тапшырма 1-топко суроо: Китептин бизге эмне кереги бар? 2-топко суроо: Компьютердин бизге эмне кереги бар? Тарых мугалимине суроо: Китептин тарыхын кыскача айтып бериңизчи?
Тарыхы : Маалымат алмашуунун эң эски усулу оозеки берүү болгон. Адамзат тарыхында муктаждыктардан улам жаралган жазууларды эмнеге жазууга мумкун болсо, баарына жазып келишкен. Ылайга, дарак кабыгына, металл бетине, ж.б. Ылай барактардын чыдамдуулугун арттыруу максатында отко жагышкан. Байыркы Римде экиден, үчтөн, төрттөн бириктирүүлөр кездешкен.
Алгачкы китеп катары Байыркы Египеттин Бешинчи династиясынын падышасы Нефериркар Какйя нын(б.з.ч. 2400-ж) бухгалтердик китеби каралат. Ал өз-өзүнчө папирустан даярдалып бири-бирине желимделген жана оробой сактоого ыңгайлуу болгон(Свиток). Бул ыкманын башка турлорун Байыркы Рим, Египет, ж.б. турлорун кенири колдонгон. М: Жыгачтардан ж.б. нерселерден жасашкан.
Грецияга б.з.ч. X-IX кылымдарда Библос порту аркылуу жеткирилген. Анын бетиндеги сыя оңой жуулган жана кайра колдонууга ыңгайлуу болгон. Хартия (тик мамыча) 20 даанадан болгон. III-IV кылымдан христиан коомчулугу ПЕРГАМЕНт колдоно баштаган. Алар төрт барак пергаменден 16 беттүү китепче алышкан, бул грекче ТЕТРАД (четвёрка) – төртүлүк деп аталган.
IV кылымда Византияда колдо жазылган китептердин китепканасы түзүлгөн. V кылымдан китептердин көзөмөлү монастьрларга өткөн жана бул көзөмөл орто кылымдарда да өз өкүмүн жүргүзгөн. Китеп басып чыгаруунун формасы кытайлык темирчи Би Шен ге таандык (990-1051-ж.ж.). XV кылымда немец окумуштуусу Иоганн Гутенберг типографиялык станок жараткан. Эң алгачкы китеп сырт 1584-жылы Кристофер Баркердин ханыша Елизаветтага тапшырган Жибек сырты болгон.
XVIII-XIX кылымда китеп сыртын барактардан калың жана бир аз узун жасашкан. 1850-жылдан кооз тыштуу китептер чыга баштаган. XIX кылымда б.а. 1800-жылдан буу машинасы жардамында пресса иштей баштайт.
1-топко суроо: Компьютердин зыяндуу жактары? 2-топко суроо: Китептин кемчиликтери? Кыргыз тили мугалимине суроо : Сиздин оюңузча китеп – бул...
1-топко суроо: Коом үчүн китеп жардамчыларынын ролу кандай? Мисалы: Газета, журнал, календарь, афишалар,... ж.б. 2-топко суроо: Электрондук китептердин коомдогу орду кандай? Физика мугалимине суроо: Экрандан чыккан нурлардын жана радиотолкундардын ден соолукка таасири?
Атактуу китепканаларда 130 миллион китептин аты бар. Электрондук китептер же санариптик китептер – (анг. digital book – разг. “Читалка”) – тар адистештирилген тыкан планшеттүү компьютердик түзүлүш. Ал тексттерди электрондук түрдө чагылдырып берүүгө арналган. Тарыхы: 1971-жылы АКШнын Иллинойс штатында Майкл Харт ысымдуу окумуштуу өз заманынын кубаттуу компьютери болгон Xerox Sigma V үстүндө иштеп, алгачкы электрондук китепти түзгөн. Ал “АКШнын көз карандысыздыгы Деклорациясы” эле. Майкл бул идеяны Гутенбергдин долбоорунан алган.
1-топко суроо: Балдар адабиятынын бала тарбиялоодогу ролу? 2-топко суроо: XXI кылымдын жаштары электрондук маалыматка жакын болушат, ушул туурабы?
1-топко ? Балдарды китеп окууга кызыктыруу үчүн эмне кылуу керек? 2-топко ? Техниканы туура пайдалануу эрежелерин кантип үйрөнсөк болот?
Өзүңүзгө
Окуучуларыңыа
Ошондо
Мотивациянын эң негизги элементи-бул эмпатия
- Эмпатия түшүнүгү айлана чөйрөнү алдыңыздагы кишинин терезесинен анын көзү менен көрүүгө аракеттенүү деп айтабыз
Балдарды китеп окууга кызыктыруу үчүн эмне кылуу керек? 1.Сөз ээрчитет, үлгү көрсөтөт” андыктан биринчи өзүбүз китеп окуубуз керек. 2.Баланы ынандыруу, кызыктыра билүү, ички дүйнөсүнө сүңгүп кирүү 3.Китеп окуунун пайдасын түшүндүрө билүү 4.Балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен китептер тизмегин сунуштоо 5.Биринчи күнү экинчи күнүнө окшобогон ар түрдүү сынактарды, иш чараларды уюштуруу (ролдоштуруп) 6.Баланын оюн угуу (ал эмнеге кызыгат, ошого байланыштуу китептерди сунуштоо)
Мотивация
Сүйлөө
Понтомимикасы
Практикада
Сөздөрү
Техниканы туура пайдалануу эрежелерин кантип үйрөнсөк болот?
Электрондук
Маалыматты
Ден
-Жаңы технологиянын жардамы менен иштөөнүн пайдалуу жолдорун көрсөтүү.
-Технологиянын адамга тийгизген пайдалуу жана терс жактарын жеткирүү
Китеп окуунун эржелерин балдарга түшүндүрүү:
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!