Кыргыз Республикасы
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу
Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги
Исфана шаары
№ 48 кесиптик лицейи
ТЕМА: ЭМГЕКТИ СҮЙҮҮ -
ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ
Мугалим: Раимбердиева К.
Исфана шаары 2019-жыл.
Сабактын максаты:
1. Билим беруучулук: Окуучулардын эмгекти сүйүүсүнө, умтулуусуна мүмкүндүктү түзүп берүү, ошондой эле өзүнүн жеке турмушун пландаштырып, аны акыл-эстүүлүк менен башкаруусун түшүндүрүп берүү
2.Өнүктүрүүчүлүк: Окуучуларга өздөрүнүн көз карашын айтууга жана аны коргоого керектүү ыктарын өөрчүтүү
3. Тарбия беруучулук: Эмгекке аң-сезимдүү чыгармачыл мамиле жасоого тарбиялоо
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабак өтүү усулу: Интерактивдуу, сабак презентация, түшүндүрүү, мээ чабуулу.
Сабактын жабдылышы: Ватман, маркер, скотч, карточкалар, окуу куралдары, плакат, проектор, экран, ноутбук.
Сабактын журушу: Сабак башталганга чейин класска проекторлор коюлуп, экран илинип, презентация жасоого даярдалып коюлат.
Керектелүүчү ресурстар:
Афоризмдерди кагазга жазылып, ал доскага илинет.
• Артыкчылыкка жетишүүнүн бир гана жолу бар – бул талыкпаган эмгек (Сидней Смит, 1771—1845 — англ. сатирик жана саясый жазуучу)
• Улуу адамдардын турмушу чымыркануу жана үзгүлтүксүз эмгектенүү болгон (Сидней Смит 1771-1845 — англ. сатирик жана саясий жазуучу)
• Эгерде сиздин талантыңыз болсо - эмгекти сүйүү аны жакшыртат, а эгерде сиздин талатыңыз жок болсо - анда эмгекти сүйүү кемчиликти толтурат. (Джон Рёскин - 1819-1900 — англ. жазуучу, сүрөтчү, маданияттын теоретиги, адабият сынчысы жана акын)
• Турмуш- эмгексиз эч нерсе бербейт. (Гораций - биздин доорго чейинки VIII кылым) — Рим адабиятынын «Алтын кылымдагы» эски акыны).
• Сиздин кандай гана максатыңыз болбосун эмгектенүүнү кааласаңыз, сиз ага жетишесиз. (Опра Уинфри - алып баруучу, 2010-жылы шоу-бизнестеги эң бай адамдардын тизмесинин баш сабында болгон)
1.Уюштуруу: Саламдашуу (класста конулдуу маанай тузуп алуу).
2. Окуучулардын сабакка катышуусун аныктап алуу.
3. Өтүлгөн теманы кайталоо.
Окуучуларды эки тайпага бөлүп, ар бир тайпага өтүлгөн тема боюнча үчтөн суроо берилет.
Биринчи тайпага:
1. Нике деген эмне?
2. Жарандык никеде, мүлккө ким ээ болот?
3. Жарандык эмес никеде ажырашуу кандай болот?
Экинчи тайпага:
КРда канча жаштан никеге тура алышат?
Жарандык эмес никеде мүлккө ким ээ боло алат?
Жарандык никеде ажырашуу кандай болот?
Сабактын жүрүшү:
1. Киришүү бөлүгү (5 мүн.)
Максаты: Ийгиликтүү адамдардын эмгекти сүйүү аркылуу ийгиликке кантип жеткендиги боюнча айткан сөздөрү менен тааныштыруу; адамдын турмушунда эмгек кандай маанини ээлей тургандыгын ачып берүү.
Мугалими ийгилик кантип жаралат?- деп көпчүлүк адамдарга суроо берет.
Бул суроо тууралуу дүйнөнүн философтору, окумуштуулары, адабиятчылары ой жүгүртүшкөн. Доскага жазылган сөздөргө карасаңыздар.
Талкуулоо:
• Бул учкул эмне жөнүндө?
• Алар эмнеге үйрөтөт?
• Эмгектин жалпы адамзаттын өнүгүүсүндө кандай ролу бар?
• Учкул создордун авторлору кандай адамдар?
Болжолдуу жооптор:
• Адамды адам кылган - эмгек;
• Эмгек адамды бутуна тургузду, аны колун бекемдеди, анын уникалдуу мээсин өркүндөттү.
• Миңдеген жылдар бою жерде жасалган бардык нерсе – таш балтадан баштап микроскопко жана Эйфелево мунарасына чейин - эмгек менен жасалды.
• Афоризмдин авторлору - коомдо көпкө жетишкен, атак-даңкы чыккан адамдар.
Эмгек адамды жаныбардан айырмалап турган эӊ негизги өзгөчөлүк. Адамзат биргеликте жасаган эмгеги менен бүгүнкү күндөгү бардык жетишкендиктерге жеткен. Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын бүткүл аймактарына көз салып көрөлүчү, ар бир аймактын өзүнүн географиялык жайгашуусуна жараша экономикалык өзгөчөлүктөрү бар. Биздин жергебиз кандай эмгек менен бүткүл республикага белгилүү? Өз маӊдай тери, мээнеткечтиги менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон кайсы жердештерибизди, айылдаштарыбызды билесиӊер? (Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу бул – борбордо врач, бизнесмен же депутат болуп иштөө эле эмес, айылда жашап, айылды өнүктүрүүгө таасир этүү да болуп саналат)
Эмгек гана адамга сүйүнүч алып келет, анын кыска жашоосун узартат, ага ишенимдүүлүк берет, анткени өтүп кеткен адамдын урпагы, көзү тирүү кезинде жасаган эмгегин, жакшы сөздөр менен эстейт.
Бул адамдар турмушта ийгиликтерди жаратышты. Ийгилик деген эмне? Ийгиликтин кандай факторлору бар? Сиздер ийгилик дегенди кандай түшүнөсүздөр? Турмушта ийгиликке кантип жетишсе болот?
Бул суроолорго биз сиздер менен төмөнкү көнүгүүлөр аркылуу жооп беребиз.
2. «Ийгилик» көнүгүүсү
Максаты: ийгилик тууралуу түшүнүктү калыптандыруу.
Мугалим: Ийгилик деген сөздүн ар түрдүү түшүндүрмөсү бар, бул сөз көп маанилүү.
• Ийгилик - кандайдыр бир нерсеге жетүүдөгү жетишкендик (ийгиликке жетүү).
• Коомдун таануусу (спектаклдин ийгилиги).
• Окуудагы, жумуштагы жакшы натыйжа (музыкадагы ийгиликтер. Өндүрүштөгү жетишкендиктер).
Ушул аныктамалардын баарынын маңызынын жыйынтыгы төмөнкүлөргө алып барат, ийгилик – бул алдыга койгон максаттарга жетишкендик.
3. «Менин максатым»
көнүгүүсү
Максаты: Окуучуларды максатты кантип коюуга үйрөтүү.
Мугалим: Психологдор айтышат, турмуштагы ийгиликтерге жетишүүдөгү биринчи жана негизги кадам - максатты туура коюу. Силер, аз убакытка болсо да өзүңөрдүн турмуштагы максатыңарды жана аны ишке ашырууну белгилегилечи.
«Менин максатым» барагын өз алдынча толтурууну сунуштайт.
Менин максатым
• Максат:
10 жолу беш алуу
• Ишке ашыруу мөөнөтү:
Бир жума
• Мен эмне кылышым керек?
1. «5» деген бааны күн сайын эки жолудан алуу.
2. Эки сабакка жакшылап даярдануу, бул сабактарда кол көтөрүү.
• Максаттарга жетүүдө, менин жактырган сапаттарым мага жардам берет:
абийир, ар-намыс, жөндөмдүүлүк
• Менин терс жактарым, мага тоскоолдук кылат, алардан арылышым керек: жалкоолук, интернетке берилип кетүү
Талкуулоо:
• Максатты коюу зарылбы? (Ооба)
• Максатты коюу үчүн эмне зарыл? (эмнеге жетишүү керек экендигин түшүнүү)
• Ким өзүнүн жазгандарын айтып бере алат?
Болжолдуу жооптор:
• Убакытты эртелеп баалоону үйрөнүшсө, өзүнүн күнүн пландаштырса, анда ал адам, ийгиликке тезирээк жетишкенин, көпчүлүк адамдардын тажрыйбасы айтып, далилдеп турат.
• Турмушта ийгиликке жетишүү үчүн, ар күнү планды түзүп жана өзүнүн турмуштук тажрыйбасын талдап туруусун психологдор кеңеш беришет.
Мугалим: Бирок, бир гана максатты коюу жетиштүүбү?
Болжолдуу жооптор:
• Жок, ага жетишүү үчүн аракет кылыш керек, башкача айтканда, жакшы калыптанган эрктүүлук сапаттары болуш керек.
Жыйынтыктоо: кээ бир жалкоолорго жашоо такыр көңүлсүз эместир, мүмкүн, алар жалкоо экендигин билишпейтчыгаар. Бекерчилик - бул адамдын жумуш кылбаганы, колун куушуруп олтурушу эмес. Бекерчилердин дайыма убактысы жок, телефон менен тынбай сүйлөшөт, кээ бир учурда күнүгө конокко барат, телевизордун жанында бардык көрсөтүүнү көрөт, интернетте олтурат, көпкө уктайт, өзүнө ар түрдүү «жумуштарды» ойлоп табат. Жалпы алганда, бекерчи адамдын ар дайым бош убактысы жок.
Мугалим: Бул ирония сиздерге түшүнүктүүбү? Эмгекти сүйбөй жана алдыга максат койбой ийгиликтүү болуу мүмкүн эмес.
4. «Эмгекти сүйүү -
ийгиликке карай жол»
көнүгүүсү
Мугалим: Бизге табияттан бардык мүмкүнчүлүктөр берилген, аны ал кылып, туура пайдаланып, үзүрүн көрүү биздин колубузда. Окумуштуулардын айтымында, адамдын аӊ-сезими табияттан жогорку жана төмөнкү менталитетке бөлүнгөнү баарына маалым. Жогорку менталитет — позитивдик болуп, ал эми төмөнкүсү — негативдик менталитет болуп эсептелет экен. Коомчулукта адамдын көпчүлүгү негативдик менталитетке ээ. Адамдын ою көп учурда социалдык чөйрөгө таасирленип турат эмеспи. Бир жакшы ойду баштап, көпчүлүктүн пикиринен чыга албай, ой-максатына жете албай калган инсандар да жок эмес. Негативдик ойлор жана эмоциялар адамды ооруга чалдыктырат, карытат, артка тартат, коркунуч пайда кылып, максатына жетүүгө тоскоолдуктарды жаратат. Ошондуктан аӊ сезимиӊди көрө албастык, ичи тардык, жек көрүүдөн, жаман ойдон тазала. Капа кылгандарды кечире бил. “Өзүӊдү сыйлоо“ программасын иштеп чыгып, ийгиликке, бакытка жол таап, тагдырды оӊдоо үчүн күндө убакыт бөлүп, кыялданып, жакшы маанайда өзүӊдү сөз менен дарылап, проблеманын себебин изилде. Турмуш окуялардан эмес, биздин ошол окуяга кылган мамилебизден турат.Улуу Махатма Ганди айткандай: “Адам — өзүнүн акыл-оюнун азыгы, эмнени ойлосо, ошого айланат”. Турмуш көрсөткөндөй, жакшыны ойлосо — жакшыга, жаманды ойлосо – жаманга айланат, эмнени көргөндү кааласа – көргүсү келгенди көрөт, эмнени укканды кааласа — каалаганды угат, эмнеге ишенгиси келсе — ишенгиси келгенге ишенет, эмнеге ишенгиси келбесе — ишенгенди каалабайт.
Ийгилик аракеттен жаралат: үйрөнгүн, башкалар уктап жатканда. Окугун, башкалар бекерчиликтен зэригип жатканда. Эмгектен, башкалар ойноп жатканда. Кыялдан, башкалар эми ойгонуп жатканда. Сен чоӊүлүшкө татыктуусуӊ!
Элестетип, өзүӊдү сырттан чоочун адамдын көзү менен кара, кемчиликтериӊди жана баалуулуктарыӊды иликте, иретте. Жакшылыктын-жамандыктын баасын бил. Күтпө, өзү менен өзү болуп чечилбейт. Бирөө жасап бербейт. Өзүӊдүн дареметиӊди, артыкчылыктарыӊды туура баала, убактыӊды бекер кетирбе, табияттан сен өзүӊдү жеӊүүчү катары сез. Турмушуӊдагы жетишкен ийгиликтериӊди унутпа. Өзүӊдүн ички дүйнөӊ менен келиш, өзүӊ лидер, башкаруучу бол, терс кыялдарыӊды жеӊ. Чачылган оюӊду түзө. Артка чегинбе. Бир максатка умтул. “Жолду баскан арбытат” деген накыл сөз бар. Кыйындардын сыры жана артыкчылыктары ушунда.
Турмуш көрсөткөндөй, адам бир нерсени өтө катуу эӊсесе, бүткүл аалам ага колдоо көрсөтөт. Максатыӊа берил, сүй, ага чын дилиӊден умтул. Ишенимиӊди жоготпо. Турмуштан үмүтүӊ үзүлбөсүн, кызыгууӊ кетпесин. Ошондо гана ийгиликке жетишесиӊ.
Мугалим: Силер 3-кусту бүтүп жатасыңар. Көпчүлүгүңөр мындан ары да жогорку окуу жайларга тапшырып окууңарды улантышыңар мүмкүн.
• Кесиптик лицейди аяктап бүткөн соң эмне менен алектенесиңер?
• Өзүңөрдүн тандооңорду эмне менен жетектейсиңер?
Ар бир топко кесиптин аты жазылган карточкалар таркатылып берилет.
Кесиптин аты жазылган карточкалар.
Мугалим:
• Аталган кесиптерди элдин арасында кадыр-барктуу жана кадыр-барктуу эмес деп бөлгүлө. Өзүңөрдүн тандооңорду негиздегиле.
(Кадыр-барктуу - таасир этүүдөн, ардактуудан пайдаланган кимдир бирөө. Кадыр-барктуу - социалдык статусу жогорку кесипкөйлүк)
• Биздин шаарда кайсы кесиптин ээси жумуш табууда мүмкүнчүлүгү жогору (жыйынтыктоо).
Корутунду: айланаңызды караңыз, өзүнүн шыгы, билими, эмгеги жана туруктуулугу менен ийгиликке жеткен адамдарды тааныйсыздар же билесиздер. Азыркы тил менен алганда, өздөрү калыптангандар. Бирок кээ бирөөлөрдүн жолу болбосо себептерин талдабай туруп, күнөөлүүлөрдү издешет.
Ойлонуңуз, сизге эмне жакын?
Болжолдуу жооптор:
• Биринчи караганда кесип кадыр-барктуу эместей көрүнөт, бирок, баары адамдын өзүнөн көз каранды.
• Эгерде силер тырышчаак, эмгекти сүйгөн болсоңор, анда кандай гана кесипкөй чөйрө болбосун жетишкендикке жете аласыңар.
Мугалим: ар күнү үч суроого жооп бергиле.
• Эмне кылдым?
• Эмнени кылсам дагы эң жакшы болор эле?
• Эртеңкиге негизги маселелер (милдеттер)
Ката кетирүүдөн коркпогула. Эске салгыла: эч нерсе кылбаган адам гана ката кетирбейт.
«Ийгиликтин формуласы»
көнүгүүсү (10 мүн.)
Максаты: анализ кылуу, сабакта алган маалыматты рефлексия кылуу аркылуу корутунду жасоо жөндөмүн калыптандыруу.
Мугалим: сиздердин алдыңыздарда сөздөр бар: өзүн-өзү талдоо, максат, эмгекти сүйүү, жетишкендик жана белгилер: ++ө. Бул сөздөрдү жана белгилерди колдонуп ийгиликтин ачкычын тапкыла.
Болжолдуу жооптор:
• Турмуштун ийгилигинин формуласы төмөндөгүдөй.
Ийгилик ө максат+ эмгекти сүйүү+ѳзүн-ѳзү талдоо.
7. Коштошуу адеби
(2 мүн.)
Максаты: сабакты жакшы маанайда аяктоо.
Мугалим окуучуларды жанаша партада отурган окуучунун көзүнө карап, «Досум, эмгекти сүйүү - ийгиликке карай жол» деп айтуусун суранат.