ПРОФЕССОР А.МОЛДОКУЛОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИ.
3000 ашык окуучу
Тема : Ырыс алды ынтымак.
8-класс
Ынтымак деген эмне?
Бул “биримдик ” деген сөздүн синоними. Ал эми биримдик- кандайдыр бир нерсенин же кимдир бирөөлөрдүн максаттары , көз караштары бирдей болгон адамдарды бириктирип турган нерсе.Адамдар биригишип канрдайдыр бир бүтүн нерсени (мамлекет, максаттар) түзгөндө бул ынтымак деп түшүнүктү берет.
Ынтымактын түрлөрү:
1.Улуттар арасындагы ынтымак
2.Глобалдык адамдар арасындагы ынтымак
3.Достор, жоро-жолдоштор ынтымак,
4.Кесиптештер ынтымагы
5.Айыл , шаар ынтымагы,
6.Окуу жай ынтымагы
7.Кошуналар ынтымагы,
8.Классташтар ынтымагы
Билсесиңерби, бир аймакта чогуу өсүп-чоңойгон адамдар, кандайдыр бир себептер менен бири-бирине жакыныраак болушат.Башка шаарда же өлкөдө жүрүп бири-бирин көрсө кубанышат. Көрбөсө сагынышат
Ынтымактуу достор дайыма бири-бирине көмөктөшүп , жардамдашып, көңүл ачууда дагы дайыма бирге болушат. Дайыма, ынтымак ичиндеги адамдарга адилет мамиле жасаганда , ошол достор, жоро-жолдоштор, курбу-курдаштар ынтымагы деп аталат.
Класстын ынтымагы болсо, билим деңгээли жогорулайт,артта калып бараткан окуучулар алдыга жылат. Мындай класста дайыма тынчтык, адилеттүүлүк өкүм сүрөт, класс өнүгөт. Түрдүү сынактарда дайыма алдыңкы орундарда болот.
- Жердеген жерибиз, ата-тектен келаткан салтыбыз, эне-тилибиз, мекенибиз, калтырган изибиз, жана уңгу болгон тарыхыбыз.Ырыскы – адамга тийиштүү жетишкендик: ишиндеги жетишкендик, жашоосундагы бийиктик, баалаган дүнүйө байлыгы. Жашоодо ырыстуу адам болот Ырыстуу адам – бул бергенге ыраазы болгон адам, бергенди баалап, сактаган адам.
ЫРЫС деген эмне? ЫРЫСКЫ деген эмне? Ырыс – табиятта, жашоодо, өмүрдө буюрган жемиш, азык, ийгилик. Буга эмнелер кирет?
Ырыстуу адам – акылга толук жеткен, акылды баалаган, асылды таанып барктаган, коргогон, багытты кармай билген, тааный билген, жашоону ылгай билген адам. Ырыстуу адам көп болбойт. Жашоодо ырыстан тайган адам болот.
Ырыстан тайган адам – бул береке келген учурду баалабаган, береке келген учурду тааныбаган, берекени сактай албаган, берекеге кам урбаган адам. Мындай адамдар көп.Ырыска жакын адам. Ырыска жакын адам – бул ырыстуу адам менен ырыстан тайган адамдын ортосундагы адам.
Бул сүрөттөр силерге таанышпы? «Ырыс алды-ынтымак» жомогун кичине кезиңерде окугансыңар. Экинчи сүрөттөгү картина жогорудагыдай аталыштагы видеороликтен алынган. Ушу жомок менен видеороликте көргөн,окуган адамга эмнени айткысы келген?
Ынтымак — бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала — ырыстуу элдин жөрөлгөсү.
Ынтымак — ийгиликтин башаты.
Ынтымак бар жерде— ырыс бар.
Ынтымак бар үйгө ырыс түнөйт.
Ынтымак болбой, ырыс турбайт.
Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.