СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тартип- Ийгиликтин негизи

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тартип- Ийгиликтин негизи

Просмотр содержимого документа
«Тартип- Ийгиликтин негизи»

ТАРТИП – ИЙГИЛИКТИН НЕГИЗИ

Сабактын максаты:

    • Окуучуларды өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн объективдүү баалоого жана өзүнүн үстүнөн иштөөгө үйрөтүү;

    • Окуучуларды өздөрүнүн жасаган иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө үйрөтүү жана тартиптүү болууга аракет кылуусун калыптандыруу;

    • Окуучулардын тартиптүү болуу деңгээлин көтөрүү.



Керектелүүчү ресурстар:

  1. Ар бир партада актай барактар (ар бир окуучуга 2ден барак), маркерлер же фломастерлер, авторучкалар болот.

  2. Ватмандар.



Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Активдештирүү көнүгүү: «Символ»

5 мүн.

2.

Көнүгүү: «Тартиптүү жана тартиптсиз адам»

5 мүн.

3.

Көнүгүү: «Кесепеттер»

10 мүн.

4.

Көнүгүү: «Жасала турган жумуштардын жана сыйлыктардын тизмеси»

10 мүн.

5.

Көнүгүү: «Тартиптүүлүк жана уюшкандык»

5 мүн.

6.

Көнүгүү: «Күзгү»

5 мүн.

7.

Көнүгүү: «Тартиптүү болуу - бул….»

5 мүн.



45 мүн.

Сабактын жүрүшү:

  1. Активдештирүү көнүгүү:

«Символ» (5 мүн.)

Максаты: окуучуларды сүйлөтүү жана өздөрүн эркин сездирүү, жаңы маалыматты кабыл алуу үчүн атмосфераны түзүү.

Мугалим: окуучуларга креативдүүлүк деген түшүнүккө өздөрүнүн символдорун тартуусун айтат. Бул ар түрдүү нерсе болушу мүмкүн: бүркүт, компас ай, колдун беш манжасы ж.б. Андан

кийин окуучу өзүнүн тарткан символун



көрсөтүп, эмне үчүн ошол тартылган символ креативдүүлүктү түшүндүрө тургандыгын айтып берет.



Талкуулоо:

    • Кандай ойлойсуңар эмне үчүн биз сабакты креативдүүлүк көнүгүүсүнөн баштадык?



Болжолдуу жооптор:

    • Өзүңдө стандарттуу эмес ой жүгүртүүнү калыптандыруу, ошондой эле күндөлүк жашоо кубаныч алып келиш үчүн көптөгөн идеяларга ээ болуу.

Жыйынтыктоо: креативдүүлүк адамга чыгармачылык менен жашоого жана өзүңдү өзүң тарбиялоого үйрөтөт. Креативдүү инсан өзүн өнүктүрүү менен дайыма алектенет. Бүгүн тартиптүү болуу үчүн биз өзүбүздү кандай тарбиялашыбыз керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз.

  1. Көнүгүү «Тартиптүү жана тартиптүү эмес адам» (5 мүн.)

Максаты: адамдын тартиптүү жана тартиптүү эмес сапаттарын белгилөө

Мугалим: адам, коом, үй-бүлө бардыгы белгилүү бир нормаларды

жана жүрүм-турум эрежелерин сактоосу керек. Кээ бирлери мамлекет тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарда жазылган, калгандары (адеп-ахлак деп аталат) үрп- адат, каада салттарда, коомчулукта бар. Бул нормалар жана эрежелер адамда маанилүү сапатты, тартиптүү болууга тарбиялайт.

Мугалим көнүгүүнү аткаруу үчүн көрсөтмө берет.

    • Класс экиге бөлүнөт;

    • Биринчи топ тартиптүү адамдын сапаттарынын тизмесин түзөт, экинчиси тартипсиз адамдын сапаттарынын тизмесин түзөт.



Т артиптүү адам

Уюшумдуу





Токтоо

Эрежелерди сактайт



Бүгүнкү жасай турган ишин эртеңкиге калтырбайт

Башталган ишти акырына чыгарат Пунктуалдуу



Мугалим: тартиптүү адамдын кайсы мүнөздөрүнө ээ болгонду каалайт элеңер жана тартиптүү эмес адамдын кайсы мүнөздөрү силерге тартиптүү болууга тоскоолдук кылат (6-7 мүнөт ой пикирлер угулат)



Жыйынтыктоо: ар бир адамда тартиптүү жана тартипсиз адамдын сапаттары бар. Биринчи караганда тартипсиз болуу бул анча деле коркунучтуу эмес болушу мүмкүн жана көп адамдарга көрүнө бербейт. Азыр

Тартипсиз адам

Сабакка тез-тез кечигет

(жумушка байланышкан жолугушуулар);



Буюмдарын башаламан кармап жоготот же унутуп калат ж. б;

Эрежелерди сактабайт



Бүгүнкү жасай турган ишин эртеңкиге калтырат

Башталган ишти акырына чыгарбайт;



Алдына максаттарды кое албайт жана аларды орундата албайт ж.б.



келгиле бул сапаттардын болушунун кесепеттери боюнча сөз кылабыз.

  1. Көнүгүү «Кесепеттер»

(10 мүн.)

Максаты: адамдын жашоосунда тартиптүү болуунун маанисин жана тартипсиздиктин кесепеттерин көрсөтүү.

Мугалим мини-лекция өткөрөт: Тартиптүү болуу үчүн сенин жүрүм-

турумуңду башкара турган перспективдүү максат болуш керек.

Мисалы: көптөгөн балдар мектепке жөндөн-жөн эле барышат. Алар эмне үчүн окуп жаткандыгын билишпейт.

Тагыраак айтканда аттестат алыш үчүн, бирок көпчүлүгү ошол аттестат менен каякка бара тургандыгын билбейт.

Аттестаттын перспективасын, келечегин көрө алышпайт, ошондуктан аларга тартиптүүлүктүн дагы кереги жок.

Алардын оюнда сабактарды калтырса дагы болот.



Мисалы: окуучу жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшырса, каалаган университетине кире ала турганын билет. Анын жасаган аракеттери дагы ошого жараша багытталат, ал жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшыруу жана каалаган университетине кирүү үчүн мектептин программасын билүүсү керек.

Перспективдүү максат жана мотивация кыла турган максат – тартиптүү болуунун эң жакшы жолу

Тартип - жүрүм-турумдун модели, азыр эмнени каалап жатканынын эмес, эмне керек болуп жатса ошону жасоону чечсеңер бул тартиптүүлүктү

түшүндүрөт. Бул өзүңөрдүн планыңарды аткаруу үчүн керебеттен турууга мажбурлаган ички сезим. Негизги каалоолоруңар боюнча эркиңерди бекемдөө. Тартиптүү болуу менен адамдын кыйынчылыктарга физикалык, эмоционалдык, психологиялык жактан каршы туруусу жеңил болот.

Мугалим көнүгүүнү аткаруу үчүн көрсөтмө берет:

    • Класс экиге бөлүнөт.

    • Биринчи топ үчүн тапшырма:

«Тартиптүү адамдын артыкчылыгы эмнеде?».

    • Экинчи топ үчүн тапшырма:

«Тартипсиздик эмнеге алып келет?».

    • Ар бир топ презентация кылат.

Тартиптүү адамдын артыкчылыктары:

    • Силер максатыңарга жетишесиңер. Силер эгерде жасай турган иш- аракеттерди ыраатуулугу менен аткарсаңар, анда коюлган максаттарыңарга жетишүү бир кыйла жеңилдейт.

    • Өзүңөргө болгон ишенимиңер өсөт. Ар качан эмне талап болсо, өзүңөрдү ошол талапты ийгиликтүү аткарууга мажбурласаңар, анда өзүңөргө болгон ишенимиңер алдыга өсөт, өзүңөр жана жасап жаткан иш-аракеттериңер менен сыймыктанасыңар.

    • Башкалардын сый-урматына ээ болосуңар. Кандай гана адамга болбосун силердин эркиңер чоң таасир калтырат.

    • Силер башкалардын жашоосуна таасир бересиңер. Ар бир жакшы жасаган жана туура кабыл алынган кадамдарыңар силерди байкаган, силерден көз каранды болгон, силерди сүйгөн адамдарга таасирин тийгизет.

    • Өзүңөрдүн жашооңордо жакшы ийгиликтерге жетише аласыңар.

    • Жашоодо болгон канааттандыруулардан ырахат аласыңар.

Тартипсиздик эмнеге алып келет?

    • Силер максатыңарга жетише албайсыңар. Талаптагыдай эрк болбосо каалаган нерсеңерге жете албайсыңар;

    • Силер өзүңөрдү ишенимдүү сезе албайсыңар. Өзүңөрдүн жасаган иш- аракеттериңерди кандай гана актабагыла, ал жасагандар туура эмес экендиги силерге белгилүү. Башкаларды алдоого караганда өзүңдү алдоо эң жаман;

    • Өзүңөрдүн иш-аракеттериңерден көз каранды адамдардын сый-урматын жоготосуңар.

Жыйынтыктоо: тартип толук жакшы жашоонун негизи болуп саналат. Тартип

  • бул ар бир адам ээ болууну каалаган нерсе. Тартип болгондо гана, бардык калган нерсе болот.

  1. Көнүгүү «Жасала

турган жумуштардын жана сыйлыктардын тизмеси» (10 мүн.)

Максаты: окуучуларды тартиптүү болуу боюнча чечим кабыл алууларына түрткү берүү.

Мугалим: тартип силердин жашооңорго чоң таасирин тийгизет. Тартиптүү адам болуу чечимин кабыл алуу жашооңордо эң маанилүү чечимдерден болушу мүмкүн.

Эгерде тартипсиздик менен күрөшүп жатсаңар, анда эң кичине нерседен баштагыла. Бир күндө эмнелерди жасай тургандарыңардын тизмесин түзүүдөн баштасаңар болот.

Мугалим окуучулардын бардык айткан сөздөрүн жаза турган окуучуну доскага чакырат.



Мисалы:

Жасала турган иш-аракеттердин тизмеси:

    • Бут кийимди тазалоо.

    • Таштанды ыргытуу.

    • Бөлмөнү жыйноо.

    • Математика сабагына даярдануу.

    • Дил баян жазуу.

Мугалим: Ар бириңер ким тартиптүү адам болом деп чечсе, анда үйдө бир жумада же бир айда жасала турган иш- аракеттердин тизмесин түзсөңөр болот.

Ушул иш-аракеттерди аткаруу жана тартиптүү болуу үчүн, аткарылган иш- аракеттерге сыйлык берүүнү ойлоп тапкыла.

Мугалим окуучулардын бардык айткан сөздөрүн жаза турган окуучуну доскага чакырат.



Менин сыйлыктарым:

    • Киного баруу.

    • Бадырак менен телевизорду бир саат гана көрүү.

    • «Одноклассники» тармагында бир саат олтуру.

    • Музыканы бир саат угуу.



Талкуулоо:

    • Тартиптүү болуу үчүн кандай биринчи кадамдарды жасадык?

Болжолдуу жооптор:

Биринчи кадам – ушул күндөн баштап биз эмне керек жана качан керек боло тургандарды жасоодогу жоопкерчиликти моюнубузга алабыз.



Жыйынтыктоо: Бул жоопкерчиликтин алкагында силер шылтоолорду жана актанууларды өзүңөргө айта албайсыңар. Ошондо гана өзүңдө тартиптүүлүктү тарбияласаң болот. Тартип адамдын ички муктаждыгы болуп калышы керек.



  1. Көнүгүү: «Тартиптүүлүк жана уюшкандык» (5 мүн.)

Мугалим: тартиптүү жана уюшумдуу адам карьерада, үй-бүлөдө, өзүн-өзү өнүктүргөнгө жана башка чөйрөлөрдө чоң жыйынтыктарга жетишкендиктерге ээ боло алат.

Тартиптүүлүк – баштаган жумушту акырына чейин жеткирүү жөндөмдүүлүгү жана ички дүйнөңөрдөгү абалга карабай чечимдерди кабыл алуу.

Өзүнө болгон тартиптүүлүк – бул өзүнүн эрки менен өзүн багындыруусу жана эч нерсеге карабай аткаруусу. Ушул сапаттарга ээ болгон адам жашоосунда көптөгөн нерселерге жетишет.

Мисалы, мектеп окуучусу сабактарды аткарбастан компьютерде оюн

ойнойт. Бул тартипсиздик. Эгерде Азамат өзүнө сабактарды аткарып бүткөндөн кийин ойнойм деп айтса, анда бул тартиптүүлүк болот. Азамат эч качан математика сабагынан 5 маселени чыгармайынча, адабияттан

ыр жаттамайынча оюнга олтурбайт. Мындай учурда ошол мезгилдеги жагдай, өздүк каалоолор жана кызыкчылыктар башкарбай, адам өзүн-өзү башкарат.

Тилекке каршы, мындай сапаттарга ээ болуш үчүн өздүк кызыкчылыктардан баш тартканга жана жашоода дайыма тигил же бул нерсени тандоого туура келет, мисалы, бир аз убакытка дагы окусамбы же үйгө эс алганы барсамбы,

сабакты калтырып ойносомбу же сабакка барсамбы, полдорду жуусамбы же достор менен бийлегенге барсамбы. Ушуга байланыштуу көп адамдар тартиптүү болуу жана өзүн-өзү тартипке салуу эң кыйын деп ойлошот.



Уюшкандык

Уюшкандык – бул өз жумушуңу жана убактыңды пландаштыруу жөндөмдүүлүгү жана эч кайсы нерсеге алагды болбостон тапшырмаларды аткаруу. Уюшумдуулук

  • бул өзүңдүн күчүңдү жана убактыңды мыкты, сабаттуулук менен бөлүштүрүү, бул деген пунктуалдуулук жана тырышчаактык. Мындай сапаттарга ээ болгон адам карьераны дагы жасай алат, анткени ал убакытта тапшырылган жумушту аткара алат, максатына жете алат, мекеменин беделин көтөрө

алат. Тартиптүү уюшкан адам негизги тапшырмаларга көңүлүн бура алат.

Уюшкан адам эч нерсеге алагды болбойт жана өз убактысын башкара алат.

Тартипсиз адам дайыма кеч калат, эч нерсеге жетишпейт жана убакытты текке кетирет.

  1. Көнүгүү «Күзгү» (5 мүн.)

Максаты: ролдогу оюндардын жардамы менен адамдын уюшумдуу жана уюшумдуу эместигин көрсөтүү.

Мугалим эки окуучуга алдын ала көрүнүшкө даярдануу боюнча тапшырма берет. Ойноло турган көрүнүштөр.

  • Биринчи көрүнүш

Самат мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырууну чечти. Ошондуктан ал күнүгө жогорку окуу жайга кирүү экзамендерине даярданат. Уюшумдуу Самат телефонун өчүрүп, эшикти жаап, жакындарына бир нече убакытка чейин бош болбой тургандыгы жана алагды кылбоолорун алдын ала эскертет.

Уюшумдуу Самат математика, андан кийин орус тили жана тарых сабактарга даярданышы керек экендигин билет.

Эки сааттын ичинде ал бардык тапшырмаларды аткарышы керек. Кирүү экзамендери башталганга чейин ал өзүн- өзү даярдайт. Саматка окшоп өзүнүн

иш- аракеттерин аткарган адам гана өз максатына жете алат.



  • Экинчи көрүнүш

Азат – Саматтын досу. Ал бардыгын тескерисинен жасайт. Ал экзамендерге даярданып башташ керек дейт.

Компьютерге олтуруп, экзамендин суроолору бар word документти окуп баштайт. Андан кийин ага кызыктуу эмес болуп, социалдык тармакты VK.COMду ачып өзүнүн достору менен жазышып баштайт. Караса Самат гана интернетте жок. Бир саат достору менен жазышкандан кийин билеттерди окуйт жана Саматтын үйүнө барып жолугуп, чай ичип келгенди ойлойт. Ашканага барып, чай койсо, ТНТ телеканалынан телесериал болуп жаткандыгын көрөт.

Чай ичкенче ал сериал көрөт. Кеч кирет, Азат ойногону барат. Бир күн өтөт, университетке тапшыруу үчүн эч нерсе жасалган жок. Эмне үчүн, себеби Азат алагды болуп, негизги маанилүү нерсеге көңүл бурган жок.



Талкуулоо:

  • Бизге бул эки көрүнүш эмнени көрсөттү?

Болжолдуу жооптор:

  • Бул эки мисал бизге адамдын уюшумдуу жана тартиптүү болуунун маанисин түшүндүрдү. Уюшкандык

бул алагды болбой бардык нерсени өз убагында жасаганга адамга мүмкүндүк берет. Өзүн-өзү кармай билүү бул өзүңдү башкаруу. Ушул эки нерсенин айкалышы адамды ийгиликтерге алып барат.



Жыйынтыктоо: Тартиптүүлүк, уюшкандык, аткаргычтык – эмгек жана коомдук иш-аракеттер үчүн керек болгон адеп-ахлактын маанилүү сапаттары.



  1. Көнүгүү « Тартиптүү болуу - бул…» (5 мүн.)

Максаты: сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

Мугалим:

-Сабак силерге жактыбы? Эмнеси менен?

- Биздин сабактан кийин силер өзүңөрдү кандай алып жүрөсүңөр? Эмне үчүн?



Жыйынтыктоо: Көпчүлүгү ата- энелеринин, классташтарынын, өзүнүн алдында жасаган иш-аракеттерине болгон жоопкерчиликти алуу боюнча ойлонуп калгандарын белгилешет жана өздөрүн тартиптүү болууга тарбиялоону чечишет.

Мугалим окуучулардан сүйлөмдү бүтүрүүнү сунуштайт «Тартиптүү болуу – бул…»



Болжолдуу жооптор:

  • Бардыгына жетишүү.

  • Жүрүм-турум эрежелерин сактоо.

  • ж.б.