Сүйлөм – бүткөн бир ойду билдирген сөз тизмегин айтабыз.
Мисалы : Окуучулар мектепке келишти.
Грамматикалык түзүлүшүнө карай сүйлөмдүн бөлүнүшү
Жөнөкөй сүйлөм: Чокусу асман тиреген ушул тоолор не бир ажайып көрүнөт .
Татаал сүйлөм: Турар колундагы комузду миң кубулта чертип , эл аздектеп келген күүнү мыкты аткарды .
Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр бири-биринен грамматикалык түзүлүшү боюнча айырмаланышат. Жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз ( баш мүчө) болот, ал эми татаал сүйлөмдө эки же андан көп грамматикалык негиз болот.
Жер тойгузат, от күйгүзөт.
Коңур салкын күз келди.
Айкындооч мүчөлөрдүн катышына карай сүйлөмдүн бөлүнүшү
Жайылма сүйлөм: Куурай кармаган бала күчүнүн бардыгынча чуркап келатты .
Жалаң сүйлөм: Алыстан келгенде р конок болушту .
Баш мүчөлөрдүн бирөө же экөө болушуна карай сүйлөмдүн бөлүнүшү
Эки тутумдуу сүйлөм: Бала чокту тебетейине сала койду .
Бир тутумдуу сүйлөм: Анын жакшылыгын да,кемчилигин да көрөсүң.
Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр бири-биринен грамматикалык түзүлүшү боюнча айырмаланышат. Жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз ( баш мүчө) болот, ал эми татаал сүйлөмдө эки же андан көп грамматикалык негиз болот.
Жер тойгузат, от күйгүзөт.
Коңур салкын күз келди.
Татаал сүйлөмдүн өзүнө мүнөздүү грамматикалык түзүлүшү бар.Ал төмөнкүдөй жонөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт ( кашаанын ичиндеги 2 деген сан-эки тутумдуу, 1 дегени- бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдү билдтрүүчү шарттуу белги.
М:Китепти сүйгүлө, ал силердин келечек турмушуңар үчүн керек болот.(1+2)
Шарттуу белгилер менен көрсөткүлө. 1.Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло. 2.Кеңешме болот, ошого дейре уюштуруучу иштериңди жолго кой. 3.Акылы бар билимди самайт,акылы жок кийимди самайт.
Татаал сүйлөмдүн түрлөрү
1.Татаал сүйлөм – эки, же андан көп жөнөкөй
сүйлөмдөрдөн туруп, алар грамматикалык түзүлүшү, маани жана
интонациясы жактан бир бүтүндүккө биригип, бирдиктүү татаал ойду билдирет. .
Татаал сүйлөмдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара тең укукта жана маани жактан да, грамматикалык жактан да көз каранды абалда болот. Ошого жараша татаал сүйлөмдөр төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:
- 1. Тең байланыштагы татаал сүйлөм.
- 2. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм.
- 3. Аралаш татаал сүйлөм.
- Татаал сүйлөмдөр тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара байланышуу өзгөчөлүктөрүнө жана ал сүйлөмдөрдүн ортосундагы маанилик катыштын мүнөзүнө карай
-
- а)тең байланыштагы татаал сүйлөм
- б) багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп эки чоң топко бөлүнөт.
Тең байланыштагы татаал сүйлөм
- Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине грамматикалык жактан багынбай, өз ара тең даражада байланышып, синтаксистик түзүлүшү, мааниси жана интонациялык жактан бир бүтүн бирдикти түзүп турган сүйлөмдөр тең байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.
Кылыч жарасы бүтөт , тил жарасы бүтпөйт.
Баш кесмек бар , тил кесмек жок.
Жакшы сөз жан эргитет , жаман сөз жан кейитет. (макал)
Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр төмөнкүдөй жолдор менен байланышат :
- 1)интонация,
- 2)байламталар.
- Мисалы: Адамдын бийлигин жоготуп койгону аянычтуу эмес, абийрин жоготуп койгону аянычтуу.
Ар дайым акыл издеген адамды акылдуу десе болот , ал эми акылдуусунганды – акмак десе болот.
Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот, бирок абийрин эч ким ача албайт.
Дүйшөн бул сүрөттү көптөн бери алып жүргөн болуу керек, себеби кагазы эскирип калган болчу. (Ч.А.)
- Мына ушундай өзгөчөлүгүнө карай тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр
а) байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм жана
б) байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм болуп экиге бөлүнөт.
Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм
Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара интонация аркылуу байланышын байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм дейбиз.
Мисалы:
Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм.
Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм деп –татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр байламталар аркылуу байланышып, бирок өз ара тең укук абалда болуп түзүлөөрүн айтабыз.
Мисалы:
Анатай экөө а күнү жарашкан жок, бирок катар жүрүп иштей беришти. (Ч.А.)
Окуу деген эң сонун, а сиз эмне окубайсыз?
Тапшырмалар
- Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй
сүйлөмдөрдүн ортосуна тиешелүү тыныш белгилерди койгула.
Жыгылып түшкөндөй болду бирок аны капарга алар чак жок. Жаш жигит жым дей түштү ансыз деле конторанын
иштери боюнча бул баары бир Ионвилге бармак. Тарткан сүрөтүм кандай болот мен али билбеймин. Адамды кийиминен тааныбайт ишинен тааныйт. Субанкул келип тамактанды да түндөп айылга кетти.
Макалдарды толуктап көчүргүлө. Сүйлөмдүн кайсы түрү? Сөз айкашы боюнча талдоо жүргүзгүлө.
- Көп жашаган билбейт, ……….
- Үйдө чечен ……….
- Кылыч жарасы бүтөт, ………
- Баатыр кол баштайт, ………..
- Киши жаманы кирип чыкканча билинет,
Жаман жолдош жоого алдырат, ………..
Аргымак мойнун ок кесет, ………
- Укпайт деп ушак айтпа, ……….
- Акыл жугат, ………..
- Адамзатты сөз бузат, ………..
- Жаман атка миң камчы, ………..
- Билимдүү миңди жыгат, …………
- Жакшы сөз жан сергитет, …………
- Жаз жарыш, ………….,
- Үйдө баатыр, ………..,
- Момун чынды сүйөт,………….
Төмөндөгү сөздөрдү катыштырып тең байланыштагы байламтасыз татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө жана аларга синтаксистик талдоо жүргүзгүлө .
Максат, айыл кечи, элдин турмушу, бак, самоор, береке, жакшы, ток, жашыл, үйүм, китеп, жылкычылар, идиш-аяк, күтөм, маалымат, асыз зат, кайрымдуулук, өттү, береке, даңгыр жол, коом, жылдык отчет, айлык акы.
Көп чекиттердин ордуна тиешелүү байламталарды коюп, сүйлөмдөрдү көчүргүлө. Жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара кандай мааниде колдонулганын айтып бергиле.
Султанмурат азыр кызды дагы бир карады …, аны абдан аяп кетти. Муну укканда мен ордуман ыргып турдум, …. Дүйшөн Сайкал кемпирдин үйүндө турчу. Чоң эненин көздөрү саал күлүмсүрөй түштү, … аны Динар байкай албады. Чоң эне Оморго бир топ сөздөрдү айтты…, жаңы отурган Сабырга бурулду. Силер эл көзүнө көрүнөсүңөр, … атак-даңкка ээ болосуңар. Бала бир далайга чейин унчуккан жок, … Сатардын айтканына абдан кызыкты. Ташпай Айтикеге акырая бир карады…, калың өрүктү аралап кетти.
2. Берилген татаал сүйлөмдү мааниси боюнча толуктагыла.
______даңкы менен_______ өтөт_______даңкы менен______өтөт. (макал)
А) Касапчы//эт, дүкөнчү//товар.
Б) Таразасы// үн, айыл// эр.
В) Соодагер// бөз, ата// кыз.
Г) Жеңе// кыз, устат// шакирт .
5. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы түгөйлөр өз ара кандай каражаттар аркылуу байланышат?
А) мүчөлөр жана жандоочтор аркылуу
Б) байламталар жана жандоочтор аркылуу
В) интонация жана байламталар аркылуу
Г) интонация жана жандоочтор аркылуу
4. Жакшы таап сүйлөйт, жаман каап сүйлөйт . Татаал сүйлөмдүн түрүн белгилегиле.
А) багыныңкы
Б) байламталуу
В) тең байланыштагы