СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Татаал сүйлөмдөр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Татаал сүйлөмдөр»


Сабактын иштелмеси


Предмет: Кыргыз тили Классы: 5 Чейреги:2

Сабактын темасы: Татаал сүйлөм.



Негизги компетентүүлүктөр:

Предметтик компетентүүлүктөр:

Маалыматтык

Тил таануучулук

Социалдык коммуникативдик

Кептик (коммуникативдик)

Өзүн-өзү уюштуруу жана учурунда кырдаалга карата көйгөйлөрдү чечүү

Маданият таануучулук


Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү:

Максаттарга жетүү дейбиз эгерде окуучу...

  1. Билим берүүчүлүк максаты:

Татаал сүйлөм, анын түзүлүшү тууралуу

Маалымат алышат.

-татаал сүйлөм, анын түрлөрү жөнүндөмаалымат алышса;

  1. Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Татаал сүйлөмдү түзүп турган жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара байланышуу жолдорун билишет.

-татаал сүйлөмдү түзүп турган жөнөкөй

сүйлөмдүн байланышуу жолдорун билсе4

  1. Тарбия берүүчүлүк максаты:

Сүлөмдүн маанисин талдап, татаал сүйлөм түзүүгө көнүгүшөт.

-сүйлөмдүн маанисин талдап түшүнсө;

-сүйлөм түзө алышса;


Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү


Сабактын формасы: Аралыктан окутуу


Сабакта колдонуган интерактивдүү ыкмалар: айтып берүүчүлүк, түшүндүрүүчүлүк


Сабакта колдонуган каражаттар: окуу китеби, сүрөттөр, слайд, аудио


Предмет аралык байланыш: адабият, сүрөт, музыка, адеп ж.б.


Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары

Убакты

сы

Мугалидин иш- аракети

Окуучунун иш-аракети

1

Уюштуруу

(мотивация)

2мин.

Окуучулар менен саламдашат. Окуучуларды толуктайт.Жагымдуу маанай тартуулай.

Мугалим менен саламдашат. Сабакка катышып жатканын билдирет.

2

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу


Үй тапшырма

3 мин.

Өткөн сабакты кайталоо максатында окуучулар жөнөкөй сүйлөмдү талдоо боюнча эске алышат.

Берилген суроолорго жооп беришет.

Мугалимдин суроолоруна окуучулар билим-билгичтик жөндөмүнө карай жооп беришет.

3

Сабактын темасы, максаты жана күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштыруу

3мин

Сабактын темасы, максаттары, күтүлүүчу натыйжалар жөнүндө айтат жана сабакты активдештирет.

Окуучулар активдүү болууга жана максаттарга жетүүгө умтулушат.

4

Жаңы тема


Жаңы сөздөр

20мин

Сабакты баштардан мурда акыл чабуулу аркылуу адашкан тамгалардан сөздөрдү кураштыруу болот. Бул жерде катылган сөздөр (сабак,китеп,макал). Татаал сүйлөм деген эмне?

Эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөрдөн туруп, бир ойду билдирген сүйлөмдөр татал сүйлөмдөр деп аталат. Демек татаал сүйлөм болуш үчүн анын тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосунда маанилик катыш болуусу керек.

Мисалы: Адамдын көркү-адеп жана сабак башталды деген жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосунда эч кандай маанилик байланыш жок. Ошондуктан бул сүйлөмдөн татаал сүйлөм түзүүгө мүмкүн эмес.

Мисалы: Ким досун алдаса, ал өзүн алдайт.

-Бул татаал сүйлөмдүн тутумунда төмөнкүдөй эки жөнөкөй сүйлөм бар.

1.Ким досун алдаса

2.Ал өзүн алдайт.

Мугалим тараптан берилген суроолорго жооп берүү аркылуу тапкычтыгына көнүгүү жасашат.


Мугалимдин айткандарына көңүл буруп түшүнүп, эреже мисалдарды дептерлерине кыскача баяндап жазышат.


Эгер тема боюнча айрым жерлерине түшүнбөй калса, мугалимден сурап түшүнүүгө аракет кылат.



-Татаал сүйлөмдөр эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөн туруп бир ойду берерин түшүнөт.

5



Сабакты бышыктоо



Кайтарым байланыш


Окуучулар көрсөтүлгөн сүрөттөргө өз ой жүгүртүүсү менен татаал сүйлөмдөрдү түзүшөт.



Көнүгүү иштешет. 171- көнүгүүдө берилген сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүн аныкташат.

Өз алдынча көрсөтүлгөн сүрөттөргө татаал сүйлөмдөрдү түзүшөт. Берилген көнүгүүнү аткарышат. Андагы тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн байлануу жолдорун айтып беришет.

6

Сабакты жыйынтыктоо баалоо


Бүгүнкү сабактан кандай жаңы маалыматтарды алдыңар?

Максатыбызга жеттикби?

Тактайлы, баалайлы.

Алган маалыматтары боюнча өз ойлорун айтуу менен бирге талкуу жүргүзүшөт.

7

Үйгө тапшырма берүү


174-көнүгүү

Үй тапшырманы жазып алышат.








Мугалим: С. Эрменбаева