Просмотр содержимого документа
«Таза заттар жана аралашмалар.Аралашмаларды бөлүү ыкмалары»
№2 форма
Сабактын план-конспектиси
8а-КЛАСС
Предмет: Химия
Сабактын темасы : Таза заттар жана аралашмалар.Аралашмаларды бөлүү ыкмалары
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы
Колдонулган методдор: көрсөтмөлүүлүк
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөттөр ж.б.
№ | Максаты: |
1. | Билим берүүчүлүк | Окуучулар таза заттар жана аралашмалар жөнүндө түшүнүк алышат. |
2. | Өнүктүрүүчүлүк | Аралашмалардан таза заттарды бөлүп алуу жолдорун үйрөнүшөт. |
3. | Тарбия берүүчүлүк | өз чечимин жана башкалардын пикирлерин кабыл алып, жоопкер-чиликтүүлүккө, сабырдуулукка, өз оюн эркин билдирүүгө тарбияланышат |
Сабактын журүшү :
№ | Сабактын этабы (убактысы) | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүулүгү | Компетенттүүлүк | Баалоо (калыптандыруучу баалоонун ыкмасы) эскертүү |
Негизги (НК) | Предметтик (ПК) |
1 | Уюштуруу: 1.1.Саламдашуу | Саламдашат,окуучулардын катышуусун тактайт.Эдупейжге жоктойт. | Саламдашат, -окуу куралдарын даярдайт | НК3 | | Маанай |
1.2.Шыктандыруу | Жагымдуу маанай түзөт. | Жагымдуу маанайда сабакка катышат. | НК2 | ПК3 | |
2 | Үй тапшырмасын текшерүү | 1.Химиялык элементтердин мезгилдик системасын ким негиздеген? 2.Мезгилдик системанын кандай формаларын билесиңер? 3.Салыштырмалуу молекулалык массаны кантип эсептейбиз? | Суроого жооп беришет. Көнүгүүлөрдү доскага иштешет жана дептерге жазышат. | НК2 | ПК3 | Формативдик |
3 | Жаңы теманы түшүндүрүү | Өтүлгөн теманын негизги элементтерин кайталоо менен жаңы теманы байланыштырып, окуучуларга кеңири маалымат берет.Эдупейжге теманы белгилейт. | Окуучулар теманы кунт коюп угушат жана түшүнүшөт, ой жүгүртүшөт, факт, эреже, закондорго ээ болушат | НК1 | ПК2 | |
4 | Практикалык иш | Аралашмалардан таза заттарды бөлуп алуу ыкмаларына мисалдар келтиришет. | Дептерге жазышат жана эсте тутууга аракет жасашат. | НК1 | ПК2 | |
5 | Бышыктоо | 1.Аралашманы жана таза затты бөлүүнүн ыкмаларын мүнөздөп бергиле. 2. Төмөнкү аралашмаларды кантип бөлүшөт: а) спирт менен суунун; б) кум менен канттын; в) темир менен жез күкүмдөрүнүн; г)суу менен бензиндин? 3. Жаратылыштагы кендерден кантип таза туз алышат. | Түшүнбөгөн суроолорун беришет. | НК2 | ПК3 | суммативдик |
6 | Баалоо | Окуучуларды билимине жараша баалайт. Эдупейжге да баа коёт. | Күндөлүктөрүнө баа койдурушат. | НК2 | ПК3 | суммативдик |
7 | Үй тапшырмасы | § 7 окуп келүү. Эдупейжден тапшырманы жөнөтөт. | Күндөлүктөрүнө тапшырманы жазышат. | | | |
8 | Жыйынтыктоо рефлексия | Тема боюнча ойлорун айтып беришет. | Эсептеп үйрөнүшөт. | | | |
Жаңы тема:
Белгилүү бир шартта туруктуу физикалык касиеттер менен мүнөздөлгөн, тынч абалда тиешелүү массага ээ болгон бөлүкчөлөрдүн туруктуу тобу зат деп аталат. Ар бир зат бир түрдүүлүгү жана курамынын туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Бир түрдүү берилген зат өзүнүн бардык массасында бирдей касиетке ээ дегендикти түшүндүрөт.
Зат тазалыгы, физикалык константаларынын көрсөткүчтөрү менен аныкталат, эгерде зат таза болсо, анын физикалык касиеттери (эригичтик, балкып эрүү жана кайноо температуралары, тыгыздыгы ж. б.) турактуу сандык маанилерди көрсөтөт.
Мисалы, сырткы атмосфералык басым ρ = 1 атм. болсо, анда таза суу 100° С кайнайт, 0° С тоңот жана 4° С анын тыгыздыгы максималдуу ρ = 1 г/см барабар болот.
Жаратылышта заттар көбүнчө аралашма түрүндө кездешет. Таш, топурак, жыгач, бетон, чоюн ж. б. объектилер бир нече заттан тургандыгын жөнөкөй көз же башка куралдын жардамы менен көрүүгө болот.
Мисалы, куймалар бир түрдүү болгону менен алардын курамы өзгөрмөлүү болот, демек, касиеттери курамына жараша өзгөрөт. Аралашмалар бир өңчөй - гомогендүү болгону менен таза затка жатпайт. Жаратылыш суусунда туздар менен газдар аралашмасы болот. Заттар аралашмасынын ар бири таза заттар сыяктуу эле белгилүү касиетке ээ болот, бирок ал касиет аралашмадагы таза заттардын массалык катышына жараша өзгөрөт. Кээ бир учурларда физикалык методду колдонуп, зат таза же аралашма экендигин аныктоого болот. Эгерде таза сууга кайнатма тузду эритсек, анда анын кайноо температурасы жана тоңуу температурасы өзгөрөт. Туздуу суу жогорку температурада кайнайт жана төмөнкү температурада тоңот.
Химиялык өнөр жайларда өндүрүлгөн продуктуларда кандайдыр бир өтө аз өлчөмдө болсо да аралашмалар болот. Бул аралашмалардын өлчөмү атайын мамлекеттик стандарт менен кабыл алынат. Аралашмалар бир тектүү жана бир тектүү эмес болуп бөлүнөт: бир тектүү аралашмаларды түзгөн бөлүкчөлөрдү микроскоптун жардамы менен аныктоого мүмкүн эмес.
Мисалы, газдар аралашмасы, кайнатма туздун суудагы эритмеси. Ал эми бир тектүү эмес аралашмаларды микроскоптун жардамы менен көрүүгө болот.
Мисалы, кан бирдей кызыл суюктук. Микроскоп менен караганда кызыл, аккан денечелерден тургандыгын көрүүгө болот, ал эми тоо породалары, топурак, таш ж. б. сыяктуу кесек аралашмаларды көрүп эле ажыратууга болот.