Сабактын темасы: ТЕКСТКЕ АТ КОЮУ (Тема же негизги ойго байланыштуу)
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: текст боюнча алган билимдерин тереңдетишет.
Өнүктүрүүчүлүк: тексттеги негизги ойго байланыштуу тема коюуга үйрөнүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга жана өз оюн эркин сүйлөөгө тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ... а) текст боюнча алган билимдерин тереңдете алса;
б) тексттеги негизги ойго байланыштуу тема коюуну үйрөнсө;
в) топтордө иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса жана өз оюн эркин айта билсе.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
текстте сөз болуп жаткан нерсенин аты (темасы) катары ар түрдүү заттар, буюмдар, жаратылыштын көрүнүштөрү, адамдардын жана айбандардын аттары келиши мүмкүн экендигин талдап түшүнөт;
текстке ат коюу – анда айтылып жаткан ойго байланыштуу экендигин билет.
Кептик компетенттүүлүк:
берилген тексттин темасын таап, негизги оюн ажыратат, текстке ат коет;
тексттердеги негизги ойду жана тексттин түзүлүшүн ажыратат;
тексттерди түзүп турган сүйлөмдөр ич ара тема жана негизги ой болуп эки бөлүктөн турарын түшүнөт;
Маданий компетенттүүлүк:
теориялык билимдерин жазуу жана сүйлөө ишмердүүлүгүндө пайдаланат;
текстке байланыштуу ой жүгүртө алат;
сүйлөө кебинин мазмундуу болуусуна аракеттенет.
Сабактын тиби: алган билимди чыңдоо сабагы.
Сабактын методу: түшүндүрүүчүлүк-иллюстрациялык метод.
Колдонулуучу ресурстар: флипчарт, методикалык колдонмо.
Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу
Өтүлгөн теманы кайталоодо окуучуларга флипчарттар таратылып, ан- дагы тексттерди окуп, мазмунуна жараша темасын аныкташат.
«Манас» – бул дүйнөлүк маданияттын туу чокусунда турган керемет дүйнө, адамзатты таң калтырган улуу мурас. Элибиздин жашоо-турмушунун энциклопедиясы, байыркы тарыхы. Ал аркылуу үзүлгөнүбүз уланып, чачылганыбыз жыйналып, өзүбүздү-өзүбүз өзгөгө теңеп, төгөрөгүбүз төп болуп турат. Чындыгында ыр түрүндөгү жазылган жана оозеки айтылган мындай көлөмдүү чыгарма дүйнө элинде жок.
Уулу шаардан айылдагы атасыныкына келди. Атасы: «Ырас келбе- диңби? Жүрү, тиги тырмоочту алып, мага жардам бер», – деди. Бирок уулу жумуш кылгысы келбеди. «Мен билим алып келдим. Дыйкандардын сөздөрүнүн баарын унутуп калыптырмын. Тырмооч деген эмне?» – деди. Ушинтип коюп, ал жаңы эле короого кирип баратып, тырмоочту басып алды. Тырмоочтун сабы анын башына бир тийди. Ошондо ал чекесин ба- сып: «Кайсы макоо тырмоочту бул жерге таштап койгон!» – дептир.
Мында окуучулар тексттин эң кичине бирдиги сүйлөм экендигин, текстте айтылып жаткан ой-пикирлер сөз болуп жаткан нерсенин айлана сына топтоштуруларын, ал эми тема – бул тексттин жалпыланган мазмуну экендигин айтып бере алышат.
Жаңы теманы түшүндүрүүдө мугалим төмөндөгүлөргө токтолот: Текстте сөз болуп жаткан нерсенин аты катары ар түрдүү заттар,
буюмдар, жаратылыштын көрүнүштөрү, айбандардын жана адамдардын аттары келиши мүмкүн.
Тексттин темасынын (кептин түрлөрүнө карата ) колдонулушу эркин болот.
Бир гана теманы аныктаган текст – кептин бир канча түрү аркылуу түзүлө берет.
Окуучулар жашаган айылы, шаары, анын көрүнүшү, андагы жашаган адамдар жөнүндө баяндап текст түзүшөт жана текстке ат коюшат. Ошондой эле даяр тексттер сунушталуу менен, ага ат коюшат. Мындан тыш- кары,, берилген тексттин маанисине, андагы негизги ойго карап, текстти андан ары улантып жазышат.
Окуу китебиндеги 20–21-көнүгүүлөр мугалимдин тандоосу менен топторго бөлүнүп аткарылат. Мында окуучулар өздөрү жашаган айыл, шаар, анын көрүнүшү, андагы жашаган адамдар жөнүндө баяндап текст түзүшөт жана ага ат коюшат, же болбосо берилген текстти окуп чыгып, ага ылайыктап темасын аныкташат.
Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар 22-көнүгүүдөгү текстти маанисине карап улантып жазуу менен, негизги ойго байланыштуу тексттин атын аныкташат.
Өзүн-өзү текшерүү үчүн төмөнкүдөй суроолор берилет:
Тексттеги негизги ой дегенди кандай түшүнөсүң?
Негизги ой менен тема байланышта болобу? Эмне үчүн?
Окуучулардын билимдерин баалоонун критерийлери:
көнүгүү, тапшырмаларды туура аткаруусу;
берилген суроолорго жооптордун тактыгы жана жеткиликтүүлүгү;
текст түзүп, темасын коё билиши.
Үй тапшырмасы катары 23-көнүгүү берилип «Достук» деген темада чакан текст түзүшөт.