Просмотр содержимого документа
«Тексттеги негизги ой»
Саламатсыңарбы!
Кыргыз тили
Сабактын темасы:
Тексттеги
негизги ой. Сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдору.
Сабактын максаты:
Тексттеги негизги ойдун мааниси, өнүгүшү жана сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдорун билишет.
Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдорун туура колдонуу менен текст түзүүгө көнүгүшөт.
Ар бир текст өзүнүн мазмунуна жараша белгилүу теманы түзөт.Тема деген –тексттин мазмунуна коюлган ат, тексттин эң маанилүү өзөгү,тексттин жалпыланган мазмуну.
Тексттеги сүйлөмдөр анын жалпы темасы менен гана байланышпастан, андагы негизги идея, негизги ой менен да байланышат.
Тексттин темасы менен негизги ойду ажырата билүү керек.
Текстте эмне жөнүндө айтылса бул маалымат тема, текстте эмне, кандай мазмун берилсе , бул тексттин негизги ою . Тема да, негизги ой да тексттин сүйлөмдөрүн бириктирет, маанилик бүтүндүк берип турат.
Тексттеги негизги ой.
Ар бир текстте бүткөн, маанилүү ойдун болушу мүмкүн. Негизги ойсуз, окуясыз тексттин болушу мүмкүн эмес. Мисалы, Атам түш ченде шаарга кеткен.Эртең кеч келет. Ошон үчүн мен бүгүн бакчаны кайтарып калдым. Эч жакка барганым жок. Досторум келип, кечке жуук үйлөрүнө кетишти. Мен «Кычан» деген китепти окудум. Китеп абдан кызыктуу жазылган экен. Негизги ойго карай текст абзацтарга бөлүнөт.
Тексттеги сүлөмдөрдүн байланышуу жолдору
уланмалуу (чынжырлаш) байланыш
Удаалаштык (жарыш) байланыш
уланмалуу (чынжырлаш) байланыш
4.
3.
1.
2.
Мисалы, Жапар алга карай жүгүрдү.Анын артынан жоокерлер да чуркашты.Жапардын кыйкырыгы аларга дем-күч берди. Жоокерлер Жапардан калбай кетип баратышты. (К.Б.)
Удаалаштык (жарыш) байланыш
1.
2.
6.
3.
5.
4.
Мисалы, Биздин ушул тоолордо: аркар,кулжа,аюу,жолборс,бугу, маралдар бар. Алма, жүзүм,кызылча, жаңгак да биздин тоолордо өсөт. Элдин миңдеген койлору, жылкылары, уйлары ушул Ала-Тоодо багылат. Ала-Тоонун байлыгы, суулары, токойлору-элдики, биздики.
Үйгө тапшырма:
14-көнүгүү
Окуу китептеринен, көркөм адабияттан уланма, жарыша байланыштагы суйлөмдөрдүн тизмеги боюнча өз алдыңарча көнүгүү иштеп. Жазуу жумуштарына көнүгүу жасагыла.