Сабактын темасы: Тексттин тузулушун аныктоо, компоненттерин салыштыруу
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар текст тузулушторунун турлору тууралуу маалымат алышат.
Онуктуруучулук: Окуучулар даяр тексттен анын тузулушунун турлору боюнча топ ичинде иштей алышат, биргеликте талкуулашат. Ар бир абзацтан тексттин туура тузулушун таба алышат.
Тарбиялык: Окуучулар бири-биринин оюн уга билууго, текст боюнча иштоодо анын эрежелерин орду менен колдонууга тарбиялык багыт алышат.
Сабактын тиби: билим-билгичтиктерин, кондумдорун калыптандыруу
Сабактын усулу: топтор менен иштоо
Сабактын жабдылышы: даяр тексттер
Сабактын журушу:
Мугалимдин созу: Саламатсынарбы, балдар. Биз бугунку сабагыбызды текст менен таанышуудан баштайбыз.
1-кадам. Ар бир топко даяр тексттер таратылып берилет. Алар текст менен таанышат.
Мугалимдин созу: Ар бир текст кандайдыр бир тузулушко ээ болот. Ал тузулушту туура табуу текстти жакшыраак тушунуп, автордун оюн тагыраак билгенге шарт тузот. Тексттин тузулушундо компоненттер(элементтер, болуктор) болот. Кобунчо бул компоненттердин милдетин абзацтар аткарат. Ар бир компонентти бир гана соз менен билдируу жана аларды салыштыруу аркылуу текстке толук анализ кылынган болот.
Маселе жана аны чечуу. Мында, мисалы, бир абзацта маселе айтылса, кийинкисинде аны чечуу жолу сунуш кылынат.
Ойду төгүндөө. Айтылган ой кийин туура эмес болуп чыкса, демек, ой төгүндөлгөн болот.
Салыштыруу жана карама-каршылыгын табуу. Мындай тексттерде ойлор жон гана салыштырылышы мумкун, же андагы карама-каршы ойлор билдирилиши мумкун.
Себеп-натыйжаны аныктоо. Мындай тузулуш текттин бир болугундо окуянын себеби айтылса, экинчисинде натыйжасы билдирилген учурду корсотот.
Тезисти далилдоо. Бул жерде далилдоого сунуш кылынган пикир далилденет.
Тизмелөө. Бул жерде тексттин негизги ою айтылып, андан сон ага тиешелуу окуялар, теориялар, жоромолдор, мисалдар ж.б. компоненттер катары менен берилет.
Түшүндүрмө берүү. Бул тузулушто автор бир тушунукко теренирээк тушундурмо берет. Башкача айтканда, тексттин башында соз кылынган маселе, ой, жоромол, факт ж.б. жакшылап тушундурулот.
Ырааттуулук. Тексттин мындай тузулушундо окуялар, кубулуштар ж.б. кандайдыр бир иретке салынып, биринин артынан экинчиси берилет.
Булар ар бир текстте ар кандай колдонулуп кээ биринде бир нече тексттин тузулушу камтылышы мумкун.
Тексттин тузулуштору ар кандай болушу мумкун. Бул темага жана автордун оюна жараша озгорот.
2-кадам. Ар бир топко 2 абзацтан турган чакан текст берилет. Топ мучолору 1-абзацтын мазмуну менен 2-абзацтын мазмунунун ортосундагы катышты табышат жана аны чечмелеп айтып беришет.
Текст.
Электр унаалары эң мыктылардан болуп эсептелет. Себеби, алар табиятка эч кандай зыян келтирбейт, ошондой эле аны колдонгон адамдар да куйуучу майга кортокончолук акча сарпташпайт. Ошондуктан мындай унаалар май менен жургон унаалардан кыйла бышык жана оңтойлуу экендиги байкалат.
Электр унааларын ушунчалык пайдалуу экендигине карабастан алардын бугунку кундо адамдар арасында кенири колдонулбагандыгы баарына маалым. Мунун эң биринчи себеби алардын батареясынын чыдамдуу болбогондугу. Натыйжада, алар узак жолго чыкканга ьжондомсуз. Алардын бара алган эң чоң узактыгы – 160 чакырым. Анын үстүнө, алардын батареяларын кайра толтуруу атайын станцияларда кылынат да, жок эле дегенде, 3 саат алат.
Жооп варианттары:
А) себеп жана анын натыйжасы
Б) маселе жана аны чечуу
В) пикир жана аны тогундоо
Г) тезис жана аны далилдоо
Туура варианты: В варианты
3-кадам . Окуучуларга алгачкы берилген текст менен иштоо сунушталат. андан окуучулар тексттин тузулушун, абзацтар ортосундагы байланыштарды табышат.
Адамдардын алсыздыгы ( 2-текст)
Акыркы кылымдарда белгиленгендей адамдар табиятты толугу менен башкаруу кучуно ээ болду деген тушунук бар. Мындай коз караштын натыйжасыз болгондугун байкабай коюу туркойлук эмеспи? Албетте, канчалык окумуштуулар, тарыхчылар технологиялар аркылуу адамзаты кандайдыр бир зардеге ээ болгондугун далилдешпесин, баары бир бул тушунук негизсиз.
Окуу жайларында окуучуларга Ренессанс доорунан баштап адамдар ойгонуп, илимий ачылыштарга кубо болгондугун белгилеп, мурда адамдар жанылып жургондукторун уйротот. Мындай билим адамдардын табият менен болгон мамилесин бузуп, табиятка аяр мамиле кылуу керектигин билуугокедерги болот. Демек, туура билим туура берилмейин, адам баласы озунун гана кучуно таянып журуп, бир куну чон ката жасап коюшу мумкун.
Калыптанып калган мээ оной менен жанылыктарды кабыл ала бербейт, башкача айтканда жашы улгайып калган адамдар жаштайында кандай билим алган болсо, кийин деле ошондой багытта жашап журо беришинин ыктымалдуулугу кобуроок. Ошондуктан, билимди туура беруу жашыраактардан башталат. Табиятты кантип сактоо керектигин, кандай кылганда илим жагынан дагы онугуп, табиятты да бузуп албоого болот деген суроолордун жоопторун жаштарга жеткируу керек.
А бирок, жаштарга ким таалим берет? Албетте, улуу муун. Ал эми улуу муунга жакшы ишенуу корсотпой жатсак, анда кайтып келип эле мурунку таризге тушот окшойбуз го. Арийне, мындай маселе чыкпай койбойт. Натыйжада, жалан жаштарга таянып, алардын убактысын кутуп отуруу маселенин чечилишине оболго болбойт корунот.
Демек, эски ойлордон арылуу ар бир адамдын ой жугуртуусуно байланыштуу бейм? Себеби ар бир адам - жаратылыштын бир болугу. Ар бир адам жаратылыш менен гармонияда жашоо жолун озу ойлоп, озу таап, билбегендерге уйротуусу керек эмеспи? Ал эми жаратылыш менен гармонияда болуу, албетте, адамдардын, улуттардын ортосундагы жылуу мамилелерден башталат.
Тексттин тузулушун тапкыла.
Абзацтардын ортосундагы байланыштарды тапкыла.
Бышыктоо суроолору:
Тексттин ортосунда кандай байланыштар бар?
Үйго тапшырма: Текст таап анын тузулушунун турлорун таап келуу
Окуучулардын ишин баалоо.
С. Каралаев атындагы жалпы орто билим беруу мектеби
Ачык сабак
Тема: Тексттин түзүлүшүн аныктоо, компоненттерин салыштыруу
Предмети: Кыргыз тили
Класс: 11-класс
Мугалим: Акатова А