Тема: Ат атоочтун жөндөлүш өзгөчөлүктөрү
Сабактын тиби: Билимди, билгичтиктерди калыптандыруу сабагы
Сабактын формасы: интерактивдүү
Сабактын методдору: аңгемелешүү, суроо-жооп,китеп менен иштөө, интерактивдүү ыкма
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөт.
Сабактын максаттары
|
Көрсөткүчү
|
Маалыматтык
|
Ат атоочтун жөндөлүш өзгөчөлүктөрү жөнүндө “Таш бака менен бугу чыгармасы” аркылуу түшүнүшөт. Көнүгүү аткаруу менен түшүнүктөрүн бекемдешет.
|
Ататоочтун жөндөлүш өзгөчөлүктөрү жөнүндө “Таш бака менен бугу чыгармасы” аркылуу түшүнүшсө. Көнүгүү аткаруу менен түшүнүктөрүн бекемдешсе.
|
Социалдык-
Коммуникативдик
|
Ой жүгүртүүсү, байланыштуу кеби өсөт. Жазуу көндүмдөрү калыртанат.
|
Ой жүгүртүүсү, байланыштуу кеби өссө. Жазуу көндүмдөрү калыртанса.
|
Өз алдынча уюштуруу,көйгөйлөрдү чечүү
|
Билимге умтулууга тарбияланышат.
|
Билимге умтулууга тарбияланышса.
|
Сабактын жүрүшү
|
Сабактын этабы
|
Мугалимдин ишмердүүлүгү
|
Окуучунун ишмердүүлүгү
|
Компет.
|
НК
|
ПК
|
Уюштуруу:
|
Мугалим окуучуларды сабакка даярдап, жагымдуу маанай түзөт.
|
Окуучулар жагымдуу маанай түзүүгө катышат, ага жардам беришет.
|
НК2
|
|
Үй тапшыр
маны суроо
|
5-көнүгүү. Тушоо той жөнүндө жазган окуясын текшерет.
|
Окуп беришет.
|
НК1
НК2
НК3
|
ПК3
ПК2
|
Жаңы темага өбөлгө
|
“Таш бака менен бугу” чыгармасы эми эмне болот деп ойлойсуңар?
Ким утат? Эмнеге?
|
Ойлорун айтышат
|
НК3
НК2
|
ПК4
|
Жаңы тема
|
Чыгарманын экинчи бөлүгүн окуу.
1-көнүгүү. Тексттеги окуяны, окуянын каармандарын, окуя болгон жерди жана каармандарын айттырат.
Канча жөндөмө бар?
Атап бергиле.
Мугалим түшүндүрмө берет:
Ал,бул, деген ат атоочтор өз алдынча жөндөлгөндө уңгуда өзгөрүүлөр болот.
Мисалы: ал, анын, ага, аны, анда, андан. Ал эми зат атоочтор менен бирге жөндөлгөндө өзгөрүүгө учурабайт. Мисалы:
А.Ким? Ал окуучу.
И. Кимдин? Ал окуучунун.
Б. Кимге? Ал окуучуга
Т. Кимди? Ал окуучуну.
Ж. Кимде? Ал окуучуда.
Ч. Кимден? Ал окуучудан.
|
Окуп чыгышат.
Айтып беришет.
Угушат, көрүшөт,түшүнүшөт.
|
НК1
НК3
НК2
|
ПК2
ПК5
|
Бышыктоо
Эс алуу көнүгүүсү
|
2-Көнүгүү. Алгач тексттин бул бөлүгүндөгү ат атоочторду да тапкыла. Суроо берип, кайсы жөндөмөдө экенин аныктагыла.
Үлгү : сен-ким? Атооч.
Көнүгүү аткартат.
3-Көнүгүү.Тексттеги ат атоочторду бардык жөндөмөдө жөндөгүлө.
Үлгү: Атооч-сен
Илик-сенин
Барыш-сага
Табыш- сени
Жатыш –сенде
Чыгыш-сенден
4-көнүгүү.Сөз оюнун уланткыла.
|
Мен –ким? Ат атооч.
Мени –кимди? Табыш.
Мага-кимге? Барыш.
Сени – кимди? Табыш.
Сага-кимге? Барыш.
Биз- ким? Атооч.
Көнүгүү аткарышат.
Мен деген сөздү да жөндөшөт.
Мен-менин-мага-мени-менде-менден
Сен,сиз,ал деген сөздөргө топтордо сөз оюнун улантышат.
|
НК3
НК2
НК3
НК2
|
ПК1
ПК3
ПК1
ПК3
|
Жыйынтыктоо
Баалоо
Үй тапшырма
|
Ат атоочтун жекелик түрүн айтабыз?
Аларды оозеки жөндөйбүз.
Окуучуларды билим деңгээлине жараша баалайт.
5-көнүгүү.85-б. Сен,сиз деген ат атоочторго жөндөмө мүчөлөрүн улап,сүйлөмдөрдү түзгүлө.
|
Тез жөндөп беришет
Баа койдурушат.
Үй тапшырма алышат.
|
НК2
НК3
|
|
Просмотр содержимого документа
«Тема: Ат атоочтун жөндөлүш өзгөчөлүктөрү . 3-класс»