Просмотр содержимого документа
«Тема: Эгемендүү Кыргызстандын экономикалык абалы»
Тема:
Эгемендүү Кыргызстандын
экономикалык абалы
Сабактын максаты:
- Менчиктештирүү саясатынын жүргүзүлүшүнүн себептерин жана анын жүрүшүндөгү кемчиликтерди талдайсыңар;
- Жер жана жаңы агрардык саясатка мүнөздөмө бересиңер;
Анткени:
- Республиканын өнөр жайы Союздук эл чарбасынын бирдиктүү комплексинде негизинен чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүгө адистештирилгендиги;
- Даяр продукциялар болсо өлкөнүн башка региондоруна чыгарылып, аны сатуудан түшкөн кирешелер ошол жакта калышы;
- Союздун бузулушу менен экономикалык байланыштардын токтошу;
1992-ж. январда Россия Федерациясы отун энергетикасына, металлга, машина куруу тармактарынын продукцияларына бааны эркин кое берген.
1992-ж. июлда КР Жогорку Кеңешинин 9 сессиясы 1992-1995-жж. карата экономикалык реформанын программасын кабыл алган. Программада:
- менчиктештирүү, жер реформасы, калкты социалдык жактан коргоо, мамлекеттик инвестициялар боюнча конкреттүү милдеттерди аныктоо;
- жеке менчикти киргизүү, соода эркиндиги, экспорт жана импорт боюнча чектөөлөрдү жоюу, бааларды либералдаштыруу;
Программанын максаты:
- Экономикалык абалды жөнгө салуу;
- Өндүрүштүн төмөндөшүн токтотуу;
- Экономиканын өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
Бул программаны ишке ашырыш үчүн:
- Тармактар боюнча реформа жүргүзүү, рыноктогу баалардын ролун көтөрүү;
- Монополияларды акырындык менен жоюу, конкуренцияга жол ачуу;
- Менчиктештирүү, мамлекеттин экономикалык ишкердүүлүккө кийлигишүүсүн азайтуу, товар өндүрүүчүлөрдүн ишине тике контролдук кылууну токтотуу;
- 1991-ж. 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши : “Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө”
мыйзам кабыл алган;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана ээлик кылууну колдоо боюнча комитети (Маммүлкком)
түзүлгөн;
- Ишканалар мамлекеттик жетекчилер жана чарба жетекчилери тарабынан каалагандай сатыла баштаган;
- Өткөөл мезгилдеги башаламандыктан пайдаланып, көптөгөн көмүскө акционердик коомдор, фирмалар пайда болуп карапайым элди ачык алдоого өтүшкөн;
- Бийлигине жана байлыгына таянган адамдардын тобу мамлекеттик мүлктүн орчундуу бөлүктөрүн ээлеп алышкан жэ сатып жиберишкен;
- Менчиктештирүү элдин пайдасына жүргүзүлбөй алардын укуктары кемсинтилген;
- Жумушчу орундарын сактоо жана өндүрүштү кеңейтүү жөнүндө эч кандай кам көрүлгөн эмес;
- Социалдык жактан жетишилген ийгиликтердин көбү жоюлган;
Жаңы агрардык саясаттын негизги милдети:
1. Реформаны акырындык менен, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, элдин мүдөөсүн, даярдыгын эске алуу менен жүргүзүү
2. Колхоздук коопертивдерди түзүү, колхоздорду тездик менен таратуу
Менчиктештирүү төмөндөгүдөй мыйзам бузуулар менен коштолгон:
а. Ишканалар мамлекеттик жана чарба жетекчилери тарабынан каалагандай сатыла баштаган;
б. Менчиктештирүү элдин пайдасына жүргүзүлбөй алардын укуктары кемсинтилген;
в. Менчиктештирүү ачык аукцион түрүндө болуп,эл акцияларга ээ болушкан
г. Социалдык жактан жетишилген ийгиликтердин көбү жоюлган;
1.абв
2.агв
3.абг
4.бвг
1993-ж. аягында 172 колхоз жана совхоз таркатылып, ордуна 17,5 миң дыйкан чарбалары, 197 кооперативдер, 120 майда ишканалар, 119 ассоциялар акционердик коомдор түзүлүп, алар айыл чарба продуктуларынын 52 процентин өндүрүшкөн.
Жер жана агрардык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасындагы укуктук жана экономикалык негиздер:
- Айыл чарбасында жеке, коллективдүү жана мамлекеттик менчикке негизделген, көп укладдуу экономика түзүлгөн;
- Айыл чарба продукциясын өндүрүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө монополия жоюлган;
- Жеке менчиктин киргизилиши менен өндүрүштүн натыйжалуулугун көтөрүү үчүн шарт түзүлгөн;
- 2000-ж. 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Жогорку Кеңештеги талкуудан кийин “Жер кодексинин”- жерди сатууга жана сатып алууга тыюу, беш жылдык мараторий жөнүндөгү статья алынып ташталды;
- 2001-ж. августь айында Кыргызстандын өкмөтү айыл чарбасындагы жер участокторун сатуу, сатып алуу тартиби жөнүндө Жобону бекитти;
- Агрардык реформанын натыйжасында, 2002-ж. айыл чарба продукцияларынын 90% менчик чарбаларда өндүрүлгөн;
“ Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө” мыйзам кабыл алынган:
1. 2000-ж. 13-декабрда
3. 1992-ж. январда
4. 1991-ж. 20-декабрда
2. 1992-ж. июлда
2000-ж. 13-декабрда кабыл алынган “Жер кодекси” боюнча:
1. Жерди сатууга жана сатып алууга тыюу салган беш жылдык мараторий жөнүндөгү статья алынып ташталды.
2. Жер участокторун сатуу жана сатып алуу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитти.
Менчиктештирүү мыйзамын ишке ашыруу үчүн кандай комитет түзүлгөн?
1. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана ээлик кылууну колдоо боюнча комитет
2. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү комитети
1992-ж. июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган экономикалык реформанын программасынын максатында ... камтылган эмес
1. Экспорт жана импортко мамлекеттик контролдуу күчөтүү
2. Экономикалык абалды жөнгө салуу
3. Өндүрүштүн төмөндөшүн токтотуу
4. Экономиканын өсүшү үчүн шарттарды түзүү
Үйгө тапшырма:
§ 28 окуп келүү
Өз айылыңардагы менчиктештирүүнүн жүрүшү жана анын оң жана терс жактары жөнүндө кыскача эссе жазгыла