СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Информация

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема: Информация»

Предмети:

Информатика

5-класс

1-чейрек

Мугалим: Уразова Нурзида Абдуманнаповна

Сабактын темасы:

Информация түшүнүгү

Сабактын тиби:

Жаңы билимди өздөштүрүү

Колдонулуучу усулдар:

Баяндоо,изилдөө, тажрыйба жүргүзүү

Баалоо усулдары:

Өзүн-өзү, бири-бирин баалоо

Сабактын жабдылышы:

Китеп, дептер, таркатмалар,сүрөттөр, атыр,ысык суу жана муздак суу, көз байлагычтар

Негизги копетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүк

Маалыматтык (НК1)

  • Өз ишин пландаштырат;

  • Маалыматты максатка багыттап изденет;

  • Салыштырат, чечимдерди кабыл алат;

(ПК1) Окуучулар информация, анын турлору жана касиеттери жонундо жана адамга информация кабыл алуу органдары аркылуу берилери тууралуу билишет. Ошондой эле информациянын касиеттери аркылуу информациянын маанисин ажыратышат.


Социалдык-коммуникациялык (НК2)

  • Башкалар менен мамиле түзөт;

  • Сүйлөшө билет, маектешет;

  • Бири-бирин баалайт;

  • Сөз байлыгы өсөт, өз оюн айтат;

  • Башкаларды уга билет.

(ПК2) Окуучулар коомдук жайларда озун тура алып журуусу жана бири-бири менен кызматташтыкта иштɵосʏ.

(ПК3)Окуучулар мугалимдин айткандары менен китепте жазылган теманы окуп салыштырып, түшүнүшөт

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

  • Жупта иштеп көнүгөт, машыгат;

  • Өз ишин талдап, баа берет;

  • Жөндөмдүүлүккө, билгичтикке, көндүмгө ээ болот.

(ПК4)Билгичтиктерин жана анализдөө ыктарын өнүктүрүшөт.

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөр:

Билим берүүчүлүк максаты: Информация түшүнүгү жөнүндө маалыматка ээ болушат жана анын түрлөрү менен таанышышат.

Сабактын жүрүшүнө маани берип, түшүнсө



Өнүктүрүүчүк максаты:


Жашоодогу информациянын жашоодогу ордуна ой жүгүртүшөт.


Алган маалыматтын пайдасы тийсе

Тарбиялоочулук максаты:


Угуп, түшүнүүгө жана бири-бирине кызматташ болууга көнүгүшөт



Жаңы маалыматтан өзүнө тыянак чыгара билсе

Сабактын этаптары

Сабактын жүрүшү

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулар

дын ишмердүүлүгү


Негизги НК

Предметтик НК

Баалоо

1-этап Уюштуруу


  • Саламдашуу

  • Класста жагымдуу жагдай түзүү

  • Окуучуларды жоктоо

  • Окуу куралдарын толуктоо

  • Сабактын максаты жана көрсөткучү менен тааныштыруу

Физикалык чөйрө түзүлөт.

Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт

НК3

ПК2


үй тапшырмасы

текшерүү




Өтүлгөн сабакты кайталап, тапшырмаларды аткарышат.

Ар бир жупка бирден таркатма берилет.


    1. Объект деген эмне?

    2. Объкттердин катышы?

    3. Компьютердик объекттер

    4. Объекттердин көптүгү?

    5. Объекттердин классификациясы?

    6. Объекттердин белгилери


Өтүлгөн материал боюнча билимдери тереңдейт.

Өзүн-өзү баалайт

НКЗ

ПК1


2-этап Жаңы тема

Акыл гимнастикасы:

Сабакка бирден көз байлагыч алып келүү тапшырмасы берилген. Балдар көздөрүн байлашат, мугалим айрым парталарга суу себелейт. Алар көздөрү байланган абалда партанын үстүн кармашат. Эмне болгонун айтышат. Ошол эле калыпта стакандагы ысык жана муздак сууларды да кармап көрүшөт. Жыттап да көрүшөт.Класска атыр себилет,музыка чыгат, мышыктын үнү угузулат, стакандар кагылат, дептердин барагы айрылат. Андан соң көздөрүн ачып, эмне болгонун айтышат.

Силер ушул бир-нече мүнөттөр аралыгында сезип-туйгандарыңар силер үчүн маалымат болушу мүмкүнбү?

Маалымат орус тилинде информация болот.

Информация-бул белгилердин жана сигналдардын жардамы аркылуу сырткы дүйнөнүн чагылдырылышы.

Балдар, айткылачы адамдын сезүү органдары кайсылар?

Силер сырткы дүйнөнү кантип кабылдайт экенсиңер?

Кайсы органдарыңар менен? (доскага сүрөт илинет)


Демек балдар мына ушул сезүү органдарыбыздын жардамында сырткы дүйнөдөн кабыл алгандарыбыздын баары биз үчүн информация болуп эсептелинет. Силер этең менен тургандан тартып
















Аң сезими ойгонот

Ойлонот

Изденет

Табат

Божомолдуу жоопторун айтышат.

Мээ,көз, ооз. Көрүп,угуп, сезебиз

Ооба,билбейм, туура



Түшундүрүү процесси жүрөт.Билими, көңул буруусу жогорулайт.

НК1

ПК1



сырткы дүнөдөн толгон маалыматтарды аласыңар аны эсептей да албайсыңар.

Информация төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт. (сүрөт илинет)

Мисалы:

1.тексттик-бардык силер окуган тексттер же кол менен жазылган дептер, кат.

2. сандык- араб, рим цифралары

3. графикалык- сүрөттөр

4. үн-силер укккан үн,музыка,

5. видео- видео-клиптер, мультфильм,кино

Эми ушул маалыматтар төмөнкудөй касиеттери менен айырмаланышат. Алар:


Биз алган маалыматтар качан чындык болгондо анык маалымат болот.

Эгерде силер көргөн же уккан маалымат жеткиликтүү болсо толук болт.

Эгерде ал маалымат коомдо же силердин жашооңордо маанилүү болсо, анда актуалдуу болот.

Эгерде, силер алган маалымат кандайдыр бир пайда алып келсе, анда баалуу болот.

Эгерде, ошол маалымат түшүнүктүү болсо, ачык маалымат болот.



Бышыктоо: Өз алдынча китепти окуп чыгышат. Андан соң 42-43-беттеги суроолор жана тапшырмалар менен иштеп, сабакты жыйынтыкташат.


Кенен маалыматты түшүнүшөт жана өз ойлорун билдиришет
























































  • Ажыратып билүү керек.

Таблицаны окуп, туура жообун табуу керек

(ПК2)

(ПК3)


3-этап үй

тапшырмасы


Үйгө тапшырма маалымат топтоп, касиеттери боюнча ажыратып, таблицага түшурүп келгиле.





Жазап алышат

НК3

ПК4


Баалоо

Күндөлүккө баа коюу

Күндөлүк толтурушат.