Просмотр содержимого документа
«Тема: Интернеттин тарыхы.»
Кутмандуу күнүңүз менен!
Тема:
«Интернеттин тарыхы»
Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи "Арпанет" деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт. Ал эми 1971-жылы "Bolt Beranek and Newman" аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @ - электрондук белгини иштеп чыккан.
Кыргыз өлкөсүнө интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган.
Интернеттин тарыхы
Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда
болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат.АКШнын Коргоо министрлиги согуш болгон учурда ишенимдүү маалымат алмашуунун бирдиктүү системин иштеп чыгууну чечип, Американын бир нече институттарына тапшырма берген.
1957-жылы АКШнын коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат.Биринчи компьютердик тармак ARPANET деп аталып, АКШнын төрт илимий мекемесин бириктирген. Бул мекемелер Коргоо министрликке алдыңкы катардагы технологияларды иштеп чыгышкан. Алгачкы билдирүү ARPANET түйүнүнө LO деген тамганы жиберүүдөн башталат. Чындыгында LOGIN деген сөздү жөнөтүү пландалган.
Бирок эки тамгадан кийин түйүн менен компьютердин ортосундагы байланыш үзүлүп кеткен.
Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат.1973-жылы маалымат алмашуу тармагына Норвегия жана Улуу Британиянын ири уюмдары кошулуп, тармак эл аралык деп аталып калган.1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан.1983-жылы ARPANET маалымат берүүдө жалпы протоколду (TCPIP) түзгөндөн кийин "Интернет" деп аталат. 1988-жылы кыскача тексттик билдирүүлөр (чат) менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. 1990-жылы интернет "Дүйнөлүк желе" деп аталат. Анткени бир эле компьютерден дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалыматтар менен таанышууга жол ачылган.Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытайда, Сауд Арабиясында, Иран, Египет диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.
Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50 миллион колдонуучусун топтой алган. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланган.
Интернетке туташуу зымдуу жана зымсыз (спутник) болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот.
Интернеттеги тармактардын
байланышынын болжолдуу абалы.
Бүгүнкү күндө жер планетасынын 3 миллиарддан ашуун жашоочулары интернет кызматын пайдаланат. Алардын 2,4 миллиарды уюлдук телефон аркылуу интернетке туташкан. Дүйнө жүзү боюнча «Интернет ачкычы» 7 гана адамда бар. Бул сыр тамгалары бар электрондук карта. Глобалдык хакерлердин кол салуусуна дуушар болгондо АКШнын аскердик базасына билдирүү келет. Ал жерден ачкыч ишке кирип, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы өчүрүлөт. Интернет пайда болгон күндөн тартып 5 жыл ичинде 50 миллион адам колдонгон. Мындай аудиторияга жетүү үчүн телефондор – 75 жыл, радио – 38 жыл, телевидение – 13 жылда, ал эми Angry Birds оюну 35 күндө популярдуу болууга жетишкен.
Интернет колдонуучулар
2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкектиктер болуп саналат.. Тагыраак айтканда интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10% Ош облусуна туура келет. Ал эми болгону колдонуучулардын 13% гана калган облус жана шаарларга тиешелүү.
Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Интернеттин 90 пайызын казакстандык 4 ири провайдерлер Орусиядан Кыргызстанга түз алып берет. Ошондой эле кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32 пайызы жумасына 3-4 саат интернетте отурушса, 22 пайызы бир жумада 5-6 саат, 8 пайызы бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын барактоо менен өткөрүшөт.
Бүткүл дүйнөнү кучагына алган интернет тармагына кошулууну оңойлоткон технологиялардын катарына уюлдук телефондор да кирет.«Промотанк» компаниясы жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун интернет тармагын талдоо максатында жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 51% иш жеринен гана интернетке кошулат. Ал эми 21% так ушул уюлдук телефондордун жардамы менен интернетке киришет. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык өлкөдөгү интернет колдонуучулардын 8% болсо интернет кафелерден интернетти пайдаланышат.
Статистикага караганда Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 75% 10 жаштан 30 жашка чейинкилер түзөт.
Дүйнө жүзүнүн ар башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да маалымат порталдарынын ичинен эң көп колдонулганы GOOGLE порталы болуп саналат. Сурамжылоо жүргүзүлгөн дээрлик бардык интернет кафелердин администраторлору жана интернет колдонуучулар белгилегендей google.com, gooogle,kg сайттары аркылуу алар өздөрүнө керектүү нерселерди интернеттен таап алышат. Мындан сырткары Бишкекте маалымат издөө булагы катары yandex.ru, yahoo.com, rambler.ru сайты дагы көп кодонулуп келет. Ал эми интернет аркылуу маалымат алган кээ бир замандаштар «дүйнөлүк желедеги» эң негизги маалыматтын булагы катары Wikipedia.org сайтын эсептешет.
Көңүл бурганыңыз
үчүн чоң рахмат!