Просмотр содержимого документа
«Тема: Кайталоо сабагы»
Число:________ Классы:________ Тема:________________________
Сабактын максаты |
1. | Билим берүүчүлүк | Мугалим окуучулардын жана көндүмдөргө ээ болуш үчүн шарт түзөт . |
2. | Өнүктүрүүчүлүк | Мугалим тарабынан түзүлгөн шарттан билимге жана көндүмдөргө ээ болууга умтулат. |
3. | Тарбия берүүчүлүк | Окуучулар өз алдынча жана мугалим менен бирге иштеп сабактын жүрүшүн камсыз кылат. |
Сабактын тиби: Аралаш сабак.
Сабактын усулу: Интерактивдүү усул.
Сабактар аралык байланыш: Кыргыз тил,тарых ж.б.
Сабактын жабдылышы: Слайд,сүрөттөр,класстер,видео-ролик,
батман,скотч,маркер
ж.б.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
1.Саламдашуу
2.Окуучуларды жоктоо
3.Окуучулардын эске тутуусун билүү максатында акыл
чабуул уюштуруу.
4.Түзүлгөн алтын эрежени эске алуу.
5.Үй тапшырманы суроо.
6.Топторго бөлүнүшөт.
Алтын эреже:
1.Тынчтыкты,тазалыкты,тартипти сактоо
2.Активдүү катышуу.
3.Кол көтөрүп сүйлөө,сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлбөө.
4.Ар кандай пикирдин айтылышы колдоого алынат.
5.Мугалимдин иш-аракетине баш ийүү,себеби,бардык катышуучуларды укуктарын коргоп,ишти багыттап тур.
Суроолор жана тапшырмалар:
1. Ар бир облусту контур картадан чек арасын чийүү.
2. Ар бир облустун жалпы аянты.
3. Ар бир облустун эң бийик жери.
4. Ар бир облустун кен байлыктары.
5. Ар бир облустун климаты.
6.Ар бир облуста району. ( Билсең атын жазат )
7. Ар бир облустун шаарлары.
8. Ар бир облустун калкынын саны.
9. Ар бир облуста 1 км кв жерге канча киши туура келет?
10. Ар бир облустун борбор шаары.
11. Ар бир облустун дарыя суулары. ( бештен кем эмес)
12. Ар бир облустун транспорту.
13. Ар бир облуста кандай мекемелер иштейт.
14. Бул кайсы сүрөттөр?
Бышыктоо:
Баалоо: Үй тапшырмасына жооп берген жана сабакка активдүү катышкан окуучуларды, топторду “3”, “4”, “5” менен баалоо.
Үйгө тапшырма: Ар бир облустун губернаторун табып келүү.