СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема:Канаттуулар класс

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема:Канаттуулар класс»

Классы :_7_

Мѳѳнѳтү:

Предмет: биология

Мазмундук түзүм:


САБАКТЫН ТЕМАСЫ:


Канаттуулардын кѳп түрдүүлүгү


САБАКТЫН МАКСАТЫ:

Когнитивдик

Окуучулар канаттуулардын кѳп түрдүүлүгү жѳнүндѳ маалымат алышып, схема , таблицаларды толтуруу менен алардын мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү, жашоо шарты, тамактануу ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча айырмалап, анализдеп, салыштыра алышат

Социо – маданий

Топтордо иштөөдө өз пикирин билдирүүгө, бирөөнүн оюн уга билүүгө, конфиликтке барбай кайчы пикир айтууга калыптанат.Канаттуулардын турмуштагы ролун билип, башкаларга да канаттууларга аяр мамиле жасоо керек экендигин айтуу зарыл экендигин билишет.

Кептик

Сөз конструкцияларын, кошумча маалыматты пайдаланып тема боюнча түшүнүктөрүн фактыларды колдонуп далилдүү айтып бере алат.

Лингвистикалык минимумдар

Куш жүндѳр,


Сөз конструкциялары

  • Мен буга карата мамилемди ѳзгѳрттүм……………………………………….

  • Мен бул жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк билдим…………………………………………..

  • Мен буга тан калдым…………………………………………………………….



САБАКТЫН ТИБИ:

Жаңы билимдерди калыптандыруу.

КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДАР ЖАНА ЫКМАЛАР:

“Кадам артынан кадам”, “Ребус”, “Схема, таблица толтуруу” , “3 мүнѳттүк тыным“, Практикалык иш

ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ:

География,

ОКУУ ИШ АРАКЕТИН УЮШТУРУУНУН ФОРМАЛАРЫ:

Жекече , жупта жана топто иштөө

ЖАБДЫЛЫШЫ:

ПК, проектор, экран.

КОЛДОНУЛУУЧУ РЕСУРСТАР:

7-класстын окуу китеби, 105-бет. Визуалдык материалдар (сүрөт,,слайд ж.б)

НЕГИЗГИ КОМПОТЕНТТҮҮЛҮКТӨР:

НК1, НК2, НК3.

ПРЕДМЕТТИК КОМПОТЕНТТҮҮЛҮКТӨР:

ПК1, ПК2, ПК3.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Сабактын этаптары:

1.Уюштуруу этабы: (2 мин)

Мугалим: Окуучуларга, аудиторияга жагымдуу маанай түзүү үчүн дене-кѳнүгүүсүн жасатат.Ар бир жаныбардын, канаттуунун, ѳсүмдүктүн атын атап, анын ѳзгѳчѳлүгү боюнча кыймыл аракетти жасашат.

Мисалы, тѳѳ куштай бат чуркайбыз, мышыктай даракка тырмышабыз. уйгактай жармашабыз

Окуучулар : мугалимдин айтканын кыймыл-аракет менен кѳрсѳтүшѳт


2. Үй тапшырмасын суроо: (3 минута) “Кадам артынан кадам” оюну аркылуу суралат.

Мугалим ѳтүлгѳн темаларды суроо максатында 8-10 окуучуну доскага чыгарып бир тарапты каратып тизип алат.

Окуучулар мугалим белги бергенде ар бир окуучу бирден жаныбардын атын атап, кайсы класска таандык экенин , ѳзгѳчѳлүгүн айтып берет.Айта албай калган окуучу оюндан чыгарылат

3. Окуучулардын билимин актуалдаштыруу (2 минута)

Мугалим окуучулардын көӊүл буруусун топтоштуруу, жаӊы сабактын темасын жана максатын аныктоо үчүн сүрѳттѳр аркылуу ребус берет .


Ребус


  1. 2 3


Мугалим: Бул ребустун жандырмагын тапсанар, бүгүнкү ѳтүүлүчү сабактын темасын аныктап аласынар

Окуучулар мугалимдин суроолоруна көӊүл буруп, сабактын темасын, максатын аныктаганга аракет кылышат. Ар бир окуучу жекече ойлонуп пикирлерин айтышат.

Мугалим окуучулардын пикирлерине толуктоолорду киргизип, сабактын темасы жана максаты менен тааныштырып өтөт. Бул сабак саякат сабак болоорун, изилдѳѳлѳрдү мыкты жүргүзүшсѳ кызыктуу жерге барышаарын айтат

Окуучулар менен бирге баалоо критерийлерин кабыл алышат жана ар бир топко баалоо баракчалары таркатылат .Топ башчылар топтогу окуучуларга упайларды коюп, аягында жыйынтык чыгарат


Баалоо критерийлери:

  1. Окуучулар канаттуулардын кѳп түрдүүлүгү жѳнүндѳ маалымат алып, аларды класстарга ажырата билсе

  2. Схема , таблицаларды толтуруу менен алардын мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү, жашоо шарты, тамактануу ѳзгѳчѳлүктѳрүн билсе

  3. Канаттууларды мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча айырмалап, анализдеп, салыштыра алса


5”- критерийдин баары аткарылса

4”- 1,2-критерийлер аткарылса

3”- 1-критерий гана аткарылса


Баалоо баракчасы

Окуучулардын аты-жѳнү

Тапшырмалардын аталышы

Упайы
































































Окуучулардын баалоо баракчасындагы баллдарын топ башчы эсептеп, топтук жыйынтык чыгарат.


  1. Жаӊы материалды өздөштүрүү: (15 мин.)

Мугалим: Классты 4 тайпага бѳлүп, текст берет. Текстти кунт коюп окуп чыккан сон ар бир тайпа ѳз алдынча тапшырмаларды аткараарын айтат


Тапшырмалар:

1-тайпага: Текстти окуп чыгып, байырлоочу жерлери жана башка ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча канаттууларды топторго бѳлүп схема толтурушат.

Канатттуулардын классы




Белгилери Белгилери Белгилери

____________________ ______________________ ______________________

____________________ ______________________ ______________________

____________________ ______________________ _______________________

_ ___________________ ______________________ _______________________

Ѳкүлдѳрү ѳкүлдѳрү ѳкүлдѳрү





2-тайпа: текстти окуп чыгып, канаттууларды байырлоочу жерлери боюнча топторго бѳлүш


Канаттуулардын экологиялык топтору


Байырлоочу уялоосу боюнча тамактануусу боюнча

жери боюнча

3-тайпа: текстти окуп чыгышып, канаттуулардын байырлоочу жерлерине ынгайланышуусу боюнча таблицаны толтурушат


Канаттуулардын экологиялык топторунун байырлоочу

жерлерине ынгайланышуусу

Байырлоочу жерлери боюнча канаттуулардын экологиялык топтору

ѳкүлдѳрү

Жашоо шарты жана байырлоочу жерге ынгайланышуусу

Токой канаттуулары

 


 

 

 

Ачык жерде байырлоочу канаттуулар

 


 

 

 

Сууда сүзүүчү канаттуулар

 


 

 

 

Суу сактагычтарда, саздарда жашоочу канаттуулар

 


 

 

 


4-тайпа: текстти окуп чыгышып, канаттуулардын тумшугунун түзүлүшүнүн тамактануу жолуна ынгайланышуусу боюнча берилген таблицаны толтурушат


Канаттуулардын тамактануу жолуна тумшугунун түзүлүшүнүн ынгайланышуусу

Тамактануусу боюнча канаттуулардын топтору

ѳкүлдѳрү

Тумшугунун түзүлүшүнүн негизги

ѳзгѳчѳлүктѳрү

Жырткычтар

 


 

 

 

Дан эгиндери менен азыктануучулар

 


 

 

 

Курт-кумурска менен азыктанычуулар

 


 

 

 


5. Өтүлгөн теманы бышыктоо жана жалпылоо ( 3 минута)

3 мүнѳттүк тыным” кѳнүгүүсү

Мугалим: окуучуларга сабакта ѳтүлүп жаткан түшүнүктѳрдү жана идеяларды ойлонуштуруу, мурунку ѳтүлгѳн материалдар менен байланыштыруу, ошондой эле теманын түшүнүксүз жерлерин тактоо үчүн атайын сѳз конструкцияларынын жардамы менен 3 мүнѳттүк тыным берет

Окуучулар: сѳз конструкцияларын колдонуп, ѳз ойлорун жазышат

  • Мен буга карата мамилемди ѳзгѳрттүм……………………………………….

  • Мен бул жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк билдим…………………………………………..

  • Мен буга тан калдым…………………………………………………………….

6. Рефлексия (5 минута)

Практикалык иш


Мугалим: Канаттуулардын сүрѳтү түшүрүлгѳн баракчаны берип, ар бир топ ал канаттуунун аталышын, мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн, байырлоочу жерин, тамактануу ѳзгѳчѳлүгүн жазууну тапшырма берет.

Окуучулар: ар бир топ ѳз оюн жазып, кийинки командага баракчаны берет, ошентип 4 топ ѳз оюн жазат

1-сүрѳт:



Аталышы

Мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү

Жашоо мейкиндиги

Тамактануу ѳзгѳчѳлүгү


































Эскертүү:


Мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү (тумшук….., таманы жана тырнагы ……, канаттары…, кѳрүүсү….,)

Мекендеген жери (ээн талааларда; токойлордо , саздарда жашашат; сууда жакшы сүзүшѳт, …)

Тамактануусу (ѳсүмдүктѳр менен, курт-кумурскалар менен, жырткычтар менен , ….)

2-сүрѳт



Аталышы

Мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү

Жашоо мейкиндиги

Тамактануу ѳзгѳчѳлүгү


































Эскертүү:


Мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү (тумшук….., таманы жана тырнагы ……, канаттары…, кѳрүүсү….,)

Мекендеген жери (ээн талааларда; токойлордо , саздарда жашашат; сууда жакшы сүзүшѳт, …)

Тамактануусу (ѳсүмдүктѳр менен, курт-кумурскалар менен, жырткычтар менен , ….)


3-сүрѳт



Аталышы

Мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү

Жашоо мейкиндиги

Тамактануу ѳзгѳчѳлүгү


































Эскертүү:


Мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрү (тумшук….., таманы жана тырнагы ……, канаттары…, кѳрүүсү….,)

Мекендеген жери (ээн талааларда; токойлордо , саздарда жашашат; сууда жакшы сүзүшѳт, …)

Тамактануусу (ѳсүмдүктѳр менен, курт-кумурскалар менен, жырткычтар менен , ….)


7. Үй тапшырма:

1-тапшырма: Тема боюнча таблица түзүү

2-тапшырма: cүрѳттѳ берилген канаттуулардын кайсы класска таандык экендигин аныктап, мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн схемага түшүрүү


3-тапшырма: 5 канаттуунун атына ребус түзүп келүү

8. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо:

Мугалим: Баалоо баракчасындагы упайлардын саны эсептелинип, баалоо критерийлерининин негизинде баалайт .



8