Просмотр содержимого документа
«Тема: Мекеним Кыргызстан 5-класс»
Адам жана коом сабагы 5-класс
Мугалим Ормокова Ч.
Тема: Менин мекеним-Кыргызстан
Вставка рисунка
Вставка рисунка
Вставка рисунка
Билим берүүчүлүк
Өнүктүүрүчүлүк
Тарбия берүүчүлүк
Кыргызстан тууралуу маалыматыңар
Өз мекенине, эл жерине сый-
Кыргыз Республикасы жөнүндө маалыматка ээ болосуңар
кеңейет жана таанып-билүү жөндөмүңөр
мыктанасыңар. Мекенчилдик сезимдериңер
өнүгөт.
ойгонот.
Кыргыз Республикасы
- Кыргызстан, расмий түрдө Кыргыз Республикасы, — Борбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Кыргызстан — басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыгуу жолдору жок өлкө. Ал түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет.
Өлкөбүз 1991-жылы 31-августта өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.
Борбору жана эң ири шаары-Бишкек
Кыргыз тили— мамлекеттик тил
Орус тили — расмий тил
Жалпы аянты-199,900 км кв
Аянты боюнча дүйнөдө 85-орунда турат.
- Кыргызстандын катталган тарыхы XXII кылымдан (2200 жыл) ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан.
- Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп саналат. Ошондой эле өлкө КМШ,Түрк Кеңешинин, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө болуп саналат.
Кыргызстандын калкы
- Кыргыз Республикасынын калкы 6,0 миллиондон ашуун (2017-жыл) адам.
- Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 59,0%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар — 8,7% түзөт.
Улуттар аралык ынтымак негизги байлыгыбыз
- Анын 72,6% (4,6 млн) кыргыздар
- 14,34% (816,2 миң) өзбектер
- 6,87% (375,4 миң) орустар жана дунгандар — 64 565
- уйгурлар — 52 456
- тажиктер — 50 174
- түрктөр — 40 953
- казактар — 33 701
- татарлар — 28 059
- азербайжандар — 18 946
- корейлер — 16 807
- украиндер — 14 485, немистер түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.
Кыргыз эли
Ар бир элдин баалуу мурасы, каада-салты, тарыхы болот эмеспи. Мекенибиз Кыргызстандын жаратылышы эң сонун. Кыргызстандыктар асман тиреген Ала Тоосу, дүйнөдө теңдеши жок табияты, түшүмдүн берекеси төгүлгөн өрөөндөрү, шаркырап аккан тунук суулары, бийик мөңгүлөрү, адамдарды суктандырган жайыттары, токойлору, өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү менен сыймыктанат.
Ажайып жайлары
Сулайман-Тоо
Жети Өгүз
Бурана
Таш-Рабат
Ысык-Көл
Сары-Челек көлү
Соң-Көл
Арсланбаб
Бышыктоо:
- Кыргыз Республикасынын башкы мыйзамы бул.....?
- Мекенчилдик бул.....?
- Кыргызстанда кандай шаарлар бар?
- Кыргызстанда кандай улуттар жашайт?
- Сары-Челек көлү Кыргызстандын кайсы жеринде жайгашкан?
- Кыргызстандын калкынын саны.
- Кыргызстан кайсы өлкөлөр менен чектешет?
Үйгө тапшырма
Окуу китебиңерден 56-беттеги «Менин мекеним» деген кошумча материалды өз алдынча окуп түшүнөсүңөр.