СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: §31. Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык байланыштары

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргызстан тарыхы: урунттуу учурлар XIX к. ортосунан азыркы мезгилге чейин - 11-класс - Сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Тема: §31. Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык байланыштары»

Тема: §31. Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык байланыштары

(2-слайд көрсөтүлөт)

Сабактын максаты:

  • Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын максатына жана милдеттерине мүнөздөмө бересиңер;

  • Экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү байланыштарды талдайсыңар;

  • Эл аралык терроризмдин таасирин жана мамлекеттик чек араны чыңдоонун зарылчылыгын аныктайсыңар;

(2-слайд көрсөтүлөт)

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин эл аралык мамилелерге өз алдынча катышуу мүмүкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги максаты:

  • Элдин кызыкчылыгын коргоо;

Жаңы демократиялык, мамлекетти куруу үчүн тышкы ыңгайлуу шарттарды түзүү;

Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттары:

  • Тынчтыкты, Кыргыз Республикасынын чек араларынын туруктуулугун сактоо;

  • КМШ өлкөлөрү жана дүйнө элдери менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоо;

  • КМШдагы улуттар аралык кагылышууларды токтотуу , алардын Кыргызстанда болбошуна жол бербөө;

  • Чет элдик инвестицияларды республиканын эл чарбасына көбүрөөк тартуу, эл аралык соодага улуттук өндүрүштүн продукцияларын алып чыгуу;

  • БУУ ж.б. эл аралык уюмдардын иштерине активдүү катышуу;

  • Согуштук блокторго жана союздарга катышпоо, нейтралдуу абалды сактоо;

(4-слайд көрсөтүлөт)

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан кийин биринчилерден болуп 1992-ж. февралда АКШнын, көп узабай Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын, Германиянын элчиликтери ачылган.

(5-слайд көрсөтүлөт)

1992-ж. 2-мартта Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө болгон. 1991-1993-жж. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын дүйнөнүн 128 мамлекети таанып, 80ден ашык мамлекеттер менен дипломатиялык байланыштар түзүлгөн. 1998-ж. Кыргызстандын көз карандысыздыгын 135 мамлекет тааныган. Дүйнөнүн 91 мамлекет тааныган. Дүйнөнүн 91 мамлекети менен дипломатиялык байланыштар мамилелер түзүлгөн. Бишкекте 11 элчилик жана өкүлчүлүк ачылган. Чет өлкөлөрдө республиканын кызыкчылыгын 17 дипломатиялык мекемелер коргойт. Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет катары кадыр-барктуу бир катар эл аралык уюмдардын (БУУ, ОБСЕ,Эл аралык валюта фонду, ЮНЕСКО ж.б.) мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1992-ж. августа Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп Бишкек

шаарында Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы өткөн. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү келип катышкан. Азыркы кезде дүйнөдө 5 млн ашык кыргыздар бар, алардын жарым миллиондон ашыгы башка өлкөлөрдө жашашат. Курултай кыргыз элинин аң сезиминин өнүгүшүндөгү орчундуу окуялардан болгон.

(6-слайд көрсөтүлөт)

Республиканын тышкы саясатында КМШнын өзгөчө Борбордук Азиянын өлкөлөрү менен байланышты күчөтүүгө маани берген. Анткени, буларда коомдук турмуштун бардык жактары кылымдар бою байланышта өнүгүп келген. Борбордук Азиянын жана Казакстандын мамлекет башчылары СССР кулаган учурдан тартып эле өз ара байланыштарды жүргүзө башташкан. Бул багытта Кыргызстан Казакстан менен 1991- ж.18-февралда, Өзбекстан менен 14-мартта, Түркменстан менен 16-июлда кол коюшкан.

(7-слайд көрсөтүлөт)

1991-ж. Ташкентте Борбордук Азиянын беш республикасынын жетекчилери жолугуп достук, кызматташтык, экономикалык жана илимий-техникалык жана маданий жактан жардамдашуу боюнча талкуулашкан. 1994-ж. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосунда Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Борбордук Азияда бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы 1994-ж. үч республиканын президенттеринин Алматыдагы жолугушуусунан кийин ишке ашырыла баштаган. Бул жолугушууда президенттер жана өкмөт башчылары Мамлекет аралык Совет түзүү, анда иш жүргүзүү үчүн Министрлер Советин, Тышкы иштер Министрлер советин, Коргоо Министрлер Советин түзүү чечилген. Булардын жумушчу органы катары дайым иштөөчү Аткаруу комитети түзүлүп, ал Алматыда жайгашмак.

Ушул үч мамлекеттин жетекчилеринин 1995-ж. 12-февралдагы кезектеги жолугушуусунда Мамлекет аралык Совет жана анын институттары жөнүндөгү жобо бекитилген.

(8-слайд көрсөтүлөт)

Кыргызстандын тышкы саясатында Россия Федерациясы менен мамиле өзгөчө орунда турат. Бул тарыхый, экономикалык, социалдык, жана этностук факторлор менен байланыштуу.СССР тараган алгачкы мезгилден тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда достук, кызматташ тык жана өз ара жардамдашуу, мамлекет аралык мамилелердин негизи жөнүндөгү келишимдер түзүлгөн. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле республиканын согуштук-стратегиялык абалын, чек аралын сактоо үчүн да керек эле. Бул багыттагы маселелерди жөнгө салыш үчүн эки өлкөнүн ортосунда бир катар келишимдер түзүлгөн.

Кыргызстандагы улуттук демографиялык жана улуттук саясий кырдаал да эки өлкөнүн мамилелеринин чыңдалышын талап кылган. Анткени, 90-жж. башында республиканын калкынын 44 % орус тилинде сүйлөгөн ар түрдүү этностук бирикмелердин өкүлдөрү түзгөн.

Россия менен дипломатиялык мамилелер түзүлгөн алгачкы беш жылда эле (1992-1997-жж.) эки өлкөнүн ортосундагы социалдык-экономикалык, согуштук байланыштарды жакшыртуу үчүн 120 ашуун келишим түзүлгөн. Азыркы мезгилде Кыргызстан Россия Федерациясы менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоо үчүн аракеттерди күчөтүүдө.

Азыркы мезгилде Кыргызстана 40тан ашуун алыскы, 11 жакынкы чет мамлекеттер менен экономикалык, экспорттук-импорттук байланыштарды жүргүзөт. 1995-ж. кийин Кыргызстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен болгон соода экономикалык байланыштарында өзгөрүүлөр болгон. Эгерде мурун Россия Кыргызстандын эң чоң өнөктөшү болуп келсе, азыр биринчи орунду Кытай Эл Республикасынын соодасы ээлей баштаган. Экономикалык карым-катнаштардын көлөмү боюнча Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн деңгээли бирдей болуп калды.

(12-слайд көрсөтүлөт)

Экономикалык реформанын жүрүшүндө импорттун ордун толтуруучу чарба тарматкарын өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды көбүрөөк тартууга өзгөчө көңүл бурулган. Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы сыяктуу эл аралык финансы уюмдары республиканын экономикасын реаблитациялоо, жергиликтүү чийки заттардан экспортко ылайыктуу товар өндүрүүгө жөндөмдүү ишканаларды куруу багытында чоң көмөк көрсөтүшүүдө. Бул багытка Азия өнүгүү банкы, Эл аралык финансы корпарациясы, Ислам өнүгүү банкы да активдүү жардам берүүдө.

(13-слайд көрсөтүлөт)

Кыргызстандын чет мамлекеттер менен биргелешип курган ишканалары: Канадалык “Камеко” корпарациясы Ысык-Көл областындагы “Кум-Төр”, Талас областындагы “Жер-Үй” алтын кендери иштеле баштаган. АКШ менен бирдикте Жалал-Абадда, Англия, Россия менен биргелешип Кант шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдор, Швециялык фирмалар менен бирдикте балдардын тамак- ашын даярдоочу комбинат, тери иштетүүчү, минаралдык сууну бөтөлкөгө куюучу ишканалар курулган.

Азыркы күндө эгемендүү мамлекетибиз негизинен жеңил өнөр жайы менен даңкталууда. Кыргызстанда даярдалган жеңил өнөр жай товарлары КМШ өлкөлөрүндө жогору бааланып, өтүмдүү келет.

(14-слайд көрсөтүлөт)

Импорттук товарлардын санын азайтуу үчүн Нарын, Каракол, Бишкек, Маймак эркин экономикалык зоналары уюшулган. Аларга чет өлкөлүк инвестицияларды кеңири пайдаланып, энергия, тамак-аш, дары-дармек, жеңил жана оор өнөр жайынын продукцияларын чыгаруу үчүн жаратылыш ресурстары менен минералдык чийки заттарды пайдалануу технологияны кеңири киргизүүгө болот.

(15-слайд көрсөтүлөт)

Эгемендүү Кыргызстандын социалдык чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштардын кеңейиши биринчиден билим берүү системасынан көрүнүүдө. Чет өлкөлөрдө 3 миңден ашуун Кыргызстандыктар билим алып, 1 миңден ашуун чет элдик студенттер биздин республикада окушат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эл аралык “Сорос-Кыргызстан” фонду Кыргызстандын жогорку окуу жайларын, жалпы билим берүүчү мектептерди, лицейлерди, гимназияларды окуу китептери, көрсөтмө куралдары, техникалык каражаттари менен жабдууда, педогоктордун адистигин жогорулатууда үзүрлүү салымын кошкон.

(16-слайд көрсөтүлөт)

Бишкекте Кытай Эл Республикасы менен “Достук”, Түркия менен “Ак-Кеме –Пинара”, Италия менен бирдикте курулган “Хаят” мейманканалары иштеп жатат.

(17-Слайд видео үзүндү: “Ч.Айтматов чыгармалары аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытты” көрсөтүлөт)

Кыргызстандын чет мамлекеттер менен руханий байланышуусу да өнүгүүдө. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Ч.Айтматовдун чыгармалары дүйнө элдеринин 50 тилинде  150 жолу 8 млн ашуун нуска менен басылып чыккан. 1999- ж. Ч.Айтматовдун 70жылдык, 2004-ж. 752008-ж. 80 жылдык мааракесин белгилөөгө даярданып жаткан мезгилде улуу инсан дүйнөдөн кайткан.

Кыргызстандын демилгеси менен 2002-ж. Эл аралык тоолор жылы белгиленип, Бишкекте 50дөн ашкан мамлекетттин өкүлдөрү катышкан глобалдык тоо саммити өткөрүлдү.

1999-ж. диний экстремисттик топтор мамлекетибиздин түштүгүндөгү Баткен районуна кирүүгө аракет жасашкан. Алар милиция жана райондук администрация кызматкерлерин, төрт япондук геологдорду жана Кыргызстандын карапайым жарандарын барымтага алышкан. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүүлүктү көргөзүп, 55 офицер жана жоокер бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту.

(18-слайд көрсөтүлөт)

Бул окуядан кийин КРнын Президенти 1999-ж. 13-октябрда Баткен областын түзүү жөнүндөгү Мыйзамга кол койду. Областка Ош областынын Баткен, Кадам-Жай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарлары киргизилип, борбору Баткен айылы болуп калды.

2001-ж. 13-14-декабрда Бишкекте эл аралык терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча 60 өлкөдөн 280 делегат катышкан эл аралык конференция болуп өтүп, анда Бишкек декларациясы кабыл алынган. 2002-ж. башында Кыргызстан Эл аралык антитеррордук коалицияга кирип, анын куралдуу күчтөрү Кыргызстанга убактылуу жайгаштырылды.

Эгемендүү Кыргызстандын мамлекеттик чек араларын тактоо боюнча жүргүзгөн иштеринин натыйжасында 1996-ж. 4-июнда Кыргызстан менен Кытай ЭРнын делегациялары чек ара маселеси боюнча документке кол коюшкан. Натыйжада талаш болуп келген жалпы аянты 4 миң чарчы километр жердин 70% Кыргызстандын, ал эми 30% Кытай ЭР жери деп чечилип, эки мамлекеттин ортосунда чек ара сызыгы түзүлдү. Чек ара боюнча бул келишим эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдары тарабынан ратификацияланды.

(19-слайд көрсөтүлөт)

2007-ж.16-августа Шанхай кызматташты уюмуна кирген өлкөлөлөрдүн саммити Бишкекте өттү. Бул жыйынга 10 мамлекеттин башчылары катышып, маанилүү чечимдерди кабыл алышты.

Өтүлгөн материалдары кайталоо үчүчн суроолор:

(20-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 3-вариант: АКШ

Кийинки суроо: (21-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 1-вариант: “Эл аралык тоо жылы”

Кийинки суроо: (22-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 4-вариант: Кытай Эл Республикасы

Кийинки суроо: (23-слайд көрсөтүлөт)

Туура жооп: 2-вариант: Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы өткөн.

Үйгө тапшырма: (23-слайд көрсөтүлөт)