СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 23.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Жаңылмачтар 5- класс

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема: Жаңылмачтар 5- класс»

5-класс .Кыргыз адабияты сабагы.

Окутуу өзбек тилинде жургузулгөн мектептер үчүн.

Сабактын темасы: Жаңылмачтар.

Сабактын максаты:

Жаңылмачтар жөнүндө түшүнүк алышат.

Көркөм айтууга үйрөнүшөт.

Эске тутууга аракет жасашат.

Көрсөткүчтөр:

Жаңылмачтар жөнүндө түшүнүк алышса.

Көркөм айтууга көнүксө.

Эске тутуусу калыптанса.

Сабактын тиби: билимдерин калыптандыруу сабагы.

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: ватманга тартылган сүрөттөр,компьютер.

Сабактын жүрүшү: 1).Уюштуруу.

Жагымдуу маанай түзүү.

Окуучулар мугалимди карап жалпы айтышат:

Жаман сөздү айтпайбыз,

(колдорун ооздоруна алып)

Жаман сөздү укпайбыз,

(колдорун кулагына алып)

Жаман нерсе көрбөйбуз.

(колдорун кулагына алып)

Тартиптүү болуп мектепте

Сабакка көңүл бурабыз.

Мугалим:

Маанайыңар кандай?

Окуучулар:

Жаркыраган күндөй.

Мугалим:

Бири-бирибизди колдойбузбу?

Окуучулар:

(Бири-биринин колун кармап)

Бири-бирибизди колдойбуз.

2).Жаңы тема:

Жаңылмачтар.

Кыргыз элинин жаңылмчтары илгертеден балдардын тилин жатыктырууда сөз маданиятын өнүктүрүүдө так жана шайыр сүйлөөгө көнүктүрүүдө,сөздөрдү ачык,кооз, уккулуктуу колдонууну калыптандырууда чоң кызмат өтөп келген.

Жаңылмач – айтууга кыйын болгон уйкаш муундардан ,сөздөрдүн туташ келишинин негизинде түзүлүп ылдам айтканда жаңылып, сөздү так айта албай кала турган сөз тизмектери, фольклордук күлкүлүү чакан жанр.

Ал айтылышы үндөш тыбыштардан турган сөз тизмектеринен атайын курулуп,жаш муундарды өз эне тилинде так жана уккулуктуу сүйлөөгө ,чечендикке көркөм сөздү кастарлоого тарбиялайт.

Жаңылмач-сөз оюну. Бири-бирине окшош,куюлушкан сөздөрдү такалбай,шар,так айтуу.Бул оюн бир чети кызыктуу болсо,экинчи жагынан балдарды өз эне тилинде так жана уккулуктуу сүйлөөгө үйрөтүп,алардын сөз байлыгын көбөйтөт.Жаңылмач айтылышы уйкаш,үндөш сөздөрдөн ыр сыяктанып куралат.

Окуучуларга жаңылмач айтуунун эрежеси боюнча компьютерден видеосабак көрсөтүлөт.

2 топко бөлүнүшөт.

Ар бир топко жаңылмач жазылган барактар таркатылып берилет.

1-топ айткан жаңылмачты 2-топ кайталайт.

Жаңылмачты 1-жай,2-бат айтабыз.

  1. Үзүлүп кетип үзөңгү

Үсөн ооп түзөлдү

Үсөн күчтүү болбосо,

Үзүлмөкпү үзөңгү

  1. Маш буурчак таптаттуу

Таш буурчак капкатуу

Айтмак белем мен калпты

Анда өзүң байкаштыр

  1. Былкы-былкы былкы таш

Былкылдаган кызыл таш

Таар токум чаар таш

Тайгаланма кара таш

4.Маң-маң кашка коюм,

Бешөө беш башка коюм

Тиши ушак коюм,

Буту тушак коюм

Ар бир айткан окуучуну баалап,аларга “Боз үй”,””Комуз”жана “Ак калпактын” сүрөттөрү түшүрүлг бөн ,атайын кооздоп жасалган таркатмаларды берем.

Боз уй- “5”

Ак калпак-“4”

Комуз-“3” деп бааланат.

Үйгө тапшырма:

Жаңылмачтарды жаттап келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!