Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы
Ленин району
№43 МЧББУ
Тема: “Жашоо керемет”
(мини-тренинг)
Даярдаган: Сыйдалиева Б.Т.
Актуалдуулугу: Ар кандай маалыматтык басымдардан улам эмоционалдык жактан чыңалуу бул жашоодо нормага, адатка айланып бара жатат. Дайыма стрессте эмоционалдык жүк менен жүрүү ар кандай көйгөйлөргө; ички тынчсыздануу, дискомфортко алып келет. Мунун баары жан дүйнөнүн кризисине, психиканын бузулуусуна алып барат.
Максаты:
-жашоо баркын, баасын билүүнү тарбиячыларда калыптандыруу;
-өзүңө жана чөйрөдөгүлөргө позитивдүү карым-катнаш;
-жашоонун ырахатын, келечегин аныктоо.
“Сыйкырдуу кутуча”
Менин колумдагы кутучада Жер планетасындагы эң баалуу кенч бар. (отургандар анын ичин карап чыгышат)
-Силер кутучадан эмнени көрдүңөр?
Бул дүйнөдөгү эң негизги адам – бул өзүнөрсүңөр! Адамдар бар үчүн ушул аалам кайталангыс жана ар түрдүү. Ошол үчүн бүгүнкү темабыз жашоонун кереметүү экендиги туурасында болмокчу.
Тренингди баштаар алдында айрым эрежелерди бузбайбыз!
“өткөндө”, “баягыда” эмес “азыр” жана “ушул жерде”.
Чын жүрөктөн иштешүү, баарлашуу.
Өзүңөрдүн атыңардан сүйлөө – “МЕН” (мен билем, мен ойлоп турам – баары билет, баарыбыз айтабыз, баары ойлойт эмес).
Бирин-бири колдоо муктаждыгы.
Активдүүлүк.
“Маанай түсү” – “Цвет настроения”.
Шарты: ар бир катышуучу каалаган түстө аттарын жазышат.
-Эмне үчүн ушул түстү тандап алдыңыз?
Кызыл – муну тандаган адам учурда активдүү, жигердүү. Өзүнө бекем ишенген, чечкиндүү. Энергиясы менен жанындагыларды заряддап, жумуштун аягында да көп иштерди бүтүрө алат. Мындан башка кызыл түс агрессияны, кыжырданууну да билдирет. Учурдагы абалы – тынчсыздануу.
Сары – бул бакыттын жана акылдын түсү. Муну тандаган адам учурда баарлашууга, жаңы маалымат алууга, билимге муктаж. Мындай абалда максатка жетүү, маселени чечүү оной. Сары түс жайбаракаттыкты, жакшы маанайды билдирет.
Жашыл – бул табийгый түс. Ынтымак жана гармонияны билдирет. Бул түс эки жактуу; сыртынан оор басырыктуу болгон менен ичинде оң эмоция кайнап турат. Же болбосо бул моментте адам кээ бир чечимдерди ойлонуп, өткөндү эстеп же келечекке план курууну анализдейсиз.
Көк – бул чыныгы гармония. Азыркы учурда адам өзү менен өзү алек болуп, же кимдир бирөөгө же бир нерсеге симпатия кылат. Мындай абалда өз күчүндү туура чечим кабыл алууга буруу жакшы натыйжа берет.
Кара түс – тынчсыздануу. Кээде ал коргонуу сезимдерин, туруктуулукту же болбосо кайгыны, кайгыргандыкты билдирет. Стрессте жүргөн учур. Бул кезде адам өзүн иши жүрбөгөн байкуш катары карап, жалгыздыкты самап калат.
Көнүгүү “Жашоо – бул...”
Музыканын коштоосунда катышуучулар жалындап турган шамды бири –бирине карматат. Шам – жашоонун символу. Күйгөн шам – сиздин өмүрүнүз. Сиздин жашооңуз сиздин колдо, анын күйүүсүн же өчүүсүн сиз гана чечесиз. Фразаны уланткыла “Жашоо – бул” же “өмүр – бул..”
Уламыш. “Бакытыңды өзүң кур” Пауло Коэльо
Кудай ылайдан адам жасайт имиш. Ылайдын калдыгынан эмне жасайын деп адамдан сурайт.
-“Мага бакыт жасачы” – дейт адам.
Кудай эч нерсе дебестен кишинин алаканына калган ылайды карматат.
Жашоо – бул байлык . Ал эми бакытка умтулуу керек. Жаныңыздагыны көрө билүүгө үйрөнүңүз. Баары өзүбүздүн колубузда.