СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест 9-класс кыргыз адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

тест

Просмотр содержимого документа
«Тест 9-класс кыргыз адабияты»

Тесттик тапшырмалар

9-класс Кыргыз адабияты

1. Драмалык чыгармалардын өзгөчөлүктөрүн аныкта.

I.автордук баяндоо болбойт

II.ой каармандын кебинде берилет.

III.окуя курч конфликтен башталат

IV.трагедия, комедия, драма деген үч түрү бар

V.аңгемеден драмага чейинки чыгармалар кирет

VI.автордун ички толгоонулары, акыл сезимдери басымдуу.

А) I-II-V Б) I-II-III-IV-VI В) I-II-III-IV Г) II-IV-V-VI Д) IV-V-VI


2. Жусуп Турусбековдун 1916-жылкы элдин оор тагдырын чагылдырган чыгармасы?

А) “Узак жол”повести Б) “Беш мойноктогу окуя”пьесасы В) “Ажал ордуна” драмасы Г) “Айласыз кезигишүү” аңгемеси Д) “Кыздын канаты”повести


3. “Ак-Кеме”повестисиндеги окуя кайда өтөт?

А) алыскы тоо койнунда Б) айыл четиндеги койчулардын сарайында В) узак сапардагы поездин ичинде Г) токойчулардын кардонунда Д) ак кеменин ичинде


4. Өндүрүш темасын алгачкылардан болуп чагылдырган чыгарманы белгиле.

А) Ө.Даникеев “Кыздын сыры” Б) К.Каимов “Анарбайдын көпүрөсү”

В) А.Саспаев “Сарала ит” Г) Ч.Айтматов “Ак кеме” Д) Т.Сыдыкбеков “Кең-Суу”


5. Осетин айылында жетим калган эки жашар баланы жоокерлер таап алган сюжет кайсы чыгармада берилген?

А) “Каракчынын трагедиясы” Б) “Ким болду экен” В) “Ажал менен Ар-Намыс” Г) “Курманбек” Д) “Жаңыл Мырза”


6. “Кан майданда азамат ээрдин кашында”-деп күрөшкө кирген каарман?

А) Фрида Б) Макс В) Жапар Г) Ганс Д) Курманбек


7. Л.Н.Толстойдун “ Шалпаң кулак” аңгемесин кыргыз тилине ким которгон?

А) С.Карачев Б) К.Тыныстанов В) А.Осмонов Г) А.Токомбаев Д) Ж.Турусбеков


8.Төмөндөгү каармандар менен алардын мүнөздөлүшүн дал келтир.

А)Кордондун малын баккан да,бал челекти караган да өзү.Ушинтип өмүр бою таң аткандан каш карайганча иш менен алпурушуп келатса да,сый-урматка жетпеди.(1.Орозкул )

Б). Көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүрөт. Жээни эмес, өз кайгысынан баш көтөрө албай калат. Куу этек шордуу.(2.Момун чал)

В) Астындагы ат Алабаш, өзүнөн башка жан адамга мингизбейт.Азыр крым өтүгүн жалтыратып, үзөңгүнү чирене тээп, ээрде үргүлөп, шыйрагына киши теңебей келберсип келатат.(3.Бекей)

А) 1-А, 2-Б, 3-В Б) 1-В, 2-А, 3-Б В) 1-Б, 2-А, 3-В Г)1-В, 2-Б, 3-А Д) 1-Б, 2-В, 3-А


9.”Боз жорго”кимдин күлүгү?

А) Сапарбайдын Б) Каныкейдин В) Келгинбайдын Г) Шырдакбектин Д) Эшболдун

10. “Сүрөтүңдөн айланайыным, аскер форма кийип түшкөн экен, тимеле жарашыктуу, чачын артына кайрып, маңдайы кере карыш, кабагы саал бүркөрөөк тартып, тиктеп турат.Түшүмө да эми ушундай кирет”.

Бул үзүндү кайсы чыгармадан алынды, ким жөнүндө сөз болуп жатат?

А)”Энем” поэмасынан, эне алыска кеткен уулуна кабатыр болуп жатат

Б) “Ак кеме”повестисинен, Орозкулдун уулу жөнүндө сөз болуп жатат

В) “Саманчынын жолу”повести, Майсалбек жөнүндө Толгонай эскерип жатат

Г) “Жеңишбек” поэмасынан, фронттогу уулун атасы эскерип жатат

Д) “Саманчынын жолу”повестинен, Субанкул жөнүнө апасы эскерип жатат.



11. Он үчүмдө ыр көлүнөн суу ичип,

Он бешимде сени менен таанышкам.

-деген ыр саптары кимге таандык, кайсы ырынан алынган?

А) А.Осмонов “Мен тансам” Б) А.Осмонов “Пушкинге” В) А.Токомбаев “Генийге”

Г) А.Осмоновдуку “Шота Руставелиге” Д) А.Токомбаев “Поэзияма”


12. А.С.Пушкиндин “Дубровский” повестин ким которгон?

А) А.Токомбаев Б) К.Тыныстанов В) К.Маликов Г) С.Карачев Д) С.Жигитов


13. Н.В.Гоголдун “Өлүк жандар” деген чыгармасын ким которгон?

А) М.Элебаев Б) С.Карачев В) К.Тыныстанов

Г) Ж.Турусбеков Д) Ж.Бөкөнбаев


14. “Мамырбай” деген каарман кайсы чыгармада катышат?

А) “Мезгил учат” Б) “Эрксиз күндөрдө” В) “Үйлөнүүдөн качты”

Г) “Эрк таңында” Д) “Узак жол”

15. Кайсы чыгарма Касымаалы Жантөшевге тиешелүү эмес?

А) “Каныбек” Б) “Кыйын кезең” В) “Курманбек”

Г) “Кара чач” Д) “Эки жаш”


16.Касым Тыныстановдун псевдоними:

А) Балка Б) Карлыгач В) Кыт Г) Алаш Д) Кут


17. Көркөм чыгарманын түзүлүшү, курулушу, андагы сүрөттөлгөн окуялардын белгилүү тартипте жайгаштырылышы бул:

А) композиция Б) сюжет В) экспозиция Г) кульминация Д) пролог


18. Жоомарт Бөкөнбаев өзүнүн балалык чагы өткөн турмушу жөнүндө кайсы чыгармасында жазган?

А) “Досума кат” Б) “Ар-Намыс” В) “Эжеме” Г) “Айчүрөк” Д) “Алтын кыз”


19. Кашкайып өйдө карап күлбөй койгон, балдар да, карылар да анын барын барк албаган кимдер?

А) Динар, Орусбек Б) Калмат, Шоорук В) Мерезбек, Сараңгүл

Г) Сонун, Бактыбек Д) Асанкелди, Мактым


20. Мекенди сүйүү, сагынуу идеясы Аман Саспаевдин кайсы чыгармасында берилет?

А) “Сарала ит” Б) “Татым туз” В) “Улгайгандар” Г)”Ажыроо” Д)”Ыймандай сыр”



21.А.Осмоновдун бүткүл чыгармачылыгына эпиграф болуп, анын акындык кредосун аныктап турган ыр саптарын толукта.

Мен тансам, жаштан танам, ырдан танбайм,

Ыры жок______ канааттанбайм.

Кудайга миң мертебе калп айтсам да ,

________бир мертебе калп айта албайм.

А) өмүрүмө, жашоомо Б) жашоомо да, ырыма В) өмүрүмө, ырыма

Г) жашоолорго, поэзияма Д) акындарга, ырыма


22. Касым Каимовдун сатиралык аңгемелеринин туңгуч жыйнагы:

А) “Адашуу” Б) “Мектеп жолунда” В) “Соңку жолугушуу”

Г) “Талаа жылдызы” Д) “Бири-бирине окшобогон күндөр”


23. Касымаалы Жантөшевдин баатырдык эпостун сюжетинде жазган драмасы?

А) “Чолпонбай” Б) “Каныбек” В) “Курманбек” Г) “Жаңыл Мырза” Д) “Шырдакбек”


24.А.Осмонов: Акын ыры татуу тилдүү бала эле,

Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.

Жорголугун салыштыра келгенде,

Шырдакбектин жоргосундай бар эле,

-деп кимге баа берген?

А) Ж.Турусбековго Б) К.Маликовго В) Ж.Бөкөнбаевге

Г) М.Элебаевге Д) К.Жантөшевге


25.Кагылайын курбулар,

Кайрылып артка качпайлы.

Булгаба кыргыз атын деп,

Бурулуп жоону качыр деп,

Касиеттүү бабабыз,

Хан Бакай келе жатпайбы,

-деген сөздү “Ажал менен Ар-намыс” поэмасындагы кайсы каарман айткан?

А) Ар-Намыс Б) Ажал В) Жапар Г) Эр Табылды Д) Эмилбек


26. Гректердин “Иштейм, жаратам”деген маанини түшүндүргөн сөзү эмне деп аталат?

А) поэма Б) проза В) роман Г) символ Д)драма


27.Турмуш шарттарынын натыйжасында пайда болгон акын-сүрөткердин ой пикири, ички толгонуулары, ага ылайык көңүл жайы акыл-сезимдери, кубаныч кейиши көркөм адабиятта эмне деп аталат?

А) образ Б) лирика В) композиция Г) драма Д) символ


28.Түнөртүп, тумандатып кылым башын,

Кургатып алсыздардн аккан жашын,

Дааналап күн нурундай жарык кылып,

Көрсөтүп келечекке жол тазасын.

Казатчыл кабылан жүрөк балага окшоп,

Замана кайда кетип баратасың?

Кайсы чыгармадан алынган?

А) “Эшимкандын тереги” Б) “Өлүп тирилгендер” В) “Ким болду экен”

Г) “Жеңишбек” Д) “Ак Мөөр”


29.Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы “Ак кемедеги” баланын достору эмес?

А)Төө-Таш Б) Ээр-Таш В)Таңке-Таш Г) Кашабаң Д)Торпок-Таш


30. Кыргыздын тунгуч интеллегенциясынын басып өткөн жолу кимдин, кайсы чыгармасында көркөм чагылдырылган?

А) К.Баялинов “Көл боюнда ” Б) А.Токомбаев “Мезгил учат” В) С.Карачев “Эрксиз күндөрдө”

Г) М.Элебаев“Кыйын кезең” Д) К.Жантөшев “Каныбек”