Үйдүн ичиндеги караңгылык кандай маанайды түзүп турат?
2.Телефон шыңгыраганда Кыяз эмнеге дароо жооп берген жок?
А) Уйкусурады Б) Укан жок В)
3.Аэропорттон чыккан үндөр кандай символиканы туюндурат?
4.Кыяз телефондун узун шыңгыроосунан эмнени түшүндү?
5.Анын аялын ойготууга аракет кылганы эмнени көрсөтөт?
6.Түн ичинде беймаал чалуулар Кыязда кандай сезимди жаратты деп ойлойсуңар?
7.Үзүндүдөгү караңгылык жана белгисиздик сюжети эмнени билдирет?
8.Кыяз эмнеге Ноокат жактагы телефон чалууга тычсызданды?
9.Эмне себептен Кыяз жердештерин унута баштады?
10.Жолдош деген адамдын ким экенин Кыяз эмне үчүн эстей алган жок?
11.Тексттен Кыяздын Ноокат менен болгон байланышы тууралуу кандай ой чыгарууга болот?
12.Бул сүйлөшүүдө кандай маанай сезилет . Автор эмнени бергиси келген?
13.Жолдош ким эмне үчүн ал телефон чалды?
14 .Анын телефон чалышы эмне үчүн сырдуу көрүндү?
15. Кыяз абалды так билбеген учурдагы ички кыйынчылыгы кандай?
Кыяз эмнеге 18 жылдан бери айылга бара албай жүрөт?
16.Кыяз эме үчн кемпирдин көңүлү ооруп жатканын ойлоп жатат?
18. Почточу Кыязды эмне үчүн үгүттөп жатат?
19. Кыяз аялын айылга кошо алып барбаганы туурабы?
20.Аялы Кыяз кетип жатканда эмне деди?
21.Кыяз кассирге эмне үчүн калп айтты?
22.Кассир аял Кыяздын сөзүнө ишенбестигин көрсөтө турган кайсы детальдар бар?
23. Кыяздын ички талкуусу кандай? Ал калп айтканын өзүнө кандай түшүндүрдү?
24. Кыяз эмне себептен Фрунзеден бир жылдан бери чыкпай жүргөн?
25 Анын самолётто отурганда сезими кандай болду?
26. Кыяздын кыштагына келгенде алгач эмнени көрдү?
27.Почточу аны эмне кылууга үндөдү?
28. Кыяз эмне үчүн башында ыйлай алган жок?
29.Анын энесинин өлүмүн толук аңдаган учур кайсы болду?
30.Автор табиятты кандай сүрөттөйт жана ал Кыяздын сезимдерине кандай таасир этти?
31.Кыяздын буга чейин өлүм-житимге туш келбегени анын жүрүм-турумуна кандай таасир этти?
32.Элдин Кыязды жабалактап карашы анын ичинде кандай сезимдерди жаратты?
33.Почточунун “Өкүр, өкүрбөйсүңбү!” деген сөзү Кыязга кандай таасир этти?
34 Кыяз эмнеге чын жүрөктөн ыйлай алган жок?
35.Каармандын көз жашын төгө албаганы анын энесине болгон сезимдерин билдиреби?
36.Үйдөгү башка адамдардын ыйлаганы менен Кыяздын абалын салыштырып, кандай жыйынтык чыгарса болот?
37. Автор кайсы көркөм каражаттарды колдонуп, кайгынын атмосферасын түзгөн?
38. Кыяздын апасынын реакциясы кандай жана ал окуянын жүрүшүнө кандай таасир этет?
39. Кыяз эмне үчүн көз жашсыз ыйлап жатат? Анын кайгысы чын жүрөктөн сезилбей жатканынын себеби эмнеде?
40.Таенеси кандай адам эле ? Кыязга болгон мамилеси кандай эле?
41. Кыяз эмнеге энесинин акыркы жолу жаткан жерин көргүсү келди?
42. Кыяздын газала үнүн угуп, асманга караганынын себеби кандай болду?
43. Баланын ыйы Кыязга кандай таасир берди?
44.Кыяз өзү 18 жыл мурда эмне себептен энесинин жанына ыйлап, бул баланы көрбөгөндөй сезилди?
45. Кыяз энесинин үстүнө топурак салууда кандай эмоцияларды башынан өткөрдү?
46. Кыяз байчечекти эмнеге чөнтөгүнө салып койду?
47. Бул аңгемеден кыргыз элинин кайгыруу жана жакынын акыркы сапарга узатуу салты тууралуу кандай маалымат алууга болот?
48.Беш манжа, Кыяздын ыйлаганына эмне себеп болду жана ал кандай өзгөрүштү сезди?
49.Кыяздын маанайы тексттин аягында кандай өзгөрдү?
Кыяз байчечек менен кандай эмоционалдык байланышта болду?
50.Тексттин негизги темасы жана анын мааниси кандай?
Чыгармадагы “какшыган булак” деген фразеологизм сөз кандай мааниде колдонулуп жатат?
Адамдын жан дүйнөсүнүн жардылыгын кайсы символикалык белги менен берип жатат?
1.Аңгемедеги башкы каарман ?
А) Кыяз Б) Жолдош В) Таененси Г) Байчечек
2. Жолдош ким?
А) Таекеси Б) Атасы В) Почточу Г) Жездеси
3.Байчечек эмненин символу
А) Жаштыктын Б) Сүйүунүн В) Жаңы жашоонун башталышынын Г) Жаздын
4. “Какшыган булак” деген фразеологизм сөз кандай мааниде колдонулган?
А) Кургап калган булак Б) Түгөнүп калган суу В) Көзүнө жаш албоо Г) Көз жашынын түгөнүп калгандыгы
5. Таенесинин Кыязга болгон мамилеси?
А) Жаман Б) Жек көрөт В) Жакшы көрөт Г) Көңүл кош
6. Газала деген кайсы канатуу?
А) Сагызган Б) Торгой В) Көгүчкөн Г) Булбул
7.” Пендечилик” деген сөздүн мааниси
А) Жакын адамы өлсө көңүл айтуу Б) Тирүү адам В) Өлүк көмгөн адам Г) Жеке адам
8. Мурза Гапаров качан,кайсы жерде туулган?
А) Фрунзеде 1933-жылы Б) Ошто 1941-жылы В) Ноокатта 1936-жылы Г) Бишкекте 1936-жылы