6- класс Биология ФИО.________________________________________
1.Өсүмдүктүн сабагын,түймөктөрүн, тамырын кайсы ткань сууктан коргойт.
А)пробка Б)чоку бүчүр
В)каптал бүчүр Г)кабык
2.Бир нече катмар өлүк клеткалардан түзүлгөн жабуучу ткань жыл сайын.... пайда болуп турат.
А) камбий шакекчеден Б)буладан
В)пробкадан Г)жылдык шакекчеден
3.Сууну жана анда эриген минералдык заттарды өткөрүүчү түтүкчөлөр, сабактын кайсы тканында жайгашкан?
А)теричиде Б)пробкада
В)булада Г)сөнгөктө
4.Өсүмдүктүн сабагы туурасынан эмненин эсебинен жооноюп өсөт?
А)сөңгөктүн Б)пробка катмарынан
В)камбийдин Г)чечевичканын
5. Сууда эриген заттар сабактын сөңгөгү аркылуу төмөндөн жогору карай эмне аркылуу ташылат?
А)флоэма Б)ксилема
В)пробка Г)камбий
6.Төмөнкү дүйнөчөгө кирген өсүмдүктөр
А) тамыр Б) балыр
В) сабак Г) гүл
7.Бир клеткалуу балырлар?
А) хлорелла Б) улотрикс
В) спирогира Г) ламинария
8.Бири бирине улашып,катар жайгашкан бир түрдүү клеткалардан турган кайсы балыр?
А) хлорелла Б) улотрикс
В) спирогира Г) ламинария
9.Кемелердин жүрүшүнө тоскоол кылган кайсы түстөгү балырлар?
А) бир клеткалуу балыр Б) кызыл балырлар
В) күрөң балырлар Г) жашыл балырлар
10.Агар атту зат кайсы балырдан алынат?
А) бир клеткалуу балыр Б) кызыл балырлар
В) күрөң балырлар Г) жашыл балырлар
11.Эки түрдүү клеткадан турган өсүмдүк?
А) мамык чөп Б) күкүк зыгырыгы
В)сфагнум Г)папоротник
12.Папоротник кантип көбөйөт
А) тамыр аркылуу Б)спора аркылу
В) сабак аркылуу Г)гүлдөрү аркылуу
13.Жылаңач уруктуулар папоротниктерден айырмаланып эмнеси менен көбөйүшөт?
А)гүлдөн Б) тобурчактын түрпүчөсүнөн
В) урук бүчүрдөн Г) сабактан
14. Бир келеткалуу шапалагы жок балырлардан кайсынысы тоюттук мааниге ээ?
А) хламиноманада Б) спирогира
В) ламинария Г) хлорелла
15.Ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн генеративдик органы болуп эмне эсептелет?
А) тамыры Б) ийне жалбырагы
В)сабагы г) тобурчагы
16*Урук түйүлдүгүнүн тамырчасынан эмне өрчүйт?
а) негизги тамыр б) каптал тамыр в) чачы тамыр г) кошумча тамыр
17*Өркүндү узунунан өстүрүүчү бүчүр?
а) каптал бүчүр б) жалбырак бүчүр в) чоку бүчүр г) аралаш бүчүр
18*Мурутчасынын жардамы менен жогору көтөрүлгөн сабак;
а) чырмалуучу б) жөрмөлөөчү в) тике өсүүчү г) жабышуучу
19*Төмөнкүлөрдүн кайсынысы минералдык жер семирткич болуп саналат?
а) кык б) азот в) чириндилер г) жаныбарлардын калдыктары
20*Кайсынысы тамыр-мөмө болуп саналат?
а) беденин тамыры б) сабиз в) георгина г) картошка
21**Бир катмарлуу, бөлүнүүчү клеткалардан турган пайда кылууч ткань, бул;
а) була б) пробка в) камбий г) сөңгөк
22**Тамырдын эң учунда эмне жайгашкан?
а) тамыр калпакчасы б) өсүү зонасы в) өткөрүү зонасы г) соруу зонасы
23**Транспирация деген эмне?
а) жалбырактын сууну буулантышы б) нымдуулукка болгон көз карандылык в) өсүмдүктүн сууну сиңириши г) өсүү шартына көз карандылыгы
24**Сармысактын (чеснок) түймөгү жер астындагы өркүндүн кайсы түрүнө кирет?
а) пияз түп б) тамыр-сабак в) тамыр-түймөк г) тамыр-жалбырак
25**Дайыма жаңыланып туруучу клеткалардын түзүлгөн тамыр зонасы;
а) өсүү зонасы б) өткөрүү зонасы в) соруу зонасы г) тамыр калпакчасы
26**Капустанын кочаны бул;
а) мөмө б) гигант бүчүр в) эттүү сабак г) түймөк
27**Сабакта бүчүрлөрдүн жайгашуусу боюнча канча топко бөлүнөт?
а) 5 б) 2 в) 4 г) 3
28**Сабакта жалбырак жана бүчурлөр жайгашпаса ал кандай өркүн болот?
а) өзөк б) аралаш өркүн в) жер астындагы өркүн г) генеративдик өркүн
29**Жердин үстүңкү азык затка бай бөлүгү эмне деп аталат?
а) кум б) топурак в) гумус г) шагыл
30**жердеги азотту кайсы өсүмдүк топтоого жондөмдүү болот?
а) картошка б) капуста в) сабиз г) уй беде
Жообу:
1-г
2-в
3-г
4-в
5-б
6-б
7-а
8-б
9-в
10-б
11-в
12-б
13-б
14-г
15-г