СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест для предмета химия

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химия

Просмотр содержимого документа
«Тест для предмета химия»


Сабактын темасы: Ион алмашуу реакциялары.

Сабактын максаты: Ион алмашуу реакциялары туурасында маалыматтарга ээ болушат жана реакциялардын теңдемелерин анализдейт.

Окуучулар реакцияларга ойлонуу талдоо жүргүзүү, жооп таба билүү, өз оюн эркин айтуу көндүмдөрүн жана таанып билүүчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.

Ион алмашуу реакцияларына байланыштуу мисалдарды өз алдынча чыгара алышат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын усулу: SEA усулу, топтор менен иштөө.

Сабактын жабдылышы: ТСО, химиялык реактивдер, химиялык идиштер.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

-саламдашуу, окуучуларды толуктоо;

-эки топко бөлүү; жагымдуу маанай түзүп алуу;

-сабактын ыкмасын окуучуларга эскертүү;

-аткарылган тапшырмага жараша упай топтолоорун эскертүү

Өтүлгөн темаларды кроссворддун жардамында сурап алуу.

(экранда жайгаштырылат)

Темага багыт берүү:

Бүгүнкү сабагыбызды старттык эксперимент методунун негизинде өтөбүз. Теманы сабактын аягында өзүңөр тактап аласыңар. Азыр кунт коюп төмөнкү эксперментти байкагыла.


Старттык экспермент бөлүмү:

Керектелүүчү заттар:

2-3 мл кайнатма туздун эритмеси, 2-3 мл күмүш нитратынын эритмеси, “эригичтик ” таблицасы.

2-3 мл кальцийдин хлоридинин эритмеси, 2-3 мл күмүштүн нитратынын эритмеси, “эригичтик” таблицасы.


Байкоо-тажрыйба аткарлып бүткөндөн кийин ар бир окуучу эмнени байкаган болсо байкоо бөлумүнө өз байкоолорун илишет.


Тандалаган байкоо- байкоонун арасынан тандалмасын тандалган байкоо бөлүмүнө илишет. Гипотеза тчыгаруу үчүн суроолор берилет.


Суроолор бөлүмү:

1-топ: кайнатма туздун эритмеси+кумуштун нитраты = ...

2-топ: кальцийдин хлоридинин эритмеси +күмүштүн нитраты= ...

Реакциянын теңдемелерин жазгыла.


Эмне изилденет бөлүмү:


NaCL + AgNO3 = AgCI + NaNO3

чөкмө



CaCL2 + 2 AgNO3 = 2AgCL + Ca(NO3)2

чөкмө

(Окуучулар жазгандан кийин иондук теңдемени мугалим түшүндүрүп берет)

+ - + - + -

Na+CL +Ag + NO3 = AgCL + Na + NO3 (толук иондук теңдемеси)

чөкмө


  • +

CL + Ag = AgCL (кыскартылган иондук теңдемеси)

чөкмө


2+ - + - 2+ -

Ca +2CL +2Ag +2NO3 =2AgCL + Ca + 2NO3 (толук иондук теңдемеси)

чөкмө

  • +

2CL + 2Ag = 2AgCL (кыскартылган иондук теңдемеси)

чөкмө


Верификациялык эксперимент:

Керектелүүчү заттар:

1-топ: 1) 2-3 мл барий хлоридинин эритмеси, калий сульфаты,

“эригичтик” таблицасы.

2) Барийдин сульфаты, туз кислотасы, “эригичтик”

таблицасы.

2-топ: 1) 2-3 мл барий хлоридинин эритмеси, натрий сульфаты,

“эригичтик” таблицасы.

2) Барийдин карбонаты, туз кислотасы, “эригичтик”

таблицисы.

(Окуучулар тажрыйбаны жасап көрүшүп, андан кийин иондук теңдемесин жазышат).


1-топ:

1)BaCL2 + K2SO4 = BaSO4 + 2 KCL

чөкмө


2+ - + 2- + -

Ba + 2CL +2 K +SO4 = BaSO4 + 2 K + 2 CL (толук иондук теңдемеси)

чөкмө

2+ 2-

Ba + SO4 = BaSO4 (кыскартылган иондук теңдемеси)

чөкмө


2)BaSO4 + HCL = эрибейт.


2-топ:

1)Ba CL2 + Na2SO4 = BaSO4 + 2NaCL

чөкмө


2+ - + 2- + -

Ba + 2CL + 2Na + SO4 = BaSO4 +2Na +2CL

чөкмө


2+ 2-

Ba + SO4 = BaSO4

CO2



2)BaCO3 + HCL =BaCL2 + H2CO3

H2O



Концепция бөлүмү: хлорид ионун аныктоочу зат- реагент катары күмүш нитратын, ал эми сульфат же карбонат иондорун аныктоодо реагент катары барий хлоридин пайдаланууга болот.


Эки топ өтүлгөн сабак боюнча концепция чыгарышат да, жалпылап кроссворддун негизинде өтүлгөн теманы тактап, кандай максатка жеткендигин анализдейт.

Демек, биз бүгүн “Ион алмашуу реакциялары” деген теманы толук түшүнө алдык деп ойлойм.

Үйгө тапшырма: “Ион алмашуу реакциялары”.

Баалоо: Топтор сандыктагы тыйындарды санашат, кайсы топ жеңүүчү экендиги аныкталат, жана бири-бирин баалашат.