11 класс 1 - вариант
ФИО___________________________________класс______________дата_______
1) Химиялык элементтин ядросунун зарядын кантип тапса болот?
а) ал Менделеевдин таблицасындагы элементтин массалык санына барабар
б) ал электрондун зарядына барабар
в) нейрондордун санына барабар
г) ал ярдонун протондорунун зарядына барабар
д) ядро электрдик нейтралдуу
2) Ядро ... турат?
а) протондордон, нейтрондордон, электрондордон
б) протондордон электрондордон
в) нейтрондордон, электрондордон
г) электрондордон
д) протондордон, нейтрондордон
3) Суутектин атому толкун узундугу 486 нм болгон фотонду нурдантса, анда атомдун электронунун энергиясы канчага өзгөрөт?
а) 10-19 Дж б)1,6 *10-19 Дж в)2 * 10-20 Дж г) 10-20 Дж д)4 * 10-19 Дж
4) Суутектин атомунун нурдануу спектри кандай?
а) үзгүлтүксүз спектр
б) тилкелүү спектр
в) сызыктуу спектр
г) тилкелүү жана сызыктуу
д) үзгүлтүксүз жана тилкелүү
5) Төмөнкү телолордун кайсынысы сызыктуу спектрди нурдантат?
а) эриген коргошун б) кызытылган лампа
в) отун г) алтындын буусу д) темир сызгыч
6) Индийдин атомунун Менделеевдин таблицасындагы номери 49, массалык саны 115 болсо, анын атомунда канча электрон бар?
а) 46 б) 49 в) 115 г) 164 д) 154
7) Темирдин
атомунун ядросунун курамын аныктагыла.
а) 26p + 28n б) 26p + 54n в) 54p + 26n г) 28p + 26n д) 18p + 27n
8) Ядролордун туруктуулугун кандай күчтөр камсыз кылат?
а) гравитациялык
б) электромагниттик
в) ядролук
г) магниттик гана
д) электр күчү гана
9) Кайсы нурдануунун затка кирүү мүмкүнчүлүгү эң зор?
а)альфа б)бета в)гамма г) рентген д) жарык
10) альфа - бөлүкчөнүн заряды элементардык заряд бирдигинде канчага барабар болот?
а) -2 б) -1 в) 0 г) 1 д) 2