11 класс 2 - вариант
ФИО___________________________________класс____________________________дата_______
1) Атомдун ядросу өтө бекемби?
а) Бекем, себеби алар электрондук кабыкчалар менен кармалып турушат.
б) Бекем эмес, себеби алардын ортосунда электростатикалык түртүшүү күчтөрү аракет этет.
в) Бекем, себеби ядронун бөлүкчөлөрүнүн ортосунда тартышуу күчтөрү аракет этет.
г) Бекем, себеби ядролор ядролук күчтөрдүн жардамында кармалып турушат.
2) Атомдун ядросунун өлчөмү кандай?
а) (10-15 - 10-13) м б) (10-8 - 10-7)м в) (1 – 10-20 )м г) 1 мм д) 10-3мм
3) Стационардуу абалда атом...
а) бир квант энергияны жутат б) электромагниттик толкунду жутпайт жана нурдантпайт
в) тескерисинче атом энергияны нурдантат г) атом нейтралдуу д) атом ионизацияланат
4) Суутектин атомундагы электрон үчүнчү энергетикалык деңгээлден экинчи деңгээлге өткөндө, толкун узундугу 0,66 мкм болгон фотон нурданган. Суутектин атомунун энергиясы канчага азайган?
а) 10-19 Дж б)1,6 *10-19 Дж в)2 * 10-20 Дж г) 10-20 Дж д)3 * 10-19 Дж
5) Натрийдин бууларынын нурдануу спектри кандай?
а) үзгүлтүксүз спектр б) тилкелүү спектр в) тилкелүү жана сызыктуу
г) сызыктуу спектр д) үзгүлтүксүз жана тилкелүү
6) Ядролук күчтөргө төмөндөгү кайсы касиеттер тиешелүү:
1) Жаратылыштагы эң кубаттуу, кулон күчтөрүнөн 100 эсеге чоң болгон күчтөр
2) Каныгуу касиетине ээ, б.а. ядродогу нуклондор жанындагы чектүү сандагы кошуна нуклондор менен гана аракеттенишет.
3) Борбордук күчтөр болушат.
4) 10-15 м тартибиндеги кыска аралыкка таасир этишет.
5) Заряддардан көз карандысыздыкты көрсөтөт: каалагандай эки нуклон бирдей тартылышат.
а) 1,2,3,4,5 б) 1,2,3,4 в) 1,2,3 г) 1,2,4,5 д) 2,3,4
7) Кайсы нурдануунун затка кирүү мүмкүнчүлүгү эң зор?
а) α (альфа) б) β(бета) в) ϒ(гамма) г) рентген д) жарык
8) Төмөнкү нурлардын ичинен кайсы нур магнит талаасында кыйшаят?
а) жарык нурлары б) β -нурлары в) α-нуру г) рентген нуру д) ϒ –нуру
9) Төмөнкү телолордун кайсынысы үзгүлтүксүз спектрди нурдантат?
а) сымаптын атому б) суутек менен гелийдин аралашмасы в) эритилген темир г) магнийдин атому д) кычкылтектин молекуласы
10) Индийдин атомунун Менделеевдин таблицасындагы номери 49, массалык саны 115 болсо, анын атомунда канча электрон бар?
а) 46 б) 49 в) 115 г) 164 д) 154