8-класс 4-чейрек тест ____ ______________________________________________________
1. XIX к.биринчи жарымындагы Чыгыш Түркстандагы Цин бийлигине каршы кыймылды жетектеген мусулман мамлекетинин мураскерин белгиле
а) Омор-хан б) Жааңгер-кожо
в) Мадалы хан г) Маматкул бий
2. 1898-ж 17-майда Орто Азияда кайсы окуя болгон?
а) Кокон кѳтѳрүлүшү б) Анжиян кѳтѳрүлүшү
в) Алай кѳтѳрүлүшү г) Жамбыл кѳтѳрүлүшү
3. Окуяны хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла
1) Кокондуктардын Ысык-Кѳлгѳ жана Борбордук Тян—Шанга жортуулу
2) Куртка Каракол чептеринин негизделиши
3) Кокондуктардын Ош,ѳзгѳн шаарларын каратып алышы
4) Бишкек чебинин негизделиши
а) 1,2,3,4 б) 3,4,1,2 в) 2,3,4,1 г) 4,1, 2,3
4. Кокондуктар Чүй ѳрѳѳнүнѳ кайсы чептерди курушкан?
а) Бишкек, Токмок, Кара-Балта б) Куртка, Каракол, Жамбыл
в) Кетмен Тѳбѳ, Тамга, Бишкек г) Токмок, Куртка, Коӊур - ѳлѳӊ
5. Тѳмѳндѳгү тарыхый инсандардын бирѳѳ туура келбейт.
а) Байтик б) Шабдан в) Саякбай г) Тайлак
6. XIX к. биринчи жарымында түндүк кыргызстанда кандай кырдаал түзүлгѳн?
а) Уруулардын ортосунда тынчтык жана макулдашуу түзүлдү
б) Кокон хандыгына каршы жортуулга даярданышкан
в) уруулардын ортосунда кастык чатакташуулар күчѳдү
г) Россиянын курамына киришкен
7. Түндүк Кыргызстан Россиянын курамына толугу менен качан киргизилген?
а) 1871-1876-жж б) 1843-1848-жж в) 1855-1868-жж г) 1854-1860-жж
8. 1911-жылы Уфа шаарында кыргыз тилинде басылып чыккан биринчи Алиппенин автору;
а) Б.Солтоноев
б) И.Абдрахманов
в) К.Тыныстанов
г) И.Арабаев
9 Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары:
а) дудка, скрипка, гитара
б) варган, свирель, скрипка
в) кыл кыяк, ооз комуз,комуз
в) дудка, домбра, балалайка
10. Кокон хандыгы канчанчы жылдарда кыргыздардын жерин басып алган?
а) 1715-1825-жж б) 1762-1831-жж
в) 1780-1845-жж г) 1790-1860-жж
8-класс к-тарых 4-чейрек тест ____ ______________________________________________________
1. Окуялардын кайсынысы акыркы болгон?
а) Собордук Уложенияны кабыл ё алуу
б) Романовдордун башкаруусу
в) Россиянын Балтика деӊизине чыгууга ээ болуусу
г) Москва Университетинин ачылышы
2. XVIIIк.Россиянын маданиятынын ѳнүгүүсүнѳ тѳмѳнкү аталгандан кимдер салым кошкон?
а) С.Дежнев б) В.Баженов в) Е.Канкрин г) М.Казаков
3.Индиядагы сипайлардын кѳтѳрүлүшүнүн тарыхый маанисин белгиле.
а) Индия Англиянын колониялык ээзүүсүнѳн бошоду
б) Касталардын жолашканы токтоду
в) Ал ѳлкѳнүн биригүүсүнѳ шарт түздү
г) Азия элдери колонизаторлорго каршы боштондук күрѳшүнѳ түрткү берди
4. Кытайдын «Апийим согушунда» жеңилишинин себебин белгиле.
А) Колонизаторлордун аскеринин санынын артыкчылыгы
б) Кытайдын экономикалык жана согуштук-техникалык артта калуусу
в) Жергилиетүү байлардын колонизаторлор тарапка өтүшү
г) Дыйкандардын көтөрүлүшү
5. 1842-жылы Нанкин келишими боюнча Гонконг.... берилген
А) Японияга б)Францияга в) Улуу Британияга
г) Германияга
6. 1850-1864-жж Цин династиясына, чет элдик колонизаторлорго жана феодалдардын эзүүсүнѳ каршы Кытайдагы дыйкандар согушу болгон. Бул......... кѳтѳрүлүшү.
а) батавдардын б) сипайлардын в) тайпиндердин
г) ионийлердин
7.Японияда император Муцухито башкарган убакыт.............. мезгили деп аталган
а) экономиканы рефармалоо
б) кошуна ѳлкѳлѳр менен согушуу
в) ѳнѳр жайдагы тѳӊкѳрүш
г) билимдүүлүктүн ээлиги
8. XIXк аягында кайсы ѳлкѳлѳр ири колониялык империя болуп калышты?
а) Улуу Британия,Франция,Кытай
б) Франция,Япония,Россия
в) Улуу Британия,Франция,Германия
г) Франция, Индия, Германия
9. «үчтүктөр союзуна » кайсы мамлекеттер кирген?
а) Германия, Англия,Япония
б) Россия, Франция,Италия
в) Германия, Италия, Австро-Венгрия
10 XIX к дүйнөнүн көрүнүктүү окумуштуларын белгиле
а) М.Ломоносов,Д.Жоуль,Ж.Мартин
б)М.Лабачевский, Д.Менделеев,Г.Лейбниц
в)П.Лаплас,Р.Майер ,Э.Дженер
г) И.Ньютон,Ж.Дарвин,М.Лабачевский