Вариант 305
Улуттук тест
1. Кыргызстанда айыл чарбага пайдаланылуучу жерлердин басымдуулук кылганы?
А) айдоо жерлер б) токойлор в) жайыттар г) чабындылар
2. Картошка өстүрүу боюнча Кыргызстандын кайсы региону негизги бюолуп эсептелинет?
А) Чаткал өрөөнү б) Чүй өрөөнү в) Ысык-Кол өрөөнү г) Орто Нарын өрөөнү
3. Ысык-Ата курорту Кыргызстандын кайсы региолнунда орун алган?
А) Ферган өрөөнү б) Чоң Кемин өрөөнү в) Талас өрөөнү г) Чүй өрөөнү
4. Кыргызстанда темир кени чыккан жер кандай аталат?
А) Кадамжай б) Жетим в) Сумсар г) Жыргалаң
5. Кыргызстандын кайсы шаарында килем токуу комбинаты орун алган?
А) Токмок б) Кара-Балта в) Кант г) Ош
6. Гидрокурулушчулардын шаары Достук, Кыргызстандын кайсы дарыясынын боюнда курулган?
А) Чүй б) Ат-Башы в) Нарын г) Кызыл-Суу
7. Ысык-Көлдүн боюндагы кайсы калктуу пункттун курорттук мааниси бар?
А) Балыкчы б) Каракол в) Байсоорун г) Чолпон-Ата
8. Кыргызстандын кайсы областынын адистешүүсү мал чарбачылык мүнөздө экени таасын байкалат?
а) Ош б) Чүй в) Нарын г) Ысык-Көл
9. Кыргызстандын кайсы областынын калкы илгертен дыйканчылык кылышчу?
А) Чүй б) Ысык-Көл в) Нарын г) Ош
10. Кыргызстандын түштүгундө кайсы курорт орун алган?
А) Сүлүктү б) Таш-Көмүр в) Кызыл-Кыя г) Жалал-Абад
11. Кыргызстандын кайсы жеринде калктын жыштыгы жогору?
А) Нарын областы б) Талас областы в) Ош областы г) Ысык0Кол областы
12. Кыргыз уяң жүндүү койлору багылган жер?
А) Талас өрөөнү б) Орто Нарын өрөөнү в) Көгарт өрөөнү г) Кетмен-Төбө өрөөнү
13. Кыргызстандын кайсы жеринде уруктук кант кызылчасы өстүрүлөт?
А) Талас өрөөнү б) Ош областы в) Чүй өрөөнү г) Ысык-Көл областы
14. Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайынын кайсы тармагы мурдагы убакта союздук мааниси бар эле?
А) түстүү металлдарды казып алуу б) нефти жана газ өндүрүү в) фосфориттерди казып алуу г) темир рудаларын казып алуу
15. Чүй өрөөнүнүн башкы табигый байлыктарын 9ресурстарын) бөлүп көрсөткүлө?
А) минералдык сырье б) химиялык сырье в) отун сырьесу г) жер ресурсу
16. Кайсы кездеме Кыргызстандын текстиль өнөр жайвндв чыгарылбайт?
А) зыгыр буласынан тоулган б) жибектен токулган в) пахтадан токулган г) жүндөн токулган
17. Сүт-эт багытындагы олуя-ата тукумундагы уйлар Кыргызстандын кайсы жеринен чыгарылган?
А) Ысык-Көл өрөөнү б) Чүй өрөөнү в) Орто Нарын өрөөнү г) Талас өрөөнү
18. Кыргызстанда кайсы күрөң көмүр кенине темир жол куруу пландаштырылып жатат?
А) Кажысай б) Өзгөн в) Каракече г) Сүлүктү
19. Кайсы өрөөндө калктын жыштыгы эң жогору?
А) Талас б) Ат-Башы в) Чүй г) Орто Нарын
20. Кыргызстанда айыл чарба машина куруу өнөр жайынын жайгашуусунда кайсы фактор чечүүчү ролду ойногон?
А) эмгек ресурстарынын болушу б) транспорттук в) чийки заттын 9сырье) болушу г) керектөөлөр
21. Сары-Жаз кенинде кайсы рудалар казылып алынат?
А) калай рудалары б) темир рудалары в) жез рудалары г) боксит
22. Кыргызстандын мал чарбачылыгынын кайсы тармагы кирешелүү деп эсептелет?
А) үйүрлөп баккан жылкы чарбасы б) бал аарычылык в) балык чарбасы г) чочко чарбасы
23. Кыргызстандын кайсы шаарында биринчи кант заводу курулган?
А) Кант б) Токмок в) Нарын г) Кара-Балта