Тест, тесттин түрлөрү.
Максаты: Тест жана тесттин түрлөрү боюнча маалымат берүү.
«Тест” термини англис тилинен которгондо текшерүү, сыноо деген маанини берет. Тест изилденип жаткан педагогикалык процесстин мүнөздөмөсүн аныктоо үчуүн сыноого катышуучуларды бирдей сыноолордон бир мезгилде жана бирдей шарттарда өткөрүү. Педагогика илиминин башка изилдөө методдорунан тестирлөө методу жөнөкөйлүгү,тактыгы жана жыйынтыкты тез бериши менен окуучулардын жетишүүсүн ,интеллектуалдык деңгээлин , калыптануу даражасын аныктоого болот. Тесттик тапшырмалардын жыйындысын түзүүдө ар түрдүү ыкмалар колдонулат.
Тест илимий метод катары төмөнкү үч багытта пайдаланылат:
-
Адамдын физиологиялык өзгөчөлүгүн аныктоодо;
-
Тарбиялоо жана окуу процессиндеги уюштуруу аракеттерин талдоодо;
-
Адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоодо
Азыркы мезгилге чейин тестирлөө методунун окуу процессиндеги функциясын жана ордун аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Ал эмгектерде тестке төмөндөгүдөй аныктамалар берилет:
-
Тест- стандартталган тапшырма;
-
Тест- сыноо процесси;
-
Тест- текшерүү методу;
-
Тест- текшерүүнүн формасы;
-
Тест- инструмент,башкача айтканда каражат;
-
Тест- текшерүүнүн жыйынтыгы.
Жалпы илимий изилдөө ишмердүүлүгүндө тест үч багытка бөлүнөт:
-
Психологиялык тест;
-
Педагогикалык тест;
-
Кесиптик тест.
Тест методу тигил же бул процесстин ички өзгөчөлүгүн аныктоо үчүн аныкталган уюштуруу формасына ээ болот.
Адатта тестти уюштурууда төмөнкү формалар орун алат:
-
Жазуу тестти;
-
Оозеки тест;
-
Компьютердик;
-
Кыймыл-аракет тести.
Азыркы мезгилде тест методу окуу процессиндеги эң жалпы тенденцияларды аныктоодо гана эмес , күнүмдүк окуу процессинде төмөнкү дидактикалык функцияларды аткарат:
-
Диагноздоочу;
-
Мотивди пайда кылуучу;
-
Коррекциялоочу;
-
Тескери байланышты түзүүчү;
-
Баалоочу;
-
Прогноздоочу.
Тест жүргүзүүнүн негизги функциясы окуу процессиндеги окуучулардын жетишкендиктерин эң аз убакытта аныктоо менен белгиленет. Демек, тест жүргүзүү окуу процессинин диагностикасын жүргүзүүгө шарт түзөт. Белгилей кетүүчү нерсе тесттин жардамы менен окуучулардын аныкталган окуу материалдары боюнча жетишкендиктерин жана ошондой эле айрым бир кездешкен кыйынчылыктарын , жетишпегендиктерин изилдөөгө болот.
Тест жүргүзүү ар бир окуучунун өз алдынча өздүк окуу жетишкендиктерин аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Натыйжада ар бир окуучу өзүнүн окуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасын эч кандай педагогтун катышуусу жок эле өзү аныктай алат. Бул болсо ар бир окуучунун өздүк жетишкендиктеринин жана кыйынчылыктарынын туура бааланышына алып келүү менен окуучуда оң окуу мотивин түзүүгө өбөлгө түзөт.
Тест жүргүзүүнүн дагы бир өзгөчөлүгү окуу процессине өз убагында өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Себеби, ар бир окуу предмети боюнча окуу процессинин жыйынтыгы кыска эле убакыттын ичинде аныкталат. Ал жыйынтыктын негизинде окуу процессине тиешелүү коррекциялоо, башкача айтканда толуктоо,өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Окуу процессинин эффективдүүлүгү тескери байланыштын кыска убактын ичинде аныкталышынан көз каранды. Тест жүргүзүүдө жөн гана окуучулардын окуу жетишкендиктерин аныктоо менен бирге эле, тескери байланышты, башкача айтканда окуу материалынын тигил же бул бөлүгү боюнча түшүндүрүүнүн деңгээли, тактап айтканда мугалимдин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы дагы белгиленилет. Демек, тестти туура уюштуруу менен окуу процессинин тескери байланышын туура аныктоого болот.
Тест жүргүзүү менен окуу процессиндеги эң маанилүү болгон окуучулардын окуу жетишкендигин баалоо дагы эң ыңгайлууформада ишке ашат. Себеби, ар бир педагог тест жүргүзүүдө алдын-ала тесттик тапшырмалардын санын, алардын татаалдык деңгээлдерин жана ошондой эле алардын жыйынтыктарын аныктоо боюнча аныкталган системаны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Алдын ала даярдалган тесттин жыйынтыктарын баалоо системасы окуу процессинин жыйынтыгын аныктоодогу субЪективдүү факторлорду азайтат.Тест жүргүзүүнүн дагы бир өзгөчөлүүгү окуу процессинин прогнозун , башкача айтканда анын жүрүшүн , жыйынтыгын алдын ала аныктоого мүмкүнчүлүк түзүштү. Тест жүргүзүү менен окуучулардын окуу материалдары боюнча кабыл алынышынын өзгөчөлүктөрүн , анын аныкталган бөлүктөрү боюнча кыйынчылыктарын алдын ала белгилөөгө болот.
Тестти жүргүзүү менен окуучулардын окуу материалдары боюнча кабыл алынышынын өзгөчөлүктөрүнүн , анын аныкталган бөлүктөрү боюнча кыйынчылыктарын алдын ала белгилөөгө болот. Тестти жүргүзүү абдан кылдаттыкты жана тиешелүү удаалаштыктагы ишмердүүлүктү талап кылат:
-
Тестилөөнүн максатын жана мазмунун аныктоо;
-
Тесттик тапшырмаларды түзүү;
-
Тестти апробациялоо(текшерүү) жана коррекциялоо(оңдоо);
-
Сыноону уюштуруу;
-
Жыйынтыгын чыгаруу жана аны интерпретациялоо(маанисин ачуу,чечмелөө);
-
Жыйынтыктоочуу материалдарды алдын – ала даярдоо;
Тесттин түрлөрү жана аларды түзүү боюнча сунуштар
Билимдин натыйжаларын өлчөө жана баа коюу үчүн демейде колдонуучу шаймандар бар. Биз аларды объективдүү баалоо деп атайбыз. Объективдүү баалоо бул тесттерге тиешеси бар жалпы термин , себеби тесттерде баалоо объективдүү болуп саналат жана туура , туура эмес жоопторду так көрсөтөт.
Объективдүү баалоо кеңири тематикалык тармакты тестирлөө үчүн колдонулушу мүмкүн , бирок кээде үстүртөдөн текшерүү үчүн да колдонулушу мүмкүн. Бул чоң класстар үчүн кыска убакыттын ичинде көп сандагы окуучуну тез арада тестирлөөнүн жемиштүү ыкмасы катары да колдонулат.
Тесттин түрлөрү:
-
Толтуруу
-
Кыскача жооп
Эсиңиздерде болсун объективдүү тесттик тапшырмалар негизинен көбүрөөк жимиштүүрөөк болот жана анык билимди өлчөө үчүн, мыкты куралган тапшырмаларды чыгаруу үчүн (мисалы,квадраттык теңдемелерди чыгаруу) колдонуу негиздүү болуп саналат.
Жалпысынан тесттик тапшырмалар төмөнкүдөй болуусу зарыл:
-
Жок дегенде 4 альтернативага ылайык тастыкталган негизи болуш керек.
-
Тапшырманын маанилүү эмес деңгээлин такыр жазбаңыз.
-
Негизине адаштыруучу бирок чындыкка жакын варианттарды киргизиңиз.
-
Өтө татаал формат да болбойт.
-
“ Булардын бири да эмес” же “булардын баары тең” деген жоопторду өзүнчө тандоо жообу катары колдонуңуз.
-
Тапшырма менен туура жооптун ортосунда вербалдык(бир маанилүү сөздөр) окшоштуруулар болбосун
-
Анча маанилүү эмес тандоо суроолорун киргизбеңиз.
-
Окуучулардын шыр , жеңил окушуна ырасталган болсун.
-
Бардык окуучуларга түшүнүктүү болгон жөнөкөй тил менен жазыңыз.
Биз ушуга окшогон тапшырмаларды жазып жатканда төмөнкү сунушталган көрсөтмөлөрдү биз ар дайым эсибизге алышыбыз керек:
-
Чындын же калптын ар бир ырастоосун так жазыңыз.
-
Ырастоолорду калпка айландырган табышмактуу майда барат нерселерди колдонуудан алыс болуңуз .
-
Ар бир ырастоо кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылбагандай жөнөкөй , так болуш керек.
-
Узун жана татаал сүйлөмдөрдөн ыраак болуңуз.
-
Окуу куралдарындагы же мугалимдердин колдонмолорундагы ырастоолорду КӨЧҮРҮП АЛБАҢЫҢ.
-
Конкреттүү аныктагычтарды )дайыма,эч качан, кээде ж.б) колдонуудан алыс болуңуз, себеби алар жоопторду табууну жеңилдетет.
-
Баш аламандыкка кабылып калбоо үчүн терс ырастоолорду колдонбоңуз.