СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тесттик сурооолор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тесттик сурооолор»

ЖРТ кыргыз тили №37

1. Туура ташымалданган сөздөрдүн катарын тапкыла.

А)баталь-он, ө-түк, кы-роо Б)под-ъезд, кас-са, аа-лым

В)консуль-тация, хим-фак, аюу-ну г)та-л, канат-туу, көл-гө

2. Биз, дыйкандар дан, сүт, эт камдасак, жумушчулар биз үчүн кездеме, темир араба, ар түрдүү толгон нерселерди камдайт.

Асты сызылган сөздөн кийин кайсы тыныш белгиси коюлат?

А) сызыкча Б)Үтүр в)үтүрлүү чекит г)кош чекит

3. Төмөнкү сүйлөмдөрдүн кайсыларында өтмө маанидеги сөз ээнин милдетин аткарат?

I. Ак ийилет, бирок сынбайт.

II. Кытай менен болгон кармашка жети түмөн кол келди.

III. Күн жааган сайын маанайым көтөрүлөт

А) II, III б) I, III в) I, II Г) баары

4. Туура жазылган сөздү тапкыла.

А)тайэне б)ат тиш в)юр-фак г)кара мүртөз

5. 2024-жылдын 18-апрелинде 9 : 00дө А. Мамыров атындагы орто мектебинин чоң залында “Урааным Манас” кароо сынагы болот. Бардык окуучулар милдеттүү түрдө катышуусу керек.

Жогорудагы текст иш кагаздарынын кайсы үлгүсүндө жазылган?

А) Маалымат б)жарыя в) Түшүнүк кат г) Кулактандыруу

6. Кайсыл сүйлөмдө асты сызылган сөздөн кийин кош чекит коюлушу керек?

А)Кыргызстандын атактуу жайлоолору Арпа, Ак-Сай, Суусамыр, Каркыра мал үчүн өтө жайлуу кооз жерлер.

Б)Кыргызстандын шаарлары менен кыштактарында маданий-агартуу мекемелери маданият үйлөрү, китепканалар, музейлер, клубдар көбөйдү.

В) Бакайдын башы катуу ооруду ал сабакка келбеди.

Г)Үйдө баатыр жоодо жок.

7. Мурдунан түгү чыгуу

Жогорудагы фразеологизмдин маанисин тапкыла.

А) Ачуусу келүү б)арыктоо, жүдөө в) жашы өйдөлөө г)акылдануу

8. Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык катасы бар сөз берилген?

А) Касым ооруган малдын боорун жерге көмп койду.

Б)Болоор бала он бешинде башмын дейт, болбос бала отузунда жашмын дейт.

В) Шашлык келинге айылдын турмушуна көнүү оңойго турган жок.

Г)Уктаар алдында бир стакан суу ичүү-ден соолукка пайдалуу

9. Кайсы катардагы сөздөр бирдей мүчөнүн жардамы менен жасады?

А) сактык, тешик, азгырык б)атооч, тарооч, арабакеч

В)үйлөмө, басма, ачылма г)жаан, оюн, бакча

10. Ырас элде эгин анча эмес ошентсе да көп түкүрсө көл болот деген агайындар.

Сүйлөмгө канча үтүр белгиси коюлушу керек?

А)1 б)2 В)3 Г)4

11. Кайсы варианттагы сүйлөмдө биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнүн натыйжасын билдирип турат?

А)Мен бир пас тук этип алып, сарайга жөнөйм: уйларга чөп сала турган маал жакындап калды.

Б)Асманды кара булут каптады – күн жаайт экен.

В)Асан үйгө эртерээк жетели деп, концертти жарымында таштап чыкты.

Г) Ал тапшырманы толук аткарып жетише албады, бирок жумуштан ага кошумча убакыт беришти.

12. Төмөндөгү сүйлөмдө кайсы сөз туура эмес жазылган.

“Ош” базарында бара жатып ысыккөлдүк таанышымды көрүп калдым.

А)”Ош” базарында б)ысыккөлдүк

В)таанышымды г)көрүп

13. Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысында адабий тилдин нормасына туура келбеген сөз бар?

А)Жарманкеде ар түрдүү элдердин тамактары сатылды.

Б)Талаада элдер шаң менен иштеп жатышты

В)Дүйнөдө канчалаган элдердин тилдери жоголуп баратат, ошондуктан тилибизди өнүктүрүүгө аракет жасашыбыз керек.

Г) Кыргыздар башка элдер менен мамилесин бекемдөөдө.

14. Кайсы сүйлөмдө тыныш белгиси туура коюлган?

А) – Ыйласаң азыр ыйлап ал, Токон, - деди ал, - Бирок мындан ары элдин көзүнчө бошой турган болбогун.

Б) “Ыйласаң азыр ыйлап ал, Токон”, - деди ал. - Бирок мындан ары элдин көзүнчө бошой турган болбогун.

В) “Ыйласаң азыр ыйлап ал, Токон, - деди ал, - Бирок, мындан ары элдин көзүнчө бошой турган болбогун.”

Г) “Ыйласаң азыр ыйлап ал, Токон, - деди ал, - Бирок мындан ары элдин көзүнчө бошой турган болбогун.”

15. Кайсы варианттагы сүйлөм таң калуу сезимин билдирип турат?

А) Апей ботом, салтың кана?

Б)Бах, тынчтык заманда суу кандай агат!

В) Ой тобоо, ушундай козу туулат экен ээ?

Г)Чек, эчкилердин жарга чыгып баратканын карачы!

16. Төмөндөгү сөз кайсы сөз менен биригип өлчөмдү билдирген фразеологизм боло алат?

________ изи

А)иттин б)сагызган в)машине г)аталар

17. Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз кыймыл-аракеттин ордун билдирди?

А) Бүгүн мына баарыңар андан – мындан келип, бизге жардамдашып жатасыңар.

Б) Бул жерге, анда-санда болсо да, келип турганыңар жакшы.

В)Анан калп эле аркы-беркини айта бербей, ишибизди кылалы.

Г)Бул жандыктар ордун тез-тез алмаштырып турушат.

18. Төмөнкү берилген сөздөргө кайсы варианттагы мүчөлөрдү ирети менен уласак, жаңы сөздөрдү жасаган болобуз?

Ач... , жаз... , кач ... , дүнүйө ...

А) – уу, - да, -пас, - кор Б) – ык, - дык, - кын, -кын

В) – ма, -уу, -па, - кор Г)-уу, - уу, - уу, -дө

19. Кайсы варианттагы сөз туура эмес жазылган?

А)мурду Б)педагогту в)муруну г)топту

20. Кайсы катардагы сүйлөмдүн тыныш белгилери туура коюлган?

Кайсы катарда сүйлөмдүн тыныш белгилери туура коюлган.

А)Айнурдан: “Каяктасың?” деп сурасам, - “Алыстамын” деп койду.

Б) Айнурдан: “Каяктасың?” - деп сурасам, - “Алыстамын” - деп койду.

В) Айнурдан “Каяктасың?” – деп сурасам, - “Алыстамын” – деп койду.

Г)Айнурдан “Каяктасың?” деп сурасам, “Алыстамын” деп койду.

21. Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?

А)Баатыр – эне ордени, 1-Май

Б)”Баатыр – эне” ордени, 1-Май

В)”Баатыр – эне” ордени 1-май

Г)Баатыр – Эне ордени, 1-май

22. Кайсы сүйлөмдө өтмө маанидеги сөз берилген жок.

А) Элди баштаган баш жок болгондуктан, башаламандык орун алды.

Б)Булактын башы ушул тоонун жогору тарабында.

В) Палоого бир баш пияз кошулат.

Г)Адамдын башында эки жүзгө чукул сөөк бар.

23.Кайсы вариантта салыштыруу белгиси бар?

А)Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот

Б) Эмгек кайсы жерде болсо, ошол жерде береке болот.

В) Аны силер кандай билсеңер, мен да ошондой билемин.

Г) Боору ачыгансып, камыштар баштарын ийишет.

24. Кайсы катардагы асты сызылган сөз өзүнчө турганда бир жооп боло албайт?

А) Сага бардык эле кийимдер жараша берет экен.

Б) Бизди сүрөткө тартып койчу!

В) Эртеңден баштап спорт менен машыгууну чечтим.

Г) Отубуз жана калса, тамак бышырабыз.

25. Бардыгы сын атоочтон жасалган сөздөрдүн катарын тапкыла.

А)угуз, талаштыр, кыйынсың

Б)акылдуулук, тазар, жашылдан

В)агар, татаалдаштыр, карылык

Г)сологой, эртелет, тойгуз

26. Бардык сөздөр туура жазылган катарды тапкыла.

А)Кыргызстандын түндүгү, беш он, бирдеңке, каалаймын

Б) Кыргыз Республикасынын Президенти, “Сары – Челек” көлү, эч нерсе, маареке

В)чыгыш Азия, XX кылым, эчтемке, байыртан

Г) Билим берүү жана илим министрлиги, таята, эки жүз, улпак

27. Асты сызылган сөздөрдүн шартты билдирген учуру кайсы вариантта берилген?

А) Оору кайда болсо, жан ошол жерде.

Б)Шамал кайдан соксо, жамгыр да ошол жактан келет.

В) Бир аз дагы чыдап койгонуңда, бир жумушка ээ болуп калмаксың.

Г) Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар.

28. Кайсы варианттагы сүйлөмдө тыныш белгилери туура коюлган?

А)Жайында чет өлкөгө барып эс алам, -деди Нурбек.

Б)Жаз келди – эл жука кийимге өтө баштады.

В) Эти – этке, сорпосу – бетке.

Г)Мен эки предметке – химияга жана биологияга даяр эмесмин.

29. Кыймыл – аракетти эч ким аткарбаган, ээси жок сүйлөмдү табыңыз.

А) Түптүз талаа.

Б)Жаңы салынган дүкөндү өрттөп кетиптир.

В)Мектеп, мугалим, тарбия деген үч сөздү укканда балалык курагыңды эске түшүрөсүң.

Г)Бирөөнүн буюмун уруксатсыз колдонууга болбойт.

30. Төмөндө берилген сүйлөм бөлүктөрүн кайсы варианттагы ырааттуулук боюнча жайгаштырсак, сүйлөмдү туура түзгөн болобуз.

I. кагаздарын даярдаганча

II. жыйналыш бүтүп калды

III. жыйналыш жөнүндө унутуп калып

VI. жумушуна кеч келди

А) I, II, III, IV

Б)IV, III, I, II

В)III, IV, I, II

Г)III, II, I, IV







1-в, 2-а, 3-в, 4-б, 5-г, 6-б, 7-а, 8-б, 9-в,10-г,11-а, 12-б, 13-б, 14-г, 15-в, 16-б, 17-а, 18-б, 19-б, 20-б,21-а,22-г,23-в, 24-в, 25-в, 26-г, 27-в, 28-в, 29-г, 30-в.