Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы
Абдиназаров
Жеңишбек
Маткаримович
ТОПТОРДО ИШТӨӨ
1-топ «Айкөл Манас»
2-топ «Баатыр Семетей»
3-топ «Кабылан Сейтек»
1
- Жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ийнинен чыгат.
- Жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ийнинен чыгат.
2
- Жети өлчөп, бир кес.
- Жети өлчөп, бир кес.
3
- Суу атасы-булак, сөз атасы-кулак.
- Суу атасы-булак, сөз атасы-кулак.
4
- Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, элиме (тобума) кошкон үлүшүм.
- Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, элиме (тобума) кошкон үлүшүм.
5
- Көрө-көрө көсөм бол, сүйлөй-сүйлөй чечен бол.
- Көрө-көрө көсөм бол, сүйлөй-сүйлөй чечен бол.
6
- Кыймылдаган кыр ашат.
- Кыймылдаган кыр ашат.
7
- Көп түкүрсө көл болот.
- Көп түкүрсө көл болот.
Топтор менен иштөөдөгү «АЛТЫН ЭРЕЖЕ»
УРААН (ИДЕЯ): «Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн».
Сабактын темасы:
Мамлекеттик тил мыйзамына 30 жыл
САБАКТЫН НЕГИЗГИ ИДЕЯСЫ
САБАКТЫН МАКСАТЫ:
«Мамлекеттик тил мыйзамы» жөнүндө маалымат алабыз.
Мамлекеттик тил, адабий тил жана эне тил, расмий тил түшүнүктөрүн айырмалайбыз. Сүйлөө, жазуу маданиятын калыптайбыз.
Топтордо иштөө аркылуу сый-урматка үйрөнөбүз.
7
Бүгүнкү күндүн тарыхына кайрылуу 23-СЕНТЯБРЬ
1846-жылы Нептун планетасы ачылган.
Бүгүнкү күндүн тарыхына кайрылуу 23-СЕНТЯБРЬ
1923-жылы акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков туулган.
Бүгүнкү күндүн тарыхына кайрылуу 23-СЕНТЯБРЬ
1997-жылы «ЯНДЕКС» сайты ишке кирген.
Бүгүнкү күндүн тарыхына кайрылуу 23-СЕНТЯБРЬ
2003-жылы АЧ.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасына көркөм тасманы мыкты жараткандыгы үчүн Андрей Кончаловскийге «Данакер» сыйлыгы тапшырылган.
Бүгүнкү күндүн тарыхына кайрылуу 23-СЕНТЯБРЬ
1989-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил , ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
КЛАСТЕР
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ
ЭНЕ ТИЛ
РАСМИЙ ТИЛ
АДАБИЙ ТИЛ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттил тили жөнүндө мыйзамы
Келечеги
Турмушта аткарылышы
ГАЛЕРЕЯ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2004-жылдын 2-апрели № 54 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө
- 1-глава Жалпы жоболор
- 2-глава Жарандардын тил тандоо укуктары жана бул укуктарды ишке ашыруу кепилдиктери
- 3-глава Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында жана башка уюм, мекемелерде мамлекеттик тилди пайдалануу.
- 4-глава Иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу.
- 5-глава Билим, илим жана маданият чөйрөсүндө Мамлекеттик тилди колдонуу.
- 6-глава Мамлекеттик тилди сот өндүрүшүндө, куралдуу күчтөрдө, нотариат органдарынын ишинде, жарандык абалдын актыларын жазууда колдонуу.
- 7-глава Мамлекеттик тилди аталыштарда, ысымдарда жана маалыматтарда пайдалануу. 7-глава Мамлекеттик тилди чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде пайдалануу
- 8-глава Мамлекеттик тилди сактоо жана коргоо .
(36 берене)
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил , ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларында, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекетте, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, жыйындарында, транспортто , соода-сатык , саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат. Мамлекеттик тил – бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.
Кыргыз тили -К ыргыз Республикасы нын мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде кыргыз -кыпчак тобу на кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы , Өзбекстан , Тажикстан , Республикасы нда Ооганстан , Түркия , Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили.
2009 ж. өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган.
Бул Кыргыз Республикасындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5 100 000 адам сүйлөйт.
Адабий тил - белгилүү бир адабий нормага салынган жалпы элдик тилдин жогорку формасы. Адабий тил айтылышы жана жазылышы такталып, жалпыга бирдей кодификацияланат жана стилдик жактан кеңири жиктелип, оозеки жана жазуу түрүндө колдонулат. Ал коомдук жана функционалдык статусу боюнча улуттук тилдин калган формалары говор, диалектилерден кескин айырмаланып, белгилүү даражада регламенттелген мүнөзгө ээ коомдук-социалдык жана тарыхый-маданий кубулуш болуп саналат. Адабий тилдин жаралышы, өнүгүшү жана калыптанышы коомдун жалпы өнүгүшүнө жана ошол элдин жалпы маданиятынын деңгээлине жараша аныкталат. Адабий тил бир нече диалектинин базасында, жалпы элдик, улуттук жана мамлекеттик тилдин негизги формасы. Кыргыз адабий тили кыргыз тилинин жалпы элге орток белгилеринин негизинде Октябрь революциясына чейин эле алгач оозеки, кийин жазма формада жаралган. Кыргыз адабий тилинин өнүгүү, калыптануу процесси уланууда.
Адабий тил жазма жана оозеки түргө бөлүнөт. Жазма түрүнүн ченемдери басма сөздө: газета, журнал, китеп жана башка колдонуу менен орфография лык, пунктуациялык эрежелер аркылуу белгиленип, оозеки сүйлөө ченемдери окуу жайларындагы лекцияларда, радио , театр да, теле көрсөтүүлөрдө жана башка сүйлөнүп, орфоэпиялык эрежелер аркылуу жөнгө салынат.
Расмий тил - расмий кеңсе кызматында мамлекеттик тил катар колдонулган тилдердин бири. Көп улуттуу өлкөлөрдүн конституцияларында кээ бир тилге расмий статус берилгени белгиленет.
Расмий тил - мамлекеттик башкаруу, мыйзам чыгаруу, сот жүргүзүү тили.
Болжол менен дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымында мамлекеттик тили бар. Кээ бир өлкөлөрдө бир гана мамлекеттик тил бар (мисалы, Албания, Франция, Украина, Германия же Латвия сыяктуу өлкөлөр). Кээ бирлеринде бирден көп мамлекеттик тилдери бар (мисалы, Белоруссия, Бельгия, Канада, Финляндия, Афганистан, Парагвай, Боливия, Индия, Швейцария, Түштүк Африка Республикасы)
Ишеналы Арабаев (1882–1933-жыл)-XX кылымдын башындагы залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмери, советтик агартуу системасын түптөөгө зор салым кошкон китеп автору.
Арабаев жетектеген иимий комиссия кыргыз тилинин алфавитин түзгөн, башталгыч класстардын окуучулары үчүн алиппе ни, окуу жана усулдук куралдарды, мугалимдер үчүн усулдук сунуштарды даярдашкан, кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдешкен ж.б.
1922-жылы Сагымбай Орозбак уулу нан “Манас” эпосунун жазууну уюштурган. 1924-жылы Теке айында Оренбургда өткөн казак-кыргыз илимпоздордун 1-съездине катышып, баяндама жасаган.
1924-жылы Кыргыз АО су түзүлгөндө ал облус тук ревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы, “ Эркин-Тоо ” гезити нин редколлегия мүчөсү болгон. 1924-жылы араб графикасы нын негизинде туңгуч кыргыз алфавитин түзүп, ”Кыргыз алиппесин” жазган. Грамматика жана табият таануу боюнча 1-кыргызча окуу китебин түзгөн.
Касым Тыныстанов ( 1901 - 1938 ) - кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору (1936).
1924-жылы «Окуу китебин» тγзγп ,1926-жылы «Чондор γчγн алиппе» , 1927-жылы «Эне тилибиз» , 1933-жылы «Социалдык-экономикалык сѳздγк» , 1934-жылы « Кыргыз тилинин морфологиясын » 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин » жаратты.
Ошондой эле « Эне тили» , « Жаны айыл» , « Кыргыз адабий тилинин жаны долбоору» ,« Жаны алфавит тγзγγнγн жаны принциптери », «Биздин тил » ж.б. макала , эмгектерин жазды. 37-жылдык ѳмγрγнγн кѳп бѳлγгγн мамлеккетик жумуштарга арнаган К.Тыныстанов кѳркѳм чыгарма жазууга убактысы аз болгон .
Юдахин Константин Кузьмич (1889-1890-1975) - чыгаан түрколог окумуштуу, кыргыз таануучу.
1940-1965-жылдары кыргыз-орус сөздүгүн жарыялаган.
1944-1959-жылдары орус-кыргыз сөздүгүн жарыялаган.
Карасаев Кусеин (1901-1998) – кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог. Филология илимдеринин кандидаты (1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1992).
Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» (1927) деген туңгуч алиппе түзүшкѳн, ѳзү да «Сабат ачкыч» (1927) алиппесин жазган.
Карасаев Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.
Ал И.А.Батманов менен бирге кыргыздардын сѳздүк жаатындагы туңгуч эмгеги – «орусча-кыргызча сѳздүктү» (1938) түзгѳн, 1944-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктүн» басымдуу бѳлүгүн, 1957-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктү» түзүшкѳн.
1966-жылы Карасаев тарабынан чоң «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү» (60 миң сѳз) жарык кѳрдү.
Исхак Раззаков-коомдук жана мамлекеттик ишмер, Крнын Баатыры. 1954–жылы СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалы Кыргыз ССРинин илимдер академиясы болуп түзүлгөн. Академиялык, ЖОЖдук жана тармактык илимдер андан аркы өсүп-өнүгүү жолуна түшүшкөн. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры, Кыргыз мамлекеттик университети, кыз-келиндердин педагогикалык институту, Ош, Пржевальск пединституттары, Дене тарбия институту ошол жылдарда ачылган. 1954-жылы Раззаковдун жеке демилгеси жана түздөн-түз аракети астында республикадагы биринчи инженердик жогорку окуу жайы-Фрунзедеги политехникалык институт алгачкы абитуриенттерди кабыл алып, ФПИ бара-бара анын сүйүктүү окуу жайына айланган. Гуманитардык адистик боюнча Раззаков республиканын мындан аркы өнүгүүсү техникалык илимсиз жана өзүнүн инженердик кадрларысыз таптакыр мүмкүн эместигин убагында түшүнгөн.
Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн маанилүү бир окуя болуп 1957-жылдын 17-августунда Кыргызстан КП БК жана Министрлер Советинин «Республиканын мектептериндеги окуучу балдарды эртең мененки акысыз ысык тамак менен камсыз кылуу жөнүндөгү» токтому эсептелет. Ага ылайык, 1957-жылы бардык мектептердин 1-4-класстарынын окуучулары, 1958-жылы 1-7-класстардын окуучулары эртең мененки ысык тамак менен толук камсыз болушкан.
Чыңгыз Айтматов -кыргыз эл жазуучусу, белгилүү билингвист. ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч.Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж. жалпы саны 67,5 млн. нуска.) кайталап басылган. "Айтматов таануу" деген илимий атайын дүйнөлүк адабий процессте кеңири колдонулууда.
«Кылым карытар бир күн» романы аркылуу кыргыз лексикасына жаңы сөздөрдү, сөз айкаштарды киргизди: маңкурт, кабырчык кабактуу, келжирбай, аяптоор, тамандырык, назилине, ире-ширеде, жүлгө, жалмыяр, маңгел, бөгөөлгө, кабырстан, шүй, күй сөздөрү.
Кытай элинин улуу даанышманы Конфуцийге жанындагылар бир жолу мындай деп сурашыптыр:
-«Эгер сиз өлкөнүн башчысы болсоңуз, эң биринчи эмне кылаар элеңиз?» Улуу философ мындайча жооп бериптир: -«Албетте эң биринчи тилге маани берип, аны оңдоо менен ишти баштамакмын».
Бул жоопту уккан элдин баары таң калып, аны карап калышат. Конфуций сөзүн улайт:
-Тил системалуу, эрежеге таянган, бир тартипте болбосо, сүйлөмдөр туура болбосо, сөздөр айта турган ойду жакшы бере албай калат. Ой жакшы, так, таамай түшүндүрүлбөсө, жасала турган иштер туура жасалбай, кээ бир жерлери кемтик бойдон калат. Милдеттер жана иштер өз орду менен так аткарылбаса, салт- санаа, маданият бузулат. Салт бузулса, адилеттик болбой, башкага ооп кетет. Адилеттик бузулса, эл эмне кылаарын билбей калат, анан бул иш эмне менен бүтөөрү да бүдөмүк болот. Так ушул себептен эч бир нерсе тилдей маанилүү эмес».
РЕФЛЕКСИЯ
САБАККА КАТЫШЫП ОЛТУРУП, ОЙГО БАТТЫМ.
СЕБЕБИ...
РЕФЛЕКСИЯ
САБАК МЕНИ ШЫКТАНДЫРДЫ.
СЕБЕБИ...
АНКЕТА
БҮГҮНКҮ САБАК КЭЭ БИР ЖАМАН АДАТТАРГА ТЫЮУ САЛДЫ
СЕБЕБИ...
Үй тапшырма:
«Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымым» картасын толтуруу.
«Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымым» картасы
Айлар
2019-жыл
Сентябрь
2020-жыл
Макала жаздым.
Октябрь
Кароо-сынактын жеңүүчүсү болдум.
Ноябрь
Декабрь
Январь
Февраль
Март
Апрель
Май
Көңүл бурганыңар үчүн чоң рахмат!