СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тилим менин улутум

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тилим менин улутум»

 Сабактын темасы: ”Тилим менин улутум

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын, баалуугун  тил-тарыхыбыздын негизги куралы экендигин түшүнүшөт.

  1. Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар туура сүйлөөгө, өз оюн эркин айтып берүүгө көнүгүшөт, аң-сезимин өстүрүүсүн, сөз байлыгын, сүйлөө кебин, эске тутуусун, көркөм айтуусун калыптандырышат.

  2. Тарбия берүүчүлүк: Кыргыз тилин сүйүүгө, аны жан дили менен үйрөнүүгө тарбияланышат. Эли-жерин сүйүүгө, өз тилин сактай, барктай билүүгө,

эстетикалык табитин өстүрүүгө тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр:

  1. Кыргыз тилинин улуулугун билип түшүнсө.

  2. Эне тили тууралуу маалыматты билсе.

  3. Эне тили жөнүндө ырларды билсе. Өз мекенин, элин сүйүүгө, коргоого жана анын тарыхын окуп үйрөнүүгө, каада-салтын сыйлоого, улутту кастарлай билүүгө тарбияланышса.

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү, аралаш.

Сабактын жабдылышы: Дүйнөлүк карта, Кыргызстандын картасы, буклет, сүрөттөр, батман, улуттук кийимдер, ырлар.

Сабактын жүрүшү: Кыргыз Республикасынын  тил гимни менен башталат .

Сөзү: С.Алтымышовдуку

Обону: Б.Алишеровдуку

1-окуучу: — Улутуң ким?

Хор: Кыргыз! Кыргыз!  Кыргыз!

1- окуучу — Дүйнө тааныган  кыргыздын баатыры ким?!

Хор:   Манас, Манас, Манас!

1- окуучу: — Дүйнөнү калеми менен багындырган ким?!

Хор: Чыңгыз, Чыңгыз, Чыңгыз!

-Сен үчүн баарынан эмне ыйык?

-Эне ыйык! Тил ыйык! Ал түбөлүк муундан-муунга уланып жашайт!

2-окуучу:  — Саламатсыңарбы, биздин Дүйшөн сыяктуу агайларыбыз!?

Хор:   Саламатсыздарбы!

  • Саламатсыздарбы, биздин Инкамал апайдай эжейлерибиз?!

Хор:  — Саламатсыздарбы!

Мугалим: — Саламатсыңарбы, балдар?  Азаматсыңар! Жалпыңарга күн нурундай жылуулукту, гүлдөй сулуулукту каалайм. Кана балдар, өзүңөрдүн акылдуу, мээримдүү, сүйкүмдүү көзүңөр менен бир жылмайып койгулачы.

Эмесе сабагыбызды баштаардын алдында алтындай болгон эрежелерибиз менен таанышып алсак. (Окуучулар кол көтөрүп айтып беришет)

Алтын эреже:1.Тазалыкты сактоо

  1. Сабакты көңүл буруп угуу;

  2. Кол көтөрүп жооп берүү;

  3. Башкалардын оюн бөлбөө;

  4. Манастын 7 осуятын жатка билүү жана ага амал кылуу.

Мугалим:  — Азаматсыңар, балдар! Анда эмесе, “Улут болсом тилим менен улутмун“,  “Эне тилсиз эл болбойт “,  “ Эне тил –эне сүтү менен тең” — демекчи, эне тилибизди даңазалоо сабагыбызды баштадык.

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул — эне тилибиз — кыргыз тили.

Келгиле, биргеликте дүйнөдө теңдеши жок алп “Манастай” дастандарды жараткан эне тилибиз жөнүндө ой бөлүшөлү.

Окуучулар: Эне тил жөнүндөгү акын-жазуучулардын ырларынан окушат

 

1-окуучу

   Бирге жүрсөм эне тилин кадырлайм

   Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.

   Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,

   Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм. (А.Осмонов)

   2-окуучу

Ким барктаса өз энесин, өз  тилин

      Барктай билет дүйнө элинин  көп тилин.

      Ар улуттун энеси улуу, тили улуу

      Өйдө-ылдый деп айта албайбыз эч бирин. (Б.Сарнагоев)

3-окуучу

Илим менен билимге көпүрө тил,

                   Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

                  Тил адамды бакытка бөлөп салат, 

                  Тил адамды шорлотуп башын алат. (Ж.Баласагын)

4-окуучу

Элдин өмүрү — анын тилинде. (Ч.Айтматов)

   5-окуучу

Менин тилим эзелтеден улуу тил,

    Улуулугун, сулуулугун тыңдап бил.

   Улуу тилди бурмалабай, урматтап,

   Ушул тилде эркин сүйлөп, ырдап жүр. (C.Насырова)

6-окуучу

Тилден түбөлүктүү, тилден артык өнөр жок.

    Ар бир элдин тили – өзүнө улуу. (Ч.Айтматов)

7-окуучу

   Тил – улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана анын акыл-эси.

   Тилсиз улут болбойт. (Ч.Айтматов)

    Мугалим: — Балдар билесинерби, эмне үчүн бүгүн эне тилин күнүн белгилеп жатабыз? Келгиле, чогуу бул багыттагы маалыматтарды угалы:

            1.окуучу: 21-февраль — Эне тил күнү.

21-февраль – ЮНЕСКО тарабынан эл аралык эне тили күнү катары белгиленген.

Бул күн 1999-ж. Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери     боюнча уюму- ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий  жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында  белгиленип келе жатат.

            2.окуучу: Кыргыз тили-кыргыз элинин улуттук тили. Ал лексикалык байлыгы мол,

грамматикалык курулушу өркүндөгөн, өсүп-өнүккөн тилдердин катарына кошулат. Кыргыз тили — теги боюнча, түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет.

3.окуучу: Учурда дүйнө жүзүндө 6700дөн ашуун тил катталган. Тилчи окумуштуулардын маалыматына таянсак,  ар бир 14 күндө дүйнөдө бир тил жоголуп кетүүдө. Кыргыз коомчулугунда буга чейин кыргыз тили да жоголуп кетүү коркунучун туудурган эмес. Себеби кыргыз тили бай, анын тамыры терең, тарыхыбыз кенен.

Токтогул сүйгөн тил ушул,

Толкундай санат дил ушул.

Алыкул, Акмөөр, Абдылас,

Ачылган аппак гүл ушул.

Жейренче чечен Толубай,

Жакшылар чыккан жер ушул.

Мугалим:   Жомогу дастан табышмак.

Жоромол кеткен алыстап,

Ылакап макал, жаңылмач.

Улуулар келген табыштап.

Окуучулар  макал-лакап, учкул  сөздөр айтышат.

  1.   Тил тагдыры – эл тагдыры.

  2.    Элсиз тил болбойт, эне тилсиз эл болбойт.

  3.    Ата сөзү алга сүйрөйт адамды.

Эне сөзү эпке салат жаманды.

  •  Ооздун көркү – тил.

Тилдин көркү сөз.

  • Өнөр алды – кызыл тил.

  • Эне тилин билбеген, эне сүтүн актабайт.

  • Тарбия тилден башталат.

  • Тил — акылдын жарчысы, акылдын таразасы.

  • Тил — акыйкаттын жарчысы.

  • Тилдин тазалыгы — дилдин тазалыгы.

  • Тил — топто сайрайт, булбул бакта сайрайт.

  • Тил — менин тууганым, тил менин душманым.

  • Тил — ойдун сандыгы.

  • Тил — мамлекеттин күзгүсү.

  • Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңиптир.

  • Жети элдин тилин бил, жети атаңдын дилин бил.

  • Тилсиз эл болбойт.

  • Кыргыз тили кылымдарды карыткан, кыргыз тили сени менен мактанат.                                   1. Эне тил жөнүндө обондуу ырдалат.

  •   2. Манастын 7 осуяты айтылат.                                   

  •   3. Класстер түзүлөт.



Окуучу: Тилибиз тарыхта жашап жаткандын дагы бир себеби бул — биздин улуттук кийимибиз бар. Боз үйүбүз, улуттук даамдуу тамак аш, суусундуктарыбыз, улуттук оюндарыбыз, каада-салттарыбыз бар. Биз бул байлыктарыбызды унутпай, өз орду менен пайдаланып жашап келе жатабыз. Мен кыргыз болгонума сыймыктанам!

Окуучу: Тил жоголсо, жалаң эле тил жоголбойт, элдин сөз мурасы, руху, эчен кылымдардан бери келе жаткан оозеки чыгармачылыгы да жоголот. Эми, биз ошол тилибизди сактап калууга өз салымыбызды, болгон күч аракетибизди, жумшайбыз. Мен кыргыз  болгонума сыймыктанам!

Мугалим: Туура айтасыңар,  балдар. ”Адамдын эне тили – анын жан тумары ” дегендей,  жан дүйнөдөгү ой тизмектерди тилибиз аркылуу билдирип жүрөлү.

Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: “Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет”, – деп айткандай, эне тилибиз — кыргыз тили нечендеген кылымдар бою жашап келген, жашап жатат жана жашай бермекчи!

Бар бол кыргыз элим! Бар бол эне тилим — кыргыз тилим! 




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!