СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тоголок Молдо //

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тоголок Молдо //»

Максат — мугалим аркылуу алдын   ала пландаштырылган натыйжа же акыркы   каалаган   натыйжа. Ага мугалим гана   жетишпестен, окуучулар да   жетишиши   керек.

Максат   коюу баалоонун   ажырагыс   бөлүгү болуп   саналат жана   пландалган ишти   жүзөгө   ашырууга   жардам   берет. Максат   канчалык   анык   белгиленсе, баалоо   ошончолук так болот.

Баалоо — бул окуучунун окуу   жана   таанып   билүү   ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн   сапатын жогорулатуу максатында окуучу жөнүндө   маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси.

Сабактын   максаттары мугалим   аркылууу сабактын башында   айтылышы   керек.Максатты   коюуда биз   бере турган нерсени бала   аткара   ала   тургандай   кылып өлчөп алганыбыз   дурус. Колубуздан келбей турган   нерсени максат кылып койгонго болбойт.

Сабактын   максаты үчкө бөлүнөт:

  1. Билим   берүүчүлүк — билимдердин жыйындысы.

М: билет, билими   тереңдейт, билим алат, ж.б.

  1. Өнүктүрүүчүлүк – багыттардын   жыйындысы, б.а. окуучуну   багыттайбыз.

М: үйрөнөт, талдай алат, түзө алат, айырмалайт, тарта алат, ж.б.

  1. Тарбия берүүчүлүк – мамилелердин жыйындысы.

М: топто иштөөдө тартипти сактайт, кол көтөрүп сүйлөйт, биринин сөзүн бири угат жана компетенттүү боло алат.

Сабактын максатын коюудагы критерийлер:

  • Максаттарды окуучуларга   түшүнүктүү болгон так жана кыска сөз айкалыштары менен формулировкалоо керек.

М: тема . Арифметикалык амалдар.

Максаты: Окуучулар арифтетикалык амалдарды билишет   жана ал амалдар   менен иштей   алышат.

  • Бир конкреттүү максат   коюш керек. Окуучуларды сабакта   бир нече максаттар менен   тааныштырып, алардын   көңүлүн алагды   кылбоо маанилүү, мындай жагдай аларды негизги   натыйжага   жетүүдөн алаксытышы   мүмкүн.

М: тема. Жаныбарлар   дүйнөсү.

Максаты: Окуучулар жаныбарлар жөнүндө билишет   жана   аларды   адамдардан   айырмалай алышат.

  • Мындан сырткары максатты коюда   корсөткүчтөрдү аныктоо   зарыл, анткени алар мугалимге   жана окуучуга ишке ашкандыгын аныктоого   жардам берет.

М: тема. Менин туулган   жерим.

Максаты: Окуучулар өздөрүнүн туулган жеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө   айтып бере алышат.

Көрсөткүчтөр:

  1. Туулган жер   эмне   зкенин билишет.

  2. Туулган жердеги токойлорду, жайлоолорду айтып беришет.

  3. Өзү туулган жердеги өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, маданий очокторду атап   беришет.

  4. Туулган жери   жөнүндө аңгеме түзө алышат.

 

  • Окуучуга натыйжага кантип   жетээрин гана түшүндүрбөстөн, алган билимди турмушта   кантип колдоноорун дагы түшүндүрүш керек.

М: Тема. Осүмдүктөр –аларды кайда колдонобуз?

1. Тамак катары: нан, печенье, салат ж.б.

2. Мебелдерди, ар кандай буюмдарды ж. б.

3. Билим алууда: китеп, дептер, кагаздарды   керектейбиз.

  • Окуучулардан айтылган тема боюнча сабактын максатын коюуну сурануу.

М: Клетка жөнүндөгү окуу. Бул учурда теманы   доскага жазып, бул тема   боюнча силер   эмнелерди   билгиңер   келет?- деп   балдардан   суранат.

Окуучулар   ойлонуп   туруп, жооп беришет:

  1. Клетканы   ким ачкан?

  2. Клетка   жөнүндөгү илим эмне деп   аталат?

  3. Клетканын   тузулушу кандай?

Мугалим балдардын   оюн доскага   жазып коет:

  1. Клетканы ким   ачканын, ким   изилдегенин   билем.

  2. Клетка   жөнүндөгү     илимди айта алам.

  3. Клетканын   түзүлүшун тартып айтып   берем.

Мугалим   сабактын аягында анын максаттарына кайрылат. Жооп алынбай калган   суроолорду мугалим үй тапшырмага берет.

Кээде   мугалим сабакта   төмөнкүдөй фразаларды колдонот:

  1. Биз бүгүн дарыяларды өтөбүз, 53 — бетти ачкыла дагы окугула.

  2. Китебиңерди ачып, 15 — сүрөттү тарткыла.

  3. Китептеги § 16ны окуп, дептериңерге жазгыла.

Мындай фразалар окуп-үйрөнүүнүн максатын түшүндүрүүнүн таасирин   азайтат. Мугалимдин мындай мамилеси окуучуну мотивациялабайт, аларга стимул бербейт. Тескерисинче, билим алуу, билгичтиктерди, көндүмдөрдү калыптандыруу процессин начарлатат.

Мугалимдин көз карашына ылайык белгиленген максат салттуу окутууга мүнөздүү, ал эми окуучунун көз карашына ылайык келген максат ишбилгиликке б.а. компетенттүүлүккө багытталган азыркы окутуу   усулдарына туура келет.

Мисал келтирели:

Сабактын максатын мугалимдин көз   карашына ылайык белгилөө.

  • Окуучуларды өсүмдүктөр менен тааныштыруу.

  • Осүдүктөрдүн органдарын көрсөтүп, айтып берүү же

  • Окуучуларга зат атоочту түшүндүрүү.

  • Зат атоочту   катыштырып сүйлөм түздүрүү.

Ушуну эле окуучунун көз карашына тууралап   жазабыз.

  • Окуучулар өсүмдүктөр жөнүндө билишет.

    • Осүмдүктөрдүн органдарын көрсөтүп, айтып бере алышат же

    • Окуучулар сөз түркүмдөрүн билишет.

    • Зат атоочту катыштырып сүйлөм түзө алышат.


«Таланты бар наркы бар, Калкына тоодой баркы бар»

Абдрахманов Байымбет (Тоголок Молдо) 1860 жылы 17 –июнда Нарын ороонунун батыш кунгой тарабындагы Куртка деген жерде кедейдин уй-булосундо туулган. Азыр ал жер Ак-Талаа жерине карайт, анда бир нече колхоздон бирикккен ири чарба бар. Ага улуу акындын ысымы берилгендиктен, азыр Тоголок Молдо атындагы колхоз деп аталат. Тоголок Молдо омур бою дээрлик озу туулган Курткада жашады. Акын 1942-жылы

4-январь куну дуйнодон кайтты, соогу Куртканын оозуна, Нарын дарыясынын он жак жээгине коюлган. Улуу акын ушул жерде туболукко уктап жатат.

Байымбеттин атасы Абдырахман ашкан кедей адам болгондуктан, озунун уй-булосун багууга каражаты жеткен эмес. Алты баланы багуу учун бардык кучун жумшоо менен коп кыйындыкты откоргон. Бирок, балдарынын эн улуусу Байымбет 14 жашка чыкканда Абдырахман дуйнодон кайтып, бул уй-було оор жоготууга учурайт. Ушундай оор жоготуу тууралуу акын мындайча эске салат:

Он торт жашка келгенде

Атам олуп айрылдым.

Арманым коп Байымбет

Андан бетер кайгырдым.

Энем- жесир, мен-жетим,

Эсимден танып зар кылдым.

Болочок акын Байымбет жаш кезинен жетимдиктин жана жокчулуктун зарын аябай тартат. Абдырахмандын атасынын бир тууганы кадимки атактуу комузчу, оз учурундагы белгилуу ырчы Музоокенин колун карап, чобурогон жетимдер аз убакыт эптеп кун откоруп турушту. Карылык жетип, кучтон тайып калган Музооке колунан келишинче жардам корсотуп, жетимдерди асырап багат. Анын жетимдерге корсоткон жардамы узакка созулган жок. Музооке да уч-торт жылдан кийин дуйнодон кайтат. Жетимдер дагы оор жоготууга учурап, эми биротоло жардамсыз калышты.

Багар белдуу кишиси же оокат кылар бирин экин малы болбогон сон, жесир аял, жетим балдар кыйынчылыкка учурап, турмуш жагынан кысыла баштады. Кантсе да, балдарды багуу керек эле. Турмуштары кысылган сон, Конур эне алты баласын колунан жетелеп, Жумгалга барды. Ал жерде озу бироонун эшигинде журуп, балдарын эптеп багып турду. Беш- алты ай ал жерде болуп оокаттары отпосуно козу жетти. Акыркы 1878-жылы Чуйго келип, Токмок шаарынын сырт жагы Кара-Добо деген жерден турук алды. Бул кезде Байымбет 18 жашка келип, жумуш кылууга жарап калган эле. Ошон учун бироолорго жалчы журуп, бобоктору менен энесин багууну коздоду. Ошентип, Чуйго келген кундон мындай карай Байымбет ар кимге жалданып иштей баштайт.

Байымбет ар кимге жалчы журду. Ал дунганга, орустун кулактарына жана кыргыздын байлары дебей баарына маалай журуп, алардын ар турдуу жумуштарын иштеди. Бироолордун эгинин айдап, суусун сугарса, бироолордун чобун чаап, эгинин орду, малын бакты. Орус кулактарынын арабасын айдап, Кемин жана Шамшы деген жерлерден кышкысын карагай тартты. Айтор, эмгекке жараган кундон мындай карай анын аткарбаган жумушу калган жок.

Небереси Байымбеттин зээндуулугун баамдаган Музооке жаш баланы айылдык молдого берип уч-торт жыл окуткан болчу. Чон абасы Музооке дуйнодон кайткандан кийин окууну уланта алган эмес. Чуйго келгенден кийин зээни бар Байымбет дагы окууну, билимин которууну ойлоду. Ал эми молдого толойун десе, тапканы бобокторунун кийим-кечегине, тамак-ашына жетчу эмес. Ошол учун кеч убактарда молдонун турдуу жумуштарын бутуруп, андан дагы сабак ала баштайт. Бирок, ал кездеги катал молдонун кысымына чыдай алган жок. Бир жылдан сон окууну таштап, озу бала окутууга отту.

Байымбет озунун омур баянында эски окуу жана балдары олкуткан молдолор жонундо мындай деп айткан: «Молдо ар бир балага динди жаттоо учун буйручу. Балдар оздорунчо жарамазан айткандай чуулдап жаттоочу. Эгер айтып жанылса, молдо тузотуп айтуучу эмес. Тузотуунун ордуна озунун даярдап алган сындуу чыбыгы менен чечинтип алып сабачу.

Кун мурунтан эле чыбыктан коркуп, жаттаган динин туздоп айта албай жанылып, тузакка тушкон чымчыктай болуп, баягы кооз каардуу чыбыкка балдар дагы тушушчу. Биз окуган убактар да кыйын эле. Ал молдодон таяк жегенибиз учун ата-энебиз молдого озунун акыркы байлыгын толочу. Ошол жылдарда окуу кандай кыйын эле!» Байымбеттин бул айтканынын эч калети жок. Ал оз козу менен коргонун, башынан откоргон окуяны эске салып отурат.

Болочок акын Байымбет озунун зээндуулугу, сергектиги аркасында билим алып, ак эмгеги менен гана адам катарына кошулуп, 22 жашында уйлонуп, 1887-жылы туулуп оскон жери Курткага кочуп кеткен. Бул мезгилде Байымбет 27 жашка чыгып, анын акындыгы артылып, элге таанылып калган кези болчу.

Чуйдон кочуп келгенден кийин Байымбет озунун туулган жери Курткадан жай алып, убакытка чейин жашап турду. Откур тилдуу акын айрым манаптардын айыбын чукуп ыр жазып, аларды кээде ашкерелеп мазактай баштайт. Анын ырларына уукан манаптар акынды куугунтукка алат. Бул жердеги манаптар ыза корсоткон сон, акыры аркы ойузго- Дорболжун тарапка отуп кетууго аргасыз болот. Аркы ойузго баргандан кийин акын тынчып калган жок. Эзуучулордун кылмыштарын ашкерелегенине чыдабаган манаптар дагы куугунтукка ала баштайт.Дорболжун тараптан орун ала албаган акын 1915-жылы Тогуз-Торо багытына кочуп кетууго аргасыз болду.Байымбет Улуу Октябрь революциясынын женишин мына ушул Тогуз-Тородо турганда укту.

Мурунтан бай-манаптан запкыны коп жеп, эркиндик кунду энсеп жургон акын Октябрь революциясын журогуно сыйбаган кубаныч менен тосуп алды. Ал жаны кубулуштарга активдуу катышып, Совет бийлигин чындоодо талыкпай иштей баштайт. Акындын андай демилгелуу ишин коро албаган жергиликтуу бай-манаптар басмачыларга билдирип, Байымбеттин уйуно чабуул жасатышат. Акын жергиликтуу элдин жардамы менен качып кутулган болчу. Басмачылар анын уй-жайын басып талап, ошол учурда аялдар болумундо иштеп турган аялын кошо ала кетишкен. Ал жердеги бай-манаптар кастарын тигип калганын сезген акын аялынан, уй-мулкунон ажырап, акыры 1922-жылы озунун туулуп оскон жери Курткага кайра кочуп келген. Кийин «Чон – Арык» колхозго мучо болуп кирип, омуру откончо ушул Курткада жашап, ушул жерде чыгармаларын улантты.

1936-жылдан тартып, Байымбет илим-изилдоо институту менен байланыш жасап, озунун ырларын жана оозеки элдик чыгармалардан жазып бере баштайт. Эки жылдын ичинде илим-изилдоо иниститутуна 200 басма табака жакын коломдо келе турган ар турдуу темадагы материалдарды тапшырат. Анын чыгармачылыктагы эмгеги эске алынып, 1938-жылы Кыргызстан жазуучулар Союзуна мучо болуп отот. 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада откорулгон декадасында катышып, акын «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат.

1940-жылы акындын туулгандан бери 80 жашка толгондугуна байланыштуу Кыргызтандын коомчулугу анын юбилейин откорду. Тоголок Молдо биздин гана республикага эмес, Советтер Союузунда жашаган бардык бир боордош элдерге да белгилуу акын Тоголок Молдонун чыгармаларынын орус тилине жана башка боордош элдердин тилине которулушу, анын озу коп улуттуу совет адабиятынын китеп текчелерин толуктоо менен катар, акындын мурасынын баалуулугунун корком соз оноруно тийиштуу салым кошкондугунун кубосу болуп эсептелет.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!