Просмотр содержимого документа
«Толеранттуулук биздин сабакта»
Толеранттуулук биздин сабакта
Шайыкова Бегимай
Сабактын максаты: 1)Окуучуларды «толеранттуулук» түшүнүгү менен тааныштыруу; 2)Окуучулардын толеранттуулук түшүнүгү боюнча ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүү; 3)Окуучулардын толеранттуу көз карашын калыптандыруу.
16 – ноябрь -Эл аралык
толеранттуулук күнү деп
белгиленген.
"Tolerantia" сөзү латын тилинен которгондо чыдамдуулук, сабырдуулук дегенди түшүндүрөт
Толеранттуулук — башка бирөөлөрдүн жашоо образын, жүрүм- турумун, сезимдерин, ой пикирин, урп-адаттарын, диний ишенимдерин сабырдуулук менен кабыл алып, мультиэтникалык, көп маданиятуулук чөйрөсүндө туруктуу чогуу жашоо дегенди түшүндүрөт.
ПРИМЕЧАНИЕ. Чтобы изменить изображения на этом слайде, выберите рисунок и удалите его. Затем нажмите значок вставки рисунка в заполнителе, чтобы вставить собственное изображение.
Толеранттуулуктун аныктамасы:
- Кызматташуу, өнөктөштүк сезими;
- Башка бирөөлөрдүн оюн сыйлоо;
- Адамдык кадыр-баркты сыйлоо;
- Башкалардын укугун сыйлоо;
- Башка бирөөнү кандай болсо ошондой кабыл алуу;
- Өзүңдү башка бирөөлөрдүн ордуна коюу жөндөмдүүлүгү;
- Башкача болуу укугун сыйлоо;
- Башкалардын тең укуктуулугун таануу;
- Башкалардын оюна, жүрүм-турумуна, диний ишенимине сабырдуу болуу;
- Күч колдонуудан, жабыр келтирүүдөн, басмырлоодон баш тартуу.
1995-жылы ЮНЕСКОдо толеранттуулуктун негизги принциптери жазылган Декларация окулуп, кабыл алынган. Документте жазылгандай, толеранттуулук бул:
агрессиядан баш тартуу;
сабырдуулук;
дүйнөнү тынч кабыл алуу;
жашоо принциптерине жана башка адамдардын мүнөздөрүнө философиялык баа берүү.
Толеранттуу адамды ишеничтүү түрдө адамдык сапаты жагынан бийик деп эсептөөгө болот, анткени ал адам:
Сабырдуу жана боорукер;
Кичи пейил жана кечиримдүү;
Айланасындагы адамдарды кемчиликтери менен кабыл алат (күчтүү эмпат);
Башка адамдардын укугун жана эркиндигин сыйлайт;
Бирге аракеттешүүнү каалайт;
Шериктештиктин принциптерин жана мамилелердин теңдештигин колдойт.
Толераттуулуктун түрлөрү
- Жашына негизделген толеранттуулук – адамдын жашына байланыштуу далилденбеген
«кемчиликтерге» карай кемсинтпөө (улуу-картаң адамдардын жаштардын тажрыйбасы жана билиминин аздыгы үчүн түшүнбөстүгү.
- Билимге негизделген толеранттуулук – билими жогору адамдардын билими төмөн адамдардын ой пикирине, жүрүм-турумуна түшүнүү менен мамиле жасоо.
- Улутуттар аралык толеранттуулук – башка улуттагы адамдарга оң мамиле кылуу, улуттун жеке өкүлдөрүрүнүн кемчиликтерин жана терс жүрүм-турумун бардык улутка тиешелүү кылбоо, кандай гана адам болбосун «улуттук айыпсыздыкты урматтоо» позициясы менен мамиле жасоо.
- Расалык толеранттуулук – башка расадагы адамдарга терс же алдын ала жаман ойлордун жоктугу.
- Диний толеранттуулук – ар түрдүү конфессиялардын ынанымдарына, динчилдигине, динге ишенген жана ишенбеген адамдар тарабынан, ар түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү тарабынан түшүнүү менен мамиле жасоосу.
- Географиялык жайгашуусуна негизделген толеранттуулук – адамдын жашаган жерине карата шаардык, айылдык, башка райондон, региондон, мамлекеттен деген бөлүүлөргө жол бербеген мамиле.
- Социалдык класстар аралык толеранттуулук – ар түрдүү мүлктүк катмарлардын өкүлдөрүнө сабырдуулук менен мамиле жасоо, байлар кедейлерге, кедейлер байга.
- Физиологиялык мүнөздөргө негизделген толеранттуулук – майып, оорукчан, келбетинде кемчиликтери
- Саясий толеранттуулук – Ар түрдүү партиялардын жана уюмдардын иш-аракеттерине, ой пикирлерине сабырдуу мамиле кылуу.
- Тилге негизделген толеранттуулук – башкалардын тил маданиятына жана силерди түшүнбөгөн адамдарга сый мамиле жасоо.
Толеранттуу жүрүм-турум:
Башкалардын оюн сыйлоо;
Ак тилек каалоо;
Чогуу бир нерсени аткаруу;
Түшүнүү жана кабыл алуу;
Сезгичтик жана билүү үчүн тырышчаак болуу;
Башка бирөөнүн көңүлүн кароо;
Ишеним;
Кечирүү;
Өзүн алып жүрүү жөндөмдүүлүгү;
Толеранттуу эмес жүрүм-турум
Башкалардын оюн түшүнбөө;
Тоготпоо;
Өзүмчүлдүк
Эгоизм;
Кыжырдануу;
Кайдыгерлик;
Барк албагандык;
Сабырсыздык;
Агрессивдүү болуу;
- Толеранттуулук деген эмне?
- Билимге негизделген толеранттуулук деген эмне?
- Толеранттуу жүрүм-турумга мисал келтиргиле…
Слайддын
аягындагы берилген
суроолорго жооп
бергиле.
Толеранттуулуктун
аныктамасына
кластер түзгүлө
Толеранттуулук
боюнча керектүү
маалыматтарды
конспектилеп
жазгыла.
Көңүл бурганыңыздарга
чоң рахмат!