3.Толеранттуулук – коомдун бейпил турмушун сактайт.
А: Окуучуларга суроолор.
Толеранттуулук деген эмне?
Бирөөнүн кылган катасына силердин реакцияңар кандай болот?
Бирөөнүн кемчилигин көрсөңөр эмне кыласыңар?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Толеранттуулук – бул бирөөгө ойлогон ой-пикиринен, тутунган дининен, улутунан, кылган ишинен, характеринен, катасынан, кемчилдигинен улам ачууланбоо, өзүн токтоо кармоо жана ага түшүнүү менен мамиле жасоо. Бул жакшы сапат. Биз өзүбүздүн оюбузда мунуку туура эмес, тигиники ката деп, ар кимдин кемчилигин издей берсек, жаныбыз жай албайт. Ар бир адамда кемчилик болот. Ар бир адам ката да кетириши мүмкүн. Бирок биз өзүбүз ката кетирбегенсип, башкалардын кемчилигин жарыя кылганыбыз туура эмес.
Жашоодо бири-бирибизге толеранттуу болуу өтө керек. Коомдо ар түрдүү адамдар бар: башка улуттан, башка динден, көз-карашы башка-башка, түрдүү саясий ойдо болгондор. Анан баарыбыз эле бири-бирибиз менен араздашып жүрсөк, ынтымагыбыз калбайт жана бөлүнүп жарылабыз. Түрдүү көз караш сөзсүз болот. Аны коомдун кемчилиги катары көрбөстөн кайра артыкчылык экенин билишибиз керек. Себеби, түрдүү ой-пикир болгон жерде сүйлөшүү, ой-пикир бөлүшүү, маектешүү болот, жыйынтыгында жаңы пикирлер, идеялар жаралат.
Биз, адамдардын ката кылышы мүмкүн экенин, кемчилдиги болушу экенин мойнубузга алышыбыз керек жана эң маанилүүсү бирөө ката кылганда ага кантип жооп берип жатабыз, кандай мамиледе жасап жатабыз.
Биринчиден, адамдын кемчиликтерин издебешибиз керек. Адамдын кемчиликтерин жана каталарын изилдеп аны адамдарга жайыуу эң эле туура эмес иш. Өзүбүздүн оңдой турган ката жана кемчиликтерибиз бар. Убактыбызды ошого бөлөлү. Пайгамбарыбыздын бул жөнүндө мындай дегени бар: «Эй тили менен мусулман болуп, жүрөгүндө аны сезбегендер! Мусулмандарды капа кылбагыла, аларды күнөөлөп, алардын ката жана кемчиликтерин изилдебегиле. Кимде ким мусулман бир тууганынын ката жана кемчиликтерини изилдесе, Алла да анын каталарын ачыкка чыгарат». Чындыгында, адам өзүн күнүнө өнүктүрүп, билимин өркүндөтүп, кече кылган туура эмес ишти эртең кантип оңдойм, бул кемчилигимди кантип түздөйм деп аң-сезимин өстүрүү менен алек болуш керек. Ошондо башкаларга убакыт да калбайт.
Экинчиден бирөөнүн кылган катасын же кемчилигин элге жайбоо керек. Башкалардын кемчилдигин, катасын, башкалары укса уяла турган нерселерин, күнөөлөрүн, намысына тие турган нерселерин жайган, тараткан мындай турсун, аларды бирөө айтып жатса кайра токтотуунун аракетин кылышыбыз керек. Бир коомдо жашагандан кийин бири-бирибиздин ката-кемчилитерибиздин аркасынан түшүп, изилдеп элге жайып жүрсөк, бизде ынтымак да, ишенүү да, тынч жашоо да болбойт. Андан көрө бул улуу адамдык сапатты карманалы жана бири-бирибиздин намысыбызды коргоп, жаман эмес жакшы жактарыбызды, жакшы иштерибизди айтып, элге таратып, башкаларга үлгү бололу. Ушуну бекем кармансак достугубуз, ынтымагыбыз күчөйт. Жыйынтыгында, душман ойлогон жамандыктын таасири тийгиз бир коом, мамлекет пайда болот.
Ката кылса жалгыз өзү менен гана сүйлөшүү керек. Жакыныбыз ката кылган болсо, кемчилдик кетирген болсо аны жайып жибергендин ордуна өзүнө гана сылык түрдө айтып койуу туура болот. Эгерде жакыныбыз эмес болсо, ага айта ала турган, башкага жайып жибербей турган адамга айттырсак болот. Эгерде кылган ишинин зыяны аябагандай эле көп адамдарга тийип жатса анда тиешелүү адамдар менен отуруп, кеңешип чечүү керек.
Өзүбүзгө прокурор, башкаларга адвокат болушубуз керек. Бирөөнүн кылган ишин ката деп эсептешибиз мүмкүн, бирок ал биздин гана оюбуз жана пикирибиз. Балким ага сурасак, чечмелеп келгенде туура иш кылган болуп чыгат. Ал балким ал ишти жасап жатканда башка ой менен, өзүнүн көз карашы менен жасаган болот. Анализ кылганда да, анын көз карашы туура болуп чыгышы да ыктымал. Ошондуктан бирөөнүн ишине баа бергенде шашылбайлы. Ал жаман ой менен кылбаш керек эле, мен анын мындай иш жасарына ишенгим келбей турат деп, анын кылган ишине «адвокаттык» көз караш менен анализ жүргүзөйлү. Ал эми өзүбүз ката кылганыбызда өзүбүзчө «эмне үчүн бул ишке бардым, анын капа болушуна себепкер болдум го, андай эмес, башка жол менен да ал маселени чечсем болот эле», деп «прокурордук» кылсак туура эле болот.
Жаратылышта ар бир нерсенин кемчилиги бар. Розанын тикени болгондой эле адамдын табиятында да кемчилик, ката кылуу деген нерсе бар. Эч бир адам катасыз жашап өткөн эмес. Ар бирибиз ката кылышыбыз мүмкүн жана башыбыздан да өтүп жүрөт. Бирок ката кылган адам катасын сезери менен дароо мойнуна алып, кечирим сураганды билиш керек. Ал эми катасын көргөн адам өзүнө карата жасалган болсо да кечире билсе бул улуу иш. Кемчилик да ар бирибизде бар. Мындай караганда эч бирибиз төгөрөгү төп келишкен адамдар эмеспиз. Бирок өзүбүздүн кемчилигибизди байкап аны жойуу биздин жоопкерчилигибиз. Ал да илим-билимибизди өркүндөтүп жана үйрөнгөнүбүздү жашоодо колдонуу аркылуу жоюлат.
Толеранттуу болуудагы максатыбыз, өз ара араздашууларды жок кылуу, коомду конфликтке түртпөө, туура эмес иш кылган адамга теңелип ал менен урушкандын ордуна аны жакшылыкка чакыруу, жамандыкка жакшылык менен жооп берүү менен үлгү болуу. Бунун маңызын балким төмөндөгү аңгеме толугураак ачып берер.
Бир боорукер, эч кимге зыяны тийбеген, ар дайым жакшылык кылып көнгөн адам ичи тар, ач көз, бирөөнүн кубанычын көрө албаган адам менен кошуна туруп калат. Бул кошунасы боорукер адамдын үй-бүлөсү менен бакубат турмушта жакшы жашаганын көрө албай, ар качан анын маанайын бузуу аракетинде болот. Кээде короосуна таштанды ыргытып салса, кээде эшигинин алдына жаман суу төгүп салат. Ошондой күндөрдүн биринде боорукер адам эрте туруп короого чыгат. Ал жерде жугунду толгон чака турган болот. Ал адам жугундуну төгүп, чаканы жалтырата тазалап, анан ага бакчадан эң жакшы алмалардан терип, толтуруп кошунасынын үйүнө барат. Эшигин ачкан кошунасынын тазаланган челегин жана алмаларды көрүп таң калганына жылмайуу менен гана жооп берип кайта басып келе берет.
Тишин сындырса да, башын жарса да, ошол адамдар үчүн Аллага дуа кылып: «Аллахым, аларды кечир, алар чындыкты билсе, мындай кылышмак эмес», - деген пайгамбарыбыз, адамзатка чоң үлгү көрсөтүүдө. Ага зыян кылган бирөөгө жамандык менен эмес, ага дуа кылуу менен жооп берип жатат.
Биз бирөөнүн ачуусун алгандан көрө көңүлүн алууну артык көрүшүбүз керек. Бирөөгө, ката кылса да, катуу тийүү бизге зыян гана алып келет. Достугубуз токтойт, туугандыгыбыз үзүлөт, ишеним калбай калат. А бирок, жакшы сөз менен жооп берген болсок, бизге болгон ишеними мурункусундан да артат.
В: Накыл сөздөр.
Биздин ой-пикирибизди бөлүшпөсө да, адамдарга толеранттуу болушубуз керек.
Биздин ишибиз адамдардын көңүлүн түртүү эмес, адамдардын көңүлүн өзүбүзгө тартуу болуш керек.
Бул доордо түрдүү диндердин ортосундагы толеранттуулукту орнотуу шарт.
Адамдардын ортосунда мамиледе эки тараптуу толеранттуулук шарт. Себеби, эч бир убакта адамдар бирдей ойлонбойт жана бир эле нерсени түрдүү көз караш менен карашат. (Ганди)
Розанын тикени бар экен деп кайгыргандан көрө, тикендин гүлү бар экен деп кубанышыбыз керек. (Гете)