КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ
НООКЕН РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ
№15 БЕКИ УУЛУ СЕМЕТЕЙ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕБИ
“Жылдын мыкты мугалими - 2026” кароо - сынагынын катышуучусу Маданбекова Сайкалдын кыргыз тили сабагынан 7-класстарга (орус класс) ““Манас” улуу эпос. Толук сүйлөм” деген темага 5Е моделинде түзүлгөн
САБАКТЫН
ИШТЕЛМЕСИ
МУГАЛИМ: Маданбекова Сайкал
Ноокен – 2026
Классы: 7
Мөөнөтү:
Сабактын темасы:
“Манас” – улуу эпос. Толук сүйлөм
Сабактын максаттары:
| БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ | ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ | ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ |
| “Манас” эпосу жөнүндө жана манасчылар тууралуу маалымат алышып, алардын канчалык баалуу экендигин билишет. Толук сүйлөмдү кебибизде колдонуунун маанилүүгүн туюшат. | Тажрыйбаларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүү менен теманы окуучулар терең түшүнүп бири-бири менен оозеки жана жазуу аркылуу алган билимдерин жана көндүмдөрүн тереңдетишет. | Элибиздин баалуулуктарын, мурастарын сактоого жана алар менен сыймыктанууга, алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө тарбияланышат. |
| ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ, ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ |
| “Манас” эпосу кандай эпос экендигин жана манасчылар жөнүндө маалымат ала алышса; Өз оюн толук оозеки жана жазууда жеткиликтүү берүү үчүн сүйлөм мүчөлөрүн орундуу колдоно алышса; | Жүргүзгөн тажрыйба жана билимдердин негизги оюн, максатын түшүнө алышса; | Өткөндү тарых деп гана ойлобостон мурункулардын калтырган мурастарынын канчалык баалуу экендигин билип, заманга жараша турмушта алган билимдерин колдоно билишсе; |
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр
| Тилдик компеттенттүүлүк | “Манас” эпосунун терең маанисин жана берилген тексттердеги маалыматтарды талкуулай алышат; |
| Кептик компетенттүүлүк | Билген маалыматтарын жана үйрөнгөн иш тажрыйбаларын үй-бүлөсүнө, досторуна, коомго жайылта алышат; |
| Маданий компетенттүүлүк | Алган билимдерин турмуш-тиричиликте пайдаланышат. Сабакта үйрөнгөн баалуулуктарын өрчүтүүдө ар бир окуучунун салым керек экендигин сезе алышат; |
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабак
Сабактын формасы: жекече иштөө,топ менен иштөө
Сабакта колдонулуучу методдор жана
ыкмалар: интерактивдүү, дедиктивдүү
Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: кыргыз адабияты, мтематика, тарых, адам жана коом , адеп жана башка
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, маркер, панел доска, окуу китептери, слайддар, ар кандай көрсөтмө куралдар
Сабактын түзүлүшү: 5Е моделинин негизинде
Кызыктыруу (4 мүнөт) | Максаты: Окуучулардын көңүлүн буруу жана тема боюнча мурунку билимин эске түшүрүү |
| Мугалимдин иши: Ютубдун жардамында окуучуларга 2 жарым мүнөттүк Саякбай Каралаев жөнүндө жана элдин “Манасты” кантип кабыл алуусу жөнүндө видео коюлат. |
| Суроо: Бул видеодон силер кандай маалымат ала алдыңар? Көргөн окуяңар силерге каандай таасир бере алды? |
| Активдүүлүк: “Мээге чабуул” усулу. |
Изилдөө (5 мүнөт) | Максаты: Бул этапта теманы окуучулар тереңирээк өз алдынча изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүү |
| Мугалимдин иши: Окуучуларды жуптарга бөлүү жана маалымат баракчаларды таратуу |
| 1-топко “Манас” эпосу боюнча маалымат 2-топко Саякбай Каралаев тууралуу маалымат. 3-топко Толук сүйлөм жөнүндө маалымат |
| Инструмент: Окуучулар берилген тексттерден маалыматтарды алышып, плакаттарга негизги түшүнүктөрүн чагылдырышат |
| 3. Түшүндүрүү (7 мүнөт) | Максаты: Изилдеген маалыматтарды системалаштыруу жана илимий түшүндүрмө берүү |
| Окуучулардын иши: Ар бир топ өздөрү изилдеген тема боюнча презентация жасашат |
| Мугалимдин иши: Окуучулардын жоопторун толуктайт. Толук сүйлөм жөнүндө кененирээк маалымат берет. |
Кеңейтүү (6 мүнөт) | Максаты: Алган билимди практикада жана турмуштук кырдаалда колдонууга үйрөтүү |
| 2-көнүгүү. “Wordwall” программасы менен сүйлөмдөрдүн башталышын аягы менен туташтыргыла. 7-көнүгүү. “Wordwall” программасы аркылуу чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзүү |
| Bilim.AI “Аркан тартмай” оюну сабакты бышыктоо максатында ойнолот |
Баалоо (2 мүнөт) | Максаты: Сабактын максатына жеткенин текшерүү Бүгүн билген 3 маанилүү факт Мени таң калтырган 2 нерсе Менде пайда болгон бир суроо Окуучуларды электрондук күндөлүккө баалоо |
| Үйгө тапшырма: (1мүнөт) | 12-көнүгүү. Китепте көрсөтүлгөндөй жебе аркылуу сүйлөмдөрдү бириктиргиле. Кошумча тапшырма: башка манасчылар жөнүндө маалымат билип келүү. |
Уюштуруу : Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, калемдерди алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын сабактагы алтын эрежелер тууралуу таанышып алалы.
Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:
Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
Дептерлерибизге жазабыз;
Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!
Кызыктыруу. (4 мүнөт)
Мугалимдин тажрыйбасы:
Керектелүүчү каражаттар: панел доска, интернет туташуу, ютуб каналынан 2 жарым мүнөттүк Саякбай Каралаевдин видеосун көрсөтүү (QR код аркылуу көрүүгө да болот)
Класстын ичинде доскага манасчылардын сүрөтү, Манастын сүрөтү жана ошондой эле Саякбай Каралаевдин үч илтик китебин парталарга коюп көргөзмө жасалат.
Төмөнкүдөй суроолорду узатат:
Суроо:
Бүгүнкү классыбыздын жасалгасы эмне үчүн мындай жасалды деп ойлойсуңар?
Бул сүрөттөр жана видео силерге эмнени айтып турат?
Окуучулардын суроолорго жооптору, мисалы,
Бүгүнкү класстын жасалгасы жана көргөн сүрөттөр, видео “Манас” эпосу тууралуу болуп жатат. Биз “Манастын” кудуретин ушул видеодон көрүнүп таасирлендик жамгыр болсо да эл эч жакка кетпестен тунуп угуп жатышат.Анын канчалык сыйкыр күчү, баалуулугун билдик, туйдук.
Сүрөттө, китептер аркылуу манасчы болгондо да эң мыкты, күчтүү манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө маалымат алдык. (Ушул сыяктуу жооптор болот)
Баалоо: Окуучулардын жоопторуна карата креативдүү баалоо
Окуучу ар бир этапта өзүнүн билимине, билгичтигине жана көндүмүнө карата ар бир жообу үчүн атчан киши алдыга жылып отурат. Жыйынтыгында канча жолчо жүргөнүнүн негизинде баалоо каралат. Ал эми топтук баалоо, топтор ар бир тапшырмага өздөрү бири-бирин “Манас” китептери аркылуу баалашат. Сабактын аягында кайсы топтун китеби көп болсо, ошол топ жеңишке жетет.
Мугалимдин жыйынтыктоосу:
Окуучулар силердин айткан жообуңар жана бүгүнкү мисалдар биздин сабактын темасын ачып берди. Бүгүнкү сабакта биз “Манас” – улуу эпос. Толук сүйлөм” деген теманын негизинде ой бөлүшүп, практика жүргүзүп, маалыматтарды алабыз, күнүмдүк турмушубузда, жашоо образыбызда колдонобуз.
Изилдөө. (5 мүнөт)
Эми окуучуларды топторго бөлүү. Ар бир топтун ичинен бир окуучу сүрөттөгү жаныбарлардын артына жашырылган топ аталыштарын белгилеп, топтун наамын алат.
1-топ “Манас”. “Саякбай Каралаев жөнүндө маалыматтар” деген темада төрт бурчтуктуу кутучада маалымат берилет.
2-топ “Семетей”. Толук сүйлөм тууралуу маалымат.
3-топ “Сейтек”. “Манас” эпосу тууралуу маалымат
Топторго тапшырмалар:
1-топ: Саякбай Каралаев жөнүндө маалымат
Саякбай карала уулу 1894-жылы Ысык-Көлдө туулган. 17 жашында түш көргөн. Анын түшүнө Манас, Каныкей, Бакай кирип, “Манас” айтууга батасын беришкен. Ошондон кийин манас айтып калган. 1918-1922-жылдары Кызыл аскер жоокери болгон. 1934-1954-жылдары филармонияда иштеген. 1932-1947 -жылдары “Манас” училтигин толук айткан. Анын айткандары “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулансарык” менен кошо жазылып алынган. Саякбай аткан “Манас” 500553 (беш жүз миң беш жүз элүү үч) саптан турат. Ошондуктан казак элинин белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзов Саякбай Каралаевди “XX кылымдын Гомери” деп жогору баа берген. С.Каралаевдин элеси 500 сомдукка түшүрүлгөн.
2-топ:
Толук сүйлөм тууралуу маалымат.
Толук сүйлөм — бул ойду билдирүү үчүн зарыл болгон бардык сүйлөм мүчөлөрү (баш жана айрым учурда айкындооч мүчөлөрү) катышкан сүйлөм.
Мындай сүйлөмдөрдө айтылайын деген ой толук берилет жана аны түшүнүү үчүн башка кошумча маалыматтын же контексттин кереги жок.
Негизги белгилери:
Сүйлөм мүчөлөрүнүн толуктугу: Ойдун мазмунуна карай ээ, баяндооч жана аларга тиешелүү айкындооч мүчөлөр орун алат.
Контекстке көз каранды эместиги: Сүйлөм өз алдынча турганда эле мааниси түшүнүктүү болот.
Кемтик сүйлөмгө карама-каршы келиши: Кемтик сүйлөмдө айрым мүчөлөр түшүп калса, толук сүйлөмдө алар сакталат.
Мисалдар:
Толук сүйлөм: Сен эртең мектепке келесиңби? (Бул жерде ээси да, баяндоочу да, бышыктоочу да бар).
Кемтик сүйлөм (салыштыруу үчүн): Келесиңби? же Ооба. (Бул жерде айрым сөздөр түшүп калгандыктан, ал кемтик сүйлөм деп аталат).
Адатта толук сүйлөмдөр тексттин башында же расмий билдирүүлөрдө көбүрөөк колдонулат, ал эми оозеки сүйлөшүүдө кыска нуска болсун үчүн кемтик сүйлөмдөр көп кездешет.
3-топ:
"Манас" — кыргыз элинин баатырдык рухун, биримдигин жана тарыхын чагылдырган дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос (500 миңден ашык ыр сабы). Ал башкы каарман Манастын кыргыз урууларын бириктирип, тышкы душмандардан коргогонун баяндайт. Эпос үчилтиктен ("Манас", "Семетей", "Сейтек") турат жана ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.
Манас эпосу жөнүндө негизги маалыматтар:
Мазмуну: Манас баатырдын төрөлүшү, балалык чагы, кыргыз урууларын бириктириши, Чоң казат жана алты кандын окуялары камтылган.
Мааниси: "Манас" — кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасы, руханий табылгасы жана улуттук сыймыгы
Минген аты:
Манастын аты — Аккула
Алмамбеттин аты — Сарала
Чубактын аты — Көгала
Коңурбайдын аты — Алгара
Кошойдун аты — Чоң сары
Жакын адамдарынын аттары:
Бакай — акылман
Каныкей — жары
Семетей — баласы
Сейтек — небереси
Алмамбет — досу
Ажыбай — тилмечи
Чубак — баатыр
Сыргак — чалгынчы
Серек — кароолчу
Жайсаң — ырчы
Түшүндүрүү (7 мүнөт)
Окуучулардын берилген тапшырмаларын презентациялайт.
1-топ
Чыгармачыл топтук иш
Тексттин негизинде Саякбай Каралаевдин образын чагылдырган "Инфографика" же "Акыл-карта" (Mind Map) түзгүлө.
Картанын борборуна: Саякбай Каралаев. Бутактарына:
Балалыгы жана аян (түш).
Аскердик жана эмгек жолу.
Манасчылык мурасы (саптардын саны, үчилтик).
Таанылуусу (Ауэзовдун баасы, 500 сомдук купюра).
2-топ Толук сүйлөм жөнүндө маалыматты плакаттарга мисалдар менен жазып түшүндүрүшөт.
Тапшырма: Изилдөө суроосу: Эмне үчүн медицинада жана дары-дармектердин нускамасында кемтик сүйлөмдөрдү колдонууга болбойт? Эгер дарыгер бейтапка "Ич!" деп эле койсо, кандай кесепеттер болушу мүмкүн?
1. "Мүнөздөмө картасы" тапшырмасы
Окуучулар тексттеги маалыматтарга таянып, каармандардын социалдык статусун жана милдеттерин "кызматтык тепкич" катары изилдешет.
Тапшырма: Манастын ордосун заманбап мамлекеттик түзүм менен салыштыргыла.
Мисалы: Бакай — бүгүнкү күндө ким болушу мүмкүн? (Президенттин кеңешчиси же стратегиялык борбордун башчысы).
Ажыбай — Тышкы иштер министри же элчиби?
Серек менен Сыргак — Чек ара кызматы же чалгындоо башкармалыгыбы?
Изилдөө суроосу: Бул түзүм Манастын кыргыз урууларын бириктирүүсүнө кандай салым кошкон?
2.Эпостун математикасы (Логикалык изилдөө)
Бул тапшырма окуучулардын тексттеги сандар менен иштөө көндүмүн өстүрөт.
Тапшырма: Эгерде бир манасчы мүнөтүнө орточо 20 ыр сабын айта алса, 500 миң саптан турган "Манас" эпосун тынымсыз айтып чыгуу үчүн канча убакыт (саат, күн) керектелет?
Эмне үчүн мынчалык чоң көлөмдөгү маалыматты адамдар жаттап кала алышкан? Бул жерде "феноменалдуу эс тутум" жана "руханий күч" түшүнүктөрүн изилдегиле.
Мугалим иш аракети:
Окуучулар биз эң сонун маалыматтарды изилдедик, үйрөндүк жана билдик. “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу”- деп Ч.Айтматов бекерге айтпаган чыгар.
Бүгүнкү темабыздын грамматикасы толук сүйлөм жөнүндө маалымат алуу эле. Сүйлөмдөгү ойго тиешеси бар сөздөрдүн баары катышкан сүйлөм толук сүйлөм болот.
Мисалы:
Мектеп формасы жарашыктуу тигилет. Тигүүчүлөр кийимдерди сапаттуу тигишет.
Кеңейтүү (6 мүнөт)
2-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү башталыш ачгы менен туташтыргыла
7-көнүгүү. Чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө
Бүгүнкү сабакты бышыктоо үчүн Билим ай платформасынан “Аркан тартыш” оюну ойнолот.
5. Баалоо этабы (3 мүнөт)
Сабактын максатына жеткенин текшерүү үчүн окуучулардын колуна таблица түшүрүлгөн рефлекция берилет, окуучулар жооп жазышат.
Бүгүн билген 1 маанилүү факт
Мени таң калтырган 1 нерсе
Менде пайда болгон бир суроо
Баалоо: Окуучулар өзүн-өзү креативдүү сүрөттөр аркылуу баалашат.
Мугалим фармативдик баалоо өткөрөт.
Үйгө тапшырма:
«Катасын оңдо жана толукта»
Төмөндө үзүндү толук бүтпөгөн сүйлөмдөр берилген. Аларды маанисине карап, керектүү сөздөр менен толуктап, толук сүйлөмгө айландыргыла.
Манас баатыр кырк чоросу менен ...
Бакай ата ар дайым акылдуу ...
Кыргыз эли эпосту кылымдар бою ...
ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас» эпосу ...
Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип да жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!